Кудайдын элинин жолугушууларын баалагыла
«Бири-бирибизге көңүл буруп, сүйүүгө жана жакшы иштерге кызыктыралы... чогулуштарыбызды калтырбайлы» (ЕВРЕЙЛЕР 10:24, 25).
1, 2. а) Ыйсанын чыныгы жолдоочуларынын жолугушууларына катышуу эмне үчүн мынчалык кубанычтуу? б) Ыйса жолдоочуларынын жолугушууларына кантип катышат?
ЫЙСА: «Менин ысмымдын урматына экөө же үчөө жыйналган жерде Мен да алардын арсында болом»,— деп айткандыктан, катышкандардын саны ондон аз болсо да же бир канча миң болсо да Иегованын сыйынуучуларынын жолугушуулары чоң кубаныч тартуулайт (Матфей 18:20). Ыйса бул убаданы жыйналышта укук маселелерин чечүүгө жооптуу адамдарга бергени чын (Матфей 18:15—19). Ошо сөздөрдү Ыйсанын атынан тиленүү менен башталып жана аяктаган жыйналыштарга да тиешелүү деп айтууга болобу? Ооба. Ыйса жолдоочуларына окуучуларды даярдоону тапшырганда ал: «Мен ар күнү, дүнүйөнүн акырына чейин силер менен болом»,— деп убада бергенин эстесеңер (Матфей 28:20).
2 Жыйналыштын Башчысы — Теңир Ыйса Машайык өзүнүн ишенимдүү жолдоочуларынын бардык жолугушууларына көңүл бура турганына шек жок. Мындан тышкары, Ыйса алардын арасында Кудайдын ыйык руху аркылуу катышып атканына толук ишенсек болот (Расул 2:33; Аян 5:6). Иегова Кудай да биздин жолугушууларга көңүл бөлөт. Мындай жолугушуулар, негизинен, «топ-жыйында» Кудайды даңктоо үчүн өткөрүлөт (Забур 25:12). Жыйналыш жолугушууларына келгенибиз Кудайга болгон сүйүүбүздү далилдеп турат.
3. Жыйналыш жолугушууларын кайсы себептерден улам баалайбыз?
3 Кудайдын элинин жолугушууларын баалоого дагы башка маанилүү себептер бар. Ыйса Машайык асманга кетер алдында майланган окуучуларын «ишенимдүү жана эстүү кул» кылып дайындаган жана аларга анын бардык жолдоочуларына рухий тамакты маалында берип турууну тапшырган (Матфей 24:45, СК). Мындай рухий тамактандыруунун негизги ыкмаларынын бири — жыйналыштын жолугушуулары жана конгресстер. Бул каардуу дүйнөнүн акырында аман калууну, Кудайдын адилеттүү жаңы дүйнөсүндө жашоону каалагандардын баары муктаж болуп аткан билимди ошо жолугушууларда Теңир Ыйса Машайык ишенимдүү кул аркылуу берүүдө.
4. Ыйык Китепте кайсы коркунучтуу «салт» жөнүндө айтылат жана жолугушууларды калтырбоого эмне жардам берет?
4 Ошондуктан Ыйсанын жолдоочуларына Павел эмнени кылбоону алдын ала эскерткен болсо, ошону алар адат-салтка айландырбашы керек, ал: «Бири-бирбизге көңүл буруп, сүйүүгө жана жакшы иштерге кызыктыралы; кээ бирөөлөрдө салтка айлангандай, биз чогулуштарыбызды калтырбайлы; бирок; тигил Күндүн жакындап келе жатканын көрүп бири-бирибизге дагы да көп насыят айтып туралы»,— деп жазган (Еврейлер 10:24, 25). Жолугушуулар канчалык көп пайда жана кубаныч алып келип жатканы жөнүндө ойлонсок, аларга катышууга чын дилден аракеттенебиз.
Бардыгын кайраттандыруучу жолугушуулар
5. а) Жыйналышта сүйлөгөн сөздөрүбүз башкаларга кандай таасир этиши керек? б) Кызыгуучу адамдарды жолугушууларга чакырууну кечеңдетпөө эмне үчүн туура?
5 Ыйсанын жолдоочулары жолугушууларда Иегованын руху таасир этиши жөнүндө тиленишкендиктен, ар бир катышуучу «Кудайдын ыйык рухун капа кылбай», анын жетекчилиги боюнча жүрүүгө аракеттениши керек (Ефесалыктар 4:30). Кудайдан шыктандырылган бул сөздөрдү Павел тилди туура колдонуу жөнүндө талкуулаганда жазган. Биз «уккандардын кулагына берекелүү боло турган, ишенимге насыят жакшы гана сөздөрдү» дайыма сүйлөшүбүз керек (Ефесалыктар 4:29). Антүү жолугушууларда айрыкча маанилүү. Павел Коринфтиктерге жазган катында жолугушуулар акыл-насаат бериши жана кайраттандырышы керек экенин баса белгилеген (1 Коринфтиктер 14:5, 12, 19, 26, 31). Жолугушуулар ошондой өтсө, бардыгына, алардын арасындагы жаңыларга да пайда алып келет; мындай адамдар: «Кудай чын эле силер менен»,— деген жыйынтыкка келишиши мүмкүн (1 Коринфтиктер 14:25). Ошондуктан, чындыкка жаңыдан кызыккан адамдарды жолугушууларга чакырууну кечеңдетпешибиз керек, бул алардын рухий жактан өсүшүн тездетет.
6. Жолугушууну бардыгы үчүн эмне пайдалуу кыла алат?
6 Баяндама, интервью же демонстрация даярдоо тапшырылгандардын ар бири сөздөрү бардыгын кубаттандыргыдай жана Кудайдын Сөзү — Ыйык Китеп — менен дал келгидей болушуна аракет жасашы керек. Биздин сөздөрүбүз туура гана болбостон, Кудайдын жана Ыйсанын сүйүүсүн чагылдыруучу сезимдер менен коштолушу маанилүү. Эгерде программага катышкандар кубаныч, чыдамдуулук жана ишеним сыяктуу «рухтун жемишин» көрсөтүү керек экенин унутпаса, алардын сөздөрү бардыгын кайраттандырат (Галатиялыктар 5:22, 23).
7. Жолугушуу пайдалуу болушу үчүн катышуучулар эмне кыла алышат?
7 Тапшырмаларды саналуу гана адамдар алышканына карабастан, жыйналыштын ийгиликтүү өтүшүнө өз салымын ар бир адам кошо алат. Суроолорго жооп бергенге угуучуларга көп учурда мүмкүндүк берилет. Жооп берүү менен алар ишенимин ачык көрсөтө алышат (Римдиктер 10:9). Мындай мүмкүнчүлүктөрдү жеке ойлорун айтууга, жетишкендиктерине мактанууга же ишенимдештерди сынга алууга колдонууга болбойт. Антүү Кудайдын рухун капалантпай коёбу? Ишенимдеш менен болгон келишпестикти, анын өзү менен сүйлөшүп, сүйүү менен жөнгө салган жакшы. Ыйык Китепте: «Бири-бириңерге кайрымдуу, боорукер болгула, Кудай силерди Христос аркылуу кечирген сыяктуу бири-бириңерди кечиргиле»,— деп айтылат (Ефесалыктар 4:32). Жыйналыш жолугушуулары бул кеңешти колдонууга сонун мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондуктан көптөр жыйналышка эртерээк келишет, программа бүткөндөн кийин да кечирээк кетишет. Мындай иш чындыкка жакында эле кызыккан жана чын жүрөктөн жылуу кабыл алууга муктаж болуп жаткандарга да пайдалуу. Ошентип, Кудайга өзүн арнаган кызматчылар «бири-бирине көңүл буруп, сүйүүгө жана жакшы иштерге кызыктырып», жолугушуулар насыяттуу болушуна өз салымдарын кошо алат.
Жакшы даярдангыла
8. а) Бир туугандардын кээ бири жыйналыш жолугушууларына баруу үчүн кандай кыйынчылыктарды жеңишет? б) Иегова — Кайтаруучу кандай үлгү берүүдө?
8 Кимдир бирөөлөргө жыйналыш жолугушууларына баруу анча деле кыйын эмес болушу мүмкүн, а көптөргө антүү үчүн дайыма эле кандайдыр бир кыйынчылыктарды жеңүүгө туура келет. Мисалы, Ыйсаны жолдогон эне үйүндөгүлөрдү эң керектүү нерселер менен камсыз кылуу үчүн иштөөгө аргасыз, ошондуктан ал күнүгө үйүнө чарчап келет. Андан кийин ал тамак даярдашы жана Падышалык залына алып барыш үчүн балдарын кийинтиши керек. Кээ бирөөлөр жыйналыш жолугушууларына баруу үчүн узак жол басышат; кимдир бирөө карылыктын залакаларынан азап чегиши мүмкүн. Камкор кайтаруучу өз үйүрүндөгү ар бир кой кандай багууга муктаж экенин билет, ошо сыяктуу эле Иегова Кудай да ага ишеним көрсөтүү менен жолугушууларга келгендердин ар бирине түшүнүү менен мамиле кылат. Ыйык Китепте: «Кайтаруучу сыяктуу ал [«Иегова», ЖД] Өз үйүрүн кайтарат; козуларын колуна алып, койнуна катат, саай тургандарын жетелеп алат»,— деп айтылат (Исаия 40:11).
9, 10. Жолугушуулардан кантип эң чоң пайдаларды алууга болот?
9 Жыйналыш жолугушууларына дайыма баруу үчүн кыйла кыйынчылыктарды көтөргөндөрдө даярданууга абдан эле аз убакыт калышы мүмкүн. Бирок Ыйык Китепти жума сайын окуунун графигинен калбаганга умтулса, Теократиялык кызмат мектеби көбүрөөк пайда жана кубаныч алып келет. «Күзөтчү мунараны» изилдөөгө, китеп окуу жыйыналышына даярданган сыяктуу башка жолугушууларга да алдын ала даярданса, алар көбүрөөк пайдаларды берет. Атүгүл убактысынын көбүн үй-бүлөсүнө кам көрүүгө кетиргендер да изилдөө үчүн берилген материалды күн мурун окуп, андагы келтирилген ыйык китептик аяттардын кээ бирлеринин эле үстүнөн ой жүгүртүп койсо, ыйык китептик маанилүү талкуулоолорго жакшы даяр болот.
10 Жыйналышка даярданууга шарты барлар көбүрөөк убакыт бөлө алышат. Мисалы, шилтенген бирок цитата келтирилбеген аяттарды терең изилдей алышат. Жыйналыштагылардын ар бири, мүмкүн болушунча көп пайдаларды алуу үчүн жана сүйлөнгөн сөздөрү, берген жооптору менен башкаларды кайраттандыруу үчүн, жолугушууларга даярданып келе алат. Насаатчы агалар жана кызмат жардамчылары жакшы даярданып келип, башкаларга кыска жана нуска жооптору менен жакшы үлгү көрсөтөт. Мындан тышкары, Иегованы урматтап, катышуучулар жолугушуу убагында башкаларды алаксытпоого тийиш (1 Пётр 5:3).
11. Жыйналыш жолугушууларына даярдануу үчүн эмне себептен өзүн-өзү тарбиялоо талап кылынат?
11 Руханий ден соолукту чыңдабаган иштер жана көңүл ачуулар абдан көп убакытты алышы мүмкүн. Эгерде ушундай болсо, убактыбызды бөлүштүрүүдө «акылсыз болбоо» үчүн, өзүбүздү изилдешибиз керек (Ефесалыктар 5:17). Ыйык Китепти жекече изилдөөгө, жыйналыш жолугушууларына жана кабар айтууга даярданууга көбүрөөк убакыт бөлүү үчүн, анча маанилүү эмес иштерден баш тартып, убакытты пайдалана билүү керек (Ефесалыктар 5:16). Албетте, минтүү дайыма эле жеңил эмес, өзүн-өзү тарбиялоо талап кылынат. Рухий максаттарды койгон жаштар, келечектеги ийгиликтерге ишенчиликтүү негиз салышат. Павел өзүнүн жаш досу Тимофейге: «Сенин ийгилигиң бардыгына анык болуш үчүн, ушул жөнүндө [Павелдин Тимофейге берген кеңештерине] кам көр, ушуга киришкин»,— деп жазган (1 Тимофей 4:15).
Кудайдын Сөзүндөгү үлгүлөр
12. Самуилдин үй-бүлөсү эмне үчүн жакшы үлгү болуп эсептелет?
12 Кудайдын ордосу Силомдо кезде, Кудайга сыйынууга ишенимдештери менен дайыма чогуу келген Самуилдин үй-бүлөсү — жакшы үлгү. Жыл сайын майрамдоого келүүгө эркектер гана милдеттүү болчу. Бирок Самуилдин атасы Елкана «өз шаарынан тиешелүү күндөрдө Кудайга, ааламдын Теңирине сыйынып, курмандык чалуу үчүн Силомго барганда» үй-бүлөсүн өзү менен кошо ала барчу (1 Падышалык 1:3—5). Самуилдин өз шаары Рамафаим-Цофим, «Ефрем тоосунун» этегинде — азыр Рентис шаары жайгашкан жерде — болсо керек (1 Падышалык 1:1). Ошондуктан Силомго жетиш үчүн ал күндөрдө чарчатарлык болгон 30 километрче аралыкты басып өтүү керек болгон. Дал ушундай саякатты Елкананын үй-бүлөсү «жыл сайын Теңирдин үйүнө баратканда» жасачу (1 Падышалык 1:7).
13. Ыйса жерде кызмат кылган убакта ишенимдүү еврейлер кандай үлгү көрсөтүшкөн?
13 Ыйса да чоң үй-бүлөдө өскөн. Анын үй-бүлөсү жыл сайын Пасахты майрамдоо үчүн Назареттен түндүккө карай 100 километрче алыс аралыкта жайгашкан Иерусалимге барышчу. Иерусалимге эки жол менен жетүүгө мүмкүн болгон. Түзүрөөк жол Мегиддо өрөөнү аркылуу өтүп, андан кийин Самария аркылуу Иерусалимге чейин 600 метр өр болуп кетчү. Башка белгилүү жол — Ыйса б. з. 33-жылы Иерусалимге акыркы ирет жөнөп атып тандаган жол. Бул жол деңиз деңгээлинен төмөн жайгашкан Иордан өрөөнү аркылуу өтүп, Иордандын ары өйүзүндөгү «Иудеянын чек арасына» чейин созулчу (Марк 10:1). Бул жерден баштап жол 1100 метрден көбүрөөк аралыкка чейин өр тартып, анан 30 километрче баскандан кийин Иерусалимге алып келчү (Марк 10:32). Көптөгөн адамдар, майрамга жыл сайын катышуу үчүн, Галилеядан Иерусалимге жеңил эмес жолду басып өтүп келишчү (Лука 2:44). Бай өлкөлөрдө жашашкан Иегованын бүгүнкү кызматчыларына бул — кандай гана сонун үлгү, анткени алардын көбү азыркы унааларга түшүп жыйналыштарга анча кыйналбай эле келе алышат.
14, 15. а) Анна кандай үлгү көрсөткөн? б) Жыйналышка жаңы келе баштагандардан эмнеге үйрөнүүгө болот?
14 Бизге 84 жаштагы жесир аял — Анна да үлгү боло алат. Ыйык Китепте Анна «ийбадатканадан оолап кетпей турган» деп айтылат (Лука 2:37). Анна башкаларга сүйүү көрсөтчү жана көңүл бөлчү. Ымыркай Ыйсаны көргөндө анын убада кылынган Мессия экенин билгенде, Анна эмне кылды эле. Кудайга ыраазылык билдирген жана «Иерусалимде куткарылууну күтүп турган адамдардын бардыгына» ымыркай жөнүндө айта баштаган (Лука 2:38). Ыйсанын азыркы жолдоочулары үчүн кандай сонун үлгү!
15 Эгерде Аннадай болуп, жолугушууларга келгенибизден жана аларга катышканыбыздан канааттануу алсак, анда эч убакта жыйналыш жолугушууларын калтыргыбыз келбейт. Жаңы келгендердин көбү ушинткенге көңүлдөнүшүүдө. Караңгылыктан Кудайдын кереметтүү жарыгына чыгышып, алар мүмкүн болушунча көптү билүүгө умтулушат жана жыйналыштарга абдан чоң кубаныч менен келишет. А көптөн бери чындыкта жүргөндөр «биринчи сүйүүсүн таштабоого» аракеттениши керек (Аян 2:4). Ден соолукка байланыштуу олуттуу көйгөйлөр же адамдар өзгөртө албай турган башка нерселер жыйналышка дайыма келүүгө мүмкүндүк бербеши мүмкүн. Бирок байлыкка умтулгандыктан, эс алууну самагандыктан же кызыгууну жоготкондуктан жыйналышты калтырууга жол берүүгө болбойт (Лука 8:14).
Эң сонун үлгү
16, 17. а) Ыйса рухий жолугушууларга кандай мамиле кылган? б) Ыйсанын бардык жолдоочулары кайсы жакшы эреже боюнча жүрүүгө аракеттениши керек?
16 Рухий жолугушууларды баалоо боюнча Ыйса жакшы үлгү калтырган. Ал 12 жашында Кудайдын Иерусалимдеги үйүнө болгон сүйүүсүн көрсөткөн. Анын ата-энеси жоголгон уулун издешип, аны окутуучулар менен Кудайдын Сөзүн талкуулап отурганда ибадатканадан табышкан. Ата-энеси чочулашканы жөнүндө айтканда, Ыйса: «Менин Атама караштуу кызмат-иштерине Мен аралашуум керек экенин силер билген жоксуңарбы?» — деп сылык түрдө сураган (Лука 2:49). Анан Ыйса ата-энесине тил алуу менен Назаретке жол тарткан. Ал жактан, синагогага дайыма барып, сыйынуу үчүн жолугушууларга мурункусундай эле сүйүү көрсөткөн. Ошондуктан Ыйсанын кызматынын башталышы тууралуу Ыйык Китепте минтип айтылат: «Өзү өскөн Назарет шаарына келип, Өз адаты боюнча ишемби күнү синагогага кирип, турду да окута баштады». Исаия 61:1, 2-аяттардагы пайгамбарлыкты Ыйса окуп жана түшүндүрүп бергенде, бардыгы «анын оозунан чыккан сүйкүмдүү жакшы сөздөргө таң калышкан» (Лука 4:16, 22).
17 Ыйсанын жолдоочуларынын бүгүнкү жолугушуулары да ошондогудай эле өткөрүлөт. Даңктоо ырынан жана тиленүүдөн кийин Ыйык Китептеги аяттар (же Ыйык Китепти изилдөөгө араналган адабияттарда цитата катары келтирилген аяттар) окулуп түшүндүрүлөт. Ыйсанын чыныгы жолдоочулары анын үлгүсү боюнча жүрүүгө милдеттүү. Алар мүмкүн болушунча жыйналышка дайыма катышууга аракет кылышат, бул аларга чоң кубаныч тартуулайт.
Азыркы убактагы үлгүлөр
18, 19. Жыйналыш жолугушууларына жана конгресстерге барууга карата жарды өлкөлөрдөгү бир туугандар кандай сонун үлгүлөрдү көрсөтүүдө?
18 Жарды өлкөлөрдөгү бир туугандар жыйналыш жолугушууларын баалоо жагынан жакшы үлгү көрсөтүүдө. Мисалы, конгрессте кызмат кылыш үчүн, Мозамбиктеги облустук көзөмөлчү Орландого жана жубайы Амелиге бийик тоолор аркылуу 90го жакын километр жолду 45 саат бою басып өтүүгө туура келген. Алар андан кийин башка конгресске барыш үчүн ошол эле жолду кайра артка басышкан. Орландо момундук менен мындай деген: «Биз өзгөчө деле иш жасабаганыбызды, Бава жыйналышындагы бир туугандар менен жолугушканда, түшүндүк. Конгрессте болуу жана кайра үйгө баруу үчүн алар алты күндө 400 километрди жөө басып өтүшкөн, алардын арасында 60 жаштагы бир тууган бар эле!»
19 Жыйналыштын жума сайын болуучу жолугушууларын баалайбызбы? Кашвашва Ньямба жетимиш жашка чыгып, ден соолугу да начарлап калган бир тууганыбыз Намибиядан. Ал аял Рундудагы Падышалык залынан 5 километр алыс Кайсососи деген анча чоң эмес айылда турат. Жыйналышка катышуу үчүн 10 километрче жол басып өтөт. Ал бир тууган бул жолдо жүргөндөргө каракчылар кол саларын да билет. Жолугушуунун көбү ал түшүнбөгөн тилдерде өтөт. Жолугушуулардан ал кандай пайдаларды алат? «Окулуп аткан аяттарды карап отурам,— дейт Кашвашва,— жана эмне жөнүндө сөз жүрүп жатканын түшүнүүгө аракеттенем». Бул сабатсыз аял кайсы аят окулуп жатканын кантип билет? «Мен жатка билген аяттарды угуу менен аныктоого аракет кылам»,— дейт ал. Бир топ жылдардан бери ал көп эле аяттарды жаттап калган. Ыйык Китепти жакшыраак колдонууну үйрөнөйүн деп, жыйналыш сабатсыздыкты жоюуу үчүн уюштурган сабакка катышат. «Жыйналышта болуу мага жагат,— дейт Кашвашва,— андан дайым жаңы нерсени үйрөнүүгө болот. Бир туугандар менен чогуу болгонду жакшы көрөм. Алардын ар бири менен пикирлеше албасам да, алар дайыма жакын келип учурашат. Бирок эң маанилүү нерсе, жыйналышка келүү менен Иегованын жүрөгүн кубантам».
20. Жыйналыш жолугушууларынан эмне себептен баш тартууга болбойт?
20 Кашвашвага окшоп, Иегованын дүйнө жүзү боюнча миллиондогон сыйынуучулары жыйналыш жолугушууларын баалашат. Шайтандын дүйнөсү акырына жакын калгандыктан, биз чогуу жолугушканыбызды токтотууга жол бербешибиз керек. Рухий жактан сергек бойдон калалы жана конгресстерди, жума сайынкы жолугушууларды баалайлы. Бул Иегованын жүрөгүн гана кубантпастан, бизге да пайда алып келет, анткени Кудайдан түбөлүк өмүргө алып баруучу билим алып жатабыз (Аңгемелер 27:11; Исаия 48:17, 18; Марк 13:35—37).
Кайталоо үчүн суроолор
Жыйналыштарды эмне себептен баалаш керек?
Жолугушуу бардыгына пайдалуу болуш үчүн катышуучулар эмне кыла алышат?
Ыйса Машайык сонун үлгүнү кантип калтырган?
Жарды өлкөлөрдөгү бир туугандардан эмнеге үйрөнсө болот?
[11-беттеги кутуча]
Алар жума сайын өткөрүлчү жолугушууларды баалашат
Миллиондогон адамдар жакырчылык жана кылмышкерлик айрыкча курчуган шаарларда жашашат. Бирок буга карабастан, Ыйсанын чыныгы жолдоочулары жыйналыш жолугушууларын абдан баалашат. Түштүк Африка Республикасынын Гаутен облусунда жайгашкан Соуэтодогу жыйналыштардын биринин бир насаатчы агасы мындай деген: «Биздин жыйналышта Иегованын Күбөлөрү жана чөмүлтүлө элек жарчылар болуп баары 60 адам, а жолугушууга 70—80ден да көп келет. Бир туугандарга узак жол жүрүүгө туура келбейт, бирок бул Соуэто районунда абал жаман. Жыйналышка келе жаткан бир Күбөнү бычак менен артынан келип сайган учур да болгон. Күбө аялдардын эң аз дегенде экөөнө тоноо максатында кол салышкан. Бирок бул бир туугандарыбыз жыйналышка келүүнү токтотуп коюшкан жок. Жекшемби күндөрү соңку тиленүүдөн кийин, Падышалыктын ырларын ырдоо үчүн бир аз убакытка кармалабыз. Келгендердин кеминде 95 пайызы калып, кийинки жумадагы жолугушууларда ырдалчу ырларды ырдашат. Антүү чындыкка жакында кызыккандардын ырларды үйрөнүшүнө, башкалар менен чогуу ырдашына жардам берет».
Айылдарда жашагандарда башкача көйгөйлөр бар: жыйналыштарга жумасына үч жолу катышуу үчүн, аларга узак жол жүрүүгө туура келет. Ботсвандан кызыгуучу жубайлар Лобацтагы Падышалык залынан 15 километр алыс турушат. Алар эки баласы менен 1997-жылы жыйналыштарга дайыма катышкан. Үй-бүлөсүн багуу үчүн, күйөөсү өтүкчү болуп иштейт. Алар жыйналышка барып келгенге баарына жол кире табуу үчүн, аялы ар кандай майда-чүйдө нерселерди сатып, үй-бүлөлүк кирешени толуктайт.
Ошол жылдын жай айларынын бир кечинде райондук көзөмөлчү катышкан жолугушуудан кийин аялдамада ушул эле үй-бүлө калат, саат кечки 9 болуп калган. Аба-ырайы жаман болгондуктан автобустардын жүрүүсү күндөгүдөн эрте токтойт. Машина менен келе жаткан полиция кызматкери алардын жанына токтоп, алардан мында эмнеге турушканын сурайт. Эмне болгонун уккандан кийин, ал бооркердик кылып, аларды 15 километр алыстыктагы айылга жеткирип коёт. Чөмүлтүлө элек жарчы болуп жүргөн аялы күйөөсүнө: «Мына көрдүңбү, эгерде биз жыйналышка барууну баарынан мурда ойлосок, Иегова бизге дайыма кам көрөт»,— деген. Ушундан кийин күйөөсү дагы жакшы кабардын таратуучусу болугусу келген.