Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • w21 октябрь 8—13-бб.
  • «Кайрымдуулугу мол Кудайга» кызмат кылабыз

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • «Кайрымдуулугу мол Кудайга» кызмат кылабыз
  • Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2021
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • ЖАХАБА ЭМНЕ ҮЧҮН КАЙРЫМДУУ?
  • КАТУУ ЖАЗА КАЙРЫМДУУЛУККА ЖАТАБЫ?
  • БААРЫБЫЗ КАНТКЕНДЕ КАЙРЫМДУУ БОЛО АЛАБЫЗ?
  • «Асмандагы атаңар кайрымдуу»
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2007
  • Кайрымдуулукту иш жүзүндө көрсөтөлү
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2007
  • Кайрымдуулар бактылуу
    Жахабаны даңктап ырдагыла
  • Ырайым көрсөтүүдө Иегованы туурагыла
    Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—1998
Дагы башкасы
Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2021
w21 октябрь 8—13-бб.

41-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Кайрымдуулугу мол Кудайга» кызмат кылабыз

«Жахаба баарына жакшылык кылат, анын кайрымдуулугу бардык иштеринен көрүнүп турат» (ЗАБ. 145:9).

44-ЫР: Кыйналган адамдын тиленүүсү

БУЛ МАКАЛАДАa

1. Кайрымдуу киши жөнүндө ойлонгондо оюбузга эмне келет?

КАЙРЫМДУУ киши дегенде шак эле жумшак, боорукер, берешен кишини элестетебиз. Балким, оюбузга боорукер самариялык киши жөнүндөгү окуя келеттир. Ал талап-тоноочуларга кабылган жүйүт кишиге «кайрымдуулук кылган». Ал башка элден болсо да, чала жан болуп жаткан жүйүт кишиге «боору ачып», ага жардам бериш үчүн колунан келгендин баарын кылган (Лк. 10:29—37). Бул мисалда Кудайыбыздын кереметтүү сапаты — кайрымдуулугу — баса белгиленген. Аны Кудайдын сүйүүсүнүн бир кыры деп айтса болот. Ал бизге күн сайын кайрымдуулук көрсөтөт.

2. Кайрымдуулук дагы эмнеден көрүнөт?

2 Кайрымдуулук дагы кандайча көрсөтүлөт? Кайрымдуу киши жазаланышы керек болгон кишини жазалабай эле коюуну туура көрөт. Мына, Жахаба бизге так ушундай кайрымдуулукту көрсөтүп келет. Забурчу айткандай, ал «бизди күнөөлөрүбүзгө жараша жазалабайт» (Заб. 103:10). Бирок ал кээде жаза баскан кишини катуу жазалоону туура көрүшү мүмкүн.

3. Кайсы суроолорго жооп алабыз?

3 Бул макаладан үч суроого жооп алабыз: Жахаба эмне үчүн кайрымдуулук көрсөтөт? Катуу жаза менен кайрымдуулуктун кандай байланышы бар? Кайрымдуу болгонго эмне жардам берет? Эмесе, Кудайдын Сөзүнөн жооп алалы.

ЖАХАБА ЭМНЕ ҮЧҮН КАЙРЫМДУУ?

4. Жахаба эмне үчүн кайрымдуу?

4 Жахаба бизди сүйгөндүктөн кайрымдуу. Пабыл Кудайдын «кайрымдуулугу мол» экенин жазган. Муну менен ал жеткилең эмес майланган кызматчыларга асманга жашоого жол ачылганы Кудайдын кайрымдуулугу экенин баса белгилеген. (Эф. 2:4—7). Бирок Кудайдын кайрымдуулугу ушуну менен эле чектелбейт. Дөөтү: «Жахаба баарына жакшылык кылат, анын кайрымдуулугу бардык иштеринен көрүнүп турат»,— деген (Заб. 145:9). Жахаба бизди аябай жакшы көргөндүктөн мүмкүн болгон учурлардын баарында кайрымдуулук көрсөтөт.

5. Иса Жахабанын кайрымдуу экенин кайдан билген?

5 Жахабанын аябай кайрымдуу экенин Исадан өтөр эч ким жакшы билбейт. Ал жерге келгенге чейин миңдеген жылдар бою Атасынын жанында болгон (Накыл 8:30, 31). Анын күнөөкөр пенделерге кайрымдуулук кылганын далай жолу көргөн (Заб. 78:37—42). Ошондуктан элге насаат айтканда Атасынын жүрөк козгогон ушул сапатын көп баса белгилей турган.

Атасы адашкан уулун басынтпай, кучак жайып тосуп алган (6-абзацты карагыла)c

6. Жахабанын кайрымдуу экенин Иса кайсы мисал менен көрсөткөн?

6 Буга чейинки макаладан билгенибиздей, Жахабанын канчалык кайрымдуу экенин көрсөтүш үчүн Иса адашкан уул жөнүндө аңгеме айтып берген. Ал уул үйүнөн кетип калган жана «жаман жолго түшүп, болгон мүлкүнүн баарын чачып жок кылган» (Лк. 15:13). Кийин ал туура эмес кылганын түшүнгөн. Анан өкүнүп, үйүнө кайтып келген. Ошондо атасы эмне кылган? Иса айткандай, «атасы аны алыстан эле көрүп, боору ооруган» да, «чуркап барып, кучактап өпкүлөгөн». Ал аны басынткан эмес. Дароо кечирип, кайрымдуулук көрсөткөн жана кайрадан канатынын астына кабыл алган. Ооба, адашкан уул чоң күнөө кылган, бирок кылган ишине өкүнгөндүктөн, атасы аны кечирген. Бул аңгемедеги кайрымдуу ата — Жахаба. Таасирдүү ушул мисал аркылуу Иса Атасынын жаман иштерине чындап өкүнгөндөрдү кечиргенге дилгир экенин көрсөткөн (Лк. 15:17—24).

7. Жахабанын акылмандыгы анын кайрымдуулугу менен кандай байланышта?

7 Жахаба чексиз акылман болгондуктан кайрымдуу. Жахабанын акылман экени тек гана көп нерсени билген, сезими жок Кудай экенин билдирбейт. Ыйык Китепте: «Жогорудан келген акылмандык... кайрымдуулук менен жакшы жемиштерге бай»,— деп айтылган (Жкп. 3:17). Жахаба, мээримдүү атадай болуп, кайрымдуулук кылганы балдарына пайда гана алып келерин жакшы билет (Заб. 103:13; Ыш. 49:15). Кудайдын кайрымдуу экенин билгендиктен алар кемчилик-каталарына карабай жаркын келечекке үмүттөнө алышат. Акылмандыгы чексиз болгондуктан Жахаба мүмкүн болгон учурлардын баарында кайрымдуулук көрсөтүүгө дилгир. Ошол эле учурда ал баарын эске алып турат. Кайрымдуу болом деп жаман иштерге көз жума бербейт.

8. Кээде кайсы чараны колдонууга туура келиши мүмкүн жана эмне үчүн?

8 Мисалы, Кудайдын кызматчысы жаман жолго түшүүнү тандайт дейли. Андайда эмне кылышыбыз керек? Пабыл рухтун жетеги менен: «Аны менен мындан ары мамилелешпегиле»,— деген (1 Кор. 5:11). Кылган ишине өкүнбөгөндөр жыйналыштан чыгарылат. Бул — Кудайдын берилген кызматчыларын коргогон абдан зарыл чара. Ошондой эле мунун аркасында Жахабанын ыйык нормалары тебеленбейт. Бирок айрымдар жыйналыштан чыгарууну ырайымсыздыкка жатат деп эсептеши мүмкүн. Чынында эле ошондойбу? Келгиле, буга кененирээк токтололу.

КАТУУ ЖАЗА КАЙРЫМДУУЛУККА ЖАТАБЫ?

Койлордон өзүнчө бөлүнүп камалып турган жана ылаңдап калган койду карап жаткан койчу.

Койчу ылаңдап калган койду бөлүп коюшу мүмкүн. Бирок ага кам көрө берет (9—11-абзацтарды карагыла)

9, 10. Еврейлер 12:5, 6га ылайык, жыйналыштан чыгаруу чарасы кайрымдуулукка жатабы? Түшүндүргүлө.

9 Жыйналыштан биз тааныган, жакшы көргөн адамдын Жахабанын Күбөсү болбой калганы кулактандырылганда, жүрөгүбүз мыкчыла түшөт. Андайда: «Жыйналыштан чыгарбай эле коюшса болмок»,— деген ойлор келиши мүмкүн. Жыйналыштан чыгаруу чарасы чынында эле кайрымдуулукка жатабы? Ооба. Анткени жазалоого тийиш болгон кишини жазалабай коюу акылдуулукка да, кайрымдуулукка да, сүйүүгө да жатпай калмак (Накыл 13:24). Бул чара туура жолдон адашкан кишиге өзгөргөнгө жардам бериши мүмкүнбү? Мүмкүн. Мурун жаман ишке барган көптөгөн ишенимдештерибиз «аксакалдардын ошентип чечкиндүү иш-аракет кылганы эң туура болду, мага так ошол керек болчу» деп айтышат. Бул аларга эсине келгенге, жаман жолун таштаганга жана Жахабанын канатынын астына кайрадан коргологонго жардам берген. (Окугула: Еврейлер 12:5, 6.)

10 Бир мисалга токтололу. Койчу бир коюнун ылаңдап калганын байкайт. Дарылаш үчүн аны короодогу башка койлордон бөлүп коёт. Бирок койлор — табиятынан отор болуп жүргөн жандыктар. Койчу ылаңдап калган койду бөлүп койсо, ал оторго батыраак эле кошулгусу келип, маарай бериши мүмкүн. Бирок бул койчунун мерез, таш боор экенин билдиреби? Албетте жок. Койчу аны оторго кошо турган болсо, оору башкаларына жугушу мүмкүн экенин жакшы билет. Ооруган бир эле койду бөлгөнү менен, ал бүтүндөй оторду коргогон болот. (Салыштыргыла: Лебилер 13:3, 4.)

11. а) Жыйналыштан чыгарылгандар кандайча ылаңдап калган койго окшош? б) Алар эмнелерди кыла алышат жана аларга кандай жардам көрсөтүлөт?

11 Жыйналыштан чыгарылган Кудайдын кызматчысы ылаңдап калган койго окшош. Аны рухий жактан ооруп жатат десе болот (Жкп. 5:14). Кадимки оору сыяктуу, рухий оору аябай жугуштуу болушу мүмкүн. Ошондуктан андай илдетке чалдыккан кишини кээ бир учурларда жыйналыштан бөлүп койгон туура болот. Бул чара Жахабанын отордогу башка ишенимдүү кызматчыларын жакшы көрөрүн айкындап турат. Андан тышкары, жыйналыштан чыгарылган кишиге туура эмес ишке барганын түшүнүп, өкүнгөнгө түрткү бериши ыктымал. Бирок ал жолугушууларга катышып, рухий тамак менен азыктанып, ишенимин бекемдей алат. Адабияттарды алып, JW телеберүүсүн да көрө алат. Ал эми аксакалдар анын оңолгонго аракет кылып жатканын көргөндө кайрадан рухий жактан бутуна турганга жана жыйналышка кайрылып келгенге жардам беришет. Ан үчүн маал-маалы менен кеңешин, насаатын айтып турушатb.

12. Аксакалдардын эмне кылганы өкүнбөгөндөр үчүн эң туура чечим болот?

12 Жыйналыштан күнөөсү үчүн өкүнбөгөндөр гана чыгарылат. Аксакалдар бул олуттуу маселе экенин, кылдат таразалап чечим чыгыш керектигин жакшы түшүнүшөт. Алар Жахабанын «чени менен оңдоп-түзөй» турганын билишет (Жер. 30:11). Анын үстүнө, алар боордошторун аябай жакшы көрүшөт жана алардын Кудай менен болгон мамилесине доо кетире турган нерселерди кылгандан качышат. Бирок кээде жаман ишке барган кишини жыйналыштан чыгаруу сүйүүгө да, кайрымдуулукка да жаткан эң туура чечим болот.

13. Исанын Корунт шаарындагы жолдоочусу эмне үчүн жыйналыштан чыгарылышы керек болчу?

13 Элчи Пабылдын 1-кылымда тоң моюндук кылгандарга кандай мамиле кылганына токтолсок. Исанын Корунт шаарындагы бир жолдоочусу атасынын аялы менен жашап жүргөн. Бул төбө чачты тик тургузган иш болчу! Буга байланыштуу Жахаба байыркы убакта ысрайылдыктарга: «Атасынын аялы менен жаткан киши атасынын жылаңач этин ачкан болот. Алар экөө тең өлүм жазасына тартылсын»,— деп айткан (Леб. 20:11). Албетте, Пабыл жыйналыштагы ал кишини өлүм жазасына тартылсын деп буйрук бере алмак эмес. Бирок аны жыйналыштан чыгарып салууну буйруган. Анткени анын ыпылас иши башкаларга терс таасир этип жаткан. Ал тургай, муну уят иш эмес деп ойлогондор да болгон (1 Кор. 5:1, 2, 13).

14. Пабыл Корунттагы кишиге кантип кайрымдуулук кылган жана эмне үчүн? (2 Корунттуктар 2:5—8, 11)

14 Кийинчерээк элчи Пабыл жаман ишке барган ошол кишинин өзгөрүлгөнүн уккан. Ал киши чындап эле кылган ишине өкүнгөн. Ал жыйналышка сөз тийгизсе да, Пабыл аксакалдарга: «Катуу айткандай болбоюн... Аны айкөлдүк менен кечирип, сооротконуңар жакшы»,— деген. Ал эмне үчүн ошенткиле дегенин: «Кайгыга чөгүп кетпеши үчүн»,— деп түшүндүргөн. Пабыл ал кишинин ушунчалык кайгырып, чөгүп, Кудайдын ырайымына ээ болгонго умтулбай калганчалык бүк түшүп жатып калышын каалаган эмес. (Окугула: 2 Корунттуктар 2:5—8, 11.)

15. Аксакалдар канткенде катуу да, кайрымдуу да боло алышат?

15 Аксакалдар да Жахабадай кайрымдуу болгусу келишет. Алар күнөө кетирген кишини зарыл болсо катуу жазалашат, ал эми мүмкүн болгон учурларда кайрымдуулук кылышат. Эгер такыр эле оңдоп-түзөбөй жайына коё турган болсо, кайрымдуу болбой эле, кайдыгер болуп калышмак. Бирок кайрымдуулукту аксакалдар эле көрсөтө алышабы?

БААРЫБЫЗ КАНТКЕНДЕ КАЙРЫМДУУ БОЛО АЛАБЫЗ?

16. Накыл сөздөр 21:13төн көрүнүп тургандай, кайрымы жок адамдарга Жахаба кандай мамиле кылат?

16 Исанын бардык жолдоочулары Жахабадай болуп ырайымдуу болууга умтулушат. Эмне үчүн? Мунун бир себеби — Жахаба кайрымы жок адамдарын тилегин укпайт. (Окугула: Накыл сөздөр 21:13.) Жахабанын тилегибизди укпай калышын эч кимибиз каалабайбыз. Ошондуктан таш боор, мерез болуп калгандан качышыбыз керек. Кайдыгер болбой, «бей-бечаранын», башкача айтканда, башына мүшкүл түшкөн ишенимдешибиздин муң-зарына кулак төшөгөнүбүз маанилүү. Ошондой эле Ыйык Китептеги: «Ким ырайым кылбаса, соттолгондо ага да ырайым кылынбайт»,— деген сөздөрдү көкүрөгүбүзгө түйүп алгыбыз келет (Жкп. 2:13). Биз өзүбүз ырайымга канчалык муктаж экенибизди унутпасак, башкаларга ырайымдуу, кайрымдуу болгонго көбүрөөк умтулабыз. Айрыкча, күнөөсү үчүн өкүнүп, жыйналышка кайтып келген кишиге ырайымдуулук кылганыбыз жакшы.

17. Дөөтүнүн кайрымдуу экени эмнеден көрүнгөн?

17 Ыйык Китептеги айрым инсандардын башынан өткөндөрүнөн канткенде катаал эмес, кайрымдуу боло аларыбызды билебиз. Мисалга Дөөтү падышаны алалы. Ал көптөргө кайрымдуулук кылган. Шабул падыша анын көзүн тазалагысы келип жүргөндө, Дөөтү Кудай дайындаган ал падышага кайрымдуулук көрсөткөн. Ал Шабулдан өч алгысы да, ага зыян келтиргиси да келген эмес (1 Шем. 24:9—12, 18, 19).

18, 19. Кайсы эки жагдайда Дөөтү таш боордук кылган?

18 Бирок Дөөтү дайыма эле кайрымдуу боло берген эмес. Бир жолу табиятынан орой келген каардуу Набал тамак-аш сурап келген Дөөтүнүн кишилерин куру кол кетирген. Ошондо Дөөтү каары кайнап, Набал менен анын үйүндөгү эркек аттуунун баарын кырып жок кылууга бет алган. Ошол учурда Набалдын чыдамкай келген келинчеги Абигейил ыкчам иш-аракет кылып, аны токтотуп калган. Болбосо, бөөдө жерден Дөөтү канга забын болуп калмак (1 Шем. 25:9—22, 32—35).

19 Эми Дөөтүнүн жашоосундагы башка окуяга токтололу. Натан пайгамбар Дөөтүгө бир бай киши жакырдын жакшы көргөн козусун тартып алганын айтып берген. Ошондо Дөөтү ачуулана: «Жахаба тирүү, ал киши өлүшү керек!» — деп кесе айткан (2 Шем. 12:1—6). Дөөтү Мусанын Мыйзамын жакшы билген. Мыйзамга ылайык, бирөөнүн коюн уурдап алган киши төрт эселеп төлөп бериши керек болчу (Чыг. 22:1). Бирок Мыйзамда өлүм жазасы тууралуу сөз да болгон эмес. Кой уурдаган кишини өлүмгө кыюу таш боордукка жатып калмак. Бирок Натан пайгамбар ойдон чыгарылган бул окуяны Дөөтүнүн алда канча оор кылмыш кылганын түшүндүрүш үчүн айтып берген. Ооба, Дөөтү мисалдагы козу уурдаган кишини өлүмгө татыктуу көрүп таш боордук кылган. Ал эми Жахаба Дөөтүгө алда канча чоң ырайым көрсөткөн! (2 Шем. 12:7—13).

Натан мисал айтып бергенде, Дөөтү кайрымдуулук кылган эмес (19, 20-абзацтарды карагыла)d

20. Дөөтүнүн окуясынан эмнелерди билдиңер?

20 Ачууга алдырган Дөөтү Набал менен анын үйүндөгү эркек аттуунун баарын кырып жок кылгысы келген. Ал эми экинчи жагдайда Натандын мисалындагы бай киши өлүшү керек деп кесе айткан. Ушундан улам: «Боорукер, кайрымдуу киши эмне үчүн катаал өкүм чыгарган?» — деген суроо туулат. Ошол кезде Дөөтү кандай абалда болгону жөнүндө ойлонуп көрөлү. Ал күнөөсүнүн айынан өзүн коёрго жер таппай кыйналып жүргөн. Анын таш боор, ачуулуу болуп жүргөнү Жахаба менен болгон мамилесинин бузулганын көрсөтүп турган. Ал эми Иса жолдоочуларына: «Айыпталбашыңар үчүн, мындан ары эч кимди айыптабагыла. Себеби башкаларды кандай айыптасаңар, өзүңөр да ошондой айыпталасыңар»,— деп катуу эскерткен (Мт. 7:1, 2). Андыктан катаал болбой, «кайрымдуулугу мол» Кудайыбызды туураганга бүт күчүбүздү жумшайлы.

21, 22. Башкаларга кантип кайрымдуулук көрсөтө алабыз?

21 Ооба, ырайымдуу болсок, башкаларга жөн эле боор ооруп койбойбуз. Муну иш жүзүндө көрсөтөбүз. Ар бирибиз үйдөгүлөрүбүзгө, жыйналыштагыларга, дегеле баарына жакшылык кыла алабыз. Мындай кылганга мүмкүнчүлүктөр арбын. Мисалы, кимдир бирөө жылуу сөзгө зар болуп жүргөн жокпу? Азык-түлүк алып барып берип же кол кабыш кылыш керек болгон бирөөлөрдү билесиңерби? Жыйналышка жаңы кабыл алынган ишенимдешиңер доско муктаж болуп жаткан жокпу? Ыйык Китептеги жубатарлык кабарды башкаларга айтып жатасыңарбы? Бул — кайрымдуулук көрсөтүүнүн эң сонун жолу (Аюп 29:12, 13; Рим. 10:14, 15; Жкп. 1:27).

22 Башкалардын муктаждыктарына көңүл бурсак, кайрымдуулук көрсөткөнгө көп мүмкүнчүлүк бар экенин көрөбүз. Эгер кайрымдуу, ырайымдуу болсок, асмандагы «кайрымдуулугу мол» Кудайыбыздын жүрөгүн кубантабыз!

ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢЕР?

  • Жахаба эмне үчүн ырайым кылат?

  • Кимдир бирөөнү жыйналыштан чыгаруу эмне үчүн кайрымдуулукка жатат?

  • Ырайымдуу болгонго бизге эмне жардам берет?

43-ЫР: Ыраазычылык билдирип тиленели

a Кайрымдуулук — Жахабанын ар бирибиз чагылдырышыбыз керек болгон эң сонун сапаттарынын бири. Бул макалада Жахаба эмне үчүн кайрымдуулук көрсөтөрүн, эмне үчүн анын оңдоп-түзөгөнү кайрымдуулукка жатарын жана канткенде Жахабадай кайрымдуу боло аларыбызды билебиз.

b Жыйналыштан чыгарылгандар Кудай менен болгон мамилесин кантип калыбына келтире алары, аксакалдардын жардамы тууралуу билиш үчүн бул сандагы «Жахаба менен болгон мамилеңди кайрадан „кур“» деген макаланы карагыла.

c СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Атасы үйүнүн үстүнөн адашкан уулунун кайтып келатканын көрүп, аны кучактаганга шашып чуркап баратат.

d СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Күнөөнүн айынан абийири салмагын салып турган Дөөтү ачууланып, Натандын мисалындагы бай киши өлүшү керек деген.

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • Кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү