Эмне үчүн чөмүлтүлүш керек?
«Баргыла да бүт элдерди... чөмүлдүрүп, аларды шакирт кылгыла» (МАТФЕЙ 28:19).
1, 2. а) Айрым чөмүлдүрүүлөр кандай шарттарда ишке ашырылган? б) Чөмүлдүрүүгө байланыштуу кандай суроолор туулууда?
ФРАНКТАРДЫН падышасы Улуу Карл сакстардын үстүнөн жеңишке ээ болуп, б.з. 775—777-жылдары алардын баарын күч менен чөмүлдүрткөн. Тарыхчы Жон Лорд: «Ал аларды номиналдык христианчылыкка өтүүгө мажбурлаган»,— деп жазган. Ошондой эле орус бийлик башчысы Владимир I б.з. 987-жылы Грек православие дининдеги падыша кызына үйлөнгөндөн кийин, кол астындагыларынын баары «христиан» болууга тийиш деп чечкен. Ал өз элинин массалык түрдө чөмүлтүлүшүнө, зарыл болсо муну кылычтын мизи менен ишке ашырууга буйрук берген!
2 Адамдардын ушинтип чөмүлтүлгөнү орундуу болгонбу? Мындай чөмүлдүрүүнүн, чынында, мааниси барбы? Дегеле, чөмүлдүрүлүш керекпи?
Кантип чөмүлтүлүү керек?
3, 4. Адамга суу чачуу же башына суу куюу эмне үчүн чыныгы чөмүлдүрүлүүгө жатпайт?
3 Улуу Карл жана Владимир I адамдарды чөмүлдүрүлүүгө мажбурлап, Кудайдын Сөзүнө карама-каршы иш кылышкан. Чөмүлдүрүүдө адамдын башына суу куюунун, суу себүүнүн, ал түгүл Ыйык Жазмадагы чындыкка үйрөтүлбөгөн адамдарды сууга чумкутуунун да пайдасы жок.
4 Назареттик Ыйсанын б.з. 29-жылында Чөмүлдүрүүчү Иоаннга барганда эмне болгонуна көңүл бурсаңар. Иоанн Иордан дарыясында адамдарды чөмүлдүрүп жүргөн. Алар чөмүлдүрүлүү үчүн өз ыктыяры менен келип жатышкан. Иоанн бул адамдарды Иорданга тургузуп алып, аларга дарыянын суусунан чачканбы же баштарына куйганбы? Ал Ыйсаны чөмүлдүргөндө эмне болгон? Матфей билдиргендей, Ыйса чөмүлтүлгөн соң «ошол замат суудан чыккан» (Матфей 3:16). Ал Иордан дарыясына чумкутулган, башкача айтканда, суунун астына кирип чыккан. Ошо сыяктуу эле, эфиопиялык такыба төрө да сууга кирип чөмүлдүрүлгөн. Анткени Ыйса менен анын шакирттери чөмүлдүрүлүшкөндө сууга толук чумкутулушкан болчу (Расул 8:36).
5. Ыйсанын алгачкы жолдоочулары адамдарды кантип чөмүлдүрүшкөн?
5 «Чөмүлүү», «чөмүлтүлүү» деп которулган грек сөздөрү суунун астына кирүү, чумкуу, чүмкүү деген маанини берет. «„Чөмүлтүлүү“ деген сөздүн туура жана түзмө-түз мааниси чумкутулуу дегенди билдирет»,— деп айтылат «Смиттин ыйык китептик сөздүгүндө» («Smith’s Bible Dictionary»). Ошондуктан Ыйык Китептин айрым котормолорунда Иоанн «Иоанн Чумкутуучу» жана «Иоанн Чүмкүтүүчү» деп аталат (Матфей 3:1, «Ротергамдын котормосу», англ.; «Дайаглотт», жолмо-жол котормо, англ.). Август Неандердин бир китебинде: «Чөмүлтүү эң башында сууга чумкутуу аркылуу ишке ашырылчу»,— деп айтылат («History of the Christian Religion and Church, During the Three First Centuries»). Француз тилиндеги бир белгилүү эмгекте да: «Ыйсанын алгачкы жолдоочулары каерде суу болсо, ошерде чумкунуп чөмүлтүлүшкөн»,— делет («Larousse du XXe Siècle», Париж, 1928). Ал эми «Католиктик жаңы энциклопедияда»: «Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын жыйналышында чөмүлдүрүлүүнүн сууга чумкунуу аркылуу ишке ашырылганы айгине»,— деп айтылат (1967-ж., 2-том, 56-бет, англ.). Бүгүнкү күндө да Иегованын Күбөсү катары чөмүлтүлүү сууга толук чумкутулууну камтыган ыктыярдуу кадам болуп саналат.
Чөмүлтүлүүнүн жаңы себеби
6, 7. а) Иоанн адамдарды эмне максат менен чөмүлдүргөн? б) Ыйсанын жолдоочуларынын чөмүлдүрүүсүндө эмне жаңы болгон?
6 Иоанндын чөмүлдүрүүсү Ыйсанын жолдоочуларынын чөмүлдүрүүсүнөн максаты боюнча айырмаланган (Иоанн 4:1, 2). Иоанндан чөмүлдүрүлгөн адамдар Мыйзамга каршы кылган күнөөлөрү үчүн өкүнүшкөнүн эл алдында көрсөтүшкөнa (Лука 3:3). Ал эми Ыйсанын жолдоочуларынын чөмүлдүрүүсүндө бир жаңы нерсе болгон. Б.з. 33-жылындагы Эгин оруп-жыюу майрамында расул Пётр аны угуп тургандарды: «Тобо кылгыла жана күнөөңөрдү кечириш үчүн, ар кимиңер Ыйса Христостун ысымынын урматына сууга чөмүлгүлө»,— деп үндөгөн (Расул 2:37—41). Ал иудейлер менен прозелиттерге кайрылып жатса да, чөмүлдүрүлүү аркылуу алар Мыйзамга каршы кылган күнөөлөрү үчүн өкүнүшкөнүн көрсөтүшөрүн же Ыйсанын атына сууга чөмүлдүрүлүү күнөөлөрдүн жуулушун билдирерин айткан эмес (Расул 2:10).
7 Ошол убакта Пётр «Падышалыктын ачкычтарынын» биринчисин колдонгон. Кандай максатта? Угуучуларына алардын асман Падышалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин ачып берүү үчүн (Матфей 16:19). Иудейлер Ыйса Машайыкты четке кагып салышкандыктан, өкүнүп, ага ишенүү Кудайдан кечирим издөөдө жаңы жана абдан маанилүү фактор болгон. Алар Ыйса Машайыктын атына сууга чумкунуу менен өздөрүнүн мындай ишенимин башкалардын алдында күбөлөндүрө алышмак. Ошентип, алар Ыйса аркылуу Кудайга жекече түрдө арналышканын билдире алышмак. Бүгүн Кудайдын жактыруусуна ээ болууну каалагандардын баары ошондой ишеним көрсөтүүгө, Иегова Кудайга арналууга жана Эң Жогорку Кудайга бүт бойдон арналышканынын белгиси катары чөмүлдүрүлүүгө тийиш.
Так билим алуу зарыл
8. Ыйсанын жолдоочусу катары чөмүлтүлүүгө эмне үчүн баарына эле жол бериле бербейт?
8 Ыйсанын жолдоочусу катары чөмүлтүлүүгө баарына эле жол бериле бербейт. Ыйса өзүнүн жолдоочуларына: «Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла; аларды Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атына чөмүлтүп, силерге буюрганымдын баарын аткарууга үйрөткүлө»,— деп буйруган (Матфей 28:19, 20, ЖД). Чөмүлтүлөрдөн мурда адамдар Ыйсанын өз шакирттерине «буюргандарынын баарын аткарууга үйрөтүлүшү» керек. Демек, ишеними Кудайдын Сөзүндөгү так билимге негизделбегендердин эрксиз чөмүлдүрүлүүсү жараксыз жана Ыйсанын өзүнүн чыныгы жолдоочуларына берген тапшырмасына карама-каршы келет (Еврейлер 11:6).
9. «Атанын атына чөмүлтүлүү» деген эмнени билдирет?
9 «Атанын атына чөмүлтүлүү» деген эмнени билдирет? Бул чөмүлдүрүлүүгө талапкер адам асмандагы Атабыздын ээлеген абалын жана бийлигин тааный турганын билдирет. Ошентип, ал Иегова Кудайды Жаратканыбыз, «жер үстүндөгү Эң Жогорку Кудай» жана Ааламдын Эгедери катары тааныйт (Забур 82:19, «Ыйык Китеп»; Исаия 40:28; Расул 4:24).
10. «Уулдун атына чөмүлтүлүү» деген эмнени билдирет?
10 «Уулдун атына чөмүлтүлүү» деген Ыйсанын Кудайдын өзү жалгыз жараткан Уулу экенин жана анын бийлигин таанууну билдирет (1 Иоанн 4:9). Чөмүлтүлүүнүн талаптарына жооп бергендер Ыйсаны Кудай тарабынан көптөр үчүн берилген «кун» катары кабыл алышат (Матфей 20:28, ЖД; 1 Тимофей 2:5, 6). Ошондой эле чөмүлтүлүүгө талапкер адамдар Кудайдын өз Уулун «мурункудан да жогору абалга» көтөргөнүн таанышат (Филиппиялыктар 2:8—11, ЖД; Аян 19:16).
11. «Рухтун атына чөмүлтүлүү» дегендин мааниси кандай?
11 Ал эми «рухтун атына чөмүлтүлүү» дегендин мааниси кандай? Бул чөмүлтүлүүгө талапкер адамдын ыйык рухту Иегованын өзүнүн ой-ниетине ылайык ар кандай максатта колдонгон иш-аракеттүү күчү деп тааный турганын билдирет (1 Муса 1:2; 2 Падышалык 23:1, 2; 2 Пётр 1:21). Чөмүлтүлүү үчүн коюлган талаптарга жооп бергендер ыйык рухтун аларга «Кудайдын терең нерселерин» түшүнүүгө жана «сүйүү, кубаныч, тынчтык, эбегейсиз чыдамдуулук, боорукердик, жакшылыкчылдык, ишеним, момундук, өзүн-өзү башкаруу» деген сапат-касиеттерден турган рухтун жемишин чагылдырууга жардам берерин таанышат (1 Коринфтиктер 2:10, ЖД; Галатиялыктар 5:22, 23, ЖД; Иоил 2:28, 29).
Тобо кылуунун жана Кудайга кайрылуунун маанилүүлүгү
12. Ыйсанын жолдоочусу катары чөмүлтүлүү тобо кылуу менен кандай байланышта?
12 Күнөөсүз адам Ыйсаны эсепке албаганда, адамдардын чөмүлдүрүлүшү тобо кылуунун Кудай жактырган символу болуп саналат. Биз тобо кылганыбызда, мурун кылып келген же тескерисинче, кылбай жүргөн нерселерибиз үчүн чын жүрөктөн өкүнөбүз. I кылымда Кудайга жагууну каалаган иудейлер Ыйсага каршы кылган күнөөлөрү үчүн өкүнүүгө тийиш болушкан (Расул 3:11—19). Коринфтеги айрым бутпарастар бузуктук, бурканга табынуучулук, уурулук жана башка олуттуу күнөөлөрү үчүн тобо кылышкан. Мунун аркасында алар Ыйсанын каны менен «күнөөлөрүнөн жуулушкан»; «касиеттүү болушкан» — Кудайга кызмат кылууга бөлүнүшкөн; Ыйсанын ысымына жана Кудайдын руху менен «акталышкан» — адилеттүү деп жарыяланышкан (1 Коринфтиктер 6:9—11). Тобо кылуу таза абийирге ээ болуу үчүн жана Кудайдын ырайымы менен күнөөнүн айынан өзүбүздү айыптуу сезбей калышыбыз үчүн абдан маанилүү кадам болуп саналат (1 Пётр 3:21).
13. Чөмүлдүрүлгөнгө чейин Кудайга кайрылуу өзүнө эмнелерди камтыйт?
13 Иегованын Күбөсү катары чөмүлтүлөрүбүздүн алдында Кудайга кайрылуу кажет. Ыйса Машайыктын жолун жолдоону чын жүрөктөн чечкен адам Кудайга өз ыктыяры менен кайрылат. Мындай адамдар өздөрүнүн мурунку жашоо образынан баш тартып, Кудайдын көз алдында туура деп эсептелген иштерди кылууга чечкиндүү болот. Ыйык Жазмада Кудайга кайрылууга карата колдонулган еврей жана грек этиштери бурулуу, кайтуу деген маанилерге ээ. Мындай кыймыл-аракет жаман жолду таштап, Кудайга кайрылууну билдирет (3 Падышалык 8:33, 34). Кудайга кайрылуу «тобо кылып, ошого ылайык келген иштерди кылууну» талап кылат (Расул 26:20, «Инжил»). Ан үчүн биз жалган сыйынуудан баш тартууга, Кудайдын осуяттарына ылайык иш кылууга жана Иеговага толук берилгендик менен кызмат кылууга тийишпиз (5 Муса 30:2, 8—10; 1 Падышалык 7:3). Кудайга кайрылуу ой жүгүртүүбүздүн, ой-максаттарыбыздын жана кулк-мүнөзүбүздүн өзгөрүшүнө алып келет (Иезекиил 18:31). Теңирден тескери кыялдарыбызды жаңы сапаттар менен алмаштырып да Кудайга кайрылабыз (Расул 3:19; Ефесалыктар 4:20—24; Колоссадагылар 3:5—14).
Кудайга чын жүрөктөн арналуу зарыл
14. Ыйсанын жолдоочуларынын арналуусу эмнени билдирет?
14 Ошондой эле Ыйсанын жолдоочулары чөмүлдүрүлөрдүн алдында Кудайга чын жүрөктөн арналышы керек. Арналуу ыйык кызмат аткарууга бөлүнүүнү билдирет. Бул кадам абдан маанилүү болгондуктан, биз Иеговага тиленүү аркылуу кайрылып, ага толук берилгендикте түбөлүк кызмат кылууну чечкенибизди билдиришибиз керек (5 Муса 5:9). Албетте, биз өзүбүздү кандайдыр бир ишке же адамга эмес, Кудайдын өзүнө арнайбыз.
15. Чөмүлдүрүлүүгө талапкерлер эмне үчүн сууга чумкутулушат?
15 Өзүбүздү Ыйса аркылуу Кудайга арноо менен биз жашообузду Кудайдын Ыйык Жазмада жазылган эркин аткаруу үчүн пайдаланууга чечкиндүү экенибизди билдиребиз. Ыйса өзүн Кудайга арнаганын көрсөтүш үчүн Иордан дарыясында чөмүлдүрүлгөндөй эле, чөмүлдүрүлүүгө талапкерлер өздөрүнүн арналуусун сууга чумкутулуу менен көрсөтүшөт (Матфей 3:13). Ыйсанын ошол абдан маанилүү учурду тиленүү менен коштогонун белгилей кетүү абзел (Лука 3:21, 22).
16. Адамдар чөмүлдүрүлгөндө, кубанычыбызды орундуу түрдө кантип билдирсек болот ?
16 Ыйсанын чөмүлтүлүшү олуттуу, ошол эле учурда кубанычтуу окуя болгон. Бүгүнкү күндө Ыйсанын жолдоочуларынын чөмүлтүлүүсү да ошондой. Өздөрүн Кудайга арнап жаткан адамдарды көргөндө, урматтап кол чаап жана чын ыкластан мактоо менен кубанычыбызды билдирсек болот. Бирок чөмүлдүрүлүп жаткандардын ишеним билдирүүсүнүн ыйыктуулугун унутпай, буга урмат-сый менен мамиле кылып, кыйкырык-сүрөөн салуудан, ышкыруудан жана башка ушу сыяктуу адепсиз жүрүм-турумдан алыс болобуз. Биздин кубанычыбыз сый-сыпат менен көрсөтүлөт.
17, 18. Адамдардын чөмүлтүлүү үчүн коюлган талаптарга жооп берер-бербесин аныктоого эмне жардам берет?
17 Жаш балдарды суу себүү менен чөмүлткөндөрдөн жана Ыйык Жазмадан кабары жок адамдардын тобун чөмүлдүрүлүүгө мажбурлагандардан айырмаланып, Иегованын Күбөлөрү эч кимди чөмүлтүлүүгө кыстабайт. Чынында, алар Ыйык Китептин талаптарына жооп бербегендерди чөмүлдүрүшпөйт. Ал түгүл кимдир бирөө жакшы кабардын чөмүлтүлө элек жарчысы болордун алдында, жыйналыш аксакалдары анын Ыйык Китептин негизги окууларын түшүнөрүнө, аларга ылайык жашап жатканына жана «Сен Иегованын Күбөсү болууну чынында эле каалайсыңбы?» деген сыяктуу суроолорго туура жооп бергенине ынанышат.
18 Кимдир бирөө Падышалык тууралуу кабар айтуу ишине толук катышса жана чөмүлдүрүлүүнү кааласа, аксакалдар көбүнесе анын Иеговага ишенип арналганына жана Кудайдын чөмүлтүлүү үчүн койгон талаптарына жооп берерине ынануу максатында аны менен аңгемелешүү өткөрүшөт (Расул 4:4; 18:8). Анан алар ыйык китептик окууларга байланышкан 100дөн ашык суроого берген жекече жоопторунун негизинде ал адамдын Ыйык Жазманын чөмүлтүлүүгө койгон талаптарына жооп берер-бербесин аныктай алышат. Айрымдар жооп беришпейт, андыктан алардын Ыйсанын жолдоочусу катары чөмүлтүлүшүнө жол берилбейт.
Бир нерсе тоскоолдук кылып жатса
19. Иоанн 6:44кө ылайык, кимдер Ыйсанын мурасташтары болот?
19 Массалык чөмүлтүлүүгө дуушар болгондордун көбү өлгөндө асманга кетесиңер деп үйрөтүлүшү мүмкүн. Бирок Ыйса анын жолун жолдогондорго карата: «Эгерде Мени жиберген Атам тартпаса, эч ким Мага келе албайт»,— деген (Иоанн 6:44). Иегова Ыйсага асман Падышалыгында анын мурасташтары боло турган 144 000ди «тарткан». Ал эми мажбурлоо менен чөмүлтүлгөндөрдүн бири да Кудайдын түзүлүшүндөгү ошол даңктуу орунга ыйыкталган эмес (Римдиктер 8:14—17; 2 Фессалоникалыктар 2:13; Аян 14:1).
20. Али чөмүлтүлө электерге эмне жардам боло алат?
20 Өзгөчө, 1930-жылдардын ортосунан тартып, «улуу күйүт-кайгыдан» аман өтүүгө жана жерде түбөлүк жашоого үмүттөнгөн көп сандаган адамдар Ыйсанын «башка койлорунун» катарына кошулуп келишүүдө (Аян 7:9, 14; Иоанн 10:16). Алар чөмүлтүлүү үчүн коюлган талаптарга жооп беришет, анткени өздөрүнүн жашоосун Кудайдын Сөзүнө ылайык келтирип, Иегованы «бүт жүрөгү менен, бүт жаны менен, бүт күч-кубаты менен, бүт түшүнүгү менен» сүйүшөт (Лука 10:25—28). Кээ бир адамдар Иегованын Күбөлөрүнүн Кудайга «рухта жана чындыкта сыйынышарын» түшүнүп турушса да, өздөрү Ыйсанын үлгүсүн али жолдой элек жана өздөрүнүн Иеговага болгон астейдил сүйүүсүн, толук берилгендигин чөмүлтүлүү аркылуу башкалардын алдында көрсөтүшө элек (Иоанн 4:23, 24, ЖД; 5 Муса 4:24; Марк 1:9—11). Бул абдан маанилүү кадам жөнүндө жалындуу жана конкреттүү тиленүү аларга өздөрүнүн жашоосун Кудайдын Сөзүнө толук дал келтирүүгө, Иегова Кудайга бүт бойдон арналууга жана чөмүлтүлүүгө түрткү жана дем-кайрат берет.
21, 22. Айрымдар кайсы себептерден улам Кудайга арналуудан жана чөмүлтүлүүдөн карманышат?
21 Дүйнөнүн иштерине баш-оту менен берилгендиктен же байлыктын артынан сая түшкөндүктөн, айрымдардын рухий нерселерге убактысы аз, ошол себептен алар Кудайга арналуудан жана чөмүлтүлүүдөн карманып жатышат (Матфей 13:22; 1 Иоанн 2:15—17). Алар көз караштарын, максаттарын өзгөртүшсө кандай бактылуу болушмак! Иеговага жакындоо менен алар рухий жактан байып, ички бейкутукка ээ болуп, Кудайдын эркин аткаруудан канааттануу алышмак (Забур 15:11; 39:9; Аңгемелер 10:22; Филиппиялыктар 4:6, 7).
22 Дагы башкалар, Иегованы сүйөм дегени менен, анын алдындагы жоопкерчиликтен корккондуктан, ага арналбай, чөмүлдүрүлбөй келишет. Бирок Кудайдын алдында ар бирибиз жооп беришибиз керек. Жоопкерчилик биздин мойнубузга Иегованын сөзүн укканыбыздан тартып жүктөлөт (Иезекиил 33:7—9; Римдиктер 14:12). Байыркы израилдиктер төрөлгөнүнөн эле Иеговага арналгандыктан, алар Кудайдын парыздарына ылайык ишенимдүүлүк менен кызмат кылууга милдеттүү болгон (5 Муса 7:6, 11). Бүгүн эч ким Кудайга арналып төрөлбөйт, бирок биз Ыйык Жазмадан так билим алгандан кийин, ага ылайык ишеним менен жашашыбыз керек.
23, 24. Кандай кооптонуулар чөмүлтүлүүгө жолтоо болбошу керек?
23 Кээ бирлер болсо билимим аз деп чөмүлтүлүүдөн коркуп жүрүшү мүмкүн. Бирок баарыбыздын тең үйрөнчү нерселерибиз көп, анткени «Кудай башынан аягына дейре жасап жаткан иштерге адамдын түшүнүгү жетпейт» (Үгүтчү 3:11). Мисалга эфиопиялык төрөнү алалы. Прозелит болгондуктан, ал Ыйык Жазманы анча-мынча билген, ошентсе да Кудайдын ой-ниеттерине байланышкан суроолордун баарына жооп бере алмак эмес. Бирок Ыйсанын курмандыгы аркылуу Иегованын куткарылууга чара караштырганын билген соң, төрө ошол замат сууга чөмүлдүрүлгөн (Расул 8:26—38).
24 Айрымдар Кудайга арналып, кийин убадама тура албай калсамчы деп кооптонуп, арсар болушат. «Мен арналуума ылайык жашай албай каламбы деп коркуп, чөмүлтүлбөй жүрө бергем»,— дейт 17 жаштагы Моника. Бирок, биз Иеговага чын жүрөгүбүз менен таянсак, ал «жолубузга багыт ачат». Кудай ага арналган ишенимдүү кызматчыларына «чындыкта жүрүүгө» жардам берет (Аңгемелер 3:5, 6; 3 Иоанн 4).
25. Кайсы суроону карап чыгуу зарыл?
25 Иеговага толук таянгандыктан жана аны чын ыкластан сүйгөндүктөн, жыл сайын миңдеген адамдар ага арналууга жана чөмүлдүрүлүүгө түрткү алышат. Албетте, Кудайга арналган кызматчылардын баары ага ишенимдүү болууну каалайт. Бирок биз оор мезгилде жашап жатабыз жана ишенимибиз ар кандай сыноолорго дуушар болот (2 Тимофей 3:1—5). Иеговага арналуубузга ылайык жашоо үчүн эмне кылсак болот? Муну кийинки макалада карайбыз.
[Шилтеме]
a Ыйса күнөөсүз болгондуктан, анын чөмүлтүлүшү күнөөлөрү үчүн өкүнгөнүн эмес, Атасынын эркин аткаруу үчүн Кудайга арналганын билдирген (Еврейлер 7:26; 10:5—10).
Эсиңердеби?
• Ыйсанын жолдоочусу катары чөмүлтүлүү кантип ишке ашырылат?
• Чөмүлтүлө турган адам кандай билим алышы керек?
• Ыйсанын чыныгы жолдоочусу катары чөмүлдүрүлүүгө кайсы кадамдар алып барат?
• Эмне үчүн айрымдар чөмүлтүлүүдөн карманышат, бирок аларга кантип жардам берсе болот?
[20-беттеги сүрөт]
«Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атына» чөмүлтүлүү деген эмнени билдирерин билесиңби?