Кудай жаздырган китеп
«Себеби пайгамбарлык эч убакта адам каалаганынан айтылган эмес, тескерисинче, аны Ыйык Рух менен аракеттенген Кудайдын ыйык адамдары айтышкан» (2 ПЕТР 1:21, «Инжил»).
1, 2. а) Ыйык Китептин кеңеши азыркы жашоого колдонулушу мүмкүн экенине эмне үчүн кээ бирөөлөр шек санашат? б) Ыйык Китеп Кудайдын Сөзү экендигин көрсөтүү үчүн, кайсы үч далилди колдоно алабыз?
ЫЙЫК КИТЕП XXI кылымдын босогосунда жашап жаткан адамдарга керекпи? Кээ бирөөлөр кереги жок дешет. Д-р Илай Чесен эмне себептен Ыйык Китепти эскирип калды деп эсептегенин түшүндүрүп: «Азыркы күндөрдүн химия сабактарында 1924-жылы басылган химия китебин колдонуу керек деп эч ким талашмак эмес»,— деп жазган. Бир караганда, бул орундуу болуп көрүнүшү мүмкүн. Анткени адам Ыйык Китеп жазылгандан бери илим, кишилердин психикалык саламаттыгы жана жүрүш-турушу тууралуу көптү билбедиби. Ошондуктан кээ бирөөлөр: «Кантип эле бул байыркы китепте илимий так эместиктер болбой койсун? Ал китепте азыркы күндө колдонууга боло турган кеңештер кайдан болсун?» — деп шек санашат.
2 Бул суроого Ыйык Китеп өзү жооп берет. 2 Пётр 1:21де Ыйык Китепте жазылган пайгамбарлар «Ыйык Рух менен аракеттенип» пайгамбарчылык кылганы жөнүндө айтылат. Ушинтип Ыйык Китеп аны Кудай жаздыргандыгын көрсөтүп жатат. Бирок мунун чынында ушундай экенине башкаларды кантип ишендирүүгө болот? Ыйык Китеп Кудайдын Сөзү экендигине карата үч далилди карап чыгалы: 1) ал илимге карама-каршы эмес; 2) анда бүгүнкү күндө да иш жүзүндө колдонорлук, баалуулугу жоголбогон түбөлүк принциптер бар жана 3) анда аткарылышы тарыхый далидер менен ырасталган айкын пайгамбарлыктар жазылган.
Илимге карама-каршы эмес китеп
3. Илимдин ачылыштары эмне үчүн Ыйык Китепке коркунучтуу эмес?
3 Ыйык Китеп илим тууралуу маалымат берүүчү китеп эмес. Бирок ал чындык, а чындык убакыттын текшерүүсүнө чыдайт (Иоанн 17:17). Илимий ачылыштар Ыйык Китепке коркунучтуу эмес. Ыйык Китеп илимге байланыштуу маселелерди көтөргөндө, ал байыркы убакта «илимий» делген, бирок фантазия болуп чыкан теориялардан өтө эле алыс. Ал китепте окумуштуулардын көз карашы боюнча туура болгон ырастоолор гана камтылбастан, ал жазылып жаткан кезде жалпыда кабыл алынган көз караштарга таптакыр окшошпогон ырастоолор камтылган. Мисалы, Ыйык Китептин жана илимдин медициналык маселелерде дал келишкендигин талкуулайлы.
4, 5. а) Байыркы убактагы врачтар ооруларга карата эмнени түшүнүшкөн эмес? б) Эмне үчүн египеттик врачтардын дарылоо ыкмалары менен Муса тааныш болгонуна шек саноо пайда болбойт?
4 Байыркы врачтар оорулардын кандайча тараларын толук түшүнүшпөгөн жана оорулардан алдын ала сактануу үчүн санитариянын маанилүүлүгүн аңдашкан эмес. Ошол убактагы врачтардын колдонгон көптөгөн ыкмалары бүгүнкү күндө эң эле ырайымсыздык болмок. «Эберс Папирусу» — бизге жеткен эң эле байыркы медициналык текистердин бири, египеттиктердин чамасы б. з. ч. 1550-жылга таандык медициналык билимдеринин жыйнагы. Анда «крокодилдин тиштешинен баштап, буттун манжасынын тырмагындагы ооруга чейинки» ар кандай оору-сыркоолорго колдонулуучу 700гө жакын дары-дармектер бар. Дары-дармектердин көбү таптакыр эффективдүү болгон эмес, а кээ бирлери өтө зыяндуу болгон. Мисалы, рецепттердин биринде жараны дарылоо үчүн адамдардын заң-заарасынан жана башка заттардан даярдалган аралашманы тартуу сунуш кылынган.
5 Египеттиктердин дарылоо каражаттары жөнүндөгү билдирүүлөр камтылган бул текис Ыйык Китептин Мусанын мыйзамын өз ичине алган биринчи беш китеби жазылган мезгилдин тегерегинде жазылган. Муса б. з. ч. 1593-жылы төрөлүп, Египетте чоңойгон (2 Муса 2:1—10). Фараондун үй-бүлөсүндө тарбияланып, ал «Египеттин... бүтүн даанышмандыгына үйрөтүлгөн» (Расул 7:22). Муса Египеттин «врачтары» менен тааныш болгон (1 Муса 50:1—3). Мусанын жазмаларында египеттиктердин эффективдүү эмес же зыяндуу медициналык ыкмалары чагылдырылганбы?
6. Мусанын мыйзамында гигиеналык кайсы эрежелер азыркы медицинанын көз карашы менен караганда туура болуп эсептелет?
6 Жок. Тескерисинче, Мусанын мыйзамына азыркы илимдин көз карашы боюнча колдонууга жарактуу гигиеналык эрежелер кирген. Мисалы, аскердик кош жөнүндөгү мыйзам заң-заараны коштон тышкаркы жерге көмүп таштоону буюрган (5 Муса 23:13). Бул жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуучу прогрессивдүү чара болгон. Ал чара сууну таза сактоого жардам берген жана негизинен өнүгүп-өскөн өлкөлөрдө ушул убакка чейин жыл сайын миллиондогон өмүрлөрдү кыйып жаткан чымындар таратуучу дизентериядан жана тамак сиңирүү органдарынын дарттарынан сактанууну камсыз кылган.
7. Жугуштуу оорулардын таралышын алдын алууга Мусанын мыйзамындагы гигиеналык эрежелер кандайча жардам берген?
7 Мусанын мыйзамында жугуштуу оорулардын таралышынан коргоп турган гигиенанын бөлөк да эрежелери бар эле. Эгерде адамда жугуштуу оорунун белгилери бар болсо, ал адам карантинге алынган (3 Муса 13:1—5). Өз өлүмү менен (балким, оорудан) өлгөн жаныбар тийген кийимди же идиштерди кайра колдонордон мурун же жуу, же таптакыр жок кылыш керек болгон (3 Муса 11:27, 28, 32, 33). Өлүкө тийген адам арам деп эсептелчү жана ал тазалануу процедурасынан өтүшү керек болчу, бул процедура кийимди жууну жана киринүүнү камтыган. Жети күн бою арам болгон маалында адам башкаларга жолобошу керек болчу (4 Муса 19:1—13).
8, 9. Мусанын мыйзамындагы гигиеналык эрежелердин жыйнагын эмне үчүн өз убактысынан эрте келген деп айтууга болот?
8 Бул гигиена эрежелеринде, ошол убакта болгон билимдерден бир кыйла ашып түшкөн даанышмандык көрүнүп турат. Азыркы илим оорулардын жайылуусу жана профилактикасы тууралуу көп нерселерди билди. Мисалы, медициналык жетишкендиктердин аркасында, XIX кылымда микробдорду жок кылуунун ыкмасы — антисептика пайда болду. Ушунун натыйжасында оорулардын жугушунун жана мезгилсиз өлүмдөрдүн саны бир кыйла азайды. Европа өлкөлөрүнүн көптөрүндө жана Кошмо Штаттарда 1900-жылы өмүрдүн орточо узактыгы 50 жылдан азыраак болгон. Ошондон бери өмүрдүн узактыгы медицинанын ооруларга каршы күрөшүүдөгү жетишкендиктеринен гана эмес, а санитариянын деңгээли жогорулаганынан жана жашоо шарттардын жакшырышынан да кескин түрдө узарды.
9 Оорулар кандайча тараларын медицина билгенден миңдеген жылдар мурун, Ыйык Китепте оорулардан коргоочу жүйөлүү эрежелер берилген. Ошондуктан Мусанын өзүнүн күндөрүндөгү израилдиктердин 70тен 80 жашка чейин жашашкан дегени таң калыштуу эмес (Забур 89:10). Муса мындай гигиеналык эрежелерди кайдан билген? Мыйзам «периштелер аркылуу берилген» деген жоопту Ыйык Китеп берет (Галатиялыктар 3:19). Ооба, Ыйык Китеп — адамзаттын акылмандыгы эмес, а Кудай жаздырган китеп.
Бүгүнкү мезгилдеги жашоо үчүн колдонууга ыңгайлуу жетекчилик
10. Ыйык Китеп 2000 жылча мурун жазылганына карабастан, анын кеңештери тууралуу эмне десе болот?
10 Кеңештер айтылган китеп адатта, ага оңдоолор киргизилгенден кийин же башка китеп менен алмаштырылган соң, тез эле эскирип калат. Бирок Ыйык Китеп — чынында өзгөчө китеп. Забур 92:5те: «Сенин аян сөзүң, сөз жок, туура»,— деп айтылат. Ыйык Китеп дээрлик 2000 жыл мурун жазылып бүтсө да, анын сөздөрү иш жүзүндө колдонуудагы баалуулугун жоготкон жок. Түсүбүзгө жана кайсыл өлкөдө жашаганыбызга карабастан алардын балуулугу бардыгыбыз үчүн бирдей. Ыйык Китептин «сөз жок, туура» жана түбөлүктүү кеңештеринен карап чыгалы.
11. Ондогон жылдар мурун көптөгөн ата-энелер балдарды тарбиялоого карата кандай көз карашта болушкан?
11 Мындан ондогон жылдар мурун көптөгөн ата-энелер, балдарды тарбиялоо жөнүндөгү «алдыңкы идеяларга» жетектелип, «тыюу салууга тыюу салынат» деп эсептешкен. Балдарга чек коё беришсе, балдардын сезимдерине жана өз күчтөрүнө болгон ишенимдерине доо кетет деп коркушкан алар. Балдарды тарбиялоо боюнча консультанттар ата-энелерди катуу чара көрбөстөн жумшак эле акыл айтуу менен чектелүүнүн зарылдыгына көптөн көп ынандырышкан. Ошо адистердин көбү, «Нью-Йорк таймс» газетасында айтылгандай, азыр «ата-энелерге өз балдарын жазалоону унутпоосун кеңеш кылып, тарбиялоодо катуураак болууга чакырууда».
12. «Үйрөтүү» деп которулган грек сөзү эмнени билдирет жана эмне үчүн балдарды тарбиялоодо ушундай чара керек?
12 Бирок Ыйык Китеп балдарды тарбилоого карата айкын, тең салмактуу кеңешти эчак эле сунуш кылган. Анда: «Аталар, силер да балдарыңардын кыжырын келтирбегиле, бирок аларды Теңирдин насыят айткан үйрөтүүсүндө тарбиялагыла»,— деп айтылган (Ефесалыктар 6:4). «Үйрөтүү» деп которулган грек тилиндеги кыймыл атооч «тарбиялоо, окутуу, акыл-насаат берүү» дегенди билдирет. Ыйык Китепте мындай үйрөтүү же акыл-насаат берүү ата-энелик сүйүүнүн далили делет (Аңгемелер 13:24). Балдарга жакшылык менен жамандыкты айырмалай билүүнү өстүрүштөрүнө жардам берүүчү моралга карата так жетекчилик керек. Адилеттүүлүктө жазалоо балдарга ата-энелеринин алар тууралуу жана алардын кандай инсан болуп келатканы тууралуу кам көрүп жатышканын сезишине жардам берет. (Салыштыргыла: Аңгемелер 4:10—13.)
13. а) Ыйык Китеп ата-энелерге балдарды жазалоого карата алдын ала кандай эскертүү берет? б) Ыйык Китеп балдарды тарбиялоого карата кандай кеңештерди берет?
13 Бирок Ыйык Китеп этияттык менен жазалоо керектигин алдын-ала эскертет. Ата-энелердин бийлиги эч качан балдардын кадыр-баркын басынтпашы керек (Аңгемелер 22:15). Баланы эч качан ырайымсыздык менен жазалоого болбойт. Ыйык Китептин принциптерин жашоосунда колдонгон үй-бүлөдө уруп-согууга орун жок (Забур 10:5). Эмоциялык жазалоо — орой сөздөр, ар дайым кыйкыруулар, баланын көңүлүн калтыруучу заар тил менен шылдыңдоо — болбошу керек. (Салыштыргыла: Аңгемелер 12:18.) Ыйык Китеп акылмандык менен ата-энелерге: «Балдарыңардын көңүлү чөкпөс үчүн, алардын кыжырын келтирбегиле»,— деп эскертет (Колоссадагылар 3:21). Балдарды аларда кыйынчылык пайда болгонго чейин тарбиялоо керектигин да окутат. Мусанын бешинчи китеби 11:19дан ата-энелерге, адеп-ахлактык дөөлөттөрдү балдарынын акылдарына сиңириш үчүн, ыңгайлуу учурлардын баарын колдонуу кеңеш кылынат. Мындай ачык, жөндүү кеңештер балдарды тарбиялоодо ыйык китептик убактагыдай эле бүгүнкү күндө да колдонууга жарактуу.
14, 15. а) Ыйык Китеп даанышман кеңеш берүүдөн да көптү кантип тартуулайт? б) Түрдүү расадагы жана улуттагы эркектердин жана аялдардын бири-бирине жаман ойлобой мамиле кылышына Ыйык Китептеги кандай окуулар өбөлгө түзүүдө?
14 Ыйык Китеп даанышман кеңештерден да көптү берет. Анын кабары жүрөккө багытталган. Еврейлер 4:12де: «Кудайдын сөзү тирүү жана аракеттүү жана ар кош миздүү кылычтан да курчураак: ал жанды жана рухту бөлгөнгө чейин, муундарды жана жиликтин чучугун бөлгөнгө чейин кирет жана жүрөктүн каалаганын да, ойлогонун да калыстыкка салат»,— деп айтылат. Ыйык Китептин түрткү берүүчү күчкө ээ экенин көрсөтүүчү мисалды карап көрөлү.
15 Бүгүнкү күндө адамдарды расалык, улуттук жана этностук тоскоолдук бөлүп турат. Бул жасалма тосмолор дүйнө жүзүндөгү согуштарда адамдарды массалык түрдө кырууга шарт түздү. Ыйык Китепте түрдүү расадагы жана улуттардагы эркектер менен аялдар бири-бирине жаман ойлобой мамиле кылышына өбөлгө түзүүчү окуу камтылган. Мисалы, Расул 17:26да Кудайдын «адамдардын бүтүн тукумун бир кандан жаратканы» айтылат. Бул сөздөр чынында бир гана раса — адамзат тукуму бар экенин көрсөтүп турат. Мындан тышкары, Ыйык Китеп: «Кудайды туурагыла» — деп, бизди Иегованы туураганга үндөйт, Ал жөнүндө: «Кудайда бет карамалык жок, бирок ар бир элден Кудайдан корккон жана туура иш кылгандары Ага жагымдуу»,— деп айтылат (Расул 10:34, 35; Ефесалыктарга 5:1). Ыйык Китептин окууларына ылайык жашоого умтулгандарды ушундай билим бириктирип турат. Ал билим адамдарды бөлүп жаткан, адам аркылуу тургузулган тосмолорду жок кылып, жүрөккө таасир этет. Ыйык Китеп адамдарга кандай таасир тийгизип жатканын азыркы жашоодо көрүүгө болобу?
16. Иегованын Күбөлөрү чынында эл аралык бир туугандыкты түзүшөрүн көрсөтүүчү мисал келтиргиле.
16 Албетте! Иегованын Күбөлөрү демейде мүмкүн боло бербеген тынчтыкта жашап жатышкан, түрдүү тектеги адамдарды бириктирген эл аралык бир туугандык катары белгилүү. Мисалы, Руандадагы этностук чыр-чатактын убагында, бир урууга тиешелүү Иегованын Күбөлөрү башка уруудагы ишенимдеш бир туугандарын коргошкон, ошентип өздөрүнүн өмүрлөрүн коркунучка дуушар кылышкан. Бир жолу хуту уруусундагы Күбө жыйналышындагы тутси уруусундагы үй-бүлөнүн алты адамын өз үйүнө жашырган. Тилеке каршы, тутси уруусундагы үй-бүлөнү таап алып өлтүрүшкөн. Хуту уруусундагы бир тууган жана анын үй-бүлөсү ырайымсыз киши өлтүргүчтөргө кабылып, Танзанияга качууга аргасыз болушкан. Мындай окуялар жөнүндө маалыматтар абдан көп. Ушундай биримдүүлүк Иегованын Күбөлөрүнүн жүрөгүнө терең таасир берип жаткан ыйык китептик түрткү берүүчү күчтөн улам болоруна алар ишенишет. Бул жек көрүүчүлүккө толгон дүйнөдө Ыйык Китептин адамдарды бириктире алганы — анын Кудайдан экенине ишендирерлик далил.
Чындыкка дал келишкен пайгамбарлыктардын китеби
17. Ыйык Китептин пайгамбарлыгы адамдардын алдын ала айткандарынан эмнеси менен айырмаланып турат?
17 «Жазмадагы пайгамбарлыктардын бири да пайгамбарлардын оюнан чыкпайт»,— деп айтылат 2 Пётр 1:20да (БМК). Ыйык Китепти жазган пайгамбарлар дүйнөдө болуп жаткан окуяларды талдоо менен ал окуялардын андан ары кандай болоруна карата өздөрүнүн билдирүүлөрүн түзүүгө аракет жасашкан эмес. Көптөгөн түшүндүрүүлөрдү берүүгө боло турган, бүдөмүк алдын ала айтууларды ойлоп табышкан эмес. Келгиле, абдан конкреттүү жана ошол убактагы адамдардын күтүп жаткандарына толугу менен карама-каршы болгон ыйык китептик пайгамбардыкты мисал катары карап көрөлү.
18. Байыркы Вавилондун тургундары өздөрүн коопсуз сезишкендигине эмне себептен ишенүүгө болот жана Исаия Вавилон тууралуу алдын ала эмне деген?
18 Вавилон империясынын борбору Вавилон талкалангыс шаардай көрүнгөн б. з. ч. VII кылымда. Шаар Евфрат дарыясынын жээктеринде жайгашкан, ошондуктан дарыя суулары шаарды айланта казылган кең жана терең аңдар менен каналдарды толтурууга колдонулган. Анын үстүнө, коргонуу мунаралары бекем орнотулган эки катар калың дубалдар шаарды курчап турган. Вавилондун тургундары өзүлөрүн толук коопсуз сезгени таң калыштуу эмес. Ошондой болсо да, б. з. ч. VIII кылымда, Вавилондун атагы өзүнүн туу чокусуна жете электе, Исаия пайгамбар алдын ала мындай деген: «Содом менен Гоморра сыяктуу, Халдеялардын сыймыгы, падышалыктын көркү болгон Вавилон да кулайт. Ал эч качан элдүү болбойт жана анда укумдан-тукумга чейин эч ким жашабайт. Ал жерге Аравиялык чатырын жайбайт жана малчылар малын айдап өрүүн болбойт» (Исаия 13:19, 20). Пайгамбарлыкта Вавилондун кыйрашы жөнүндө гана айтылган эмес, ал жерде эч качан эл отрукташпай турганы жөнүндө да айтылганына көңүл бурсаңар. Бул тайманбастык менен айтылган пайгамбарлык болгон. Исаия бул сөздөрдү Вавилон талкалангандан кийин жаза алмак беле? Жок дейт — тарых.
19. Эмнеликтен Исаиянын пайгамбарлыгы б. з. ч. 539-жылы 5-октябрда аягына чейин аткарылган деп айтууга болбойт?
19 Заңгыраган Вавилон б. з. ч. 539-жылы 5-октябрга караган түнү кулаган, аны Мидо-Персиянын Улуу Кир жетектеген аскерлери басып алган. Бирок ал убакта Исаиянын пайгамбарлыгы аягына чейин аткарылган эмес. Вавилонду Кир басып алгандан кийин шаарда жүздөгөн жылдар бою, аз болсо да, эл отурукташып турган. Б. з. ч. II кылымда, Исаиянын Жансыз Деңизден табылган кол жазмада камтылган пайгамбардык китебинин көчүрмөсү жасалган убактарда, кошуна элдери жакшы олжо катары караган Вавилон парфиялыктардын бийлигинин алдында калган. Б. з. ч. I кылымда аякта «көптөгөн иудейлердин» жашагандыгын еврей тарыхчысы Иосиф Флавий билдирген. Байыркы тарых жазылган бир эмгекке ылайык, б. з. 24-жылы Пальмир соодагерлери Вавилондо гүлдөгөн соода тармактарын негиздешкен («The Cambridge Ancient History»). Мына ошентип, Исаия китеби эбак эле жазылып бүткөн болсо да, б. з. I кылымында Вавилон дагы деле таптакыр ээн кала элек болчу (1 Пётр 5:13).
20. Вавилондун акыр аягы «урандылардын үймөгү» болуп калганын эмне далилдеп турат?
20 Исаия Вавилон ээн калган күнгө чейин жашаган эмес. Бирок Вавилон пайгамбарлыкта айтылгандай акыр-аягы жөн гана «урандылардын үймөгүнө» айланып калган (Иеремия 51:37). Гебрай тилин изилдөчү Иероним (б. з. VI кылымында) өзү жашаган мезгилде Вавилондо «ар түрлүү жырткычтар» жортуп жүргөн, аңчылык кылуучу жай болгондугун айткан; азыр да ал жер ээн боюнча турат. Вавилондун кайра тургузулушу саякатчыларды кызыктырмак, бирок Вавилондун «уулу да, небереси да» Исаия пайгамбар айткандай эле кайрадан кайтып келбейт (Исаия 14:22).
21. Эмне үчүн ишенимдүү пайгамбарлар келечекти так айта алышкан?
21 Исаия пайгамбар илимий божомолдоолорду жазган эмес. Исаия тарыхты пайгамбардыктын аткарылышы катары көрсөтүү үчүн эле тарыхты көчүрүп жазууга аракеттенген эмес. Исаия чыныгы пайгамбар болгон. Ыйык Китептин башка пайгамбарлары да ошондой болушкан. Эмне себептен бул эркектер башкалар кыла албаганды кылышкан жана алар кантип келечек тууралуу так айта алышкан? Жооп түшүнүктүү. Пайгамбарлыктар алардан эмес, а Иеговадан — пайгамбарлыктардын «аягында эмне болоорун Мен башталышында айтам» деген Кудайынан (Исаия 46:10).
22. Адамдарда Ыйык Китепти изилдөөгө кызыгуу ойготуш үчүн, эмне себептен колубуздан келгендин баарын кылышыбыз керек?
22 Ыйык Китеп изилдөөгө татыктуубу? Татыктуу экенин билебиз. Бирок көп адамдар ошондой экенинен шек санашат. Алар Ыйык Китепти эч качан окубаса да, ал китеп тууралуу өзүнчө пикирге келип алышкан. Мурунку макаланын башында айтылган профессорду эстейли. Ал Ыйык Китепти изилдөөгө макул болгон жана кунт коюп изилдегенден кийин, бул китеп Кудайдан деген тыянак чыгарган. Акыр аягы ал өзүн Кудайга арнап, Иегованын Күбөсү болгон жана бүгүнкү күндө насаатчы ага болуп кызмат кылат. Анда келгиле, ак ниет адамдарга Ыйык Китепти изилдөөгө кызыгуу туудуруу үчүн колубуздан келгендин баарын кылалы, изилдөө аларга Ыйык Китеп тууралуу өз пикирлерин түзүшүнө жардам берет. Эгерде алар Ыйык Китепти изилдешсе, бул өзгөчө китептин бардык адамдар үчүн экенин түшүнөрүнө биз ишенебиз.
Түшүндүрө аласыңарбы?
Ыйык Китептин автору адам эмес экенин Мусанын мыйзамын мисал кылып кантип көрсөтүп берсе болот?
Ыйык Китептин түбөлүктүү кайсы принциптери бүгүнкү жашоодо да колдонулат?
Эмне үчүн Исаия 13:19, 20-аяттардагы пайгамбарлыктар анда айтылган окуялар болуп өткөндөн кийин жазылышы мүмкүн эмес?
Ак ниет адамдарга эмне кылууга түрткү беришибиз керек жана эмне себептен?
[31-беттеги кутуча]
Эгерде бир нерсени далилдөөгө болбосочу?
Ыйык Китепте физикалык мыйзамдардын негизинде далилдөөгө болбогон ар түрдүү ырастоолор кездешет. Мисалы, Ыйык Китепте рухий жандыктар жашаган, көзгө көрүнбөгөн асман чөйрөсү жөнүндө айтылгандарды илимий түрдө ырастоого да, жокко чыгарууга да болбойт. Ушундан улам Ыйык Китеп менен илимди бири-бирине карама-каршы деп айтууга болобу?
Мындан бир нече жыл мурун Иегованын Күбөлөрү менен Ыйык Китеп изилдей баштаган геологдо да жогоркудай суроо пайда болгон. «Моюнга алыш керек, мага башында Ыйык Китепти туура деш жеңилге турган эмес, анткени ыйык китептик кээ бир ырастоолорго илимий түшүндүрмөлөрдү таба алган эмесмин»,— дейт ал. Бул ак ниет адам Ыйык Китеп изилдөөнү уланта берген, акыр аягы ал колдо бар фактылар Ыйык Китептин Кудайдын Сөзү экенин күбөлөндүрөт деген жыйынтыкка келген. «Азыр менде Ыйык Китептин ар бир ырастоосуна далил издегенге умтулуу жок,— деп түшүндүрөт ал.— Эгерде илимий көз караштагы адамда Ыйык Китепти анын рухий баалуулугуна карата көз караш менен изилдөөгө каалоо жок болсо, ал адам чындыкты эч качан кабыл албайт. Ыйык Китептин ар бир ырастоосуна илимден түшүндүрмөлөрдү күтүүгө болбойт. Белгилүү бир ырастоолорду далилдөөгө мүмкүн болбогондуктан эле, аларды туура эмес деп эсептөөгө да болбойт. Ыйык Китептин туура экендиги колдо бар фактылар менен ырасталганы маанилүү».