Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • w09 1/7 3—4-бб.
  • Кудай деген ким?

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Кудай деген ким?
  • Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2009
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • Так жооп алуу эмне үчүн маанилүү?
  • Кудайга кандай сыйынуу жагат?
    Түбөлүк өмүргө алпаруучу билим
  • Ыйсанын жолдоочулары рухта жана чындыкта сыйынышат
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2002
  • «Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн»
    «Менин жолдоочум бол»
  • Жакан 14:6: «Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн»
    Ыйык Китептеги аяттардын түшүндүрмөсү
Дагы башкасы
Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2009
w09 1/7 3—4-бб.

Кудай деген ким?

УШУЛ суроого сен эмне деп жооп берет элең? Айрымдар Кудайдын бар экенине ишенишет, Кудай деп жашашат жана андан коркушат. Башкалар болсо Кудайды жөн гана белгисиз бир күч деп эсептешет. Ооба, адамдар Кудайдын бар экенине ишенишкени менен, ал жөнүндө көп деле биле беришпейт. Эгер сен Кудайга ишенсең, төмөндөгү суроолорго эмне деп жооп берет элең?

1. Кудай жөн гана кудуреттүү күчпү?

2. Анын ысмы барбы?

3. Иса Кудайбы?

4. Кудай мага кам көрөбү?

5. Кудайга өзүбүз каалагандай эле сыйына берсек болобу?

Ушул суроолорду башкаларга берип көрсөң, ар кандай, атүгүл сен күтпөгөндөй жоопторду угушуң мүмкүн. Андыктан Кудай жөнүндө ар кандай уламыштардын, туура эмес түшүнүктөрдүн бар экени таң калыштуу эмес.

Так жооп алуу эмне үчүн маанилүү?

Иса пайгамбар Кудайга ишенген самариялык бир аял менен сүйлөшүп жатканда Кудай жөнүндө чындыкты билүү зарыл экенин баса белгилеген. Ошол аял Исанын пайгамбар экенине ишенген. Бирок эки анжы болуп турган эле. Себеби анын туткан дини башка болчу. Аял ушул туурасында айтканда, Иса ачык эле: «Силер эмнеге сыйынып жатканыңарды билбейсиңер»,— деп айткан (Жакан 4:19—22). Мындан көрүнүп тургандай, Иса пайгамбар Кудайга ишенген адамдардын баары эле Кудайдын ким экенин биле бербесин түшүнгөн.

Анда эмне Иса пайгамбар Кудайдын ким экенин бир да адам биле албайт деп айткысы келди беле? Жок. Анын самариялык аялга андан ары айткан сөздөрүнө көңүл бурсаң, ал: «Чыныгы сыйынуучулар Атама рухтун жетеги менен жана чындыкка ылайык сыйына турган убак келет... Атам өзүнө ошондой сыйынуучуларды издейт»,— деген (Жакан 4:23). Сен да Кудайга «рухтун жетеги менен жана чындыкка ылайык сыйынып» жатасыңбы?

Бул суроого так жооп алуу абдан маанилүү. Эмне үчүн? Иса пайгамбар Кудайга тиленип жатып, так билим алуунун канчалык маанилүү экенин мындайча баса белгилеген: «Түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сен жөнүндө жана сен жиберген Иса Машаяк жөнүндө билим алуу зарыл» (Жакан 17:3). Ооба, сенин түбөлүк келечегиң Кудай жөнүндө чындыкты билишиңен көз каранды!

Кудай жөнүндө чындыкты билүү мүмкүнбү? Албетте, мүмкүн. Бирок кантип билүүгө болот? Иса: «Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн. Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт»,— деген (Жакан 14:6). Ошондой эле: «Атасынын ким экенин Уулунан жана Уулу кимдерге ачып бергиси келсе, ошолордон башка эч ким билбейт»,— деп да айткан (Лука 10:22).

Баласы атасын жакшы билип, башкаларга ал жөнүндө айтып бере алгандай эле, Иса пайгамбар да Кудай жөнүндөгү чындыкты ачып берген. Иса: «Эгерде менин сөздөрүм боюнча жашасаңар, анда чындап менин шакирттеримсиңер. Силер чындыкты таанып-билесиңер. Ал силерди эркин кылат»,— деп убада берген (Жакан 8:31, 32).

Кандай деп ойлойсуң, жогорудагы беш суроого Иса эмне деп жооп бермек?

[4-беттеги сүрөт]

Сен өзүң билбеген Кудайга сыйынасыңбы?

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • Кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү