-
Мындан ары да жакшылыкчылдык көрсөтө бергилеКүзөт мунарасы—2002 | февраль 1
-
-
10. 2 Муса 34:6, 7-аяттарда Иегованын жакшылыкчылдыгынын кайсы аспектилери келтирилет?
10 Кудайдын Сөзүндөгү рухий жарыктын жана Кудайдын ыйык рухунун жардамы менен биз «жакшылык кыла» алабыз (Римдиктер 13:3). Ыйык Китепти үзгүлтүксүз изилдеп, Иегованын жакшылыкчылдык сапатын тууроого барган сайын үйрөнө беребиз. Мурунку макалада Кудайдын жакшылыкчылдыгынын 2 Муса 34:6, 7-аяттарда жазылган аспектилери талкууланды. Ал аяттарда Мусага: «Теңир, пендесин сүйгөн Теңир, эң ырайымдуу [«Иегова, Иегова, ырайымдуу жана сыпаа Кудай», ЖД], эң сабырдуу, эң кайрымдуу [«туруктуу боорукердиги чексиз», ЖД], акыйкат Кудай, миңдеген тукумга мээримин [«туруктуу боорукердигин», ЖД] сактай турган, айыбын, кылмышын жана күнөөсүн кечире турган, бирок жазалоосуз калтырбай турган... Теңир!» — деп жарыяланган. Иегованын жакшылыкчылдыгынын бул аспектилерин жакыныраак карап чыгуу бизге башкаларга «жакшылык кылууга» жардам берет.
-
-
Мындан ары да жакшылыкчылдык көрсөтө бергилеКүзөт мунарасы—2002 | февраль 1
-
-
14. Эмне себептен кечиримдүү болушубуз керек?
14 Кудайдын Мусага жарыялаган сөздөрү бизге кечиримдүү болууга да түрткү бериши керек, анткени Иегова ар дайым кечирүүгө даяр (Матфей 6:14, 15). Албетте, Иегова өкүнбөгөн күнөөкөрлөрдү жазасыз калтырбайт. Андыктан, жыйналыштын рухий жактан таза бойдон калышына байланыштуу маселелерде Кудайдын жакшылыкчылдык нормаларына карманышыбыз абзел (3 Муса 5:1; 1 Коринфтиктер 5:11, 12; 1 Тимофей 5:22).
-