9-ыр
Жахаба Кудайды даңктагыла!
Кагаз түрүндө
1. Даңктайлы Кудайыбызды!
Ыйык ысымын жарлайлы!
Элдерге жарыялайлы
Кудайдын күнүнө аз калды.
«Убакыт келди»,— деп жатат Кудай.
Анын Уулу бийлик алды.
Кудайдын кабарын жеткирели,
баталарын жар салалы!
КАЙЫРМА
Даңктайлы Кудайыбызды!
Улуулугун даңазалайлы!
2. Даңктайлы, мактайлы Аны!
Ысымын даңазалайлы!
Жан-дилден, кубаныч менен,
тайманбай даңкын кабарлайлы.
Ал улуу даражалуу болсо да,
момун, баарына кайрымдуу.
Мээримин төгүп, сүйүү көрсөтөт,
даңктообуз Ага жагымдуу.
КАЙЫРМА
Даңктайлы Кудайыбызды!
Улуулугун даңазалайлы!
(Кара: Заб. 89:27; 105:1; Жер. 33:11)