Кудайдын пайгамбарлык сөзүнө көңүл бургула!
«Бизде эң туура пайгамбарлык сөз бар... ага кайрылсаңар, жакшы иш кылып жатасыңар» (2 Пётр 1:19).
1, 2. Жалган мессия тууралуу кайсы мисалды келтире аласың?
КЫЛЫМДАР бою келечекти алдын ала айтууга аракеттенген жалган мессиялар болуп келишкен. Б. з. V кылымында өзүн Муса деп атаган киши Крит аралындагы иудейлерди өзүнүн мессия экенине жана аларды кысымдан бошоторуна ишендирген. Боштондукка чыкмак күнү эл аны ээрчип, алдында Жер Ортолук деңиз жаткан бийик дөңсөөгө барат. Ал «Муса» эгерде алар тек гана деңизге секире турган болушса, суу эки тарапка тартылып кетет дейт элге. Анан боюн сууга таштагандардын жоон тобу чөмүп кетет, алиги жалган мессия болсо изин таптырбай качып кетет.
2 Кийин XII кылымда Йеменден дагы бир «мессия» чыгат. Ал жердин халифи, башкаруучусу, анын мессия экенин эмне менен далилдеп берерин сурайт. «Мессия» халифке башын алдырууну сунуш кылып, өзүнүн ошол замат кайра тирилиши менен делилдеп берерин айтат. Сунушуна халиф макул болот. Ошону менен ал «мессиянын» күнү бүтөт.
3. Чыныгы Мессия ким жана анын кызматы эмнени далилдеген?
3 Жалган мессиялар да, алардын пайгамбарлыктары да эч нерсеге арзыбай калат; а эгер биз Кудайдын пайгамбарлык сөзүнө көңүл бурсак, эч убакта көңүл кайтты болбойбуз. Ыйык Китептеги көптөгөн пайгамбарлыктар чыныгы Мессия Ыйса Машайыктын үстүнөн аткарылган. Исаиянын пайгамбарлыгын келтирип, Инжил жазуучусу Матфей мындай деп жазат: «„Завулон жери менен Неффалим жери, деңиз жээгиндеги жолдо, Иордан дарыясынын ары жагында, бутпарастык Галилея, караңгыда жүргөн эл улуу жарыкты көрөт, өлүм өлкөсүндө жашагандарга жаркырап тиет“. Ошол убакыттан тартып, Ыйса үгүт тарата баштады жана айтты: „Тобо кылгыла, анткени Асман Падышалыгы жакындап келди“» (Матфей 4:15—17; Исаия 9:1, 2). «Улуу жарык» Ыйса эле, ал эми өзүнүн Кудайга кызмат кылгандыгы менен ал Муса аркылуу алдын ала айтылган Пайгамбар экенин далилдеген. Ыйсага кулак каккысы келбегендер жок кылынмак (5 Муса 18:18, 19; Расул 3:22, 23).
4. Ыйса Исаия 53:12ни кантип аткарган?
4 Ыйса Исаия 53:12деги: «Ал Өз жанын өлүмгө кыйып, зулумдардын катарына эсептелди, ошого карабастан Ал көптүн күнөөсүн Өзүнө жүктөп көтөргөн жана кылмышкерлер тууралу өтүнүп аракеттенген»,— деген пайгамбарлык сөздөрдү да аткарган. Өз адамдык өмүрүн кун катары берерине аз калганын билген Ыйса окуучуларынын ишенимин бекемдейт (Марк 10:45). Аны көрүнүктүү жол менен — өзүнүн кубулуусу менен — жасаган.
Ишенимдерин бекемдөө үчүн кубулуу
5. Ыйсанын кубулуусун өз сөзүң менен кантип сүрөттөөр элең?
5 Анын кубулуусунда пайгамбарлык маани камтылган. «Адам Уулу Өз Атасынын даңкында, Өз периштелери менен келет... Чынын айтып жатам: мында тургандардан кайсы бирөөлөр, Адам Уулу Өз Падышалыгында келе жатканын көргөнгө чейин, өлүмдүн даамын татыбайт»,— дейт Ыйса (Матфей 16:27, 28). Ыйсанын «Өз Падышалыгында келгенин» расулдарынын кээ бири чын эле көрдү беле? Матфей 17:1—7-аяттарда мындай деп айтылат: «Арадан алты күн өткөндөн кийин, Ыйса Пётрду, Жакыпты жана анын бир тууганы Иоаннды алды да, алар менен бийик тоого чыкты жана алардын алдында башка түр алып, өзгөрдү». Бул ушундай бир таасирдүү окуя болгон! «Анын жүзү күндөй жаркырады, Анын кийимдери болсо нур сыяктуу агарды. Жана мына, Муса менен Илия пайда болуп, Аны менен маектешти». Анан тегерегин «жарык булут каптап», аларга: «Бул Менин сүйүктүү Уулум, мен Ага ыраазымын; Аны уккула»,— деген Кудайдын өзүнүн үнү угулат. «Шакирттер муну угуп, чочуп кетишти да жүзтөмөндөп жыгылышты. Бирок Ыйса жакын келип, аларга кол тийгизди да: „Тургула, коркпогула“,— деди».
6. а) Эмне үчүн Ыйса кубулуусун көрүнүш деп атаган? б) Кубулуу эмнени алдын ала көрсөткөн?
6 Кастарлоо сезимин туудурган бул окуя Ыйса менен үч расулу түнөп калышкан Ермон тоо кыркасында болуп өтсө керек. Түн ичинде болгондуктан, кыязы, Ыйсанын кубулуусу өзгөчө айкын көрүнгөн. Муну Ыйсанын көрүнүш деп атаганынын бир себеби — анда эчак өлүшкөн Муса менен Илиянын кадимкидей катышпагандыгы. Ал жерде, чынында, Ыйса гана болгон (Матфей 17:8, 9). Көз уялткан ал көрүнүш менен Пётр, Жакып жана Иоанндар Ыйсанын өз Падышалык бийлигинде катышуусун күн мурун көрүшкөн. Андагы Муса менен Илия Ыйсанын майланган мурасташтарынын кейипкерлери эле. Ал эми көрүнүштүн өзү Ыйсанын Падышалык жөнүндөгү айткандарынын жана анын келечекте падыша болорунун төгүнсүздүгүн ырастаган эң күчтүү далил болгон.
7. Пётрдун кубулууну эсине бек тутуп калганын биз эмнеден улам белебиз?
7 Ыйсанын кубулуусу анын жолдоочуларынын жыйналышында башкы роль ойногон үч расулдун ишениминин бекемделишине өбөлгө болгон. Ыйсанын бетинин жаркырашы, кийиминин нурланышы жана Кудайдын өз үнү менен Ыйса жөнүндө «Менин сүйүктүү Уулум, аны уккула» деши — мына ушулардын баары ошол расулдардын ишенимин курчутуу максатында көрсөтүлгөн. А бирок алар көргөндөрүн Ыйсанын тирилгенине чейин эч кимге айтпоого тийиш эле. Арадан 32 жылча өтсө да, ошол көргөнү Пётрдун эси-көөнүндө тунук бойдон сакталып турган. Көрүнүштүн маанилүүлүгүн айткысы келип, ал мындай деп жазат: «Теңирибиз, Ыйса Христостун кудуретин жана келишин арам ойлуу тамсилдер менен жарыялаган эмеспиз, бирок Анын шаңдуулугун өз көзүбүз менен көргөнбүз. Себеби Ал, Кудай Атадан чоң маанилүү атактан бир үн жеткенде, абийир жана даңк алды. Ал үн мындай эле: „Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын“. Асмандан чыккан бул үндү биз, Аны менен бирге ыйык тоодо болгонубузда уктук» (2 Пётр 1:16—18).
8. а) Кудайдын өз Уулу жөнүндөгү айткандары эмнеге олуттуу көңүл бурдурат? б) Кубулуудагы булут эмненин жышанасы болгон?
8 Эң маанилүүсү, Кудайдын өзүнүн: «Бул Менин сүйүктүү Уулум, мен Ага ыраазымын; Аны уккула»,— деп айткандары эле. Бул Ыйсанын Кудай шайлаган Падыша экенине, жаратуулардын баары анын тилин алууга тийиш экенине көңүл бурдурат. Айлананы чулгаган булут ал көрүнүштүн көзгө көрүнбөгөн түрдө аткарыларын билдирип турган. Ыйсанын Падышалык күчүндө катышуусунун «белгисин» айыра тааныгандар гана аны акылы менен көрө алышмак (Матфей 24:3). Ыйсанын өзүнүн расулдарына көргөндөрүн ал тирилмейинче эч кимге айтпагыла деши анын тирилгенден кийин гана жогорулап, даңкы чыгарын билдирген.
9. Кубулуу эмне себептен ишенимибизди бекемдеши керек?
9 Ыйсанын кубулуусун кепке алып кеткен соң, Пётр мындай деген: «Андан башка да, бизде эң туура пайгамбарлык сөз бар; жана силердин жүрөгүңөрдө таң агарып, таң жылдызы чыкканча, караңгыда жанган шамга болгондой, силер ага кайрылсаңар, жакшы иш кылып жатасыңар; Жазуулардагы пайгамбарлыктардын эч бирин өзүнчө чечүүгө болбой турганын баарыдан мурда билип турасыңар. Себеби пайгамбарлык эч убакта адам каалаганынан айтылган эмес, бирок Ыйык Рух аракеттенген Кудайдын ыйык адамдары аны айтышкан» (2 Пётр 1:19—21). Кубулуу Кудайдын пайгамбарлык сөзүнүн ишенимдүүлүгүн баса көрсөтөт. Биз ошол пайгамбарлык сөзгө назар салышыбыз жана Кудайга жакпаган же Андан келбеген «арам ойлуу тамсилдерден» оолак болушубуз зарыл. Ыйсанын кубулуусу биздин пайгамбарлык сөзгө болгон ишенимибизди бекемдеши керек, анткени көрүнүштө алдын ала көрсөтүлгөн Ыйсанын даңкы менен Падыша катары бийлик кылышы иш жүзүндө аткарылган. Ооба, Ыйсанын азыр асмандагы күч-кубаттуу Падыша болуп катышып турганынын төгүнсүздүгүн көрсөткөн орчундуу негиз бар.
Таңкы жылдыздын чыгышы
10. Пётр айткан «таңкы жылдыз» кимди же эмнени билдирет жана эмне үчүн минтип жооп бердик?
10 Пётр: «Таң агарып, таң жылдызы чыкканча, караңгыда жанган шамга болгондой, силер ага [пайгамбарлык сөзгө] кайрылсаңар, жакшы иш кылып жатасыңар»,— деп жазган. «Таң жылдызы» деп ким же эмне айтылды эле? Бул аятта «таң жылдызы» деп которулган грек сөзү Ыйык Китепте болгону бир гана жолу кезигет, ал сөз «таңкы жылдыз» деп которулган башка грек сөзүнө маанилеш. Иоанндын аяны 22:16да «ачык жана таңкы жылдыз» деп Ыйса аталат. Жылдыздардын эң артында чыга турган андай жылдыздар жылдын ар мезгилдеринде асмандын чыгыш тарабынан көрүнөт. Алар Күн мына-мына көтөрүлөрдүн алдында чыгышат, андыктан алар таң аткандыгынын жарчылары сыяктуу. Пётр «таңкы жылдыз» деген сөздү падышалык такка олтургандан кийинки Ыйсага карата колдонгон. Ыйса такка олтурган маалда анын жарыгы Ааламдын баарына, демек, биздин жерге да тийген! Ал мессиялык Таңкы Жылдыз катары тил алган адамзат үчүн жаңы күндүн — доордун — жакындап келатканын жарыялай баштаган.
11. а) Эмнеликтен 2 Пётр 1:19да «таңкы жылдыз» адамдын кадимки жүрөгүндө «чыгат» дегенди билдирбейт? б) Силер 2 Пётр 1:19ду кантип түшүндүрмөксүңөр?
11 Ыйык Китептин көптөгөн котормолорунан расул Пётр 2 Пётр 1:19да адамдын кадимки жүрөгү тууралуу айткан деп түшүнүүгө болот. Чоң кишинин жүрөгүнүн салмагы 250—300 грамм. Ыйса — азыркы кезде даңктуу өлбөс рух — адамдын кичинекей органында кантип чыкмак эле? (1 Тимофей 6:16). Албетте, ал аятта биздин каймана маанидеги жүрөгүбүз айтылган, себеби биз Кудайдын пайгамбарлык сөзүн ошо жүрөгүбүз менен кабыл алабыз да. Бирок 2 Пётр 1:19дагы жазылгандарды англис тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосунан» карап көрө турган болсок, ал аяттын «таң атып, таңкы жылдыз чыккыча» деген бөлүгү кыстырынды сүйлөм катары өзүнүн алдындагы сөздөрдөн жана «жүрөгүңөрдө» деген сөздөн эки жагынан үтүр менен ажыратылганын көрөбүз. Бул аятты тагыраак мындай деп да берүүгө болот: «Биз пайгамбарлык сөзгө ого бетер ишенебиз; силердин ага, таң атып, таңкы жылдыз чыккыча, караңгы жерде — жүрөгүңөрдө — күйүп жаткан шамчыракка кайрылгандай кайрылганыңар — жакшы иш».
12. Негизинен адамдын жүрөгү кандай абалда, бирок Ыйсанын чыныгы жолдоочуларыныкы тууралуу эмне дешке болот?
12 Күнөөлүү адамзаттын каймана маанидеги жүрөгүнүн абалы, жалпы жонунан, кандай? Адамдардын жүрөгү рухий караңгылыкта! Биздин да жүрөгүбүз караңгы болмок, бирок биз Ыйсанын чыныгы жолдоочулары болгондуктан, биздин жүрөгүбүздө шамчырак күйүп турган сыяктуу. Биз буга, Пётрдун сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, Кудайдын Ыйсаны чындап жолдогондорго сергек болууга жана жаңы күндүн башталышын таанып-билгидей билимге ээ болууга жардам берген, жарык чачып турган пайгамбарлык сөзүнө көңүл буруу менен жетебиз. Ыйсаны жолдогондор Таңкы Жылдыздын адамдардын кадимки жүрөгүндө эмес, бардык Аалам үчүн жарыгын чачып чыккандыгын билишет.
13. а) Таңкы Жылдызды эчак чыккан деп эмнеден улам айта алабыз? б) Эмне үчүн Ыйсанын жолдоочулары Ыйса алдын ала айткан биздин күндөрдөгү кыйынчылыктарга туруштук бере алышат?
13 Таңкы Жылдыз эчак чыккан! Ыйсанын өзүнүн катышуусу жөнүндөгү улуу пайгамбарлыгына жакшыраак назар салсак, биз мунун калетсиздигине күмөн санабайбыз. Бүгүнкү күндө ошол пайгамбарлыктын аткарылышын айыгышкан согуштардан, ачарчылыктан, табигый кырсыктардан жана жакшы кабардын дүнүйө жүзү боюнча таралышынан улам көрүп жатабыз (Матфей 24:3—14). Ыйсанын жолдоочулары болсок да, Ал күн мурун айткан кыйынчылыктарды биз да тартып жатабыз, а бирок биз аларды жүрөгүбүздөгү тынчтык жана кубаныч менен көтөрөбүз. Эмне үчүн дегенде биз көңүлүбүздү Кудайдын пайгамбарлык сөздөрүнө бурабыз жана анын келечекке карата берген убадаларынын аткарыларына ишенебиз. Биз «акыркы мезгилдин» эң акырында жашап жатабыз, ошондуктан азыр эң сонун маалдын босогосунда турганыбызды билебиз! (Даниил 12:4, «Ыйык Китеп»). Исаия 60:2деги: «Мына, караңгылык жерди, түнөргөн түнт элдерди жапкан турат»,— деп айтылгандар аткарылып, дүйнө өтө оор абалда. Ушул караңгылыкта адам канткенде жол таба алат? Кудайдын пайгамбарлык сөзүнө ал азыр, өтө кеч болуп кала электе, момундук менен назар салууга тийиш. Жүрөгү тазалардын Иегова Кудайга — жашоо менен жарыктын Булагына кайрылышы абзел (Забур 35:10; Расул 17:28). Ошенткенде гана, адам так билим алат жана Кудай тил алган адамзатка бере турган кереметтүү келечекке жетүүгө үмүттөнөт (Аян 21:1—5).
«Дүйнөгө жарык келди»
14. Ыйык Китептин кереметтүү пайгамбарлыктарынын аткарылышын өз көзүбүз менен көрүү үчүн эмне кылышыбыз керек?
14 Жазмалар Ыйсанын учурда башкарып турган Падыша экенин айгинелөөдө. Бийликке ал 1914-жылы келгендиктен, кереметтүү пайгамбарлыктардын аткарылышы али алдыда. Алардын аткарылышына күбө болуу үчүн, биз Ыйсага ишеним көрсөткөн жана билип-билбей жасаган күнөөлөрү үчүн өкүнгөн момун адам болууга аракеттенишибиз керек. Албетте, караңгылыкты жакшы көргөндөргө түбөлүк өмүр берилбейт. Ыйса мындай деген: «Айыптоонун маңызы болсо мындай: дүйнөгө жарык келди; бирок адамдар караңгылыкты жарыктан артык жакшы көрдү, анткени алардын иштери жаман болчу. Анткени жамандык кылып жүргөн ар ким жарыкты жек көрөт жана анын иштерин ашкерелебес үчүн, алар жаман болгондуктан, жарыкка келбейт. А мамилеси чындык болсо [«Чындык менен иш кылган», СК], анын иштери талашсыз болуш үчүн, жарыкка келет, анткени анын иштери Кудайдын урматына кылынган» (Иоанн 3:19—21).
15. Кудайдын Уулу аркылуу мүмкүн болтурган куткаруусун барктабасак, эмне болот?
15 Дүйнөгө рухий жарык Ыйса менен кирген соң, анын дегендерине кулак салуу абдан маанилүү. «Байыртан бери аталарга пайгамбарлар аркылуу кайталап, көп түрдүү сүйлөгөн Кудай, акыркы бул күндөрдө бизге, бардыгынын мураскору болгон Уулу аркылуу сүйлөгөн,— Уулу аркылуу ааламды да жараткан»,— деп жазган Павел (Еврейлер 1:1, 2). Кудайдын өз Уулу аркылуу мүмкүн кылган куткаруу чарасын кабыл албай койсок, анда эмне болот? Павел төмөндөкүнү айтып сөзүн уланткан: «Эгерде периштелер аркылуу жарыя кылынган сөз бекем болсо жана бардык кылмыштар жана тил албагандар туура жазасын алса, адегенде Теңир Өзү баштап, үйрөткөн жана андан уккандар аркылуу бизде бекитилген ушундай улуу куткарылууну барктабасак, биз кантип кутулабыз? Кудай белгилер жана ажайыптар менен кошо, ар кандай күчтөр менен жана Анын каалоосу боюнча Ыйык Рухту таратып бергени менен бул куткарылуу жөнүндө күбөлөндүргөн» (Еврейлер 2:2—4). Ооба, пайгамбарлык сөздү жарыялоодо орчундуу ишти Ыйса аткарат (Аян 19:10).
16. Эмне үчүн Иегова Кудайдын пайгамбарлыктарына биз толук ишене алабыз?
16 Жогорудагы абзацтардын биринде келтирилген аятта айтылгандай, Пётр «жазуулардагы пайгамбарлыктардын эч бирин өзүнчө чечүүгө болбой турганын» айткан. Чыныгы пайгамбарлыктарды айтууга адамдардын өз кудурети жетпейт, бирок биз Кудайдын пайгамбарлыктарынын баарына толук ишенсек болот. Аларды Иегова Кудай өзү берген. Ал өзүнүн кызматчыларына Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын кандайча аткарылып жатканын түшүнүүгө ыйык руху аркылуу жардам берет. Ырас, 1914-жылдан бери ошол пайгамбарлыктардын көбүнүн аткарылышын көрүп жаткандыгыбыз үчүн биз Иеговага миң мертебе ыраазыбыз. Ошону менен бирге, каардуу дүйнөнүн акырына байланышкан аткарыла элек пайгамбарлыктар да ишке ашарына түк шек санабайбыз. Жазмадагы күн мурун айтылгандарга ар дайым назар салып, биздеги жарыкты жаркыратып көрсөтүп турушубуз зарыл (Матфей 5:16). Иегова «жарыкты караңгыдан жарк эттирип чыгартып», жер бетине тийгизип жаткандыгы үчүн биз абдан ыраазыбыз! (Исаия 58:10).
17. Эмне үчүн биз Кудайдан келген рухий жарыкка муктажбыз?
17 Табигый жарык бизге айлана-чөйрөнү көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бизди түркүн азык-түлүк менен камсыз кылып турган түшүм-дандын өсүшүнө да шарт түзөт. Табигый жарыксыз көпкө жашоо мүмкүн эмес. Ал эми рухий жарык жөнүндө эмне дешке болот? Рухий жарык жетекчилик берет, Кудайдын Сөзүндө — Ыйык Китепте — айтылган келечекти көрүүгө көмөк кылат (Забур 118:105). Сүйүүсүнөн улам Иегова Кудай «жарыгы менен чындыгын жиберүүдө» (Забур 42:3). Анын минтип кам көргөндүгүнө биз абдан ыраазы болуубуз кажет. Эмесе анда, «Кудайдын даңкын таанып билүүнүн» жарыгын кабыл алууга бардык күчүбүздү жумшайлы, ошондо каймана жүрөгүбүз жарык болот (2 Коринфтиктер 4:6; Ефесалыктар 1:18).
18. Иегованын Таңкы Жылдызы эмнелерди жасоого даяр?
18 Биз бактылуубуз, себеби Ыйса, Таңкы Жылдыз, 1914-жылы бүткүл Ааламга нурун чачып, айтылуу көрүнүш иш жүзүндө аткарыла баштаганын билебиз! Иегованын Таңкы Жылдызы азыр өз ордун ээлеп, ошо көрүнүштүн андан аркы аткарылышында — «Кудуреттүү Кудайдын улуу күнүндөгү урушта» — Кудайдын ой-ниетин толук аткаруу үчүн даяр турат (Аян 16:14, 16). Бул көөнөргөн дүйнө жок кылынгандан кийин, Иегова «жаңы асман жана жаңы жер» жөнүндөгү убадасын аткарат, ошондо биз аны түбөлүк даңктайбыз, себеби ал — Ааламдын Эгедери жана чыныгы пайгамбарлыктардын Кудайы (2 Пётр 3:13). Ошол улуу күнгө дейре биз Кудайдын пайгамбарлык сөзүнө көңүл буруп, анын жарыгында жүрөлү.
Эмне деп жооп бермексиңер?
◻ Ыйсанын кубулуусун кантип сүрөттөйт элеңер?
◻ Ыйсанын кубулуусу биздин ишенимибизди кандайча бекемдейт?
◻ Иегованын Таңкы Жылдызы деген кимди же эмнени билдирет жана ал качан «чыккан»?
◻ Кудайдын пайгамбарлык сөзүнө эмне себептен көңүл бурушубуз кажет?
[21-беттеги сүрөт]
Кубулуунун маанисин түшүндүрүп бере аласыңбы?
[23-беттеги сүрөт]
Таңкы Жылдыз чыккан. Анын кандайча жана качан чыкканын билесиңби?