Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • w17 апрель 9—13-бб.
  • Кудайдын Падышалыгы келгенде эмнелер жок кылынат?

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Кудайдын Падышалыгы келгенде эмнелер жок кылынат?
  • Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2017
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • ЫЙМАНСЫЗ АДАМДАР
  • АЛДЫМ-ЖУТТУМ УЮМДАР
  • ТУУРА ЭМЕС ИШТЕР
  • БИЗДИ АЗАПКА САЛГАН НЕРСЕЛЕР
  • Кудайдын Падышалыгы аркылуу куткарылууга аз калды!
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2008
  • Бул дүйнөнүн жок болоруна аз калдыбы?
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт (Жалпыга арналган чыгарылышы)—2021
  • Азап-кайгыдан арыла турган күнгө аз калды!
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2013
  • Кудай жерди кандай ой-ниет менен жараткан?
    Ыйык Китепте чынында эмне делет?
Дагы башкасы
Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2017
w17 апрель 9—13-бб.
Ак боз ат минген Иса Машаяк асман аскерлерин баштап келатат

Кудайдын Падышалыгы келгенде эмнелер жок кылынат?

«Бул дүйнө өзүнүн кумарлары менен кошо жок болот, ал эми Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт» (1 ЖКН. 2:17).

ЫРЛАР: 139, 144

ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢ?

  • Жахаба ыймансыз адамдарды жана алдым-жуттум уюмдарды эмне кылат?

  • Жахаба жерди туура эмес иштерден жана бизди азапка салган нерселерден кантип тазалайт?

  • Азыркы ыймансыз дүйнө жок кылынганда аман калыш үчүн эмне кылышың керек?

1, 2. а) Бул дүйнөнү кандай мааниде өлүм өкүмү чыгарылган кылмышкерге салыштырууга болот? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.) б) Бул дүйнөгө чыгарылган өкүм ишке ашканда, ааламдагы аң-сезимдүү жаратуулардын баары кандай сезимде болушат?

«ӨЛГӨН КИШИ КЕЛАТАТ!» Зөөкүр кылмышкерди камерасынан алып чыгып, артынан темир эшиктер тарс жабылат да, аны жандап бараткан сакчылар ушинтип кыйкырышат. Эмне үчүн? Мындай карасаң, кылмышкердин дени сактай эле көрүнөт, өлүмгө дуушар кылчудай ооруга чалдыкканы деле байкалбайт. Бирок сакчылар аны өлүм жазасына тартуу үчүн алып баратышат. Ага өлүм өкүмү чыгарылгандыктан, аны өлгөн деп айтууга болотa.

2 Кандайдыр бир мааниде бул дүйнө түзүлүшүн өлүм өкүмү чыгарылган кишиге салыштырууга болот. Азыркы бузулган дүйнөгө тээ мурун эле өкүм чыгарылган жана анын жок кылынарына абдан аз калды. Ыйык Китепте: «Бул дүйнө... жок болот»,— деп айтылат (1 Жкн. 2:17). Ооба, бул дүйнө түзүлүшүнүн аягы сөзсүз келет. Бирок ага чыгарылган өкүм жогоруда айтылган кылмышкердикинен айырмаланат. Анткени кылмышкерге чыгарылган өкүм аткарылып жатканда айрымдар каршы болуп, жазанын адилеттүү экенин талашка салышы же анын акыркы мүнөттөрдө кийинкиге жылдырылып каларына үмүттөнүшү мүмкүн. Ал эми бул дүйнөгө өкүмдү ааламдагы эң адилеттүү Эгедер Кудай чыгарган (Мыйз. 32:4). Ошондуктан ал өкүмдүн аткарылышы эч качан кийинкиге жылдырылбайт жана анын адилеттүү болоруна кымындай да шек саноо болбойт. Өкүм ишке ашкандан кийин, ааламдагы аң-сезимдүү жаратуулардын баары адилеттүүлүк орногонуна чын жүрөктөн кошулушат. Ошондо кандай гана жеңилдейбиз!

3. Бул макалада Кудайдын Падышалыгы келгенде жок кылына турган кайсы төрт нерсеге токтолобуз?

3 Жок боло турган дүйнөгө эмнелер кирет? Бүгүнкү күндө адамдар жашоонун ажырагыс бөлүгү катары көрүп, түбөлүктүү деп эсептеген нерселердин көбү кирет. Алардын баары жакында жок кылынат. Бул кайгылуу кабарбы? Жок. Тескерисинче, бул Падышалык жөнүндөгү жакшы кабардын маанилүү бөлүгүн түзөт (Мт. 24:14). Эмесе, Кудайдын Падышалыгы келгенде эмнелерди кыйратарына токтололу. Биз бул макалада төрт нерсени карап чыгабыз: ыймансыз адамдар, алдым-жуттум уюмдар, туура эмес иштер жана бизди азапка салган нерселер. Ар бирин талкуулап жатканда төмөнкү үч суроого жооп алабыз: 1) Алар бизге кандай таасир этүүдө? 2) Жахаба аларды эмне кылат? 3) Аларды жакшы нерселерге кантип алмаштырат?

ЫЙМАНСЫЗ АДАМДАР

4. Ыймансыздар бизге кандай жолдор менен таасир этүүдө?

4 Ыймансыз адамдар бизге кандай таасир этүүдө? Азыркы убактын «өзгөчө оор мезгил» болорун алдын ала айткандан кийин элчи Пабыл: «Кара өзгөй адамдар, алдамчылар... барган сайын бузула беришет»,— деп кошумчалаган (2 Тим. 3:1—5, 13). Сен ушул пайгамбарлыктардын аткарылып жатканын көрүп жатасыңбы? Көптөрүбүз ыймансыз адамдардан, алсак, ээн баштардан, жек көрүүчүлүккө ууккан фанаттардан жана ашынган кылмышкерлерден жапа чегип келебиз. Алардын айрымдары ачыктан ачык эле кара ниеттик кылса, башкалары адил кишидей көрүнүп, жең ичинен алдамчылык кылышат. Андайлардын айынан түзмө-түз азап тартпасак да, алар баары бир деле бизге таасир этүүдө. Мисалы, алардын төбө чачты тик тургузган иштерин укканда же көргөндө жүрөгүбүз оорубай койбойт. Ошондой эле ыймансыздардын балдарга, карыларга же дагы башка алсыз кишилерге катаал мамиле кылганы жөнүндө билгенде жүрөгүбүз титирейт. Андай кишилер таптакыр адамгерчиликке жатпаган, жырткычтарга, атүгүл жиндерге мүнөздүү маанай чагылдырышат (Жкп. 3:15). Бактыга жараша, Жахабанын Сөзүндө бизди кубанычка бөлөгөн жакшы кабар камтылган.

5. а) Ыймансыздарга азыр кандай мүмкүнчүлүк берилүүдө? б) Такыр өзгөргүсү келбегендер акыры эмне болушат?

5 Жахаба эмне кылат? Бүгүнкү күндө ал ыймансыздарга өзгөргөнгө мүмкүнчүлүк берүүдө (Ыш. 55:7). Жахаба бул дүйнө түзүлүшүн жок кылууну чечсе да, азырынча ар бир адамга жекече өкүм чыгара элек. Бирок өзгөргүсү келбей, улуу алааматка чейин бул дүйнө түзүлүшүн колдогонун уланта бергендер эмне болушат? Жахаба жер бетин ыймансыздардан биротоло тазалаарын убада кылган. (Оку: Забур 37:10.) Алар жазаланбай калабыз деп ойлошу мүмкүн. Туура эмес иштерди кылгандардын көптөрү изин жашырууга үйрөнүп алышкан жана көп учурда тийиштүү жазасын албай, кылган ишинин кесепетин тартпай жаткандай көрүнөт (Аюп 21:7, 9). Бирок Ыйык Китепте: «[Кудайдын] көздөрү адамдын жолдорун, бардык кадамдарын көрүп турат. Кыянаттык кылып жүргөндөр жашынгыдай караңгылык да, коюу түн да жок»,— деген эскертүү жазылган (Аюп 34:21, 22). Ырас, Жахаба Кудайдын алдында бир да кыңыр иш жашыруун калбайт. Жалганчылардын эч кимиси аны алдай албайт. Кудайдын курч көздөрү жетпей турган караңгылык да, тереңдик да жок. Ага баары алаканга салгандай көрүнүп турат. Армагедондон кийин ыймансыз адамдар жүргөн жерлерди карасак да, аларды көрө албайбыз, анткени түбөлүккө жок кылынышат (Заб. 37:12—15).

6. Ыймансыздар жок кылынганда, кимдер аман калат жана эмне үчүн бул жакшы кабар болуп эсептелет?

6 Ыймансыздар жок кылынганда, кимдер аман калат? Жахаба бизге: «Мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат да, мол тынчтыкка ырахаттанышат»,— деген жүрөк жылытарлык убада берген. Ошол эле забурдан: «Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат»,— деген сөздөрдү да окуйбуз (Заб. 37:11, 29). «Мүнөзү жумшактар» жана «адил адамдар» кимдерди билдирет? Мүнөзү жумшактар Жахабанын окутуусуна жана жетекчилигине момундук менен баш ийгендерди, «адил адамдар» Жахаба Кудайдын көз алдында туура иш кылууну жакшы көргөндөрдү билдирет. Бул дүйнөдө адил адамдарга караганда ыймансыздар басымдуулук кылат. Бирок жаңы заманда мүнөзү жумшак жана адил адамдарды көп же аз деп айтпай калабыз, анткени жер бетинде жалаң гана ошондой адамдар жашайт. Алардын баары жер жүзүн бейишке айлантышат.

АЛДЫМ-ЖУТТУМ УЮМДАР

7. Алдым-жуттум уюмдар бизге кандай таасир этүүдө?

7 Алдым-жуттум уюмдар бизге кандай таасир этүүдө? Бул дүйнөдөгү жаман иштердин көбүнө жеке адамдар эмес, уюмдар жооптуу. Мисалга диний уюмдарды алалы. Алар Кудайдын касиет-сапаттары, Ыйык Китептин ишенүүгө татыктуулугу, адамзат менен жердин келечеги жана башка ушу сыяктуу маанилүү нерселер жөнүндө жалган окууларды жайылтып, миллиондогондорду адаштырып жатышат. Же болбосо согуштарды, этностук кагылышууларды колдогон, карапайым, коргоочусу жок адамдарды эзген, паракорлуктун, жан тартуучулуктун аркасы менен гүлдөп жаткан өкмөттөр жөнүндө ойлонуп көрсөң. Ал эми айлана-чөйрөнү булгап, кен байлыктарды аёосуз колдонуп, сатып алуучулардын ишенчээктигинен пайдаланып жаткан ач көз уюмдар жөнүндө эмне айтууга болот? Алардын кылган ишинин натыйжасында бир нече эле киши байып, миллиондогондор болсо жакырчылыктын чеңгелинен чыга албай келишет. Ооба, бүгүнкү күндөгү азап-кайгынын көбүнө алдым-жуттум уюмдар себепкер экени талашсыз.

8. Ыйык Китепке ылайык, көптөргө бекем тургандай көрүнгөн уюмдар эмне болот?

8 Жахаба эмне кылат? Саясий күчтөр Улуу Бабыл деп аталган, сойку катары сүрөттөлгөн жалган диний уюмдардын баарына каршы чабуул койгондо, улуу алаамат башталат (Аян 17:1, 2, 16; 18:1—4). Алар биротоло жок кылынат. Ал эми башка кыянатчыл уюмдар эмне болот? Ыйык Китепте көптөгөн уюмдар менен коомдор каймана мааниде тоолорго, аралдарга салыштырылган. Алар көптөргө бекем, кыйратылгыстай көрүнөт. (Оку: Аян 6:14.) Бирок Кудайдын Сөзүндө бардык өкмөттөрдүн жана аларга көз каранды болгон уюмдардын түп-орду менен кыйратылары алдын ала айтылган. Дүйнөдөгү өкмөттөр менен алар тарапты ээлеп, Кудайдын Падышалыгына каршы чыккандардын баары улуу алааматтын акыркы баскычында жер менен жексен болот (Жер. 25:31—33). Андан кийин кыянаттык кылган бир да уюм болбойт!

9. «Жаңы жердин» уюшкандыкта иш алпарарынан эмне үчүн шектенбесек болот?

9 Алдым-жуттум уюмдар эмне менен алмаштырылат? Армагедондон кийин жер бетинде кайсы бир уюм болобу? Ыйык Китепте: «Анын убадасы боюнча, адилдик өкүм сүрө турган жаңы асман менен жаңы жерди күтүп жатабыз»,— делет (2 Пет. 3:13). Азыркы асман менен жер, тактап айтканда, сатылма өкмөттөр жана алардын бийлиги алдындагы коомдор кыйратылат. Алардын ордун эмне ээлейт? «Жаңы асман менен жаңы жер» деген сөздөр жаңы өкмөт жана анын башкаруусу алдында жашай турган жаңы адамзат коому болорун билдирет. Иса Машаяк башкарган Падышалык тартиптин Кудайы болгон Жахабанын сапаттарын жеткилең түрдө чагылдырат (1 Кор. 14:33). Ошондуктан «жаңы жер» уюшкандыкта иш алып барат. Жерде ар кандай маселелерди чечип бере турган жакшы адамдар болот (Заб. 45:16). Аларды Машаяк менен 144 000 башкаруучу жетектейт. Алдым-жуттум уюмдар жок болуп, дүйнө жүзүндө акыйкат, биримдикке шарт түзгөн бир эле уюм болгондо жашоо кандай сонун болорун элестетсең!

ТУУРА ЭМЕС ИШТЕР

10. Сен жашаган жерде кандай туура эмес иштер кеңири таралган жана бул сага, үй-бүлөңө кандай таасир этүүдө?

10 Туура эмес иштер бизге кандай таасир этүүдө? Биз ыймансыздык кеңири кулач жайган дүйнөдө жашап жатабыз. Бул дүйнөдө адеп-ахлаксыздык, алдамчылык жана таш боордук барган сайын күч алууда. Өзгөчө, ата-энелер балдарын андай жаман таасирден коргоо үчүн бүт күчүн жумшашат. Көңүл ачуу тармагы Жахабанын ак-карага байланыштуу нормаларын төмөн кылып көрсөтүп, ал эми ыпылас иштерди даңктап-даңазалоого маш келет (Ыш. 5:20). Кудайдын кызматчылары анын таасирине алдырбаш үчүн күрөшүшөт. Алар Жахабанын нормалары баркка алынбаган дүйнөдө кынтыксыз бойдон калыш үчүн бүт күчүн жумшашат.

11. Жахабанын Содом менен Амор шаарларына чыгарган өкүмүнөн эмнени биле алабыз?

11 Жахаба эмне кылат? Содом менен Амор шаарлары мыйзамсыз иштерге толуп кеткенде, анын эмне кылганын карап көрөлү. (Оку: 2 Петир 2:6—8.) Ал жакта жашаган адил Лот да, үй-бүлөсү да айланасындагылар жасаган жаман иштерден улам катуу кыйналган. Жахаба ошол аймакты талкалоо менен ал жакты бузуку иштерден тазалагандан тышкары, «ыймансыздарга келечекте эмне болорун» да көрсөткөн. Ошол убакта ал ыймансыздыкка жаткан иштердин баарын токтоткондой эле, бул дүйнөгө чыгарган өкүмүн ишке ашырганда да азыр жасалып жаткан жаман иштердин баарын токтотот.

12. Жаңы заманда кайсы иштерди кылууну чыдамсыздык менен күтүп жатасың?

12 Жаман иштер эмне менен алмаштырылат? Бейиште бизге кубаныч тартуулаган иштер аябагандай көп болот. Жер бетин бейишке айландырып жатканда же өзүбүзгө, жакындарыбызга үй салганда канчалык ыракат аларыбызды ойлоп көрсөң. Ошондой эле тирилген миллиондогон адамдарды тосуп алып, аларга Жахабанын жолдору, адамзат үчүн кылып келген иштери жөнүндө билүүгө жардам берип жатканыбызды да элестетсең (Ыш. 65:21, 22; Элч. 24:15). Ооба, ал убакта кубаныч алышыбызга, Жахабанын даңкталышына өбөлгө түзгөн иштер арбын болот.

БИЗДИ АЗАПКА САЛГАН НЕРСЕЛЕР

13. Шайтандын жана Адам ата менен Обо эненин Жахабага каршы чыкканынын кесепети кандай болууда?

13 Бизге кандай таасир этүүдө? Ыймансыз адамдардын, алдым-жуттум уюмдардын, туура эмес иштердин айынан дүйнөдө азап-кайгы көп болууда. Согуштан, жакырчылыктан же улутчулдуктан зыян тартпаган ким бар? Ал эми оору менен өлүм жөнүндө эмне айтууга болот? Алар баарыбызга таасир этип келет. Ал нерселер — Шайтандын жана Адам ата менен Обо эненин Жахабага каршы чыкканынын кесепети. Ал ынсапсыз үч козголоңчунун айынан болуп жаткан каргашалардан азырынча эч кимибиз качып кутула албайбыз.

14. Жахаба бизди азапка салган нерселерди эмне кылат? Мисал келтир.

14 Жахаба эмне кылат? Ал согуш отун түбөлүккө өчүрөрүн убада кылган. (Оку: Забур 46:8, 9.) Ал эми оору эмне болот? Жахаба бизди оору-дарттын баарынан арылтат (Ыш. 33:24). Өлүмдү да түбөлүккө жок кылат (Ыш. 25:8). Жакырчылыкты биротоло жоёт (Заб. 72:12—16). Ал бизди азапка салган башка нерселерди да жок кылат. Андан тышкары, көптөргө терс таасир этип жаткан «аба» да болбойт, себеби Шайтан менен жин-перилердин таасири жок кылынат (Эф. 2:2).

Чоңдор жана балдар согуш, оору, өлүм болбогон заманда бактылуу өмүр сүрүүдө

Согуш, оору, өлүм болбогон замандын кандай болорун элестетсең! (15-абзацты кара)

15. Армагедондон кийин биротоло жок боло турган нерселерге эмнелер кирет?

15 Согуш, оору, өлүм болбогон замандын кандай болорун элестетсең! Куралдуу күчтөр, аскер-деңиз флоттору, аба күчтөрү, курал-жарактар, согушта курман болгондорду эскерүү деген такыр болбойт. Оорукана, доктур, медайым, медициналык камсыздоо, өлүккана, сөөк коюу бюросу, мүрзө дегендерди биротоло унутабыз. Кылмышкерлер, коопсуздукка кам көргөн уюмдар, сигнализация системалары, полиция кызматкерлери болбойт. Атүгүл кулпунун, ачкычтын да кереги жок болушу мүмкүн. Акылыбыз менен жүрөгүбүзгө тынчтык бербеген санаалардан да толугу менен арылабыз.

16, 17. а) Армагедондон аман өткөндөр өздөрүн кандай сезишет? Мисал келтир. б) Азыркы дүйнө жок кылынганда аман калыш үчүн эмне кылышың керек?

16 Кейиштүү абал оңолгондон кийин, жашоо кандай болот? Муну элестетүү оңой эмес. Мисалы, поезд өткөн жолго жакын жашаган адамдар анын үнүнө көнүп калышы же таштандынын жанында жашагандар анын жытын сезбей деле калышы мүмкүн. Анын сыңарындай, бул дүйнөдө көптөн бери жашап келаткандыктан дүйнөдөгү абалдын бизди канчалык жабыркатып жатканын байкабай деле калышыбыз ыктымал. Бирок жагымсыз нерсенин баары жок болгондо, кандай гана жеңилдейбиз!

17 Башыбыздан кечирип жаткан кыйынчылыктар эмне менен алмаштырылат? Забур 37:11де «мол тынчтыкка ырахаттанарыбыз» айтылат. Бул сөздөр жүрөгүңдү козгобойбу? Жахаба сенин так ошондой жашоону көрүшүңдү каалайт. Андыктан азыркы оор күндөрдө Жахаба менен болгон мамилеңди бекем сактап, уюмунан алыстабаш үчүн колуңан келгендин баарын кыл. Үмүтүң жөнүндө дайыма ой жүгүрт, аны жогору баала жана ал тууралуу башкаларга айта бер (1 Тим. 4:15, 16; 1 Пет. 3:15). Ошентсең, бул дүйнөгө чыгарылган өкүм ишке ашканда, аны менен кошо жок болуп кетпейсиң. Анын ордуна, аман калып, түбөлүккө бактылуу өмүр сүрөсүң!

a Көптөгөн жылдар мурун Кошмо Штаттардын айрым жерлериндеги түрмөлөрдө ушул абзацта сүрөттөлгөндөгүдөй иш-аракеттер кылынчу.

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү