Жараткандын кереметтүү иштерине суктанып карагыла!
«Токтой тур да Кудайдын укмуш иштерин акылга сал» (Аюб 37:14).
1, 2. 1922-жылы кандай зор ачылыш жасалган жана буга кандай реакция болгон?
БИР археолог менен англиялык лорд көп жылдар бою кенч издеп кызматташып келишкен. Акыр-түбү 1922-жылдын 26-ноябрында Хауард Картер менен Лорд Карнарвон тарабынан египеттик фараондор көмүлгөн атактуу Фараондор өрөөнүнөн зор табылга — фараон Тутанхамондун мүрзөсү — табылган. Эшиги ачылгыс болуп бекитилгендиктен, эшикти оюуга туура келген. Анан Картер тешиктен шам менен баш багып, эки жакка көз жүгүртөт.
2 Кийинчерээк Картер: «Лорд Карнарвондун чыдамы кетип: „Бир нерсе көрүп атасыңбы?“ — деп тынчсыздана сураганда, мен: „Ооба, укмуш нерселерди“,— деп үн катканга араң жарадым»,— деп айткан. Мүрзөнүн ичиндеги миңдеген кенч-байлыктардын арасында чылк алтындан жасалган табыт да бар эле. Балким, ошол «укмуш нерселердин» айрымдарын силер сүрөттөрдөн же музейден көргөндүрсүңөр. Бирок, ал музей буюмдары канчалык укмуш болбосун, силердин жашооңорго алардын эч кандай байланышы деле болбосо керек. Андыктан, келгиле, силерге сөзсүз катышы бар жана силер үчүн баалуу болгон укмуш нерселерге көңүл буралы.
3. Биз үчүн баалуу боло ала турган укмуш нерселер жөнүндө маалыматты кайдан таба алабыз?
3 Мисалга көп кылымдар мурун жашаган жана азыркы кино, спорт жылдыздарынын же королдук үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар биринен көбүрөөк көңүл бурууга татыктуу адамды алып көрөлү. Ал «чыгыштын бүт уулдарынын эң атактуусу» деп аталчу. Анын ысмы силерге тааныш. Ал — Аюб. Ыйык Жазманын бүтүндөй бир китебинде Аюб жөнүндө жазылган. Ошентсе да Аюбдун замандаштарынын бири, Елиуй аттуу жаш адам, Аюбдун көз карашын оңдоого өзүн милдеттүү сезген. Елиуйдун айткандарына караганда, Аюб өзүнө жана өз тегерегиндегилерге ашкере көңүл бурган. Аюб китебинин 37-бабында ар бирибиз үчүн чындап баалуу боло ала турган так-айкын маалыматтар берилет (Аюб 1:1—3; 32:1—33:12).
4. Елиуйдун Аюб 37:14төгү чакырыкты айтышына эмне түрткү берген?
4 Аюбдун үч жалган досу көпкө сүйлөп, анын кайсы жактардан сөзүнөн же ишинен жаңыла алмактыгына карата өз божомолдорун айтышкан (Аюб 15:1—6, 16; 22:5—10). Елиуй бул диалогдун аякташын сабыр кылып күтүп отурган. Андан кийин ал кыраакылык жана даанышмандык менен сүйлөп, көптөгөн баалуу ойлорду айткан. Бирок анын: «Буга көңүл бур, Аюб; токтой тур да Кудайдын укмуш иштерин акылга сал»,— деп айткан негизги ою өзгөчө көңүл бурарлык (Аюб 37:14).
Укмуш иштердин Жаратуучусу
5. Елиуй айтып өткөн «Кудайдын укмуш иштерине» эмнелер кирет?
5 Елиуйдун Аюбду өзүнө, Елиуйга же башка адамдарга көңүл бурууга чакырбаганын байкасаңар. Елиуй акылмандык көрсөтүү менен Аюбду жана бизди Иегова Кудайдын укмуш иштерине назар салууга үндөгөн. Силердин оюңарча, «Кудайдын укмуш иштерине» эмнелер кирет? Ошондой эле ден соолукка, каржы-каражатка, келечекке, үй-бүлөгө, эмгектештериңерге жана коңшуларыңарга байланыштуу ой-санаага батып жүрсөңөр, Кудайдын иштерине эмне себептен көңүл буруу зарыл? Иегова Кудайдын укмуш иштерине анын акылмандыгы жана бизди курчап турган бүт жаратылыштын үстүнөн болгон бийлиги кирери шексиз (Неемия 9:6; Забур 23:1; 103:24; 135:5, 6). Муну айкын түшүнүү үчүн, Иса Навин китебиндеги бир окуяга назар салалы.
6, 7. а) Муса менен Иса Навиндин күндөрүндө Иегова кандай кереметтерди көрсөткөн? б) Ошол кереметтердин бирин өз көзүңөр менен көрсөңөр, кандай сезимде болор элеңер?
6 Муса аркылуу израилдиктерди боштондукка алып чыгыш үчүн, Иегова байыркы Египетке жазаларды жиберип, Кызыл деңизди экиге бөлгөн (2 Муса 7:1—14:31; Забур 105:7, 21, 22). Ушу сыяктуу эле окуя Иса Навин китебинин 3-бабында баяндалат. Мусанын ордун баскан Иса Навин Кудайдын элин суунун аркы өйүзүнө, Убадаланган жерге алып өтүшү керек болчу. Иса: «Ыйыкталгыла, анткени Теңир эртең силердин араңарга кереметтерди көрсөтөт»,— деген (Иса Навин 3:5, «Ыйык Китеп»). Кандай кереметтерди?
7 Билдирүүдө көрсөтүлгөндөй, көп миңдеген эркектер, аялдар жана балдар наркы өйүзгө кургак жер менен өтө алгыдай кылып Иегова Иордан дарыясынын ортосун ачып берген (Иса Навин 3:7—17). Эгер биз ошерде болуп, суунун экиге бөлүнгөнүн жана ошо адамдардын баарынын аман-эсен өтүп жатканын көрсөк, суунун минтип кереметтүү жол менен ачылганы бизди кандай гана таасирлентмек! Бул окуя Кудайдын өзүнүн жараткан нерселеринин үстүнөн бийлиги бар экенин көрсөткөн. Бирок азыр деле, биз жашап жаткан убакта, ошо сыяктуу кереметтүү нерселер бар. Алардын айрымдары кайсылар жана аларга эмне үчүн көңүл бурушубуз керек экенин билүү үчүн, Аюб 37:5—7-аяттарга кайрылып көрөлү.
8, 9. Аюб 37:5—7-аяттарда кайсы керемет иштер жөнүндө айтылып жатат жана биз бул кереметтер тууралуу эмне үчүн ой жүгүртүшүбүз керек?
8 Елиуй: «Кудай өз үнү менен шумдуктай күркүрөп жатат, биз үчүн акыл жетпеген керемет иштерди жасап жатат»,— деп жар салган. Кудайдын «шумдуктай» нерселерди кыларын айтып, Елиуй эмне дегиси келген? Ал кар жана ак жамгыр жөнүндө сөз кылган. Бул кубулуштар дыйкандын талаа иштерин токтото алмак. Ошондо анын Кудайдын иштери тууралуу ойлонууга убактысы жана мүмкүнчүлүгү болмок. Биз дыйкан болбосок да, жамгыр менен кар баарыбызга таасир тийгизиши мүмкүн. Жашаган жерибизге жараша, кар менен жамгыр биздин да иштерибизди токтотуп коё алат. Мындай кереметтер кимден экенин жана бул эмнени билдирерин ойлоого убакыт бөлөбүзбү? Ошол кереметтер тууралуу ой жүгүрткөн учурларыңар болду беле?
9 Белгилей кетчү нерсе, Аюб 38-баптан көрүнүп тургандай, Аюбга маңыздуу суроолорду берүү менен андай ой толгоого Иегова Кудай өзү да катышкан. Бул суроолорду Жаратканыбыз Аюбга берсе да, алардын биздин көз карашыбызга, тирүүлүгүбүзгө жана келечегибизге тиешеси бар экени шексиз. Ошондуктан, келгиле, Кудай кандай суроолорду бергенин карап, ал суроолордун маани-маңызына көңүл буралы да, Аюб 37:14төгү чакырыкка ылайык иш кылалы.
10. Аюб китебинин 38-бабы бизге эмне кылууга түрткү бериши керек жана ал бапта кандай суроолор көтөрүлөт?
10 «Жараткан Теңир бороондун ичинен Аюбга мындай деп жооп берди: Мааниси жок сөздөрү менен Кудайдын чечимин караңгылаган ким? Эркек сыяктуу белиңди бек буу, Мен сени суракка алам, сен Мага түшүндүр»,— деп башталат 38-бап (Аюб 38:1—3). Бул Аюбду Кудайдын сөздөрүнө кулак салууга даярдап, ааламдын Жаратуучусунун алдында турганын жана анын алдында жоопкер экенин түшүнүү менен ой жүгүртүүсүн оңдошуна жардам берген. Буга биз да, биздин замандаштарыбыз да муктаж. Анан Кудай Елиуй айтып өткөн нерселер тууралуу сөз козгоп: «Мен жердин негизин жаратканда сен кайда элең? Айт, эгер билсең. Анын көлөмүн ким чектеди? Эгер билсең. Ага жетекчилик кылуучу негиздерди ким койгон? Анын негизи эмнеге бекиген же болбосо анын пайдубалын ким койгон?» — деген (Аюб 38:4—6).
11. Аюб 38:4—6-аяттарды кандай түшүнүү керек?
11 Жер пайда болгондо, Аюб кайда эле да, биз кайда элек? Жердин долбоорун түзүп, ошо долбоор боюнча Жердин чен-өлчөмдөрүн сызгыч менен пландаштыра алгыдай архитектору биз болгонбузбу? Албетте, жок! А кезде адамдар али пайда боло элек болчу. Жер шары имарат болгондой, Кудай: «Анын пайдубалын ким койгон?» — деп сураган. Биз Жердин Күндөн эң туура аралыкта турарын жана бул жакшы шарттардын болушуна өбөлгө түзөрүн билебиз. Ошондой эле анын көлөмү да абдан ылайыктуу. Эгерде Жердин көлөмү чоңураак болсо, анда суутек газы атмосферадан чыга алмак эмес да, биздин планета жандуулардын өмүр сүрүшүнө жараксыз болмок. Жердин «пайдубалын» кимдир бирөө эң туура орунга жайгаштырганы айкын. Буга кимдин эмгеги сиңген: Аюбдунбу, биздинби же Иегова Кудайдынбы? (Аңгемелер 3:19; Иеремия 10:12).
Ким жооп бере алат?
12. Аюб 38:6дагы суроо бизди эмне тууралуу ойлондурат?
12 Кудай: «Анын негизи эмнеге бекиген?» — деп да сураган. Ойлондурарлык суроо бекен? Аюбга белгисиз болгон «тартылуу күчү» деген термин силерге тааныш болсо керек. Тартылуу күчүнүн аркасы менен Жер Күндүн зор массасына тартылып, өз ордунда кармалып турарын, мындайча айтканда, анын негизи бек экенин көбүбүз эле түшүнөбүз. Бирок кимдин тартылуу күчү, гравитация, жөнүндө толук түшүнүгү бар?
13, 14. а) Гравитацияга байланыштуу эмнени моюнга алуу керек? б) Аюб 38:6да айтылганга биздин реакциябыз кандай болушу керек?
13 Жакында эле жарык көргөн «Түшүндүрүлгөн Аалам» деген китепте «табият күчтөрүнүн ичинен гравитация баарына эле маалым, бирок ал жөнүндө эң эле аз түшүнүк бар» деп айтылат. Андан ары мындай делет: «Гравитация бош мейкиндик боюнча көз ачып-жумганча, кандайдыр бир түшүнүксүз жол менен тарай тургандай көрүнөт. Бирок физиктердин акыркы жылдардагы божомолдоолоруна караганда, гравитация гравитон деп аталган бөлүкчөлөрдөн түзүлгөн толкундар түрүндө тарашы мүмкүн... Бирок андай бөлүкчөлөрдүн бар экенине эч ким толук ынана элек» («The Universe Explained»). Бул эмнени билдирерин ойлоп көрсөңөр.
14 Иегова Аюбга жогорудагы суроолорду бергенден бери илим 3 000 жылга илгериледи. Буга карабастан, биздин жерди туура орбитада, өмүр сүрүшүбүзгө шарт түзгөн абалда, кармап турган гравитацияны биз да, адис физиктер да толук түшүндүрүп бере албайт (Аюб 26:7; Исаия 45:18). Бул баарыбыз гравитациянын жашырын сырларын казып изилдеп киришибиз керек дегенди билдирбейт. Тескерисинче, Кудайдын кереметтүү иштеринин ушул бир эле жагына көңүл бурганыбыз биздин Ага карата көз карашыбызга таасир этиши кажет. Анын акылмандыгы менен билими силерди сестентпей коёбу? Анын эрки жөнүндө эмне үчүн көбүрөөк билүү зарыл экенин түшүнүп турасыңарбы?
15—17. а) Аюб 38:8—11-аяттарда эмнеге көңүл бурулган жана кандай суроолор көтөрүлгөн? б) Океандар жана алардын Жер шарындагы жайгашуусу жөнүндөгү билимге байланыштуу эмнени моюнга алуу керек?
15 Жараткан сөзүн улантып, мындай суроолорду берген: «Деңиз эненин курсагынан чыккансып чыкканда, аны дарбаза менен ким тосту? Мен ага булутту кийим кылып, мунарыкты жалаяк кылып бергенде, сен кайда элең? Мен ага чек коюп, дарбаза, кулпу салып: „Ушуга чейин жетесиң, андан ары өтпөйсүң, текебердүү толкунуңдун чеги ушул жер болот“ деп айтканда, сен кайда элең?» (Аюб 38:8—11, «Ыйык Китеп»).
16 Деңизди «тосууга» континенттер, океандар, суунун ташкындоосу менен тартылышы катышат. Адам баласы аларга качантан бери байкоо жүргүзүп, изилдеп келатат? Миңдеген жылдар бою, айрыкча акыркы кылымда. Азыркы кезде ал нерселер тууралуу баары эле белгилүүдөй көрүнүшү мүмкүн. Бирок мына ушу 2001-жылы эң акыркы маалыматтарды табуу максатында ал теманы заңгыраган китепканалардан изилдесеңер же Интернеттин издөө-иликтөө мүмкүнчүлүктөрүн колдонсоңор, эмнелерди тапмаксыңар?
17 Беделдүү бир маалымдоочу эмгектен мындай фактылардын моюнга алынганын табууга болот: «Континенталдык көтөрүңкү түздүктөр менен океан бассейндеринин Жер шарындагы жайгашуусу, ошондой эле рельефтин негизги формаларынын жайгашуусу илим изилдөө жана теориялаштыруу жаатын көптөн бери абдан кызыктырып келген маселелерден». Мындан кийин ал энциклопедияда цитата катары гана алынган төрт болжолдуу түшүндүрмө берилет да, алар «көптөгөн гипотезалардын айрымдары» деп айтылат. А өзүңөргө белгилүү болгондой, гипотеза «тажрыйбада аныктала элек илимий божомолду, болжолду» билдирет.
18. Аюб 38:8—11-аяттар кандай корутундуга алып келет?
18 Мунун баары Аюб 38:8—11-аяттардагы суроолордун учурга ылайыктуу экенин баса көрсөтүп турган жокпу? Жер планетасынын бул өзгөчөлүктөрүн биз түзбөгөнүбүз айдан ачык. Айдын тартылуу күчү суунун адамдар жашаган жерлерди көбүнчө басып калбагыдай болуп ташкындашын жана тартылышын шарттайт. Айды ушундай кылып орноткон биз эмеспиз. Мунун баары кереметтерди Жаратуучунун гана колунан келери белгилүү (Забур 32:7; 88:10; Аңгемелер 8:29; Расул 4:24; Аян 14:7).
Иеговага урмат-сый көрсөткүлө
19. Аюб 38:12—14-аяттардагы көркөм сөздөр көңүлүбүздү кайсы физикалык кубулуштарга бурат?
19 Аюб 38:12—14-аяттарда кыйыта айтылган Жердин айланышы үчүн урмат-сыйга адамдар татыктуу боло албайт. Жердин айлануусу көп учурда көздүн жоосун алган таң нурун жаратат. Күн көтөрүлгөн сайын, жердин бети, мөөрдүн астында өзгөрүлгөн чоподой болуп, даана көрүнө берет. Жердин кыймылынын бир эле өзгөчөлүгүнө көңүл буруп, таң калбай коюу мүмкүн эмес. Мисалы, Жер өтө тез айланса, бул кандай каргашалуу болмоктугу айтпаса да түшүнүктүү. А эгер жай айланса, күн менен түн кыйла узунураак болуп, өтө ысык же өтө суук шарттар өкүм сүрүп, адамзат жашай алмак эмес. Чынында, Жердин айлануу ылдамдыгын адам баласы эмес, Кудай белгилегени бизди кубандырышы керек (Забур 148:1—5).
20. Аюб 38:16, 18-аяттардагы суроолорго эмне деп жооп берет элеңер?
20 Эми төмөнкү суроолорду Кудай силерге берип жатат деп элестетсеңер: «Сен деңиздин тереңине түшүп, түпсүздүктүн түбүн изилдөөгө кириштиң беле?» Бул суроого жадагалса океанограф да толук жооп бере албайт! «Жердин кенендигине көз жүгүрттүң беле? Эгерде булардын бардыгын билсең, түшүндүрүп бер» (Аюб 38:16, 18). Силер төгөрөктүн төрт бурчун же, жок дегенде, Жердин көбүрөөк бөлүгүн кыдырып изилдөө жүргүздүңөр беле? Жер шарынын кооз жайлары менен укмуштарына назар салып чыгуу үчүн канча доор өмүр сүрүү зарыл болмок? Ал мезгил кандай гана кереметтүү болор эле!
21. а) Аюб 38:19да берилген суроолордун кандай илимий көз караштарга байланышы бар? б) Жарык жөнүндөгү чындык бизге эмне кылууга түрткү бериши керек?
21 Эми Аюб 38:19дагы: «Жарык турган жерге жеткирчү жол кайда жана караңгынын турган орду кайда?» — деген оңой эмес суроолорго көңүл бурсаңар. Жарык көлмөнүн бетиндеги жыбыр толкундарга окшоп тарайт деген көз караштын көп убакыт бою үстөм болуп келгени силерге маалым болсо керек. 1905-жылы болсо Альберт Эйнштейн жарык энергиянын порцияларын, бөлүкчөлөрүн, билдирерин түшүндүргөн. Бул ошол суроолорду чечкенби? Жакында эле жарыкка чыккан бир энциклопедияда: «Жарык — бул толкунбу же бөлүкчөбү?» — деген суроо коюлат да, анан мындайча жооп берилет: «Сыягы, [жарык] тиги да, бу да боло албайт, анткени бул эки форманын [толкун менен бөлүкчөнүн] ортосундагы айырма өтө эле чоң. Эң туура жооп: жарык — бул толкун да, бөлүкчө да эмес». Бул жагынан Кудайдын иштерин алигече эч бир адам толук түшүндүрүп бере албаса да, биз Күндүн жарыгынан түз жана кыйыр жолдор менен жылуулук алып келатабыз. Ал жарыктын өсүмдүктөргө тийгендигинин натыйжасында биз тамак-аш жана кычкылтек менен камсызбыз. Жарыктын тийип жатканынын натыйжасында бизде окууга, жакындарыбыздын жүзүн көрүүгө, күндүн батканына суктанууга жана башка нечендеген нерселерди кылууга мүмкүнчүлүктөр бар. Эмесе, мунун баары Кудайдын укмуштуу иштери экенине макул болбошубуз керекпи? (Забур 103:1, 2; 144:5; Исаия 45:7; Иеремия 31:35).
22. Кудайдын кереметтүү иштери Дөөткө кандай таасир берген?
22 Иегованын кереметтүү иштеринин үстүнөн ой жүгүрткөнүбүз суктанып же деңдароо болуп таасирленишибиз үчүн элеби? Албетте, жок. Байыркы убакта забурчу Дөөт Кудайдын иштери түшүнүп бүткүс, айтып бүткүс экенин моюнга алып: «Теңир, Кудайым, Сен көп иштерди жасадың, Сенин бизге көрсөткөн кереметтериңди... мунун баарын жар салып айтаар элем, бирок аларга сан жетпейт»,— деп жазган (Забур 39:6, «Ыйык Китеп»). Бирок муну менен ал ошол укмуш иштер тууралуу үн катпай турганын билдирген эмес. Дөөттүн башка нерсеге чечкиндүү болгону Забур 9:2де мындайча көрсөтүлгөн: «Сени, Теңир, жан дилим менен даңктайм, Сенин бүт кереметиңди жарыя кылып жактайм».
23. Кудайдын кереметтүү иштери силерге кандай түрткү берет жана башкаларга кантип жардам бере аласыңар?
23 Кудайдын иштери бизге да ошондой таасир бериши керек эмеспи? Анын эбегейсиз зор иштерине таң болушубуз анын өзү, анын эмнелерди жасаганы жана эмнелерди жасай турганы тууралуу айтышыбызга түрткү бербеши керекпи? Бул суроолордун жообу айкын: биз «элдер арасына Анын даңкын жарыя кылып, бардык уруу-уруктарда Анын кереметтерин даңаза кылышыбыз» керек (Забур 95:3—5). Ооба, Кудайдын кереметтүү иштери үчүн болгон ыраазычылыгыбызды ал жөнүндө билгендерибизди башкаларга айтуу менен көрсөтө алабыз. Алар Жаратканды четке каккан коомчулукта тарбияланган болушса да, биздин оң маанайдагы жана маңыздуу сөздөрүбүз аларга Кудай менен таанышууга түрткү бериши мүмкүн. Анан да, бул алардын кереметтүү иштердин Жаратуучусу, «бардыгын жараткан» Иегова жөнүндө билүүгө жана ага кызмат кылууга болгон каалоосун өстүрүшү ыктымал (Аян 4:11).
Эмне деп жооп бермексиңер?
• Аюб 37:14төгү чакырык Кудайдын кайсы иштери жөнүндө ойлонууга түрткү берет?
• Аюб китебинин 37, 38-баптарында айтылып өткөн кайсы айрым нерселерди илим толугу менен түшүндүрүп бере албайт?
• Кудайдын кереметтүү иштери силерге кандай таасир этет жана эмне кылууга түрткү берет?
[7-беттеги сүрөт]
Деңизди өз ордунда кармап, «тосуп» турган ким?
Кудай жараткан Жердин бардык кооз жайларын кыдырып чыккан ким бар?