Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • wp20 № 1 12—13-бб.
  • Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү чындык

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү чындык
  • Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт (Жалпыга арналган чыгарылышы)—2020
  • Окшош материалдар
  • Иса Машаяк Кудайдын Падышалыгы жөнүндө эмнелерге окуткан?
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2010
  • Кудайдын Падышалыгы жөнүндө
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2008
  • Кудайдын Падышалыгы башкарууда
    Түбөлүк өмүргө алпаруучу билим
  • Кудайдын Падышалыгы деген эмне?
    Кудай бизден эмне талап кылат?
Дагы башкасы
Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт (Жалпыга арналган чыгарылышы)—2020
wp20 № 1 12—13-бб.
Күн нуруна бөлөнгөн Жердин космостон көрүнүшү

Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү чындык

Иса Машаяк жолдоочуларына Кудайдан: «Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын. Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын»,— деп тиленүүнү үйрөткөн (Матай 6:9, 10). Кудайдын Падышалыгы деген эмне? Учурда ал эмнелерди кылууда? Эмне үчүн ал жөнүндө тиленишибиз керек?

Иса — Кудайдын Падышалыгынын Падышасы

Лука 1:31—33: «Уул төрөйсүң, атын Иса коёсуң. Ал улуу болот, Эң Жогорку Кудайдын Уулу деп аталат. Жахаба Кудай ага атасы Дөөтүнүн тактысын берет. Ал Жакыптын үйүнө түбөлүккө Падыша болот, анын Падышалыгынын акыры болбойт».

Иса, негизинен, Падышалык жөнүндө кабар айткан

Матай 9:35: «Иса бардык шаарларды, айыл-кыштактарды кыдырып, синагогаларда элди окутуп, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды таратып, ар кандай оору-дарттарды айыктырып жүрдү».

Иса шакирттерине Падышалык башкара турган убак жакындап калганын билүүгө жардам бере турган белги тууралуу айткан

Матай 24:7: «Бир эл бир элге, бир падышалык бир падышалыкка каршы көтөрүлөт, жер-жерлерде ачарчылык, жер титирөө болот».

Исанын шакирттери Падышалык жөнүндө дүйнө жүзү боюнча жарыялоодо

Матай 24:14: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат. Ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет».

Кудайдын Падышалыгынын бар экенинин далилдери

Жайгашкан жери. Падышалык — Кудайдын асманга орноткон өкмөтү (ДАНИЕЛ 2:44; МАТАЙ 4:17).

Максаты. Падышалык жер бетин бардык адамдар тынчтыкта, ынтымакта, эч качан оорубай, өлбөй жашай турган бейишке айлантат (ЗАБУР 37:11, 29).

Башкаруучулары. Кудай Исаны Падыша кылып дайындаган. Асманда аны менен чогуу жерден алынган 144000 киши бийлик кылат (ЛУКА 1:30—33; 12:32; АЯН 14:1, 3).

Эли. Падышалыктын эли жер бетинде жашайт жана Исанын бийлигине, Падышалыктын мыйзамдарына чын жүрөктөн баш иет (МАТАЙ 7:21).

Адамзатты башкарууга эмне үчүн Иса эң эле ылайыктуу?

Жерде жүргөндө Иса жөндөмдүү, мээримдүү башкаруучу болорун далилдеген. Кантип?

  • Жакырларга кам көргөн (ЛУКА 14:13, 14)

  • Паракорчулукту, адилетсиздикти жек көргөн (МАТАЙ 21:12, 13).

  • Табият күчтөрүн баш ийдирген (МАРК 4:39).

  • Миңдегендерди тойгузган (МАТАЙ 14:19—21).

  • Оорулууларга боору ачып, оорудан азап чеккендердин баарын айыктырган (МАТАЙ 8:16).

  • Өлгөндөрдү тирилткен (ЖАКАН 11:43, 44).

Кудайдын Падышалыгына баш ийүүдөн кандай пайда аласыңар?

Кудайдын Падышалыгына баш ийсеңер, азыртан бактылуу өмүр сүрөсүңөр. Падышалыктын эли алган айрым баталар:

  • «Бардык адамдар менен тынчтыкта» жашоодо (ЕВРЕЙЛЕР 12:14).

  • Жубайлар бири-бирин сүйгөндүктөн, сыйлагандыктан, үй-бүлөсүндө тынчтык, биримдик өкүм сүрүүдө (ЭФЕСТИКТЕР 5:22, 23, 33).

  • «Рухий муктаждыгын сезгендиктен» бактылуу, маңыздуу жашоо өткөрүүдө (МАТАЙ 5:3).

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • Кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү