Азыр — сергек боло турган убак!
«БИЗ уйкудан ойгоно турган убак келгенин билгендиктен» деген сөздөрдү расул Павел, нерселердин еврей түзүлүшүн б.з. 70-жылы ойрон кылган кырсыкка 14 жыл калганда, Ыйсанын римдик жолдоочуларына жазган (Римдиктер 13:11). Андыктан алар рухий жактан сергек болушкан да, кырсык маалында Иерусалимде болушкан эмес, ошентип алар өлүмгө же кулчулукка дуушар болуудан качып кетишкен. Бирок алар шаардан качып кетүү жана кайра келбөө керектигин кайдан билишкен?
Душмандар Иерусалимди курчоого аларын жана анын жашоочуларын жер менен жексен кыларын Ыйса эскерткен (Лука 19:43, 44). Андан соң, Ыйса ишенимдүү жолдоочуларына таанып билүүгө кыйын эмес белгинин курама бөлүктөрүн айтып берген (Лука 21:7—24). Ыйсанын Иерусалимде жашаган жолдоочулары үчүн шаардан кетүү үйлөрүн жана жумуштарын таштоого турган. Бирок сергектиги жана качып кетүүсү алардын өмүрүн сактап калган.
Ыйса Иерусалимдин талкаланарын алдын ала айтканда, анын шакирттери: «Ал окуя качан болот? Сенин келишиң [«катышууң», ЖД] жана акыр заман белгиси кандай болот?» — деп сурашкан (Матфей 24:3). Ыйса берген жообунда өзүнүн келечектеги катышуусу болгон кезде абал Нухтун күндөрүндөгү Топон суунун алдындагыдай болорун айткан. Топон суу бардык каардуу адамдарды жок кылганын Ыйса баса көрсөткөн (Матфей 24:21, 37—39). Ошентип Ыйса адамдардын иштерине Кудай кайта да кийлигишерин айгинелеген. Ал канчалык деңгээлде кийлигишет? Кудай каардуу дүйнөнү, башкача айтканда, нерселердин каардуу түзүлүшүн бүт бойдон жок кылат! (Салыштыргыла 2 Пётр 3:5, 6). Бул азыркы күндөрдө болушу мүмкүнбү?
Бардыгы өз ордундагыдай эле калып жатабы?
Биринчи кылымдагы еврейлердин азчылыгы гана өздөрүнүн ыйык шаары болгон Иерусалимдин талкалана тургандыгын элестете алышкан. Вулканга жакын жашап, бирок анын атылганын эч кимиси көрбөгөн адамдардын арасында көп учурда жогоркудай ишенбестик басымдуулук кылат. Эскертүүлөр айтылганда, «бул менин убагымда болбойт» дешет алар адатынча. «Негизи вулкандар эки же үч кылым сайын атылып турат»,— дейт вулкан изилдөөчү Л. Уилсон. «Эгерде ата-энең жашаган кезде вулкан атылган болсо, сен тынчсызданасың. А эгерде ал чоң атаң менен чоң энеңдин убагында болгон болсо, анда аны ойлоп да койбойсуң».
Ишенчиликтүү маалымат бизге коркунучтун сигналдарын тааный билүүгө жана аларга олуттуу мамиле кылууга жардам бере алат. Монтень-Пеле жанар тоосунан качкандардын биринин вулкан туурасында билими болгондуктан, ал киши коркунучтун сигналдары болгонун түшүнгөн. Ошондой эле сигналдар Пинатубо вулканы атыларына аз калганда да так байкалган. Тоонун кыртышында көзгө көрүнбөгөн күчтөр аракеттеше баштаганына байкоо жүргүзгөн изилдөөчүлөр жергиликтүү адамдарды бул аймактан кетүү керектигине ишендирген.
Албетте, коркунучтун сигналдарын көңүлгө албаган жана эч нерсе болбойт дегенинен жазбаган кээ бирөөлөр ар убакта болот. А түгүл алар чечкиндүү иш кылгандарды шылдыңдашат. Ошондой көз караш азыркы күндөрдө көптөргө таандык болорун расул Пётр алдын ала айткан. «Баарынан мурун билгиле, акыркы күндөрдө адепсиз (бетпак) тилдөөчүлөр чыгат, алар өз кумарлары боюнча иш кылышат жана мындай деп айтышат: „Анын келем деген убадасы кана? Себеби аталар өлгөндөн бери, дүйнө жаралгандан бери, бардыгы өз ордунда эле калып жатпайбы?“» (2 Пётр 3:3, 4).
«Акыркы күндөрдө» жашап жатканыбызга ишенесиңерби? Бир эмгекте Джон Гаррати жана Питер Гей: «Биздин цивилизациянын төмөндөп бара жатканын көрүп атабызбы?» — деп сурашат («The Columbia History of the World»). Андан соң ошо тарыхчылар башкаруунун көйгөйлөрүнө, кылмышкерликтин жана атуулдардын баш ийбөөчүлүгүнүн бүт жерде кулач жайышына, үй-бүлөлөрдүн кыйрашына, илим менен техника коомдун кыйынчылыктарын чечүүгө жөндөмсүз экенине, бийликтин кризиске учурашына жана адеп-ахлактык жана руханий жактан бүт дүйнө жүзү боюнча болуп жаткан бузулууларга токтолуп кетишкен. Тарыхчылар андан ары: «Эгерде булар акыр заман белгиси эмес болсо, анда баары бир эле ошонун бир түрү»,— деген жыйынтыкка келишет.
«Акыр» сөзсүз боло турганына ишенүүгө бизде орчундуу себеп бар. Бирок жер шарынын акыры болот экен деп коркуунун кереги жок, анткени Ыйык Китепте Кудай «жерди бекем негизге орноттуң: кылымдан кылымдарга солк этпей турат» деп айтылат (Забур 103:5). Корккондон көрө, адамзатты ушунчалык азап чектирген нерселердин каардуу түзүлүшүнүн акырынын тез арада келишин күтүшүбүз керек. Эмне үчүн? Себеби бул түзүлүштүн акыркы күндөрүн Ыйса айтып кеткендей мүнөздөөчү көптөгөн ачык-айкын өзгөчөлүктөрдү азыркы күндөрдө көрө алабыз. («Акыркы күндөрдүн айрым өзгөчөлүктөрү» деген рамканы карагыла.) Ыйсанын сөздөрү менен дүйнөдөгү окуяларды салыштырууга эмне үчүн болбосун? Салыштыруу өзүңүзгө жана үй-бүлөңүзгө карата акылман чечим чыгарууга жардам бериши мүмкүн. Бирок салыштырууга так азыр киришүүнүн зарылчылыгы эмнеде?
Сергек бойдон калуу абдан маанилүү
Окумуштуулар вулкандын сөзсүз атыларын биле алышса да, анын атыла турган так убактысын айта алышпайт. Анын сыңарындай эле, нерселердин азыркы түзүлүшүнүн акырына карата айткан сөзүндө Ыйса: «Ал күндү жана ал саатты эч ким билбейт, асмандык периштелер да, бир гана Менин Атам билет»,— деген (Матфей 24:36). Нерселердин азыркы түзүлүшү качан акырына келе турганын биз так билбегендиктен, Ыйса бизге: «Муну билгиле: эгерде үйдүн ээси, ууру кайсы убакта келе турганын билсе, уктабайт эле жана өз үйүнүн астын казууга жол бербейт эле. Ошондуктан, силер да даяр болгула, анткени Адам Уулу [Ыйса] силер ойлобогон саатта келет»,— деген эскертүү берген (Матфей 24:43, 44).
Нерселердин азыркы түзүлүшүн тыптыйпыл кыла турган акыр күтүлбөгөн убакта дүйнөгө келерин Ыйсанын сөздөрү көрсөтүүдө. Ыйсанын жолдоочулары болуп жүргөнүбүзгө карабастан, биз ‘өзүбүз да даяр болушубуз’ керек. Ууру келгенде уктап жатышы мүмкүн болгон үй ээсинин абалына биздин абалыбыз окшош, анткени ал адам өз үйүнүн астын ууру кайсы убакта казарын билбейт.
Расул Павел да Ыйсанын Фессалоникадагы жолдоочуларына: «Теңирдин [«Иегованын», ЖД] күнү түнкү ууру өңдөнүп келерин силер өзүңөр шексиз билесиңер. ...Боордошторум, караңгыда эмессиңер, ошон үчүн, ал күн уурудай силердин үстүңөрдөн чыкпайт»,— деген. Ал аларды: «Демек, башкалар сыяктуу, уктабайлы, сергек [«сергек бойдон калалы», ЖД] жана эстүү бололу»,— деп да чакырган (1 Фессалоникалыктар 5:2, 4, 6). «Сергек бойдон калуу жана эстүү болуу» деген эмнени билдирет?
Биринчи кылымдагы Ыйсанын Иерусалимден качкан жолдоочуларынан айырмаланып, биз аман калуу үчүн кандайдыр бир шаарды таштап кетпейбиз. Римдеги ишенимдештерин «уйкудан ойгонууга» чакыргандан кийин, Павел аларды ‘караңгылыктын иштеринен баш тартууга’ жана ‘Теңирибиз Ыйса Христоско жамынууга’ үндөгөн (Римдиктер 13:12, 14). Ыйсанын жолун так жолдоп, биз азыркы күндөрдө өзүбүздүн сергек жүргөнүбүздү көрсөтөбүз, ал эми мындай рухий сергектик, нерселердин ушу каардуу түзүлүшү акырына келгенде, Кудайдын сактап-коргоп калышына мүмкүнчүлүк түзөт (1 Пётр 2:21).
Ыйсаны жолдогондор маңызга толгон жана канааттандырарлык өмүр сүрүшөт. Миллиондогон Иегованын Күбөлөрү Ыйсанын окуучусу болуу моюнтуругу жыргал жана сергитүүчү экенин иш жүзүндө көрүүдө (Матфей 11:29, 30). Жолдоочу болуунун биринчи кадамы — ‘Кудайды жана ал жиберген Ыйса Христосту таануу’ (Иоанн 17:3). Адамдардын ‘чындыкты түшүнүп билгенине’ жардам берүү үчүн, Күбөлөр жума сайын миллиондогон үйлөргө барышат (1 Тимофей 2:4). Алар силер менен үйүңөрдөн Ыйык Китепти акысыз окуп изилдөө жүргүзүүгө дилгир. Кудайдын Сөзүн өздөштүрүүдө билимиңерди өстүргөн сайын, азыркы күндөр өзгөчө экенине силердин да ишенериңер шексиз. Чындыгында эле, азыр — сергек боло турган убак!
[7-беттеги кутуча]
АКЫРКЫ КҮНДӨРДҮН АЙРЫМ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
«Падышалык падышалыкка каршы көтөрүлөт»; ‘жерден тынчтык алынат’ (Матфей 24:7; Аян 6:4).
Биздин кылымдагы эки дүйнөлүк согуш башка ондогон кагылышуулар менен бирге жердеги тынчтыкты алып келатат. «Биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуш мурунку болгон согуштардын баарынан айырмаланат,— деп жазат тарыхчы Джон Киган,— кулач жайышы, согуштук күчү, материалдык жоготуулары жана адамдардын өмүрүн кыйышы жагынан айырмаланат. ...Ушу эки дүйнөлүк согуш мурунку согуштардын кайсынысынан болбосун көбүрөөк сандагы адамдарды курман кылды, эбегейсиз байлыктардын ойронун чыгарды жана жер шарынын көбүрөөк бөлүгүнө азап-кайгыларды алып келди». Азыркы согуштардын залакасы жоокерлерге караганда аялдар менен балдарга көбүрөөк тийүүдө. БУУнун балдар фондусунун эсеби боюнча, акыркы он жылдын ичинде эки миллион бала согуштарда өлгөн.
«Ачкачылык» (Матфей 24:7; Аян 6:5, 6, 8).
Буудай менен жүгөрүнүн баасы 1996-жылы кескин түрдө өсүп кеткен. Эмне себептен? Дандын дүйнөлүк запасы 50 күндөн ашпаган убакытка жеткидей болуп төмөндөп кеткен, бул — тарыхта болгон эң эле төмөнкү көрсөткүч. Негизги тамак-аштын баасынын өсүшү дүйнө жүзү боюнча жүз миллиондогондор ач-жылаңач дегенди билдирет, алар күн сайын анча-мынча эле өзөк жалгап укташат, алардын көбү — балдар.
«Жер-жерлерде... жер титирөөлөр болот» (Матфей 24:7).
Акыркы 2 500 жыл бою ар бири 100 000ден көп адамдын өмүрүн кыйган тогуз гана жер титирөө болгон. Ошолордун төртөө 1914-жылдан кийин болгон.
‘Мыйзамсыздыктын көбөйүүсү’ (Матфей 24:12, СК).
Мыйзамсыздык же мыйзам бузуучулук ХХ кылым акырына жакындаган сайын болуп көрбөгөндөй күч алып жайылууда. Бейкүнөө адамдарды террордук опузалоо, балдарды ырайымсыздык менен өлтүрүү, массалык түрдө кырып-жоюулар — азыркы каардуу акыркы күндөрдө болуп жаткан үрөйдү учуруучу иштердин кээ бирлери гана.
«Жер-жерлерде... жугуштуу оорулар болот» (Лука 21:11).
Кургак учуктун айынан 1990-жылдардын ичинде 30 миллиондой адам өлөт. Бул ооруну жугузуучу бактериялар дарыларды барган сайын көбүрөөк тоготпогон түргө өтүүдө. Өлтүрүүчү дагы бир оору, малярия, жылына 300 миллиондон 500 миллионго чейинки сандагы адамдарга жугат да, 2 миллион адамды өлүмгө чалдыктырат. Ушу он жылдыктын аяк жагында СПИД жылына 1 800 000 адамдын өлүмүнө себепкер болору күтүлүүдө. «Бүгүнкү күндөрдө адамзат эпидемиянын артынан эпидемияга дуушар болууда»,— деп билдирет бир отчёт («State of the World, 1996»).
«Падышалык жөнүндөгү бул Жакшы Кабар бүт ааламга, бардык элдерге күбөлүк үчүн таратылат» (Матфей 24:14).
Иегованын Күбөлөрү 1997-жылы Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды таратууга бир жарым миллиондон ашык саатты жумшашты. Ушу кабарды 232 өлкөдө беш миллиондон ашык Күбөлөр адамдарга ар дайым угузуп жатышат.
[4-беттеги сүрөт]
Ыйсанын жолдоочулары рухий жактан сергек болушкан, ошондуктан Иерусалимден чыгып кетишкен.
[7-беттеги сүрөт]
FAO photo/B. Imevbore U.S. Coast Guard photo