ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ТҮШҮНҮКТӨР
Кун төлөнгөнгө чейинки күнөөлөрдүн кечирилиши
Биздин күнөөлөрүбүз Иса канын төгүп, биз үчүн кун төлөгөндүн аркасында гана кечирилет (Эф. 1:7). Ошентсе да, Ыйык Китепте айтылгандай, «Кудай сабырдуулук көрсөтүп, мурунку күнөөлөрдү», тактап айтканда, кун төлөнгөнгө чейинки күнөөлөрдү да «кечирип келген» (Рим. 3:25). Кандайча Жахаба бир эле учурда ошол күнөөлөрдү кечирип, өзүнүн адил талаптарын бузган эмес?
Жахаба ага ишенгендердин баарын куткара турган «тукум» чыгарын айткан. Анын көз карашы боюнча, ошол күндөн тартып эле кун төлөнгөндөй болгон (Башт. 3:15; 22:18). Анткени өз убагы келгенде, жалгыз Уулунун өз каалоосу менен кун төлөөрүнөн такыр шектенген эмес (Гал. 4:4; Евр. 10:7—10). Иса жерде Кудайдын өкүлү катары кызмат кылып жүргөндө, кун төлөнө элек болсо да, Кудай ага күнөөлөрдү кечиргенге бийлик берген. Ошондуктан Иса ага ишенгендердин күнөөлөрүн өзү чала турган курмандыктын негизинде кечире алган (Мт. 9:2—6).