Ыйса Падышалык даңкында келгенде
«Мында тургандардан кайсы бирөөлөр... Адам Уулун Өзүнүн Падышалыгында келе жатканын көрүүгө чейин, өлүмдүн даамын татып көрүшпөйт» (МАТФЕЙДЕН 16:28).
1, 2. Биздин замандын 32-жылы Эгин оруп жыйноо майрамынан кийин көп убакыт өтпөй кандай окуя болгон жана кандай максат менен?
БИЗДИН ЗАМАНДЫН 32-жылындагы Эгин оруп жыйноо майрамынан көп өтпөй эле Ыйса Христостун үч апостолу эстен чыккыс көрүнүштү көрүшкөн. Шыктандырылган билдирүү боюнча, «Ыйса Пётрду, Жакыпты жана анын бир тууганы Иоаннды алды да, жалгыз алар менен бийик тоого чыкты, жана алардын алдында башка түр алып, өзгөрдү» (Матфейден 17:1, 2).
2 Кубулуу көрүнүшү оор убакта болгон. Ыйса өзүнүн жолдоочуларына Иерусалимде аны азап чегүүлөр жана өлүм күтүп турганын айткан болчу, бирок аларга Ыйсанын сөздөрүн түшүнүү кыйын болгон (Матфейден 16:21—23). Көрүнүш, Ыйсанын өлүмү жакындап калганда, үч апостолдун ишенимин бекемдеген, ошондой эле аларды ынталуу кызмат өтөө жана христиандык жыйналышка келе турган сыноо мезгилине даярдаган. Бүгүн ошол көрүнүштөн бир нерсеге үйрөнүүгө болобу? Болот, себеби ал көрүнүш эмненин жышааны болсо, так ушул убакта ошол иш жүзүндө болуп жатат.
3, 4. а) Кубулууга алты күн калганда Ыйса эмне деп айткан? б) Кубулуу убагында эмне болгонун айтып бергиле.
3 Кубулуп көрүнөрүнө алты күн калганда Ыйса өзүнүн окуучуларына: «Адам Уулу Өзүнүн Атасынын даңкында, Өзүнүн периштелери менен келет жана ошондо ар кимисине өзүнүн иштерине карай тиешесин берет»,— деп айткан. Бул сөздөр «акыр кыяматта» [«нерселердин түзүлүшү аяктаганда», ЖД] аткарылышы керек. Андан кийин Ыйса: «Чынын силерге айтамын: мында тургандардан кайсы бирөөлөр бар, алар Адам Уулун Өзүнүн Падышалыгында келе жатканын көрүүгө чейин, өлүмдүн даамын татып көрүшпөйт»,— деп айткан (Матфейден 16:27, 28; 24:3; 25:31—34, 41; Даниил 12:4). Кубулуу ушул сөздөрдүн аткарылышы болгон.
4 Тагыраак айтканда, үч апостол эмнени көрүшкөн? Болгон окуяны Лука мындай деп баяндайт: «Ал [Ыйса] сыйынганда, Анын бетинин түрү өзгөрдү, Анын кийими да ак болуп, жылтылдады. Дагы мына, Аны менен эки адам сүйлөшүштү, алар Муса жана Илия эле. Даңк менен пайда болушуп, алар Анын Иерусалимде аткара турган Анын өмүрүнүн бүтүшү жөнүндө сүйлөштү». Андан кийин «булут пайда болуп, аларды [апостолдорду] каптады; алар булутка чулганганда коркушту. Жана булуттан мындай сүйлөгөн үн болду: „Бул Менин сүйүктүү Уулум; Аны уккула“» (Лукадан 9:29—31, 34, 35).
Ишенимди бекемдейт
5. Кубулуу апостол Пётрга кандай таасир тийгизген?
5 Апосол Пётр Ыйсаны мурда «Христос, Тирүү Кудайдын Уулу» деп атаган (Матфейден 16:16). Асмандан угулган Иегованын сөздөрү Ыйсанын ээлеген абалын бекемдеген, кубулуу көрүнүшү болсо Христостун падышалык даңкка жана адамзатты соттоо үчүн бийликке келе турганын алдын ала билдирген. Кубулуу болгондон кийин отуздан ашык жыл өткөн соң Пётр: «Биз биздин Теңир Ыйса Христостун кубатын жана келишин чынынан арамза ойлуу тамсилдер менен жарыялаган эмеспиз, тескерисинче, биз Анын шаңдуулугун өз көзүбүз менен көргөнбүз. Себеби Ал, Кудай Атадан эң жогорку атактан бир үн жеткенде, абийирди жана даңкты алды. Ал үн мындай эле: „Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын“. Бул асмандан чыккан үндү биз, Аны менен бирге ыйык тоодо туруп уктук»,— деп жазган (2 Пётрдун 1:16—18; 1 Пётрдун 4:17).
6. Кубулуудан кийин окуялар кантип өрчүгөн?
6 Үч апостолдун көргөндөрү бүгүн да ишенимибизди бекемдеп жатат. Албетте, б.з. 32-жылынан кийин бир топ окуялар болгон. Кийинки жылы Ыйса өлгөн, тирилген жана Атасынын оң жагына отурган (Апостолдордун иштери 2:29—36). Ошол эле жылдын Эгин оруп жыйноо майрамында жаңы ‘Кудайдын Израили’ төрөлгөн жана Иерусалимде кабар таратуу иши күч алган, ошонун натыйжасында ал дүйнөлүк деңгээлдеги ишке айланган (Галатиялыктарга 6:16; Апостолдордун иштери 1:8). Ыйсанын жолдоочуларынын ишенимдери дароо эле сыноолорго дуушар болгон. Апостолдорду камакка алышып, кабар таратууну токтотуудан баш тартышпагандыктары үчүн катуу токмоктошкон. Көп өтпөй ырайымсыз түрдө Стефан өлтүрүлгөн. Андан кийин — кубулуунун күбөсү Иаков (Апостолдордун иштери 5:17—40; 6:8—7:60; 12:1, 2). Ошол эле учурда жана дагы көптөгөн жылдар бою Пётр жана Иоанн берилип Иеговага кызмат кылышкан. Биздин замандын биринчи кылымынын аягында так ошо Иоанн Ыйсанын асмандагы даңкынын кийинки көрүнүштөрүн жазган болчу (Иоанндын аяны 1:12—20; 14:14; 19:11—16).
7. а) Кубулуу көрүнүшү качан аткарыла баштаган? б) Ыйса кимдир бирөөлөргө иштерине карата тиешесин качан берген?
7 ‘Теңирдин күнү’ 1914-жылы башталгандан тартып Иоаннга берилген көрүнүштөрдүн көбү аткарылган (Иоанндын аяны 1:10). Жышааны кубулуу болгон ‘Ыйсанын Атасынын даңкында келиши’ жөнүндө эмнени айтса болот? Ошо көрүнүштүн аткарылышы 1914-жылы Кудайдын асмандагы Падышалыгынын төрөлүүсүндө башталды. Дүйнөлүк сахнага Ыйса, таңкы жылдызга окшоп, такка отургузулган Падыша катары пайда болгондо, жаңы күндүн таңы аткандай болгон (2 Пётрдун 1:19; Иоанндын аяны 11:15; 22:16). Ошол кезде Ыйса кимдир бирөөлөргө иштерине карай тиешесин берди беле? Ооба. Такка отургузуудан кийин көп өтпөй майланган христиандардын асманга тирилүүсү башталганына орчундуу далилдер бар (2 Тимофейге 4:8; Иоанндын аяны 14:13).
8. Кайсы окуялар кубулуу көрүнүшүнүн аткарылышынын эң жогорку жери болушат?
8 Бирок жакында Ыйса ‘өзүнүн атагында жана Аны менен бирге бүт ыйык периштелер’, жалпы адамзатты соттоо үчүн, келет (Матфейден 25:31). Ошондо Христос өзүнүн бардык улуулугунда жана атак-даңкында ачылат жана адилеттүү түрдө ар кимисине иштерине карай тиешесин берет. Кой сымал адамдар алар үчүн даярдалган Падышалыкта түбөлүк өмүрдү мураска алышат, ал эми эчки сымал адамдар түбөлүккө жок кылынат. Ошондо кубулуу көрүнүшү кандай гана мыкты аткарылат! (Матфейден 25:34, 41, 46; Марктан 8:38; 2 Фессалоникалыктарга 1:6—10).
Ыйсанын даңазаланган кызматташтары
9. Кубулуу көрүнүшү аткарылып жатканда Муса жана Илия Ыйсанын жанында болот деп күтүү керекпи? Түшүндүрүп бергиле.
9 Кубулуу көрүнүшүндө Ыйса жалгыз болгон эмес. Аны менен Муса жана Илия болгон (Матфейден 17:2, 3). Алар ошол жерде адамдык денеде болушканбы? Жок, экөө тең эбак өлүшүп, топуракка айланып, тирилүүнү «күтүп жатышкан» (Насаатчы 9:5, 10; Еврейлерге 11:35). Ыйса асмандык даңкында келе жатканда алар Ыйсанын жанында болушабы? Жок, себеби Муса жана Илия адамдарга асмандык үмүт ачыла электе жашашкан. Алар жерге ‘тириле турган’ адилеттүүлөргө кирет (Апостолдордун иштери 24:15, СК). Ошондуктан, кубулуу көрүнүшүндө алардын көрүнүшүнүн символдуу мааниси бар болчу. Эмне деген?
10, 11. Илия жана Муса ар кайсы контекистерде кимдерди символдоштурат?
10 Башка контекистерде Муса жана Илия — пайгамбарлык образдар. Заңдык келишимдин арачысы катары Муса жаңы келишимдин Арачысын Ыйсаны символдоштурган (5 Муса 18:18; Галатиялыктарга 3:19; Еврейлерге 8:6). Илия Мессиянын алдында келген Чөмүлтүүчү Иоаннды символдоштурган (Матфейден 17:11—13, СК). Муса жана Илия кийинчерээк Иоанндын аянындагы 11-баптын контекисинде акыркы күндөрдөгү майланган калдыкты символдоштурат. Булар кайдан белгилүү?
11 Иоанндын аяны 11:1—6-аяттарга кайрылалы. Үчүнчү аяттан: «Жана Менин эки күбөмө, зумбал кийимин кийип, бир миң эки жүз алтымыш күн пайгамбарлык кылууга кубат беремин»,— дегенди окуйбуз. Пайгамбарлык майланган христиандардын калдыгынын үстүнөн Биринчи дүйнөлүк согуш убагында аткарылганa. Бирок эмне себептен кеп эки күбө жөнүндө жүрүп жатат? Себеби майланган калдык Муса жана Илия жасаган ишти рухий мааниде аткарып жатат. Андан ары 5, 6-аяттарда: «Эгерде кимде-ким аларга [эки күбөгө] зыян келтирүүсү келсе, алардын ооздорунан от чыгып, алардын душмандарын жеп коёт; эгерде кимде-ким аларга зыян келтирүүсү келсе, ал ошол түрдө өлтүрүлүү керек. Алар пайгамбарлык кылган күндөрдө жерге жамгыр жаабасын деп, асманды жабуу үчүн бийлиги бар, жана сууларды канга айландыруу үчүн жана каалаган убакта жерди ар кандай жара менен уруу үчүн бийликке ээ болушат»,— деп айтылат. Мындан Илия жана Муса жасаган кереметтер эсибизге түшөт (4 Муса 16:31—34; 3 Падышачылыктардын 17:1; 4 Падышачылыктардын 1:9—12).
12. Кубулуу көрүнүшүндөгү Муса жана Илия кимдерди көрсөтүп турат?
12 Андай болсо, кубулуу көрүнүшүндө Муса жана Илия кимдерди көрсөтүп турат? Лука алардын Ыйсага кошулуп «даңк менен» пайда болушканын жазат (Лукадан 9:31). Алар Христостун ‘мурасчыларын’, ыйык рух менен майланган жана ошондой жол аркылуу аны менен бирге ‘даңкка көтөрүлүү’ сонун үмүтүн алган христиандарды, символдоштуруп тургандары анык (Римдиктерге 8:17). Ыйса Атасынын даңкында ‘ар кимисине өзүнүн иштерине карай тиешесин бергени келгенде’, тирилген майлангандар аны менен бирге болушат (Матфейден 16:27).
Мусага жана Илияга окшогон Күбөлөр
13. Кайсы өзгөчөлүктөр Муса менен Илияны Ыйса менен кошо даңазаланып жатышкан анын майланган мурасчыларына туура келүүчү пайгамбарлык образдар кылууда?
13 Муса менен Илияны Ыйсанын майланган мурасчыларына туура келүүчү пайгамбарлык образдар кылган кызыктуу өзгөчүлүктөр бар. Муса да, Илия да көп жыл бою Иегованын өкүлдөрү болуп кызмат өтөшкөн. Экөө тең башкаруучулардын ачууланган каршылыктарына учурашкан. Оор убакта алардын ар бирөөсүнө чоочун элдин үй-бүлөсү жардам берген. Экөө тең эр жүрөктүк менен падышаларга пайгамбарчылык кылышкан жана жалган пайгамбарлардын асылууларына кабылышкан. Муса да, Илия да Синай (Хорив деп да белгилүү) тоосунда Иегованын кудуреттүүлүгүнүн көрсөтүлүшүн көрүшкөн. Экөө тең орун басарларын Иордандын чыгыш жээгинде дайындашкан. Мусанын (жана Ыйса Набиндин) күндөрүндөгүдөй эле, Илиянын (жана Елисейдин) күндөрүндө да, Ыйсанын убагында болгон кереметтерди эсептебегенде, баарынан көп кереметтер жасалганb.
14. Майлангандардын тобу кантип Иегованын өкүлү болуп, Мусага жана Илияга окшоп, кызмат кылууда?
14 Мунун баары Кудайдын Израилин эсибизге салбайбы? Албетте салат. Ыйса өзүнүн ишенимдүү жолдоочуларына: «Ошентип, баргыла, бүт элдерди Ата, Уул жана Ыйык Рухтун урматына чокундуруп [«чөмүлтүп», СК], аларды шакирттер кылгыла. Мен силерге буйруганымдын бүт баарын сактоону аларга үйрөткүлө; жана мына, дүйнөнүн акырына чейин бардык күндөрдө Мен силер менен боломун»,— деп айткан (Матфейден 28:19, 20). Ушул сөздөргө баш ийип, майланган христиандар б.з. 33-жылындагы Эгин оруп жыйноо майрамынан биздин күндөргө чейин Иегованын өкүлдөрү болуп кызмат өтөшүүдө. Мусага жана Илияга окшоп, алар башкаруучулардын ачуулануулары менен кездешкен жана аларга күбөлөндүрүшкөн. Ыйса өзүнүн 12 апостолуна: «Мен үчүн силерди башкаруучуларга жана падышаларга жетелеп барат, алардын жана бутпарастардын алдында күбөлөндүрүү үчүн»,— деп айткан (Матфейден 10:18) Христиан жыйналышынын бүткүл тарыхын алганда, анын сөздөрү бир нече жолу аткарылган (Апостолдордун иштери 25:6, 11, 12, 24—27; 26:3).
15, 16. Биринчи жак — Муса менен Илия, башка жак — майлангандар, эки жактын ортосунда кандай окшоштуктар бар а) алардын эр жүрөктүүлүк менен чындыкка карата ээлеген позициялары боюнча? б) израиль элинен болбогон адамдардан жардам алуулары боюнча?
15 Андан тышкары, майланган христиандар, Муса жана Илияга окшоп, чындыкты диний жалгандыктардан тайманбастан коргошкон. Иудейлик жалган пайгамбар Вариусту Павел кантип айыптаганын жана сылыктык менен, бирок чечкиндүү түрдө афиндиктерге алардын кудайларынын жалгандыгын ачып бергенин эстесеңер (Апостолдордун иштери 13:6—12; 17:16, 22—31). Биздин убакта майланган калдык коркпостон, өзүнүн күбөлөндүрүүсү менен христиан дүйнөсүнө тынчтык бербей, анын айыбын ачканын да эстесеңер (Иоанндын аяны 8:7—12)c.
16 Муса фараондун ачуусунан качып, израил элинен болбогон Рагуилдин же Иофордун үйүндө жашынган. Кийинчерээк Муса андан уюштуруу боюнча баалуу кеңеш алган, Рагуилдин уулу Ховав болсо чөлдө Израилдин жол көрсөтүүчүсү болгонd (2 Муса 2:15—22; 18:5—27; 4 Муса 10:29). Бирок Кудайдын Израилинин майланган мүчөлөрүнө аларга кирбеген кимдир бирөөлөр жардам бериштиби? Ооба, жардам ушул акыркы күндөрдө дүйнөлүк сахнада пайда болгон «сан жетпеген» «башка койлордон» келген (Иоанндын аяны 7:9; Иоанндан 10:16; Исаия 61:5). Ошол «койлор» анын майланган бир туугандарына жылуу жана мээримдүү жардам көрсөтө турганын алдын ала айтып, Ыйса аларга пайгамбарлык түрдө: «Мен ачка болгонмун, силер Мени тамактандырдыңар; суусаганмын, силер мени ичирдиңер; жолоочу болгом, силер Мени кабыл алдыңар; жылаңач болгом, силер Мени кийиндирдиңер; ооруу болгом, силер Мага келдиңер; зынданда болгом, силер Мага келдиңер. [...] Чынын айтамын силерге: муну силер Менин бул бурадарларымдын эң кичинелеринин бирөөнө кылганыңар менен Мага кылдыңар»,— деп кайрылган (Матфейден 25:35—40).
17. Илиянын Хорив тоосундагы сыноосуна окшогон кандай сыноону майлангандар баштарынан өткөрүшкөн?
17 Булардан тышкары, бир кезде Хорив тоосунда Илия көргөндү Кудайдын Израили кандайдыр бир мааниде көргөнe. Иезавель канышадан качып кутулган Илияга окшоп, коркуп калган майланган калдык Биринчи дүйнөлүк согуштун аягында биздин иш аяктады деп эсептешкен. Илияга окшоп, калдык да ‘Кудайдын үйүбүз’ деп ырастаган уюмдарды соттогону келген Иеговага капилет жолуккан (1 Пётрдун 4:17; Малахия 3:1—3). Христиан дүйнөсү сыноого туруштук бере албай калган кезде, майланган калдык «чыныгы жана эстүү кул» деп таанылган жана Ыйсанын жердеги бүт мүлкүнүн үстүнө коюлган (Матфейден 24:45—47). Илия Хоривден Иегованын үнү болуп чыккан ‘акырын, назик добушту’ уккан: Илияга жаңы тапшырма берилген. Согуш аяктагандан кийинки жылдарда Иегованын ишенимдүү майланган кызматчылары Кудайдын үнүн Ыйык Китептин беттеринен угушкан. Алар да алдыларында тапшырма аткаруу турганын түшүнүшкөн (3 Падышачылыктардын 19:4, 9—18, БМК; Иоанндын аяны 11:7—13).
18. Иегованын улуу күчү Кудайдын Израили аркылуу кандайча көрсөтүлгөн?
18 Акыры, Кудайдын Израили аркылуу Кудайдын улуу күчү көрүндүбү? Апостолдор Ыйса өлгөндөн кийин жасашкан көптөгөн кереметтер улам азайып отуруп токтогон (1 Коринфтиктерге 13:8—13). Бүгүн биз кадимки кереметтерди көргөн жерибиз жок. Бирок Ыйса өзүнүн жолдоочуларына: «Чынын, чынын силерге айтып жатамын: Мен аткарып жаткан иштерди, Мага ишенүүчү да аткарат жана мындан чоңун да аткарат»,— деп айткан (Иоанндан 14:12). Алгачкы жолу бул сөздөр биринчи кылымда, Ыйсанын окуучулары жакшы кабарды Рим империясынын бардык жеринде таратышканда, аткарылган (Римдиктерге 10:18). Бүгүн, Майланган калдык жакшы кабарды ‘бүтүн ааламга, бүт элдерге күбөлүк үчүн’ таратуу ишин жетектеп жатканда, мурдагыдан да чоң иштер аткарылды (Матфейден 24:14). Кандай иштер? Жыйырманчы кылым Иеговага өздөрүн арнаган ишенимдүү кызматчылардын санынын тарыхтагы эң жогорку өсүшүн көрсөттү (Иоанндын аяны 5:9, 10; 7:9, 10). Иегованын улуу күчүнүн кандай гана айкын далили! (Исаия 60:22).
Ыйсанын бир туугандарынын даңкта келиши
19. Ыйсанын майланган бир туугандары Ыйса менен бирге даңкта качан келишет?
19 Ыйсанын майланган бир туугандарынын калдыгынын мүчөлөрү өздөрүнүн жердеги жолун аяктаганда Христос менен бирге даңкталышууда (Римдиктерге 2:6, 7; 1 Коринфтиктерге 15:53; 1 Фессалоникалыктарга 4:14, 17). Өлбөстүккө ээ болушуп, алар асмандагы Падышалыкта падышалар жана дин кызматчылары болушууда. Ыйса менен бирдикте анын туугандары кийинчерээк «аларды [элдерди] темир таяк менен кайтарат; алар карападай талкаланат» (Иоанндын аяны 2:27; 20:4—6; Забур 109:2, 5, 6). Ыйсанын бир туугандары аны менен бирге «Израилдин он эки уруусун» соттоо үчүн тактыларга отурушат (Матфейден 19:28). Онтоп жаткан макулук ‘Кудай балдарынын айкын болуусунун’ бөлүгү болгон ушул окуяларды чыдамсыздык менен күтүп жатат (Римдиктерге 8:19—21; 2 Фессалоникалыктарга 1:6—8).
20. а) Кубулуу көрүнүшү Пётрду эмнеге ынандырган? б) Кубулуу бүгүн христиандарды кантип бекемдеп жатат?
20 Ыйсанын «эң чоң кайгыда» келүүсү жөнүндө айтып жатып, Павел: «Ошол күндө, Ал Өзүнүн касиеттүүлөрүндө даңкталганы үчүн жана бардык ишенүүчүлөрдөн урмат алуу үчүн келгенде»,— деп жазган (Матфейден 24:21; 2 Фессалоникалыктарга 1:10). Пётр, Жакып, Иоанн жана рух менен майланган бардык христиандар үчүн кандай гана сонун ийгиликтүү келечек! Кубулуу Пётрдун ишенимин бекемдеген. Албетте, ушул көрүнүш жөнүндөгү билдирүү биздин дагы Ыйса жакында «ар кимисине өзүнүн иштерине карай тиешесин берет» деген ишенимибизди бекемдейт. Биздин күндөрдө жашаган ишенимдүү майланган христиандар Ыйса менен бирге даңктала тургандарына ынанып бекемделишүүдө. Башка койлордун ишеними Ыйса аларды азыркы жамандыктын дүйнөсүнүн акырында куткара тургандыгын жана жакшынакай жаңы дүйнөгө алып бара тургандыгын билүүдөн улам күч алууда (Иоанндын аяны 7:14). Аягына чейин бекем болууга бул кандай гана кайраттандыруу! Бул көрүнүш, эмки макаладан көрө тургандай, бизди башка көп нерселерге да үйрөтө алат.
[Шилтемелер]
a «Күзөтчү Мунара Коому» басып чыгарган китептерди карагыла: «Сенин ысмың ыйык калсын», англ., 313, 314-беттер; «Иоанндын аяны — анын туу чокусу жакын калды!», англ., 164, 165-беттер.
b 2 Муса 2:15—22; 3:1—6; 5:2; 7:8—13; 8:18; 19:16—19; 5 Муса 31:23; 3 Падышачылыктардын 17:8—16; 18:21—40; 19:1, 2, 8—18; 4 Падышачылыктардын 2:1—14).
c «Иоанндын аяны — анын туу чокусу жакын калды!» (англ.) аттуу китептин 133—141-беттерин карагыла.
d «Күзөтчү Мунара Коому» басып чыгарган «Сен Армагеддондон аман калып, Кудайдын жаңы дүйнөсүнө кире аласың» (англ.) аттуу китептин 281—283-беттерин карагыла.
e «Сенин ысымың ыйык калсын» (англ.) деген китептин 317—320-беттерин карагыла.
Силер эстей аласыңарбы?
Кубулуу көрүнүшүндө Ыйса менен бирге кимдер көрүнгөн?
Кубулуу апостолдордун ишенимин кантип бекемдеген?
Ыйса менен бирге даңкка бөлөнүшкөн Муса жана Илия кубулуу көрүнүшүндө кимдерди көрсөтүп турган?
Муса жана Илия жак менен башка жактын — Кудайдын Израилинин ортосунда кандай окшоштуктар бар?