-
Кудай бизди эмне үчүн жараткан?Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр! Ыйык Китепти түшүнгөнгө жардам
-
-
25-БӨЛҮМ
Кудай бизди эмне үчүн жараткан?
Ыйык Китепте: «Адамдын өмүрү кыска, санаага толгон»,— деп айтылат (Аюп 14:1). Кудай биздин ушинтип кыйналып жашашыбызды каалады беле? Эгер каалабаса, анда анын ой-ниети кандай эле? Качандыр бир убакта ошол ой-ниети ишке ашабы? Бул суроолордун жообун Ыйык Китептен таба алабыз. Алар бизге үмүт берет.
1. Жахаба жашообуздун кандай болушун каалайт?
Ал биздин эң сонун шарттарда жашашыбызды каалайт. Адам ата менен Обо энени жараткандан кийин Жахаба аларды ажайып кооз бейишке, Эйден багына, жайгаштырган. «Анан аларга: „Укумдап-тукумдагыла, жер бетин толтургула, аны иштеткиле“,— деп батасын берген» (Башталыш 1:28). Жахаба алардын бала-чакалуу болуп, бүт жер бетин бейишке айландырышын, жан-жаныбарларга кам көрүшүн каалаган. Ал бардык адамдардын ден соолугу чың болуп, түбөлүк өмүр сүрүшүн ниет кылган.
Албетте, азыр жашоо Кудай каалагандай эмесa. Бирок анын баштапкы ой-ниети өзгөргөн жок (Ышая 46:10, 11). Ал дагы деле ага баш ийген кишилердин телегейи тегиз шартта түбөлүк жашашын каалайт. (Оку: Аян 21:3, 4.)
2. Канткенде жашообуз азыртадан эле маңыздуу болот?
Жахаба бизди «рухий муктаждык» менен жараткан. Бул жүрөгүбүздө аны таанып-билип, ага сыйынууга болгон каалоо бар экенин билдирет. (Оку: Матай 5:3—6.) Кудай биздин аны менен ынак мамиледе болушубузду, «анын жолдору менен жүрүп, аны сүйүшүбүздү», «бүт жүрөгүбүз» менен кызмат кылышыбызды каалайт (Мыйзам 10:12; Забур 25:14). Эгер ушундай кылсак, кыйынчылыктарга карабай чындап бактылуу боло алабыз. Жахабага сыйынсак, жашообуз маңызга толот, анткени ал каалагандай жашаган болобуз.
ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ
Жахабанын жерди жашоого ыңгайлуу кылып жаратканынан бизди жакшы көрөрү кандайча көрүнүп турат? Анын Сөзүндө жашоонун маңызы жөнүндө эмне делет? Ушулар тууралуу көбүрөөк бил.
3. Жахаба жыргап-куунап жашашыбызды каалайт
ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроону талкуулагыла:
Кудай көз жоосун алган Жер планетасын эмне үчүн жараткан?
Окугула: Насаатчы 3:11. Анан бул суроону талкуулагыла:
Бул аяттан көрүнүп тургандай, Жахаба бизди кандай ой-ниет менен жараткан?
4. Жахабанын ой-ниети өзгөргөн жок
Окугула: Забур 37:11, 29; Ышая 55:11. Анан бул суроону талкуулагыла:
Жахабанын адамзатка карата ой-ниети өзгөрбөгөнүн каяктан билебиз?
Каралбай калган үйдү кайра оңдоп алса болот. Ошо сыяктуу эле, азыр адамдар булгап, кыйратып жаткан жерди Кудай кайра калыбына келтирет жана анда Кудайды жакшы көргөн адамдар жашайт
5. Жахабага сыйынсак, жашообуз чындап маңыздуу болот
Жашоонун маңызын тапкандар бактылуу болушат. ВИДЕОНУ көрүп, бул суроону талкуулагыла:
Жашоонун маңызын тапканы Терумиге кандай таасир эткен?
Окугула: Насаатчы 12:13. Анан бул суроону талкуулагыла:
Жахаба бизге ушунчалык көп жакшылык кылып келаткандыктан, ага кантип ыраазычылык билдирсек болот?
АЙРЫМДАР МИНТИП СУРАШЫ МҮМКҮН: «Биз эмне үчүн жаралганбыз?»
Сен эмне деп жооп берет элең?
НЕГИЗГИ ОЙ
Жахаба биздин жер бетинде телегейи тегиз шартта түбөлүккө рахаттанып өмүр сүрүшүбүздү каалайт. Ага бүт жүрөгүбүз менен кызмат кылсак, жашообуз азыртадан эле чындап маңыздуу болот.
Кайталоо
Жахаба Адам ата менен Обо энени эмне үчүн жараткан?
Кудайдын адамзатка карата ой-ниети өзгөрбөгөнүн каяктан билебиз?
Канткенде жашооң маңыздуу болот?
КӨБҮРӨӨК БИЛ
Эйден багынын чындап эле болгонуна кандай далилдер бар экенин окуп көр.
«Эйден багы чынында эле болгонбу?» («Күзөт мунарасы», январь—март, 2011)
Жердин эч качан жок болбой турганына эмне үчүн ишенсек болот?
Канткенде жашооң маңыздуу болот? Бул жөнүндө Ыйык Китепте эмне делерин окуп көр.
Бир кишиге, каалаганынын баары бар болсо да, бир нерсе жетпей жаткандай сезиле берчү. Ал ошол боштукту кантип толтурган?
a Мунун себебин кийинки бөлүмдөн биле аласың.
-
-
Кудайдын Падышалыгы деген эмне?Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр! Ыйык Китепти түшүнгөнгө жардам
-
-
2. Иса жалгыз эле башкарабы?
Жок. Аны менен чогуу «ар бир уруудагы, элдеги, улуттагы, ар кандай тилде сүйлөгөн адамдар... жер үстүнөн падышалык кылышат» (Аян 5:9, 10). Алардын саны канча? Иса жерде кызмат кылып кеткенден бери эсептей турган болсок, анын жолдоочулары миллиондоп саналат. Бирок алардын ичинен Иса менен чогуу асманда бийлик кылганга 144 000 эле киши тандалып алынат. (Оку: Аян 14:1—4.) Калгандарынын баары Падышалыктын жерде жашай турган жарандары болот (Забур 37:29).
-
-
Кудайдын Падышалыгы эмнелерди ишке ашырат?Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр! Ыйык Китепти түшүнгөнгө жардам
-
-
Кудайдын Падышалыгы эмнелерди ишке ашырат?
Падышалык азыркы учурда асманда башкарып жатат. Жакында бүт жер үстүнөн бийлик жүргүзүп, чоң өзгөрүүлөрдү кылат. Анда эмесе, анын келечекте кандай баталарды алып келерин карап көрөлү.
1. Кудайдын Падышалыгы жер бетине тынчтык менен адилеттикти кантип орнотот?
Падышалыктын Падышасы Иса Армагедон согушунда ыймансыз кишилерди жана жердеги өкмөттөрдү жок кылат (Аян 16:14, 16). Ошол учурда Ыйык Китептеги: «Дагы бир аздан кийин ыймансыз жок болот»,— деген убада толугу менен аткарылат (Забур 37:10). Иса Падышалыгы аркылуу жер бетинде тынчтыктын жана адилеттиктин орношуна кам көрөт. (Оку: Ышая 11:4.)
2. Кудайдын эрки жерде аткарылганда жашоо кандай болот?
Кудайдын Падышалыгынын башкаруусу алдында «адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат» (Забур 37:29). Жахабаны жана бири-бирин сүйгөн жакшы кишилердин арасында жашап жатканыңды элестетсең! Ал учурда эч ким оорубайт, баары тең түбөлүк жашайт.
3. Ыймансыздар жок кылынгандан кийин, Кудайдын Падышалыгы эмнелерди кылат?
Жер кара ниет кишилерден тазалангандан кийин, Иса 1000 жыл башкарат. Ошол убакта ал жана анын 144 000 кошо башкаруучусу адамзатка күнөөдөн арылып, жеткилеңдикке жеткенге жардам берет. Миң жылдыктын аягында жер ажайып кооз бейишке айланып, Жахабанын мыйзамдарына баш ийген бактылуу адамдарга толот. Анан Иса бийликти Атасы Жахабага өткөрүп берет. Ошондо Жахабанын ысмы болуп көрбөгөндөй деңгээлде ыйыкталат (Матай 6:9, 10). Андан тышкары, Жахабанын өз элине кам көргөн эң мыкты Башкаруучу экени далилденет. Андан соң Жахаба Шайтан менен анын жин-перилерин жана алар тарапта болууну чечкендердин баарын жок кылат (Аян 20:7—10). Кудайдын Падышалыгы орноткон телегейи тегиз жашоо түбөлүккө созулат.
ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ
Кудай Ыйык Китептеги келечекке байланыштуу убадаларынын баарын Падышалыгы аркылуу ишке ашырарына эмне үчүн ишенсек болорун бил.
4. Кудайдын Падышалыгы жердеги өкмөттөрдү кыйратат
«Адамдын адамга бийлик кылышы зыян алып келет» (Насаатчы 8:9). Жахаба Падышалыгы аркылуу ушундай адилетсиз башкаруунун кесепетин жоёт.
Окугула: Даниел 2:44; 2 Тесалоникалыктар 1:6—8. Анан бул суроолорду талкуулагыла:
Жахаба менен анын Уулу Иса жердеги өкмөттөрдү жана аларды колдогондорду эмне кылат?
Жахаба менен Иса жөнүндө билгендериң сени алардын адилеттик, акыйкаттык менен иш кыларына эмне үчүн ынандырат?
5. Иса — теңдешсиз Падыша
Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары ал биздин жыргалчылыгыбыз үчүн көп нерселерди кылат. Анын башкаларга жардам бергенге даяр болгонун жана Кудайдын ага күч бергенин билиш үчүн ВИДЕОНУ көргүлө.
Исанын жерде жүргөндө кылган иштеринен Падышалыктын эмнелерди ишке ашырарын билсе болот. Кийинки абзацта саналган баталардын кайсынысын чыдамсыздык менен күтүп жатасың? Алар жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн келтирилген аяттарды окугула.
ИСА ЖЕРДЕ ЖҮРГӨНДӨ...
ИСА АСМАНДАН...
табият күчтөрүн башкарган (Марк 4:36—41).
жаратылышты калыбына келтирет (Ышая 35:1, 2).
керемет кылып миңдеген адамдарды тойгузган (Матай 14:17—21).
ачарчылыкты жоёт (Забур 72:16).
оорулууларды айыктырган (Лука 18:35—43).
баарынын ден соолугу чың болушуна кам көрөт (Ышая 33:24).
өлгөндөрдү тирилткен (Лука 8:49—55).
өлгөндөрдү тирилтип, өлүмдү жок кылат (Аян 21:3, 4).
6. Кудайдын Падышалыгы жаркын келечек тартуулайт
Падышалык Жахабанын адамзатка байланыштуу баштапкы ой-ниетин толугу менен орундатат. Ошондо адамдар жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашашат. Жахабанын өзүнүн ой-ниетин Иса аркылуу кантип ишке ашырып жатканын билиш үчүн ВИДЕОНУ көргүлө.
Окугула: Забур 145:16. Анан бул суроону талкуулагыла:
Жахабанын «бардык тирүү жандардын каалоосун орундатарын» билгениң сага кандай таасир этти?
АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Эгер баарыбыз биримдикте иш-аракет кылсак, дүйнөдөгү көйгөйлөрдү чече алабыз».
Кудайдын Падышалыгы азыркы өкмөттөр чече албай жаткан кандай кыйынчылыктарды чечип берет?
НЕГИЗГИ ОЙ
Кудай Падышалыгы аркылуу ой-ниетин ишке ашырат. Ал бүтүндөй жер бетин бейишке айлантып, Жахабага сыйынган жакшы кишилердин түбөлүк жашашына шарт түзөт.
Кайталоо
Падышалык Жахабанын ысмын кантип ыйыктайт?
Падышалыктын Ыйык Китептеги убадаларды аткарарына эмне үчүн ишенсек болот?
Кудай Падышалыгы аркылуу төгө турган баталардын кайсынысын эңсеп күтүп жатасың?
КӨБҮРӨӨК БИЛ
Армагедондун эмнени билдирерин окуп көр.
«Армагедон согушу деген эмне?» (jw.org/ky сайтындагы макала)
Исанын 1000 жылдык башкаруусунун убагында жана аягында кандай окуялар болот?
Үй-бүлөбүз менен чогуу Падышалык алып келе турган баталар жөнүндө кантип ой жүгүртсөк болот?
«Суроолорума жооп таба албай келгем» деген макаладан бийликке каршы чыккан бир кишинин адамзаттын көйгөйлөрүн ким чечип берери жөнүндө кантип билгенин окуп көр.
«Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат» («Күзөт мунарасы», 1-январь, 2012)
-