-
Сен да Жахабанын досу боло аласыңТүбөлүккө рахаттанып өмүр сүр! Ыйык Китепти түшүнгөнгө жардам
-
-
6. Жахаба достору үчүн эмнелерди кылууда?
Ал досторуна кыйынчылыктар менен күрөшкөнгө жардам берет. ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроону талкуулагыла.
Жахаба видеодогу кызга терс ой-сезимдери менен күрөшкөнгө кантип жардам берип келет?
Окугула: Ышая 41:10, 13. Анан бул суроолорду талкуулагыла:
Жахаба досторунун баарына эмнени убада кылган?
Ал жакшы Дос болот деп ойлойсуңбу? Эмне үчүн?
Жакын достор муктаж болгонуңда жардамга келет. Жахаба да сага жардам берет
-
-
Кантип кабар айтсаң болот?Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр! Ыйык Китепти түшүнгөнгө жардам
-
-
3. Жахаба сени менен болот
Айрымдар кабар айткысы келип, бирок: «Башкалар эмне деп ойлоп калат же айткандарымды кандай кабыл алат?» — деп коркушу мүмкүн.
Сен да кантип кабар айтам деп тынчсызданасыңбы? Эмне үчүн?
ВИДЕОНУ көргүлө. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла.
Видеодогу жаштар коркуу сезимин кантип жеңишкен?
Окугула: Ышая 41:10. Анан бул суроону талкуулагыла:
Кабар айткандан коркуп жатсаң, Кудайдан тиленгениң кандайча жардам берет?
Билесиңби?
Көбүбүз эле башында эч качан кабар айта албайм деп ойлогонбуз. Мисалы, Сергей деген бир жигит өзүн эч нерсеге татыксыз сезе берчү. Ага башкалар менен сүйлөшкөн да кыйынга турчу. Бирок ал кийинчерээк Ыйык Китепти изилдей баштаган. Ал мындай дейт: «Коркуп жатканыма карабай билгендеримди башкаларга айта баштадым. Таң калыштуусу, мунун аркасында өзүмдү ишенимдүүрөөк сезип калдым, ишенимим да бекемделди».
-
-
Сен чөмүлгөнгө даярсыңбы?Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр! Ыйык Китепти түшүнгөнгө жардам
-
-
6. Жахабага таян
Жахаба сага туура иш кылганга жардам берет. ВИДЕОНУ көрүп, бул суроолорду талкуулагыла.
Видеодогу Ыйык Китепти изилдеп жүргөн кишиге чөмүлгөнгө эмне тоскоолдук кылган?
Анын эмнени түшүнгөнү Жахабага таянганга жардам берген?
Окугула: Ышая 41:10, 13. Анан бул суроону талкуулагыла:
Өзүңдү Жахабага арнаганда берген убадаңа ылайык жашай аларыңа эмне үчүн шектенбесең болот?
-