Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • wp17 № 5 4—5-бб.
  • Периштелер жөнүндөгү чындык

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Периштелер жөнүндөгү чындык
  • Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт (Жалпыга арналган чыгарылышы)—2017
  • Окшош материалдар
  • Периштелер деген кимдер?
    Суроолор жана жооптор
  • Периштелер — «кызмат кылуучу рухтар»
    Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2009
  • Периштелер
    Ойгонгула!—2017
  • Периштелер сизге кантип жардам бере алат?
    Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—1998
Дагы башкасы
Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт (Жалпыга арналган чыгарылышы)—2017
wp17 № 5 4—5-бб.
Башкы периште менен түмөндөгөн башка периштелер

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ПЕРИШТЕЛЕР ЧЫН ЭЛЕ БАРБЫ? МУНУ БИЛҮҮ МААНИЛҮҮБҮ?

Периштелер жөнүндөгү чындык

Периштелер жөнүндөгү чындыкты: алардын ким экенин, кайдан пайда болгонун, кандай иштерди кыларын билгиңер келеби? Бул суроолорго Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен жазылган Ыйык Китептен гана так жооп алууга болот (2 Тиметей 3:16). Ал китепте эмне делет?

  • Кудай рух болгондуктан, периштелер да көзгө көрүнбөгөн жаратуулар. Алардын «эти да, сөөгү да болбойт». Ишенимдүү периштелер асманда жашашат жана Кудайдын тактысы турган жерге бара алышат (Лука 24:39; Матай 18:10; Жакан 4:24).

  • Периштелер Кудайдын тапшырмасын аткарыш үчүн айрым учурларда адам кейпин кийип, жерге келишчү, ал эми тапшырмасын аткарып бүткөндөн кийин кайра периштеге айланып кетишчү (Бийлер 6:11—23; 13:15—20).

  • Ыйык Китепте периштелер эркек катары сүрөттөлсө да жана адам кейпин кийгенде эркек болуп көрүнүшсө да, алар эркек-аял болуп бөлүнбөйт. Периштелер үйлөнүшпөйт, тукум улашпайт. Андан тышкары, алар башында жерде адам болуп, мисалы, ымыркай, бала же чоң киши болуп жашап, өлгөндөн кийин периштеге айланып кетишкен эмес. Жахаба жараткандыктан, алар чыныгы Кудайдын уулдары деп аталышат (Аюп 1:6; Забур 148:2, 5).

  • Ыйык Китепте «адамдардын жана периштелердин тили» жөнүндө айтылат. Мындан рухий жаратуулардын өздөрүнүн тили бар экенин, сүйлөшө аларын билүүгө болот. Кудай адамдар менен байланышуу үчүн периштелерин колдонсо да, аларга сыйынууга же тиленүүгө тыюу салат (1 Корунттуктар 13:1; Аян 22:8, 9).

  • Периштелер миң-түмөндөп, сыягы, миллиарддап саналатa (Даниел 7:10; Аян 5:11).

  • Периштелер адамдардан алда канча күчтүү жана акылдуу. Алардын ылдамдыгы ушунчалык тез болгондуктан, биз аны элестете да албайбыз (Забур 103:20; Даниел 9:20—23).

  • Абдан акылдуу, күчтүү болсо да, периштелердин мүмкүнчүлүгү чектелүү. Алар айрым нерселерди билишпейт (Матай 24:36; 1 Петир 1:12).

  • Периштелер аң-сезим менен, Кудайдын сапаттарын чагылдырууга жана өз алдынча чечим чыгарууга жөндөмдүү болуп жаратылган. Ошол себептен адамдардай эле алар да туура же туура эмес иш кылууну тандай алышат. Өкүнүчтүүсү, айрым периштелер Кудайга каршы чыгышкан (Жүйүт 6).

a «Түмөн» 10000ди билдирет. Түмөндөн түмөн жолу деген 100 миллионду түзөт. Бирок Аян китебинде периштелердин «миң-түмөндөп» саналары айтылат. Бул жүз миллиондогон, кыязы, миллиарддаган рухий жаратуулар бар экенин көрсөтүп турат!

Периштелер кандайча уюшулган?

Башкы периште Микеил күчү жана бийлиги жагынан бардык периштелерден жогору турат. Ыйык Китептен Микеил Иса Машаяктын дагы бир аты экенин айкын көрүүгө болот (1 Тесалоникалыктар 4:16; Жүйүт 9).

Сераптар кызматы, даңкы боюнча башка периштелерге караганда аябай жогорку абалды ээлешет. Алар дайыма Кудайдын тактысынын тегерегинде турушат (Ышая 6:1—3).

Керуптар да жогорку абалды ээлешет жана Кудайдын даңкы турган жерде болууга өбөлгө түзгөн өзгөчө тапшырмаларды аткарышат. Алар көбүнчө анын даңкы көрүнгөн жерде кызмат кылып жаткандар катары сүрөттөлөт (Башталыш 3:24; Жезекиел 9:3; 11:22).

Түмөндөгөн кабарчы периштелер Эң Жогорку Кудайдын эркин аткарууда анын дайындалган өкүлдөрү катары кызмат кылышатb (Еврейлер 1:7, 14).

b Периштелер жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү чыгарган «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» китебинин 10-бөлүмүн, «Микеил деп аталган башкы периште ким?» деген тиркемесин карагыла. Китеп www.jw.org/ky сайтында да бар.

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү