34-САБАК
Гидон мидиандыктарды жеңет
Убакыттын өтүшү менен ысрайылдыктар кайрадан Жахабадан баш тартып, жалган кудайларга сыйына баштаган. Мидиандыктар жети жыл бою ысрайылдыктардын малын уурдап, түшүмүн талкалап кетип турган. Мидиандыктардан корккондуктан ысрайыл эли үңкүрлөргө, тоолордун арасына жашынып калышчу. Ошондуктан алар Жахабага кайрылып, куткарышын суранышкан. Жахаба болсо Гидон деген жигитке периштесин жиберген. Периште ага: «Жахаба сени эр жүрөк жоокер кылыш үчүн тандап алды»,— деген. Бирок Гидон: «Мен Ысрайылды кантип куткарам? Менин колуман эч нерсе келбейт»,— деп айткан.
Жахаба аны тандап алганын Гидон кантип билмек? Гидон жерге жүндү төшөп, Жахабага: «Эгер эртең менен шүүдүрүм жүнгө эле түшүп, калган жердин баары кургак болсо, анда Ысрайылды мен аркылуу куткаргың келип жатканын билем»,— деген. Кийинки күнү жүн суу болуп, калган жер кургак бойдон калган. Бирок Гидон эртеси жер суу болуп, жүн кургак калышын суранган. Анан баары так ошондой болгондо, Гидон чындап эле Жахаба аны тандаганына көзү жеткен. Ошон үчүн жоокерлерин чогултуп, мидиандыктар менен согушканга жөнөгөн.
Жахаба Гидонго: «Мен ысрайылдыктарды жеңишке жеткирем. Бирок жаныңдагы жоокерлер абдан көп болгондуктан, өз күчүбүз менен жеңдик деп ойлоп алышыңар мүмкүн. Ошондуктан аларга айт, ким коркуп жатса, үйүнө кете берсин»,— деген. Ошондо 22 000 кишиси кетип, 10 000и калган. Бирок Жахаба ага: «Жоокерлериң дагы эле көп. Аларды суунун боюна алып барып, суу ичкиле деп айт. Суу ичип жатканда эки жагын карап, душманды байкап тургандары гана сени менен барсын»,— деген. Эки жакты байкап, сак болгондордун саны 300 эле болгон. Жахаба ошол аз эле киши менен мидиандыктардын 135 000 жоокерин жеңерин айткан.
Ошол түнү Жахаба Гидонго: «Мидиандыктарга сокку урганга убакыт келди!» — деген. Гидон ар бир жоокерине сурнай жана ичине шамана салынган чоң кумара берип: «Мени карап, мен кылганды кылгыла»,— деген. Ал сурнай тартып, колундагы кумараны талкалап, шаманасын өйдө көтөрүп: «Жахаба менен Гидондун кылычы!» — деп кыйкырган. Анын 300 жоокери да так ошондой кылган. Ошондо мидиандыктар дүрбөлөңгө түшүп, бири-бирин кылычтап салышкан. Тирүү калгандары болсо туш тарапка качып кетишкен. Ошентип, Жахаба ысрайылдыктарга дагы бир жолу душмандарын жеңгенге жардам берген.
«Адаттан тышкаркы күч... биздики эмес, Кудайдыкы экени айкын көрүнүп турат» (Корунттуктарга 2-кат 4:7)