-
Азыр акыркы күндөр!Түбөлүк өмүргө алпаруучу билим
-
-
2. Ыйсага шакирттери кандай суроо беришкен жана ал кандай жооп берген?
2 Мисалга Ыйсанын шакирттерине берген жообун алалы. Устатынын өлөрүнө үч күн калганда алар: «Сенин келээр убактыңды жана дүйнөнүн акыры келип калганын [«бул түзүлүштүн аякташын», ЖД] кандай белгилер аркылуу билсе болот?» — деп сурашкан (Матай 24:3)a. Ыйса жооп катары азыркы кудайсыз түзүлүштүн акыркы күндөрү келип калганын даана көрсөтүп берүүчү ачык-айкын окуяларды жана шарттарды айтып берген.
-
-
Азыр акыркы күндөр!Түбөлүк өмүргө алпаруучу билим
-
-
a Ыйык Китептин кээ бир котормолорунда «түзүлүш» деген сөздүн ордуна «дүйнө» деген сөз колдонулат. У. Е. Вайн түзгөн «Түшүндүрмө сөздүктө» грекче аи-о́н деген сөз «кандайдыр бир окуялар менен мүнөздөлгөн убакыттын же мезгилдин анык эмес аралыгын билдирет» деп айтылат («Expository Dictionary of New Testament Words»). Паркхерсттин «Жаңы Келишимге карата грекче-англисче сөздүгүнүн» 17-бетинде Эврейлерге 1:2деги аи-о́-нес (көптүк санда) деген сөздүн колдонулушу талкууланганда «түзүлүш» деген сөз кездешет («Greek and English Lexicon to the New Testament»). Демек, бул сөздүн «түзүлүш» деп которулушу грек тилиндеги түп нускага дал келет.
-