Иегова — пендесин сүйгөн жана эң ырайымдуу Кудай
«Теңир, пендесин сүйгөн Теңир, эң ырайымдуу, эң сабырдуу, эң кайрымдуу, акыйкат Кудай» (2 МУСА 34:6).
1. а) Жакындары таза сыйынуудан баш тарткан адамга Ыйык Китеп кандай жубатуу берет? б) Адашып жүргөндөргө карата Иегова кандай көз карашта?
«МЕНИН кызым мага мындан ары жыйналыштын мүчөсү болгусу келбегени жөнүндө айтты»,— дейт Ыйсаны жолдогон бир ата. «Ошондон кийин күндөр, жумалар, атүгүл айлар бою азап чегип жүрдүм. Бул өлүмдөн да оор болду». Жакын адамыңдын таза сыйынуудан баш тартканын көрүү чынында чоң кайгыга салат. Ушундай учурлар сенин да башыңа түштү беле? Түшсө, Иегованын сага боору ооруп жатканын билүүдөн жубатуу табасың (2 Муса 3:7; Исаия 63:9). Ал эми чыныгы жолдон адашып жүргөндөргө карата ал кандай көз карашта? Кайрадан анын кайрымдуулугуна татыктуу болууга Иегова аларды ырайымдуу түрдө чакырып жатканын Ыйык Китеп көрсөтүп турат. Малахиянын күндөрүндөгү иудей козголоңчулардан Кудай: «Силер Мага кайрылгыла, Мен да силерге кайрылам»,— деп суранган (Малахия 3:7).
2. Ырайымдуулук Иеговага таандык сапаттарынын бири экенин Ыйык Китеп кантип көрсөтүп турат?
2 Мусага Кудайдын ырайымы Синай тоосунда айкын көрсөтүлгөн. Ал жерде Иегова өзүн «пендесин сүйгөн жана эң ырайымдуу, эң сабырдуу, эң кайрымдуу, акыйкат Кудай» экенин ачкан (2 Муса 34:6). Бул сөздөр ырайымдуулук Иегованын сапаттарынын бири экенин көрсөтүп турат. Расул Павел Кудайдын ‘бардыгы тобо келтиришсин үчүн, бизге көпкө чыдаганы’ жөнүндө жазган (2 Пётр 3:9). Албетте, Кудайдын ырайымы чексиз эмес. Муса Кудайдын ‘жазалоосуз калтырбай турганы’ жөнүндө айткан (2 Муса 34:7; 2 Пётр 2:9). Бирок «Кудай Өзү сүйүү» жана ырайым — сүйүүнүн негизги бөлүгү (1 Иоанн 4:8; Жакып 3:17). Иегова «түбөлүккө каарданбайт» жана «ырайым кылганды жакшы көрөт» (Михей 7:18, 19).
3. Ырайымдуулукка болгон Ыйсанын көз карашы окумуштуулардыкынан жана фарисейлердикинен эмнеси менен айырмаланган?
3 Ыйса өзүнүн асмандагы Атасын жеткилеңдикте чагылдырган (Иоанн 5:19). Ыйса айыптууларга ырайым көрсөтүп, алардын күнөөлөрүнө көз жумуп койгон эмес, аларга аёо сезими менен оорулуу адамга жасагандай мамиле жасаган (Салыштыргыла Марк 1:40, 41.) Ооба, Ыйса ырайымдуулук Кудайдын мыйзамынын «негизгиси» деп атаган (Матфей 23:23). Ал эми окумуштуулардын жана фарисейлердин адилеттүүлүккө болгон көз караштарында ырайымдуулук такыр жок эле. Ыйсанын күнөөлүү адамдар менен жүргөнүн көргөндө, фарисейлер: «Ал күнөөлүү адамдарды кабыл алып, алар менен бирге тамактанат»,— деп күңкүлдөшкөн (Лука 15:1, 2). Айыптоочуларына Кудайдын ырайымын баса белгилөө үчүн, Ыйса үч каймана аңгеме айтып берген.
4. Ыйса кандай эки каймана аңгеме айткан жана ар бирөөнүн маңызы кандай?
4 Биринчи каймана аңгеме, 99 коюн таштап, жоголуп кеткен бир койдун артынан жөнөгөн адам жөнүндө эле. Ыйса эмнени айткысы келген? «Тобо кылууга муктаж болбогон токсон тогуз адилет адамдан көрө, тобо кылган бир күнөөкөр үчүн асманда көбүрөөк кубаныч болот». Экинчи аңгеме бир теңгесин жоготуп, кайра таап алганынан кубанган аял жөнүндө эле. Анын мааниси эмнеде? «Бир күнөөкөрдүн тобо кылганына Кудайдын периштелери кубанат». Ыйса андан ары үчүнчү каймана аңгемесин айтканa. Көптөр бул каймана аңгемени качандыр бир кезде айтылган кыска аңгемелердин эң мыктысы дешет. Бул каймана аңгемени талкуулоо Кудайдын ырайымын баалоого жана чагылдырууга жардам берет (Лука 15:3—10).
Ээнбаш уулдун үйдөн кетип калганы
5, 6. Ыйсанын үчүнчү каймана аңгемесиндеги кенже уул жакшылыкты баалабаганын кантип көрсөткөн.
5 «Бир адамдын эки уулу болгон. Алардын кенжеси атасына: „Ата! Мал-мүлкүңдүн мага тиешелүүсүн бөлүштүрүп бер“,— деди. Атасы мал-мүлкүн балдарына бөлүштүрүп берди. Бир канча күндөн кийин, кенже уулу, бардыгын жыйнап алып, алыскы жерге кетти жана бузукулукта жашап, ысырапкерчилик менен мал-мүлкүн түгөттү» (Лука 15:11—13)b.
6 Каймана аңгемедеги кенже уул жакшылыкты баалабаганын көрсөтүп турат. Адегенде ал өзүнө тиешелүүсүн талап кылган дагы, колуна тийгенин «бузукулукта жашап» түгөткөн. «Бузукулукта жашоо» деген сөз айкашы өмүрдү «зөөкүрлүк менен өткөрүү» дегенди да билдирген грек сөзүнөн которулган. Бир филолог бул сөз «адамдын адеп-ахлактуулугун таптакыр жоготушун билдирерин» айткан. Ыйсанын каймана аңгемесиндеги кенже уул ысырапчы деп көп аталат, бул сөз бардыгын ойлонбостон чачкан жана үнөмсүз адамды көрсөтүп турат.
7. Бүгүн ысырапчыга ким окшош жана эмне үчүн ошондой адамдардын көбү ‘алыскы жерде’ көз карандысыздыкка умтулушат?
7 Ысырапчыга окшогон адамдар бүгүн барбы? Ооба, бар. Салыштырмалуу көп эмес адамдардын асмандагы Иегова Атабыздын бейпил «үйүн» таштаганы өкүнүчтүү (1 Тимофей 3:15). Алардын кээ бирөөлөрү Кудайдын үйүндөгү жагдай өтө эле оор, Иегованын кыраакылыгы коргобой, тескерисинче, тоскоолдук келтирет дешет (Салыштыргыла Забур 31:8.) Ыйык китептик принциптерди аткарып жүрүп, кийин ичкиликке жана баңгиликке берилип кеткен бир аялды мисалга алалы. Ал аял кубанычсыз өткөргөн турмушун эстеп, мындай дейт: «Мен өзүмө жакшыраак турмуш кура аларымды далилдегим келген. Өзүмө жакканды гана жасачумун, бирөөлөрдүн мындай кылган болбойт деп айтканын каалачу эмесмин». Ысырапчыга окшоп, бул аял да көз карандысыздыкка умтулган. Жүрүш-турушу ыйык китептик принциптерге дал келбегендиктен, аны Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышынан чыгарууга туура келген (1 Коринфтиктер 5:11—13).
8. а) Кудайдын көрсөтмөлөрүнө ылайык жашагысы келбегендерге кантип жардам берсе болот? б) Ар бир адам эмне үчүн өзүнүн сыйынуусуна олуттуу түрдө карашы керек?
8 Ишенимдешиң Кудайдын көрсөтмөлөрүн четке какканын көргөндө, чындап эле ичиң ачышат (Филиппиялыктар 3:18). Мындай окуя болгондо насаатчы агалар жана жыйналыштын башка мүчөлөрү адашкан адамды түз жолго салууга аракет жасашат (Галатиялыктар 6:1). Бирок ал адамды Ыйсанын жолдоочусу бол деп эч ким кыйнабайт (Матфей 11:28—30; 16:24). Атүгүл өспүрүмдөр да, бойго жеткенде Кудайга сыйынабы же жокпу, өздөрү чечишет. Негизи, ар бирибиздин абийирибиз өзүбүздө, ар бирибиз Кудайдын алдында жооп беребиз (Римдиктер 14:12). Албетте, биз ‘эмнени сепсек, ошону оробуз’, муну көп өтпөй Ыйсанын каймана аңгемесиндеги ысырапчы түшүнгөн (Галатиялыктар 6:7, 8).
Алыс жердеги айласыздык
9, 10. а) Ысырапчынын абалы өзгөрүлгөндө, ал эмне кылган? б) Бүгүн чыныгы сыйынууну таштаган кээ бирөөлөр ысырапчыныкындай абалга кабылганына мисал келтиргиле.
9 «Бардыгын түгөтүп бүткөн соң, ал жерде чоң ачарчылык башталып, ал жокчулуктун азабын тарта баштады; ал жердин бир адамына барып жалданды; ал адам аны өз чочколорун жаюуга талаага жиберди; ал чочколордун жеген ар кандай кабыгы менен өз курсагын тойгузганына да ыраазы эле, бирок аны да ага эч ким бербеди» (Лука 15:14—16).
10 Абдан муктаж болуп турса да, ысырапчы үйгө кайтып келүү жөнүндө ойлогон эмес. Анын ордуна ал бир адамга жалданып, анын чочколорун баккан. Мусанын Мыйзамы боюнча чочколор арам мал катары эсептелгендиктен, мындай жумушту иудейлер аткарбаса керек эле (3 Муса 11:7, 8). Бирок ысырапчы абийиринин жемелөөсүнө карабастан иштеген. Ал ысырапчы башка өлкөнүн тургуну келгин адамдын сезимин эске алат деп ойлобосо керек. Бүгүнкү күнү таза сыйынууну таштагандардын көбүнүн абалы ысырапчынын абалына окшош. Негизи мындай адамдар ишкердүүлүк жактан начарлап, өздөрүн кемсинтүүгө жакын болушат. Мисалы, 17 жашар бир өспүрүм Ыйсанын жолдоочусу катары тарбиялануудан баш тарткан. Ал мындай деген: «Бузукулукка жана баңгиликке берилгеним көп жылдардан бери Ыйык Китепти окуп жүргөнүмдү жокко чыгарган». Көп өтпөй ал өспүрүм курал колдонуп тоногондугу жана адам өлтүргөндүгү үчүн түрмөгө түшөт. Кийин ал рухий оңолууларды жасаган, бирок ‘убактылуу күнөөлүү жыргал’ үчүн ал кандай гана азаптарды чеккен! (Салыштыргыла Еврейлер 11:24—26.)
11. Ысырапчынын абалы кантип ого бетер начарлаган жана кээ бирөөлөр дүйнөнүн азгырыктары ‘курулай адаштыруулар’ экенин кантип түшүнүшкөн?
11 Ысырапчынын оор абалы ‘ага эч ким [эч нерсе] бербегендиктен’ да ого бетер начарлаган. Анын жаңы достору кайда? Эми колунда эч нерсе жок кезде, каймана түрдө ал алардын ‘жек көрүндүсүндө’ калган (Аңгемелер 14:20). Ысырапчыга окшоп, ишенимди таштагандардын көбү бул дүйнөнүн азгырыктары жана көз караштары ‘курулай адаштыруулар’ экенин табышууда (Колоссадагылар 2:8). Кудайдын уюмун бир аз убакытка таштаган жаш аял мындай деген: «Иегованын жетекчилиги жок мен аябай азап чектим жана кайгыга баттым. Бул дүйнөгө көнгөнгө аракет жасадым, бирок башкаларга окшошпогондугуман алар мени кабыл албай коюшту. Мен өзүмдү атасынын жетекчилигинен айрылган кичинекей баладай сездим. Мына ошондо Иеговага муктаж экенимди түшүндүм. Эми эч качан андан көз карандысыз болуп жашагым келбейт». Ыйсанын каймана аңгемесиндеги ысырапчы да ушундай жыйынтыкка келген.
Ысырапчы эсине келет
12, 13. Кээ бирөөлөр үчүн эсине келүүгө эмнелер жардам берген? (Рамканы карагыла).
12 «Өзүнчө ойго батып, айтты: „Атамдын канча жалчылары курсактарын нанга тойгузуп жүрүшөт, ал эми мен болсо ачтан өлүп баратам! Туруп атама барам да ага айтам: Ата! Мен асманга каршы жана сенин алдыңда күнөө кылдым, азыр мен сенин уулуңмун деп айтууга татыбайм; мени жалчыларыңдын катарында кабыл ал“. Туруп, өз атасына жөнөдү» (Лука 15:17—20).
13 Ысырапчы ‘ойго баткан’ [«эсине келген», СК]. Бир нече убакытка чыныгы турмуштан алыстап, ыракаттанууларды издеген. Бирок кийин гана өзүнүн чыныгы абалын терең түшүнө баштаган. Ооба, ошол жаш жигит киши катарынан чыгып калса да, анын абалы үмүтсүз эмес болчу. Анда кандайдыр бир жакшы сапаттар калса керек (Аңгемелер 24:16; Салыштыргыла 2 Тарых 19:2, 3.). Бүгүн Кудайдын үйүрүн таштап жаткандар жөнүндө эмне деп айтса болот? Алардын баарында үмүт жок деп, алардын ар бир жоругун Кудайдын ыйык рухуна каршы жасалган күнөө катары эсептөө туура болобу? (Матфей 12:31, 32). Сөзсүз эле эмес. Алардын кээ бирөөлөрү туура эмес иштеринен азап чегип, көбү убакыттын өтүшү менен эсине келет. Кудайдын уюмунан алыстап жүргөн кезин эстеп, бир ишенимдеш мындай дейт: «Мен Иегованы дайыма, атүгүл күн сайын эстечүмүн. Ал мени кандайдыр бир жол менен, кайсы бир күнү кайрадан чындыкка алып келүүсүн дайыма тиленчүмүн» (Забур 118:176).
14. Ысырапчы эмне кылууну чечкен жана чечимин аткарып жатып, кантип момундук көрсөткөн?
14 Бирок, адашып жүргөндөр өз абалын жакшыртуу үчүн, кандай аракеттерди жасай алышат? Ыйсанын каймана аңгемесиндеги ысырапчы атасынын үйүнө кайтып барууну жана андан кечирим суроону чечкен. Ысырапчы чечкиндүү түрдө: «Мени жалчыларыңдын катарында кабыл ал»,— деп айткан. Жалчы бул күнүгө жалданган жана ээси каалаган убакта иштен кетире алган жумушчу болгон. Анын абалы, жадагалса, үй-бүлөнүн кандайдыр бир мааниде мүчөсү болуп саналган кулдан да төмөн эле. Ошон үчүн ысырапчынын мурдагыдай уул наамын суроого дити барган эмес. Атасы менен болгон мамилелерди бара-бара жакшыртуу үчүн, ал эң төмөн абалды ээлөөгө даяр болчу. Бирок атасынын кылганы ысырапчы үчүн таң калыштуу болгон.
Жылуу кабыл алуу
15—17. а) Уулун көргөндө, атасы эмне кылган? б) Атасынын уулун кийинткени, колуна шакек салганы жана бут кийим кийгизгени эмнени билдирген? в) Атасынын той өткөрүүгө буйрук бергени эмнени көрсөткөн?
15 «Атасы алыстан эле көрүп, аны аяды; жана анын жанына жүгүрүп, мойнунан кучактап, өпкүлөдү. Уулу ага айтты: „Ата! Мен асманга каршы жана сенин алдыңда күнөө кылдым, азыр сенин уулуңмун деп айтууга татыбайм“. Ал эми атасы кулдарына айтты: „Эң жакшы кийимди алып келип, аны кийиндиргиле жана колуна шакек салып, бутуна бут кийим бергиле; анан борго байланган торпокту алып келип сойгула; жейлик да көңүл ачалык. Анткени, менин уулум өлүп, кайра тирилди, жоголуп, табылды“. Анан алар көңүл ача башташты» (Лука 15:20—24).
16 Баласын сүйгөн ар бир ата-эне баласынын рухий жактан сакайып кетишин эңсейт. Ошондуктан, күн сайын утурлап жолду карап, уулунун кайрылышын зарланып күткөн атанын сезимин түшүнүүгө болот. Бир күнү атасы жолдо баласынын элеси көрүнгөнүн байкайт! Баласынын тышкы көрүнүшү өзгөрүлгөн. ‘Атасы алыстан эле көргөндө’, аны тааныган. Ал анын жыртылган кийимине жана жүдөгөнүнө көңүл бурган эмес; ал өзүнүн уулун көргөн жана аны тоскону жүгүрүп чыккан!
17 Баласынын жанына жеткенде, атасы мойнунан кучактап, аны мээрими менен өпкөн. Анан кулдарына уулун кийинтүүгө жана колуна шакек салууга буйрук берген. Ага кийгизген кийим жөнөкөй эмес, урматтуу конокко кийгизилчү «эң жакшы» кийим болгон. Негизи кулдар шакек салынып жүрүшпөгөндүктөн жана бут кийим кийишпегендиктен, атасынын буюрганы уулунун үй-бүлөнүн толук укуктуу мүчөсү катары кабыл алынганын көрсөтүп турган. Атасы андан да чоң нерсени жасаган. Уулунун кайтып келишин белгилеп, той өткөрүүгө буйрук берген. Атасы уулун бирөөнүн кыстоосунан улам же жөн гана баласынын кайра келгендиги үчүн кечирүүгө милдеттүүмүн деген ойдо болгондуктан эмес, баласын кечиргиси келгендиктен кечиргени бардыгынан көрүнүп турат.
18, 19. а) Ысырапчы жөнүндөгү каймана аңгемеден Иегова тууралуу эмнеге үйрөндүңөр? б) Иудеяга жана Иерусалимге жасаган мамилесинен көрүнгөндөй, Иегова күнөөлүүлөрдүн кайтып келишин кантип «күтүп турат»?
18 Ысырапчы тууралуу кайман аңгеме бизди биз сыйынып жүргөн Кудай жөнүндө эмнеге үйрөтүүдө? Биринчиден, «Теңир пендесин сүйгөн эң ырайымдуу, эң сабырдуу, эң кайрымдуу, акыйкат Кудай» экенине (2 Муса 34:6). Ооба, ырайымдуулук — Кудайдын көрүнүктүү сапаты. Бул сапат Кудайдын жардамга муктаж болгондорго жасаган мамилесин көрсөтүп турат. Ыйсанын каймана аңгемеси Иегованын ‘ырайымы түгөнгүс’ [«кечирүүгө даяр», ЖД] экенине да үйрөтөт (Забур 85:5). Кудай күнөөлүү адамдардын жүрөгүндөгү ар бир өзгөрүүлөрдү байкап, ошонун негизинде ырайым көрсөтөт (2 Тарых 12:12; 16:9).
19 Мисалы, Кудайдын Израилге жасаган мамилелерин эстесеңер. Кудай Иудеяны жана Иерусалимди «таманынан тартып башынын чокусуна чейин анын соо жери жок» оорулуу деп сүрөттөөгө Исаия пайгамбарды шыктандырган. Ошондой эле Исаия мындай деген: «Силерге ырайым кылууга Теңир ашыкпайт, силерди аяганга токтоо кылып турат» (Исаия 1:5, 6; 30:18; 55:7; Иезекиил 33:11). Ыйсанын каймана аңгемесиндеги атага окшоп, Иегова ‘жолду карап’ турат. Кудай анын уюмун таштап кеткендердин кайтып келишин эңсейт. Мээримдүү атадан дал ушуну күтпөйбүзбү? (Забур 102:13).
20, 21. а) Кудайдын ырайымы көптөгөн адамдардын чындыкка кайтып келишине кандай таасир тийгизүүдө? б) Эмки макалада эмне жөнүндө сөз жүрөт?
20 Иегованын ырайымы жыл сайын көптөгөн адамдарды жакшылап ойлонууга жана чыныгы сыйынууга кайтып келүүгө түрткү берүүдө. Алардын сүйгөн жакындарына бул кандай кубаныч алып келет! Мисалга макаланын башында айтылган Ыйсанын жолун жолдогон кыздын атасын алалы. Анын кызы рухий жактан сакайып, азыр толук убакыттагы кызматчы катары кызмат өтөөдө. Атасы мындай дейт: «Бул дүйнөдө бактылуу болууга канчалык мүмкүн болсо, мен ошончолук бактылуумун. Күйүттүү көз жашым кубанычтын көз жашына айланды». Албетте, Иегова да кубанууда! (Аңгемелер 27:11).
21 Бирок ысырапчы жөнүндөгү каймана аңгемеден дагы көптү билсе болот. Иегованын ырайымын окумуштуулардын жана фарисейлердин арасында кеңири тараган катаал жана ырайымсыз көз караштан айырмалоо үчүн Ыйса аңгемесин уланткан. Эмки макалада каймана аңгеменин уландысын жана биз үчүн анын кандай мааниси бар экенин билебиз.
[Шилтемелер]
a Ыйык Китептеги каймана аңгемелер жана башка көрсөтмө мисалдар — сөзсүз эле болгон окуялар эмес. Ошондой эле, бул адеп-ахлактыкка окутууга арналгандыктан, алардагы ар бир нерсенин маанисин издөөнүн кажети жок.
b Бул каймана аңгеменин пайгамбардык мааниси Күзөтчү Мунара Коому басып чыгарган «Качандыр бир убакта жашаган эң улуу адам» деген китептин 86-бөлүмүндө каралган, ор.
Кайталоо
◻ Ыйсанын ырайымы фарисейлердикинен кантип айырмаланган?
◻ Бүгүн ысырапчыга кимдер окшош жана эмнеси менен?
◻ Ысырапчынын эсине келишине кайсы шарттар түрткү берген?
◻ Күнөөсүн мойнуна алган уулуна атасы кантип ырайым көрсөткөн?
[21 беттеги кутуча]
Алар эсине келген
Качандыр бир кезде Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышынан чыгарылган адамдарга эсине келүүгө эмне жардам берген? Төмөндөгү пикирлер бул суроого жооп берет.
«Мен жүрөгүм менен чындык каякта экенин түшүнчүмүн. Ыйык Китепти изилдөө жана Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышына барып жүргөн жылдар мага чоң таасир тийгизди. Мен мындан ары Иеговасыз жашай алган жокмун. Ал мени таштаган жок; Мен аны таштадым. Акыры, канчалык жаңылышканымды, канчалык көкөжөр болгонумду жана Иегованын Сөзүндөгү «эмне сепсе ошону орот» деп жазылгандын туура экенин түшүндүм» (К. В.).
«Менин кичинекей кызым сүйлөй баштаганда анын сөздөрү жүрөгүмдү козгоду, себеби мен Иегова ким экенин, кантип тилениш керек экенин жана ушуга окшогон нерселерди ага айтып бергим келди. Уктай албай чыкчумун жана бир жолу түн бир оокумда машинемди гүлбакка айдап барып, аябай ыйладым. Иеговага көптөн бери тиленбей жүргөм, биринчи жолу ыйлап атып тилендим. Ошондо Иеговага муктаж экенимди түшүнүп, анын кечирерине үмүттөндүм» (Г. Х.).
«Дин жөнүндө сөз болгондо, „Чындыкты окуткан динди тандоонун алдында турсам, Иегованын Күбөлөрүнүн бири болот элем“ деп айтчумун. Анан: „Алардын бири болгом, бирок бул диндин талаптарына ылайык жашай албагандыктан, мен ал жолду таштагам“,— дечүмүн. Ошонун айынан өзүмдү көп учурда күнөөлүү жана бактысыз сезчүмүн. Акыры, алсыз экениме көзүм жетти. Эми чечкиндүү кадамдарды жасашым керек» (С. Н.).
Отуз беш жыл мурун күйөөм экөөбүз пикирлешүүдөн четтетилген элек. Бирок 1991-жылы эки насаатчы ага биздикине келип, биздин Иеговага кайрылып келүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар экенин айтып кубандырышты. Алты ай өткөндөн кийин, кайрадан Иегованын Күбөлөрү болуп калганыбызга абдан кубандык. Күйөөм 79да, мен 63төмүн» (К. А.).