Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • ijwbv 14-макала
  • Накыл сөздөр 3:5, 6. «Өз акылыңа таянба»

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Накыл сөздөр 3:5, 6. «Өз акылыңа таянба»
  • Ыйык Китептеги аяттардын түшүндүрмөсү
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • Накыл сөздөр 3:5, 6нын мааниси
  • Накыл сөздөр 3:5, 6нын контексти
  • Кудайдын турмуш-тиричиликке зарыл кеңештери
    Ыйык Китепте кандай кабар камтылган?
  • Накыл сөздөр 16:3. «Иштериңди Теңирге тапшыр»
    Ыйык Китептеги аяттардын түшүндүрмөсү
  • «Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян»
    «Ыйык кызматыбыз жана жашообуз» окуу куралы—2016
  • Бактылуу болуу үчүн, ишеним артуу маанилүү
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2003
Дагы башкасы
Ыйык Китептеги аяттардын түшүндүрмөсү
ijwbv 14-макала

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Накыл сөздөр 3:5, 6. «Өз акылыңа таянба»

«Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян, өз түшүнүгүңө ишеним артпа. Бардык жолдоруңда Кудайды эстеп жүр, ошондо ал сенин жолдоруңду түздөйт» (Накыл сөздөр 3:5, 6, «Жаңы дүйнө котормосу»).

«Бүт жүрөгүң менен Теңирден үмүттөн, өз акылыңа таянба. Бардык жолдоруңда Кудайды таанып бил, ошондо Ал сенин жолдоруңду багыттайт» (Накыл сөздөр 3:5, 6, «Үмүт нуру» котормосу).

Накыл сөздөр 3:5, 6нын мааниси

Маанилүү чечим чыгарарда өзүбүзгө таянбай Жахабаa Кудайдан жетекчилик сурашыбыз керек.

«Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян». Кайсы бир нерсени Кудайга жаккандай кылсак, ага таянарыбызды көрсөтөбүз. Биз Кудайга толугу менен, бүт жүрөгүбүз менен ишеним артышыбыз керек. Ыйык Китепке ылайык, «жүрөк» деген сөз, адатта, адамдын ички дүйнөсүн билдирет. Ага сезимдерибиз, ниетибиз, ой жүгүртүүбүз жана көз карашыбыз кирет. Демек, Кудайга бүт жүрөгүбүз менен таянуу деген сезимдерден да көп нерсени камтыйт. Ал бизге эмне жакшы болорун Жаратканыбыз гана билерине толук ишенүүнү билдирет (Римдиктер 12:1).

«Өз түшүнүгүңө ишеним артпа». Биз Кудайга таянышыбыз керек. Анткени пенде болгондуктан өз акылыбызга таяна албайбыз. Өзүбүзгө таянсак же сезимдерибизге эле жетеленсек, туурадай көрүнгөн, бирок акыры кесепеттүү боло турган чечимдерди чыгарышыбыз мүмкүн (Накыл сөздөр 14:12; Жеремия 17:9). Кудай бизден алда канча акылдуу (Ышая 55:8, 9). Ошондуктан анын акыл-насааттарына кулак каксак, бактылуу болобуз (Забур 1:1—3; Накыл сөздөр 2:6—9; 16:20).

«Бардык жолдоруңда Кудайды эстеп жүр». Жашообуздун бардык тармагында, ар бир чечим чыгарарда Кудайдын көз карашын эске алганыбыз маанилүү. Ан үчүн андан тиленип, жетекчилик сурашыбыз керек. Ошондой эле анын Сөзү болгон Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык иш кылышыбыз зарыл (Забур 25:4; 2 Тиметей 3:16, 17).

«Ал сенин жолдор ду түздөйт». Кудай жолдорубузду кантип түздөйт? Ал бизге өзүнүн адил нормаларына карманып жашаганга жардам берет (Накыл сөздөр 11:5). Ошонун аркасында башыбызга кошумча кыйынчылык үйүп албайбыз жана бакубат өмүр сүрөбүз (Забур 19:7, 8; Ышая 48:17, 18).

Накыл сөздөр 3:5, 6нын контексти

Накыл сөздөр китебинде Кудайга жаккандай жашоо өткөрүп, кубанычтуу жүргөнгө жардам берген негизги принциптер камтылат. Алгачкы 9 бөлүм камкор ата жакшы көргөн баласына кеп-кеңеш берип жаткандай жазылган. 3-бөлүмдө Кудайдын насаатын баалаган жана ага кулак каккан адамдар кандай пайда алары баса белгиленет (Накыл сөздөр 3:13—26).

a Жахаба — бул Кудайдын жеке ысымы (Забур 83:18).

Накыл сөздөр 3-бөлүмдү шилтемелери жана байланышы бар аяттары менен бирге окуп көргүлө.

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү