Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • w16 июнь 32-б.
  • Эсиңдеби?

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Эсиңдеби?
  • Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2016
  • Окшош материалдар
  • Эсиңдеби?
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2016
  • Эсиңдеби?
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2017
  • Жарык улам жаркыроодо
    Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби 2016
  • Жахаба элин куткарыш үчүн эки аялды колдонгон
    «Ыйык кызматыбыз жана жашообуз» окуу куралы—2021
Дагы башкасы
Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2016
w16 июнь 32-б.

Эсиңдеби?

«Күзөт мунарасынын» акыркы сандарын көңүл коюп окудуңбу? Төмөнкү суроолорго жооп бере аласыңбы?

Жахаба байыркы ысрайылдыктар жүргүзгөн согуштарды эмне үчүн колдогон?

Жахаба мээримдүү Кудай болсо да, кайсы бир элдин ыймансыздыгы же кысымы ысрайыл элине коркунуч туудурганда, аларга өздөрүн коргоого укук берген. Бирок ким согушарын жана качан согушуу керектигин өзү чечкен (w15 1.11. 4, 5-б.).

Өспүрүм балдарын Жахабага кызмат кылууга үйрөтүү үчүн ата-энелер кайсы маанилүү нерселерди кылышы керек?

Ата-энелердин балдарын сүйүшү жана момундукту иш жүзүндө көрсөтүшү абдан маанилүү. Кыраакылык менен мамиле кылып, аларды түшүнгөнгө аракеттениши да зарыл (w15 15.11. 9—11-б.).

Рим папасы элчи Петирдин ордун ээлеген киши эмес деп эмне үчүн айта алабыз?

Матай 16:17, 18де Петирдин Исанын жолдоочуларынын жыйналышынын башчысы болору айтылган эмес. Ыйык Китепке ылайык, «пайдубалдын бурчуна коюлуучу таш» Петир эмес, Иса болгон (1 Пет. 2:4—8) (w15 1.12. 12—14-б.).

Канткенде ойлонуп сүйлөйбүз?

Тилди туура колдонуш үчүн 1) качан (Нас. 3:7), 2) эмнени (Накыл 12:18), 3) кантип сүйлөш керектигин билишибиз зарыл (Накыл 25:15) (w15 15.12. 19—22-б.).

Кудайдын кызматчылары чынчыл эместикке жаткан кандай иштерден алыс болушу керек?

Алар калп айтуудан, бирөөнү каралоодон качышат, башкалар жөнүндө жалган айтышпайт, кара ниеттик же шылуундук кылышпайт, уурдашпайт (wp16.1, 5-б.).

«Жогорку дин кызматчылар» кимдер болушу мүмкүн эле?

«Жогорку дин кызматчылар» деген сөз айкашы дин кызматчылыктын негизги мүчөлөрүнө карата колдонулган. Аларга башкы дин кызматчылыктан бошотулгандар да кирген көрүнөт (wp16.1, 10-б.).

Символдордон ооз тийгендерге кандай мамиле кылышыбыз керек?

Биз аларды туу тутпайбыз. Майлангандар да өздөрүн башкалардан жогору көрүшпөйт, майланган экенин жар салышпайт (Мт. 23:8—12) (w16.01, 23, 24-б.).

Ыбрайым эмненин аркасында Кудайдын досу болгон? Андан эмнеге үйрөнөбүз?

Ал Кудай жөнүндө билим алган. Көп нерсени, кыязы, Шемден билген. Ошондой эле Кудайдын ага жана үй-бүлөсүнө кылган мамилеси жөнүндө ой жүгүртүп, тажрыйба топтогон. Биз да ошентишибиз керек (w16.02, 9, 10-б.).

Ыйык Китеп бөлүмдөргө жана аяттарга кантип бөлүнгөн?

Ыйык Китепти бөлүмдөргө 13-кылымда англиялык Стивен Лэнгтон деген теолог бөлгөн. Еврей Жазмаларын аяттарга эң биринчи жүйүт көчүрмөчүлөрү бөлүшкөн. Грек Жазмаларын 16-кылымда Роберт Этьенн деген окумуштуу бөлгөн (wp16.2, 14, 15-б.).

Шайтан Исаны азгырганда аны түзмө-түз ибадатканага алып барды беле?

Муну так билбейбиз. Матай 4:5те жана Лука 4:9да жазылгандар Шайтандын Исага кандайдыр бир көрүнүш көрсөткөнүн же ибадаткананын тегерегиндеги кайсы бир бийик жерге алпарганын билдириши мүмкүн (w16.03, 31, 32-б.).

Кызматыбыз кандайча шүүдүрүмгө окшош?

Шүүдүрүм акырындык менен пайда болот, сергитет жана ал тиричилик үчүн абдан зарыл. Шүүдүрүм — Кудайдын батасы (Мыйз. 33:13). Анын сыңарындай, эриш-аркак аткарган кызматыбыздын аркасында кабарга кулак каккандар бата алышат (w16.04, 4-б.).

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • Кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү