Ыйык Китепти окуу пайдалуу жана жагымдуу
«Муну күнү-түнү үйрөн» (Иса Навин 1:8, «Ыйык Китеп»).
1. Бирдеме окуунун жана айрыкча Ыйык Китепти окуунун кандай пайдасы бар?
ЖАКШЫ материал окуу — пайдалуу иш. Монтескьё (Шарль Луи де Секонда) аттуу француз саясый философу: «Изилдөө дайыма мага жашоодон чарчабаганга жардам берет. Бир саат бирдеме окуганымда, бардык кайгы-капам унутулат»,— деп жазган. Айрыкча, Ыйык Китепти окууга карата ушинтип айтса болот. Забурчу Кудайдын шыктандыруусу менен: «Кудайдын мыйзамы жанды чыңдаган жетик мыйзам. Акылы азга акыл салган Теңирдин аяны туура. Теңирдин жазуу-буйругу адилет, жүрөктү кубантат»,— деген (Забур 18:8, 9).
2. Эмне үчүн Иегова Ыйык Китепти кылымдар бою сактап келген жана өз элинен эмнени күтөт?
2 Ыйык Китептин Жаратманы Иегова Кудай Сөзүн айыгышкан каршылык көрсөтүлүп турган кылымдар аралыгында диний да, динди жактабаган да душмандарынан сактап келген. Кудай «бардык адамдардын куткарылып, чындыкты билүүгө жетишүүсүн каалагандыктан», өз Сөзүнүн бүт адамзатка жетишине кам көрүп келет (1 Тимофей 2:4, «Инжил»). Эсептөөлөр боюнча, жер жүзүндөгү калктын 80дей пайызы 100 түрдүү тилде сүйлөйт. Ал эми Ыйык Китепти толугу менен 370 тилде, анын бөлүктөрүн 1 860 тилде жана диалектиде окууга болот. Иегова элинин Ыйык Китепти окушун каалайт. Кудай анын Сөзүнө көңүл бурган, аны күнүгө окуган кызматчыларына батасын берет (Забур 1:1, 2).
Ыйык Китепти окуу — көзөмөлчүлөргө коюлган талап
3, 4. Иегова Израилдин падышаларынан эмнелерди талап кылган жана андай талаптардын берилгенинин кайсы себептери Ыйсаны жолдогон бүгүнкү аксакалдарга да тиешелүү?
3 Израиль элинде падышалар башкара турган доор келерине байланыштуу Иегова мындай деген: «Падышалыктын тагына отурган кезде, левит дин кызматчыларынын колундагы китептен өзү үчүн алиги мыйзамдарды көчүрүп алуу керек. Жана ал анын колунда болсун, өзүнүн өмүр сүргөн жашоодогу бардык күндөрүндө окуп чыксын, Теңирден, өз Кудайынан коркууга үйрөнсүн жана бул мыйзамдын бардык сөздөрү менен бүтүмдөрүн аткарууга аракеттенсин; боордошторунун алдында жүрөгүн май басып эсирбесин да мыйзамдан оңго да, солго да кыйшайбасын» (5 Муса 17:18—20).
4 Иегова Израилдин болочок падышаларынан Өзүнүн мыйзамдары камтылган китебин күн сайын окууну төмөнкү себептер боюнча талап кылган: 1) «Теңирден, өз Кудайынан коркууга үйрөнсүн жана бул мыйзамдын бардык сөздөрү менен бүтүмдөрүн аткарууга аракеттенсин» үчүн; 2) «боордошторунун алдында жүрөгүн май басып эсирбесин» үчүн; 3) «мыйзамдан оңго да, солго да кыйшайбасын» үчүн. Ыйсаны жолдогон бүгүнкү көзөмөлчүлөрдүн деле Иеговадан коркушу, анын мыйзамдарына баш ийиши, өздөрүн боордошторунан жогору сезбеши жана Иегованын парыздарынан четтебеши зарыл эмеспи? Ыйык Жазманы окуу Израилдин падышалары үчүн канчалык маанилүү болгон болсо, учурдагы көзөмөлчүлөр үчүн да анын мааниси, албетте, андан кем эмес.
5. Жакында эле Жетекчи Кеңеш бардык филиалдардын комитеттерине эмне тууралуу жазган жана эмне үчүн Ыйсаны жолдогон бардык аксакалдардын ошол кеңешти колдонгону дурус?
5 Азыркы учурда Ыйсаны жолдогон аксакалдардын бош убактысы тар болгондуктан, Ыйык Китепти күнүгө окуу жеңил эмес. Алсак, Иегованын Күбөлөрүнүн Жетекчи Кеңешине жана дүйнө жүзүндөгү филиалдардын комитеттерине мүчө болгон эркектердин колу оңой менен бошобойт. Ошентсе да Жетекчи Кеңештин жакында эле бардык филиалдардын комитеттерине жолдогон катында Ыйык Китепти күн сайын окууну жана изилдөөнү адатка айлантуу зарылдыгына басым коюлган. Катта белгиленгендей, бул биздин Иеговага жана чындыкка болгон сүйүүбүздү өрчүтөт, ошондой эле «ишенимибизди, кубанычыбызды, туруктуулугубузду акырына чейин сактоого жардам берет». Иегованын Күбөлөрүнүн жыйналыштарындагы бардык аксакалдар ошол эле зарылдыкты сезишет. Жазманы күнүгө окуу аларга «иш-чараларды акыл-эстүү жүргүзүүгө» жардам берет (Иса Навин 1:7, 8). Ыйык Китепти окуу айрыкча алар үчүн «үйрөнүүгө, бетин ачууга, оңдоого, адилеттикке үйрөтүү үчүн пайдалуу» (2 Тимофей 3:16).
Ыйык Китепти жаштардын да, карылардын да окушу зарыл
6. Эмне себептен Иса Навин Иегованын мыйзамындагы сөздөрдү чогулган Израиль тукумдарынын жана келгиндердин алдында окуган?
6 Байыркы кезде Ыйык Жазманын көчүрмөсү ар бир адамда болгон эмес, ошондуктан Ыйык Китепти чогулган элдин алдында окушчу. Иегованын колдоосу менен Гай шаарын өзүнө каратып алгандан кийин, Иса Навин Израиль тукумдарын Гевал жана Гаризим тоолорунун этегине чогултат. «Анан Иса мыйзам китепте жазылгандай, алкыш менен каргыштын мыйзам сөздөрүн окуду. Бүткүл Израилдин бул жыйынында, алардын аялдарына, балдарына, арасында күн көргөн келгиндерине, Исага калтырган Мусанын осуяттарынан... Иса окубаган эч бир сөз калган жок» (Иса Навин 8:34, 35). Кандай жүрүм-турум Иегованын батасына ээ кыларын же андан ажыратарын жаш да, кары да, жергиликтүү тургун да, келгин да өз жүрөгүнө жана акылына сиңириши керек эле. Бул жагынан бизге Ыйык Китепти үзгүлтүксүз окуу жардам берери шексиз.
7, 8. а) Бүгүнкү күндө кимдер «келгиндердей» жана алардын Ыйык Китепти күнүгө окушу эмне үчүн зарыл? б) Иегованын элинин арасындагы балдар кантип Ыйсадан үлгү ала алышат?
7 Бүгүнкү күндө Иегованын миллиондогон кызматчылары рухий мааниде ошол «келгиндердей». Мурун алар дүйнөнүн нормаларына ылайык жашап келишсе да, кийин жашоолорун өзгөртүшкөн (Ефесалыктар 4:22—24; Колоссадагылар 3:7, 8). Бирок алар Иегованын жакшылык менен жамандык боюнча нормаларын эстерине дайыма салып турууга муктаж (Амос 5:14, 15). Буга Кудайдын Сөзүн күн сайын окуу жардам берет (Еврейлер 4:12; Жакып 1:25).
8 Ошондой эле Иегованын элинин арасында Анын нормаларын ата-энелеринен эле үйрөнгөн көп сандаган балдар бар. Бирок Кудайдын эркинин тууралыгына алар өздөрү ынанышы зарыл (Римдиктер 12:1, 2). Кантип? Израилдеги дин кызматчыларына жана аксакалдарга: «Бардык Израилдин алдында бул мыйзамды үн чыгара окуп бер. Теңир, силердин Кудайыңардан коркуп, бул мыйзамдын бардык сөздөрүн аткарууга аракеттениш үчүн, мыйзамга кулак салып, андан үйрөнүш үчүн, эркектерди, аялдарды, балдарды, сенин турак-жайларыңдагы келгин мусаапырларды, бардык калайык калкты жыйнап кел... муну угуп-көрбөгөн алардын балдары кулагын салып, Теңир, силердин Кудайыңардан коркууга үйрөнүшсүн»,— деген көрсөтмө берилген (5 Муса 31:11—13). Мусанын мыйзамы күчүндө кезинде жашаган Ыйса 12 жашында Атасынын мыйзамдарын түшүнүүгө абдан кызыкканын көрсөткөн (Лука 2:41—49). Кийинирээк, адатынча синагогада Жазманын окулушуна кулак салып, талкууларга катышкан (Лука 4:16; Расул 15:21). Бүгүн да балдар Кудайдын Сөзүн күнүгө окуп жана Ыйык Китеп окуп-изилденген жолугушууларга үзгүлтүксүз катышып, Ыйсадан үлгү алууга чакырылат.
Биринчи кезекте Ыйык Китепти окуу
9. а) Ылгап окуу эмне үчүн зарыл? б) Ыйык Китепти изилдөө үчүн көмөкчү каражаттарга карата ушул журналдын негиздөөчү-редактору эмне деген?
9 Даанышман падыша Сулайман: «Сак бол: китепти жаза берсе — аягы болбойт, көп окуганда — дене жадайт»,— деп жазган (Үгүтчү 12:12). Азыркы китептерди окуу денени эле жадатпастан, ачыгын айтканда, акылга да коркунуч туудурат десе болот. Ошондуктан ылгап окуу маанилүү. Ыйык Китепти изилдөөгө арналган адабияттарыбыздан тышкары, биз Ыйык Китептин өзүн окушубуз зарыл. Ушул журналдын негиздөөчү-редактору окурмандарына: «Биздин Эталон (үлгү) Ыйык Китеп экенин жана Кудай бизге кандай гана көмөкчү каражаттарды бербесин, алардын «көмөкчү» бойдон каларын, Ыйык Китепти алмаштыра албасын эч качан унутпагыла», — деп жазганa. Демек, биз Ыйык Китепке негизделген адабияттарды бааласак да, Ыйык Китептин өзүн окушубуз зарыл.
10. Ыйык Китепти окуу маанилүү экендигин «ишенимдүү жана эстүү кул» кантип баса белгилеп келет?
10 Бул муктаждыкты сезип, «ишенимдүү жана эстүү кул» бир нече жыл бою ар бир жыйналыштагы Теократиялык кызмат мектебинин программасына Ыйык Китепти окуунун тартибин киргизип келүүдө (Матфей 24:45, СК). Ыйык Китепти окуунун азыркы программасы менен Ыйык Китепти толугу менен жети жылдын ичинде окуп чыгууга болот. Бул тартип баарына, өзгөчө, Ыйык Китепти толугу менен окуп чыга элек жаңыларга пайдалуу. Ал эми Күзөт Мунарасы Коомунун миссионерлерди даярдоочу ыйык китептик Галаад мектебинин же Кызматка окутуу мектебинин студенттеринен жана Вефил үй-бүлөсүнүн жаңы мүчөлөрүнөн Ыйык Китепти бир жылдын ичинде толугу менен окуп чыгуу талап кылынат. Ыйык Китепти силер кайсы тартип менен окубагыла, өз алдыңарчабы же үй-бүлөңөр мененби, ошол тартипке кармануу үчүн, биринчи кезекте Ыйык Китепти окуу керек.
Ыйык Китепти кантип окуйсуңар жана бул эмнени айкындап турат?
11. Биз кантип жана эмне үчүн Иегованын ойлору менен күн сайын азыктанышыбыз керек?
11 Эгер Ыйык Китепти окуунун тартибине кармануу кыйын болуп жатса, өзүңөрдөн: «Иегованын Сөзүн окуума башка нерселерди окуу же сыналгы көрүү кандай таасир тийгизет?» — деп сурап көргөнүңөр туурадыр. Мусанын, а кийинчерээк Ыйсанын: «Адам жалаң нан менен жашабайт, бирок Кудайдын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт»,— деп айткан сөздөрүн эстен чыгарбагыла (Матфей 4:4; 5 Муса 8:3). Саламаттыгыбызды сактоо үчүн биз күн сайын нан же башка азык жегенге муктаж болгонубуздай эле, рухийлигибизди сактоо үчүн Иегованын ойлорун өздөштүрүүгө муктажбыз. Ыйык Жазманы окуп, биз күн сайын Кудайдын ойлору менен тааныша алабыз.
12, 13. а) Кудайдын Сөзүнө карата өстүрүшүбүз керек болгон сүйүүнү расул Пётр кантип сүрөттөйт? б) Павелдин сүт жөнүндөгү мисалы Пётрдукунан эмнеси менен айырмаланат?
12 Ыйык Китепти «адамдын сөзү катары эмес, бирок чындыгында Кудайдын сөзү катары» бааласак, ымыркай бала энесинин сүтүн эңсеген сыңары, биздин Ыйык Жазмага карата сүйүүбүз артат (1 Фессалоникалыктар 2:13). Ошондой салыштыруу колдонуп, Расул Пётр: «Жаңы төрөлгөн балдар катарында, таза сөздүн уузун [сүтүн] сүйгүлө, аны менен силер куткарылууга өсүп жеткиле; себеби силер Теңирдин боорукер экенин татып көрдүңөр»,— деп жазган (1 Пётр 2:2, 3). «Теңирдин боорукер экенин» өзүбүз чындап «татып көрсөк», биз Ыйык Китепти окууну жакшы көрүүгө үйрөнөбүз.
13 Белгилей кетчү нерсе, Пётрдун бул аяттардагы мисалы расул Павелдин сүт жөнүндөгү мисалынан мааниси боюнча айырмаланат. Жаңы төрөлгөн ымыркайдын тамакка болгон муктаждыгын сүт толук канааттандырат. Пётрдун мисалы биздин «куткарылууга өсүп жетишибиз» үчүн зарыл болгон нерселердин баары Кудайдын Сөзүндө камтылганын көрсөтүп турат. Ал эми Павел өздөрүн рухий жактан жетилген адамдарбыз деп эсептеген кээ бирөөлөрдүн рухий азыктануусунун начар экенин билдирүү үчүн, сүткө болгон муктаждыкты баса белгилеген. Павел Ыйсанын еврей жолдоочуларына мындай деп жазган: «Убакытка карасак, силер алда качан үйрөтүүчү болушуңар керек эле: бирок силерге кайра Кудайдын сөзүнүн баштапкы сабактарын үйрөтүү керек; силерге болсо катуу тамак болбойт, силерге сүт керек. Ал эми сүт эмген ар ким адилеттик жөнүндөгү сөздү түшүнбөйт, себеби ал эмчектеги бала менен барабар. Катуу тамак болсо, жеткилеңдерге таандык, жакшы менен жаманды ажырата алууга алардын каныккан ой-сезимдери бар» (Еврейлер 5:12—14). Ыйык Китепти кунт коюп окуу кыраакылыкты өрчүтүүгө жана рухий нерселерге табитибизди ачууга чоң салым кошо алат.
Ыйык Китепти кантип окуу керек?
14, 15. а) Ыйык Китептин Жаратманы бизге кандай артыкчылыкты сунуш кылат? б) Кудайдын акылмандыгынан биз кандай пайда алабыз? (Мисал келтиргиле).
14 Ыйык Китепти окууну окуу менен эмес, тиленүү менен баштоо эң пайдалуу. Тиленүү — эң зор артыкчылык. Мисалы, силер маанилүү маселе талданган белгилүү бир китепти окуганы турасыңар дейли. Эгер адегенде анын жаратманына чалып, керектүү жерлерин түшүнүүгө жардам сурап алсаңар, чоң пайда болмок да. Ыйык Китептин Жаратманы, Иегова, силерге дал ошондой жардамды сунуш кылып жатат. Биринчи кылымдагы жетекчи кеңештин мүчөсү бир туугандарына: «Эгерде силердин кимиңерге акылмандык жетишпей жатса, анда, баарына берешендик менен, жемелебей берип жаткан Кудайдан сурасын,— ага акылмандык берилет. Бирок сураганда ишеним менен, эч кандай шек кылбай сурасын»,— деп жазган (Жакып 1:5, 6). Азыркы Жетекчи Кеңеш да Ыйык Китепти тиленүү менен окууга ар дайым үндөп келет.
15 Акылмандык — бул билимди иш жүзүндө колдонгондук. Андыктан, Ыйык Китепти ачардан мурда, Иеговадан анын Сөзүн окуп жатканда жеке турмушуңарда колдонууга боло турган жерлерди байкоого жардам беришин сурагыла. Жаңы окуган маалыматтарды мурун билгениңер менен байланыштыргыла. Аларды өзүңөр билген «жүйөлүү үйрөтүүнүн үлгүсүнө» айкаштыргыла (2 Тимофей 1:13). Иегованын байыркы кызматчыларынын жашоосундагы окуялардын үстүнөн ой жүгүрткүлө жана өзүңөрдөн ошондой жагдайларда мен кандай иш-аракет кылмакмын деп сурагыла (1 Муса 39:7—9; Даниил 3:3—6, 16—18; Расул 4:18—20).
16. Ыйык Китепти пайдалуу жана натыйжалуу түрдө окууга кандай кеңештер жардам берет?
16 Пландаштырылган баптарды эле окуп коюуга умтулбагыла. Шашылбай, көңүл коюп окугула. Эгер Ыйык Китебиңерде айкаш шилтемелер бар болсо, кызыктуу жерлеринин шилтемелерин кошо карап чыккыла. Аларды түшүнүү дагы эле кыйын болуп жатса, анда кийинирээк изилдөө үчүн белгилеп койгула. Окуп жатып, жаттап же көчүрүп алгыңар келген аяттарга белги коюп кеткиле. Ошондой эле беттин талаачасына өздүк белгилериңерди жана айкаш шилтемелериңерди киргизсеңер болот. Кабар айтууда же окутууда керек болорлук аяттардагы негизги сөздөрдү белгилеп, аларды Ыйык Жазмаңардын артындагы ыйык китептик сөздөрдүн көрсөткүчүнөн карап көргүлөb.
Ыйык Китепти окуудан ырахат алгыла
17. Эмне үчүн биз Ыйык Китепти окуудан ырахат алышыбыз керек?
17 «Анын тилеги [«ырахаты», ЖД] Кудайдын мыйзамында, ал Анын мыйзамы тууралуу күндүр-түндүр ой жүгүртөт» —деп, забурчу бактылуу киши жөнүндө айткан (Забур 1:2). Ыйык Китепти күнүгө окуу бизге түйшүк болбостон, тескерисинче, ырахат тартуулашы керек. Эгер үйрөнүп жаткан нерселерибиздин канчалык баалуу экенин баамдай билсек, Ыйык Китепти окуу жагымдуу нерсеге айланат. Акылман падыша Сулайман: «Акылмандыкты иришип тапкан адам... бактылуу! Анын жолдору — жагымдуу жолдор, анын багыттары — тынчтык багыттар. Ага ээ болгондор үчүн ал — өмүр дарагы, жана аны сактап калгандар — бактылуу адамдар»,— деп жазган (Аңгемелер 3:13, 17, 18). Акылмандыкка жетүү үчүн күч-аракет жумшоо — чынында арзырлык нерсе, анткени акылмандыктын жолдору жагымдуу жана алар — тынчтыктын, бакыттын, акыр-түбү өмүрдүн жолдору.
18. Ыйык Китепти окуудан тышкары дагы эмне зарыл жана эмки макалада эмне талкууланат?
18 Ооба, Ыйык Китепти окуу ары пайдалуу, ары жагымдуу. Бирок бул жетиштүүбү? Христиан дүйнөсүнүн мүчөлөрү Ыйык Китепти кылымдар бою окуп келишкен, «бардык убакта үйрөнгөн, бирок эч качан чындыкты билүүгө жете албаган» (2 Тимофей 3:7, «Инжил»). Ыйык Китепти жемиштүү түрдө окуш үчүн, андагы билимди жеке турмушубузда, кабар айтуу жана окутуу ишинде пайдаланууга ниеттенип окууга тийишпиз (Матфей 24:14; 28:19, 20). Бул күч-аракетти жана изилдөөнүн жакшы ыкмаларын талап кылат. Эмки макаладан изилдөөнүн да ырахат тартууларын жана үзүрлүү экенин көрөбүз.
[Шилтемелер]
a Күзөт Мунарасы Коому чыгарган «Иегованын Күбөлөрү — Кудайдын Падышалыгынын жарчылары» аттуу китепти карагыла, 241-б., англ.
b Карагыла: «Күзөт мунарасы», «Канткенде Ыйык Китепти натыйжалуу окуса болот?» аттуу макала, 1-май, 1995-жыл, 16, 17-беттер, ор.
Кайталоо үчүн суроолор
• Бүгүн көзөмөлчүлөр Израиль падышаларына берилген кайсы кеңешти колдонушат жана эмне үчүн?
• Бүгүнкү күндө кимдер «келгиндер» жана «балдар» сыяктуу, ошондой эле эмне үчүн алар Ыйык Китепти күнүгө окууга муктаж?
• Ыйык Китепти үзгүлтүксүз окууга «ишенимдүү жана эстүү кул» кандайча жардам берүүдө?
• Ыйык Китепти окуудан биз кантип пайда жана ырахат алсак болот?
[17-беттеги сүрөт]
Ыйык Китепти, айрыкча, аксакалдар күнүгө окушу керек.
[18-беттеги сүрөт]
Ыйса Жазманын синагогадагы окулушуна катышчу.