-
Кудайдын Падышалыгы учурда башкарып жатат!Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр! Ыйык Китепти түшүнгөнгө жардам
-
-
2. 1914-жылдан бери дүйнөдө кандай окуялар болуп жатат жана адамдардын жүрүм-туруму канчалык өзгөрдү?
Шакирттери Исадан: «Сенин катышууңдун убагын жана бул дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын кайсы белгиден билүүгө болот?» — деп сурашкан (Матай 24:3). Иса аларга өзү Падыша катары асманда бийлик кыла баштаганда эмнелер болорун айткан. Мисалы, согуш, ачарчылык, жер титирөөлөр болмок. (Оку: Матай 24:7.) Ошондой эле Ыйык Китепте «акыркы күндөрдө» адамдардын кулк-мүнөзүнөн улам жашоо «өзгөчө оор» болору жазылган (2 Тиметей 3:1—5). Ооба, дүйнөдөгү абал жана адамдардын жүрүм-туруму 1914-жылдан бери кескин өзгөрө баштаган.
3. Эмне үчүн дүйнөдөгү абал Кудайдын Падышалыгы бийлик жүргүзө баштагандан тартып начарлап кеткен?
Иса Падыша болгондон көп өтпөй асманда Шайтан жана жин-перилер менен согушкан. Ошондо Шайтан жеңилип, Ыйык Китепте айтылгандай, «жерге кулатылган», «аны менен кошо периштелери да кулатылган» (Аян 12:9, 10, 12). Шайтан өзүнүн жок кылынарын билгендиктен адамдарды азапка салып, каарын төгүп жатат. Дүйнөдө жамандыктын көп болуп жатканынын себеби мына ушунда. Бирок Кудайдын Падышалыгы ушул кыйынчылыктардын баарын жакында жоёт.
-
-
Кудайдын Падышалыгы учурда башкарып жатат!Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр! Ыйык Китепти түшүнгөнгө жардам
-
-
5. Дүйнө 1914-жылдан бери кыйла өзгөрдү
Иса падышалык такка отургандан кийин дүйнөдө эмнелер болорун алдын ала айткан. Окугула: Лука 21:9—11. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:
Сен булардын кайсыларын угуп-көрүп жатасың?
Элчи Пабыл жердеги өкмөттөрдүн акыркы күндөрүндө көптөрдүн кулк-мүнөзү кандай болорун жазган. Окугула: 2 Тиметей 3:1—5. Анан бул суроону талкуулагыла:
Бүгүнкү күндө башкалардан ушул сапаттардын кайсыларын байкап жатасың?
-