Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • w02 1/3 28—32-бб.
  • Чындыкты канчалык баалайсыңар?

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Чындыкты канчалык баалайсыңар?
  • Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2002
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • Дүйнөнүн чындыкка болгон мамилеси
  • Ыйсанын жолдоочулары жана дүйнө
  • Иегова бизге кам көрүп жатат
  • Өзүбүзгө рухий жактан кам көрөлү
  • Кудайдын жетекчилигине баш ийүү бак-таалай алып келет
  • Ыйсанын жолдоочулары рухта жана чындыкта сыйынышат
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2002
  • «Мен дайыма чындыгыңда жүрөм»
    Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2018
  • Чындыктын Кудайын туурайбыз
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2003
  • Мындан ары да «чындык жолунда» жүргүлө
    Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2022
Дагы башкасы
Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2002
w02 1/3 28—32-бб.

Чындыкты канчалык баалайсыңар?

«Чындыкты тааныйсыңар, а чындык силерди эркин кылат» (ИОАНН 8:32, ЖД).

1. Ыйсадан айырмаланып, Пилат «чындык» деген сөздү кандай мааниде колдонгон?

«ЧЫНДЫК деген эмне?» Пилат бул суроону берүү менен чындыкка жалпы жонунан эле кызыккан көрүнөт. Ыйса болсо жаңы эле: «Мен чындык жөнүндө күбөлөндүрүүгө туулгам жана дүйнөгө келгем»,— деп айткан (Иоанн 18:37, 38). Пилаттан айырмаланып, Ыйса Кудайдын чындыгы жөнүндө кеп козгогон.

Дүйнөнүн чындыкка болгон мамилеси

2. Чындыктын баалуулугун Ыйсанын кайсы сөздөрү көрсөтүп турат?

2 Павел: «Ишеним адамдардын баарында эле боло бербейт»,— деп айткан (2 Фессалоникалыктар 3:2, ЖД). Чындык жөнүндө да ошону айтууга болот. Ыйык Китепке негизделген чындыкты билүүгө мүмкүнчүлүк берилип жатса да, көптөр билип туруп аны четке кагышат. Буга карабастан, чындык кандай баалуу нерсе! Ыйса: «Чындыкты тааныйсыңар, а чындык силерди эркин кылат»,— деген (Иоанн 8:32, ЖД).

3. Жалган окууларга байланыштуу кандай эскертүүгө көңүл бурушубуз керек?

3 Расул Павел чындыкты адамдардын философияларынан жана салттарынан табууга болбой турганын айткан (Колоссадагылар 2:8). Анткени андай окуулар жалган. Павел Ыйсанын Эфестеги жолдоочуларына эскерткендей, эгер алар ошол философиялар менен каада-салттарга ишенише турган болсо, рухий жактан «адамдын амалкөйлүгү жана алдамчылыгы, куулугу боюнча олку-солку болуп, үйрөтүүнүн ар кандай шамалына кызыккан» жаш балдарга окшоп калышмак (Ефесалыктар 4:14). Бүгүн «адамдын амалкөйлүгү» Кудайдын чындыгына каршы тургандардын үгүтүнөн келип чыгууда. «Үгүт» деген сөз «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө» «бирөөнү көндүрүү, ынандыруу, оюн, пикирин тартуу... үчүн жүргүзүлгөн аракет» деп аныкталат. Мындай үгүт чындыкты амалкөйлүк менен жалгандыкка айлантып, ал эми калпты чындык кылып көрсөтөт. Мындай митаамдыктарга карабай чындыкты табыш үчүн, биз Ыйык Жазманы дилгирлик менен изилдешибиз керек.

Ыйсанын жолдоочулары жана дүйнө

4. Чындык кимдерге берилет жана аны кабыл алгандар эмнеге милдеттүү?

4 Ыйса Машайык ага шакирт болгондор үчүн Иеговага: «Өзүңдүн чындыгың менен аларды ыйык кыл; Сенин сөзүң чындык»,— деп тиленген (Иоанн 17:17). Алар ыйыкталышат, башкача айтканда, Иеговага кызмат кылууга, анын ысмын жана Падышалыгын жарыялоого бөлүнүшөт (Матфей 6:9, 10; 24:14). Адамдардын баарында эле боло бербесе да, Иегованын чындыгы аны издегендердин баарына — улутуна, расасына же маданиятына карабай — белек катары бекер берилет. Расул Пётр: «Кудайда бет карамалык жок, бирок ар бир элден Кудайдан корккон жана туура иш кылгандары Ага жагымдуу»,— деп айткан (Расул 10:34, 35).

5. Ыйсанын жолдоочулары көп учурда эмне үчүн куугунтукталышат?

5 Ыйсанын жолдоочулары Ыйык Китептеги чындыкты башкалар менен бөлүшөт, бирок аларды бардык жерде эле жакшы уга беришпейт. Ыйса: «Силерди кыйноого жана өлтүрүүгө салып беришет; Менин ысмым үчүн силер бардык элдерге жек көрүнөсүңөр»,— деп эскерткен (Матфей 24:9). Бул аятка түшүндүрмө берип, ирландиялык дин улама Жон Котер 1817-жылы мындай деп жазган: «Алардын [Ыйсанын жолдоочуларынын] кабар айтуу менен адамзаттын жашоосун жакшыртуу үчүн жасаган аракеттери адамдардын ыраазычылыгын туудурмак турсун, алардын бузуку иштерин ашкерелешкени үчүн шакирттерди жек көрүүгө жана куугунтуктоого түрткү берген». Мындай куугунтукчулар өздөрүн «куткара турган чындыкты сүйүүдөн баш тартышат». Ошо себептен, «алар жалган нерселерге ишенишсин деп, Кудай аларга алдоочу кубат-аракет жиберет. Чындыкка ишенбегендер, бирок адилетсиздикти сүйүүчүлөрдүн бардыгы айыпталышсын» (2 Фессалоникалыктар 2:10—12).

6. Ыйсанын жолдоочулары эмнелерге умтулбашы керек?

6 Расул Иоанн ушул кас маанайдагы дүйнөдө жашаган Ыйсанын жолдоочуларын: «Дүйнөнү жана дүйнөдө болгонун сүйбөгүлө... дүйнөдөгүнүн бүт баары... адамдын күнөөлүү кумарлары, көздөрүнүн каалоолору жана тиричилик сыймыгы Атадан эмес, бирок бул дүйнөдөн»,— деп үндөйт (1 Иоанн 2:15, 16, «Инжил»). «Бүт баары» деген сөздөр менен Иоанн дүйнөгө тиешелүү нерселердин баарын камтыган. Андыктан биз азыркы дүйнө сунуш кылган, чындыктан алыстата турган эч бир нерсеге умтулбашыбыз керек. Иоанндын кеңешине кулак кагуу жашообузга зор таасир тийгизет. Кандайча?

7. Чындыкты билип, жүрөгү таза адамдар эмне кылууга түрткү алышат?

7 Иегованын Күбөлөрү 2001-жылы дүйнө жүзү боюнча ай сайын төрт жарым миллиондон ашык ыйык китептик изилдөөлөрдү өткөрүп, жеке адамдарды жана адамдардын топторун Кудайдын талаптарына үйрөтүштү. Мунун натыйжасында 263 431 адам чөмүлтүлдү. Чындыктын жарыгы бул жаңы шакирттер үчүн баалуу болуп калгандыктан, алар жаман адамдар менен мамилелешүүдөн жана Кудайдын аброюна шек келтирерлик, бул дүйнөдө кеңири кулач жайып жаткан адеп-ахлаксыз иштерден баш тартышты. Алар чөмүлтүлгөндөн кийин, Ыйсанын бардык жолдоочуларына берилген Иегованын нормаларына ылайык жашоого умтулушат (Ефесалыктар 5:5). Чындык силер үчүн да баалуубу?

Иегова бизге кам көрүп жатат

8. Иегова биздин арналуубузга кандай мамиле жасайт жана «баарынан мурда Кудайдын Падышалыгын издөө» эмне үчүн акылмандуулукка жатат?

8 Иегова жеткилеңсиздигибизге карабай бизди өзүнө тартуу үчүн, өтмө мааниде эңкейип, ага арналуубузду ырайымдуулук менен кабыл алууда. Ошентип, ал бизди алдыбызга бийик максаттарды, мүдөөлөрдү коюуга үйрөтүп жатат (Забур 112:6—8). Ошол эле учурда Иегова бизге өзү менен жекече мамиледе болууга мүмкүнчүлүк берүүдө жана «баарынан мурда Кудайдын Падышалыгын жана Анын адилеттигин издесек», бизге кам көрөрүн убадалоодо. Кудайдын ишин биринчи орунга коюп, рухийлигибизди сактасак, бизге калганынын «баары кошулуп берилет» (Матфей 6:33).

9. «Ишенимдүү жана эстүү кул» деген ким жана бул кулду колдонуп, Иегова бизге кантип кам көрүп жатат?

9 Ыйса Машайык 12 расулун тандап, майланган жолдоочуларынын, «Кудайдын Израили» деп аталып калгандардын, жыйналышынын пайдубалын салган (Галатиялыктар 6:16; Аян 21:9, 14). Кийинчерээк ал жыйналыш «чындыктын өбөгү жана негизи, тирүү Кудайдын диний Коому» деп сүрөттөлгөн (1 Тимофей 3:15). Ыйса бул жыйналыштын мүчөлөрүн «ишенимдүү жана эстүү кул», «чыныгы жана эстүү үй башкаруучу» деп атаган. Ошол ишенимдүү кызматчы, Ыйса айткандай, анын жолдоочуларына «өз убагында тамак берүүгө» милдеттүү (Матфей 24:3, 45—47, СК; Лука 12:42). Тамак жебеген адам ачкадан өлөт. Анын сыңары, рухий жактан тамактанбасак, алсырап, рухий мааниде өлөбүз. Ошондуктан «ишенимдүү жана эстүү кулдун» болгону Иегованын бизге кам көрүп жатканынын дагы бир далили болуп саналат. Эмесе, ошол «кул» аркылуу берилип жаткан баа жеткис рухий тамакты ар дайым баалайлы (Матфей 5:3).

10. Жолугушууларга үзгүлтүксүз катышканыбыз эмне үчүн абдан маанилүү?

10 Рухий жактан тамактанууга жекече изилдөө кирет. Ага ишенимдештерибиз менен пикир алышуу жана жыйналыш жолугушууларына катышуу да кирет. Алты ай же алты жума мурун эмне жегениңер эсиңердеби? Шектүүдүр. Анткен менен, жеген тамагыңар организмиңерди зарыл азык-заттар менен камсыз кылып, силерге күч-кайрат берген. Ушу күнгө чейин, негизинен, окшош эле тамак жеп келсеңер керек. Жыйналыш жолугушууларында тартууланган рухий тамак жөнүндө да ошону айтууга болот. Болжолу, жолугушууларда айтылгандардын баары майда-чүйдөсүнөн бери эсибизде жок чыгар. Кыязы, окшош маалыматтар далай жолу берилген. Буга карабастан, рухий тамак сак-саламаттыгыбыз үчүн абдан зарыл. Биздин жолугушууларда дайыма өз маалында алгылыктуу рухий азык берилет.

11. Жыйналыш жолугушууларына катышууда кандай жоопкерчиликке ээбиз?

11 Жыйналыш жолугушууларына катышуу бизге кошумча жоопкерчиликти артат. Ыйсанын жолдоочулары жыйналыштагы бир туугандарын «сүйүүгө жана жакшы иштерге» үндөп, «бири-бирин кайраттандырууга» (ЖД) чакырылышат. Жыйналыш жолугушууларынын баарына даярданганыбыз, келгенибиз жана активдүү катышканыбыз ишенимибизди бекемдейт да, башкаларга күч-кубат берет (Еврейлер 10:23—25). Тамак тандай берген айрым кичинекей балдар сыяктуу, кээ бирөөлөрдү ар дайым рухий жактан тамактанууга үндөп туруу зарыл болушу мүмкүн (Ефесалыктар 4:13). Бул сүйүү көрсөткөндүккө жатат, анткени ошондо алар Ыйсанын жетилген жолдоочуларынан болуп өсүп-өнө алышат. Жетилген жолдоочулар тууралуу расул Павел: «Катуу тамак... жеткилеңдерге [жетилгендерге] таандык, жакшы менен жаманды ажырата алууга алардын каныккан ой-сезимдери бар»,— деп жазган (Еврейлер 5:14).

Өзүбүзгө рухий жактан кам көрөлү

12. Чындыкта калышыбызга баарынан мурда ким жоопкерчиликтүү? Түшүндүргүлө.

12 Чындык жолу менен жүрүүгө бизди жубайыбыз же ата-энебиз үндөй алат. Ошону менен бирге жыйналыш аксакалдары отордун мүчөсү болгон бизди камкордук менен кайтара алышат (Расул 20:28). Бирок, чындык боюнча жашоону кааласак, жоопкерчилик баарынан мурда кимдин мойнунда болот? Өзүбүздүн. Бул жакшы шарттарда да, оор убактарда ошондой. Буга төмөнкү окуя мисал боло алат.

13, 14. Козу жөнүндөгү окуя көрсөтүп тургандай, муктаж болгонубузда рухий жардамды кантип алсак болот?

13 Шотландияда жайытта жайылып жүргөн козулардын бири бөлүнүп калып, дөбөнүн ылдый жагындагы аңгекке түшүп кетет. Козунун эч жери эчтеме болбосо да, ал жерден чыга албай, коркконунан аянычтуу маарап кирген. Анын маараганын угуп, энеси да маарай баштаган. Ошондо койчу кайтып келип, козуну аңгектен алып чыккан.

14 Окуялардын ыраатына көңүл бурсаңар. Козу жардамга чакырганда, аны менен кошо кой маараган, анан сак койчу козуну куткарууга дароо чара көргөн. Эгер кичинекей козу менен анын энеси коркунучту сезип, тез аранын ичинде жардамга муктаж экенин билдире алышса, анда рухий жактан алсыраганыбызда же Шайтандын дүйнөсү тарабынан күтүүсүз коркунучтарга туш болгонубузда, биз да жардамга чакырышыбыз керек эмеспи? (Жакып 5:14, 15; 1 Пётр 5:8). Керек, айрыкча, же жаш болгонубуздан, же чындыкка жаңы эле келгенибизден улам тажрыйбабыз аз болсо.

Кудайдын жетекчилигине баш ийүү бак-таалай алып келет

15. Бир аял Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышы менен пикир алыша баштаганда кандай сезимде болгон?

15 Эми Ыйык Китепти түшүнүү канчалык баалуу экенин жана андай түшүнүк чындыктын Кудайына кызмат кылгандардын жан-дүйнөсүнө кандай бейкуттук алып келерин карап көрөлү. Өмүр бою Англия чиркөөсүнө барып жүргөн 70 жаштагы аял бир Күбөнүн жардамы менен Ыйык Китепти изилдөөгө макул болгон. Ал көп убакыт өтпөй эле Кудайдын аты Иегова экенин билип, жергиликтүү Падышалык залында айтылган чын ыкластуу жалпы тиленүүлөргө «оомийин» деп кошула баштаган. Ашып-ташыган сезимдери менен ал: «Силер Кудайды өзүнүн пенделеринен абдан алыс тургандай кылып сүрөттөбөй, аны жакын досубуз катары ортобузга алып келгендейсиңер. Такыр мындай сезимде болуп көргөн эмес элем»,— деп айткан. Бул ардактуу кызыгуучу чындыктын ага биринчи жолу кандай таасир калтырганын эч убакта унутпайт болуш керек. Ошо сыяктуу эле, биз да чындыкты биринчи жолу укканыбызда аны канчалык баа жеткис нерсе болгонун эч качан унутпайлы.

16. а) Акча табууну жашообуздун башкы максаты кыла турган болсок, эмне болушу мүмкүн? б) Чыныгы бакытты кантип тапсак болот?

16 Көптөр акчаң көп болсо бактылуусуң деп ойлошот. Бирок, эгер акча табууну жашообуздун башкы максаты кыла турган болсок, өзүбүздү «көп кайгыга дуушар кылышыбыз» мүмкүн (1 Тимофей 6:10). Ойлоп көрсөңөр, көз ирмемде байып кетсем деп кыялданып, нечендеген адамдар лотерея билеттерин сатып алышат, казинолордо акчаларын чачышат, фонд биржасында жан талашып соодалашышат. Антип байып кеткендер чанда эле чыгат. Алар заматта байып кеткен күндө деле, адатта, бактылуу болуп калышпаганын көрүшөт. Ал эми Иегованын эркин аткаруу, анын ыйык рухунун жетекчилиги жана периштелеринин жардамы менен жыйналышта кызмат кылуу туруктуу бакыт тартуулайт (Забур 1:1—3; 83:5, 6; 88:16). Ошондой эле күтүлбөгөн баталарга ээ болушубуз ыктымал. Андай баталарды ала алгыдай болуш үчүн, чындыкты жетишерлик баалайсыңарбы?

17. Пётрдун булгаарычы Симондун үйүндө конуп жүргөнү расулдун маанайы жөнүндө эмне айтып турат?

17 Эми расул Пётр менен болгон окуяны карап көрөлү. Б.з. 36-жылында ал миссионердик сапар менен Сарон түздүгүнө барган. Пётр Лидда шаарына токтоп, ал жерден шал оорулуу Энейди айыктырат да, анан Иоппия аттуу порттуу шаарга бет алган. Бул жерден ал Жейренди тирилткен. Расул 9:43тө: «Пётр бир далай күндөр Иоппияда Симон деген булгаарычы кишиникинде калды»,— деп айтылат. Бул кыска маалымат Пётрдун ошол шаарда адамдарга калыс көз караш менен кызмат кылганын көрсөтүп турат. Кандайча? Ыйык китептик окумуштуу Фредерик Фэррар мындай деп жазат: «[Мусанын] оозеки мыйзамына ашкере карманган эч бир адам булгаарычынын үйүнө конмок эмес. Булгаарычы күн сайын ар кандай малдын териси, эти менен иштегендиктен жана ан үчүн ар кандай материалдарды колдонгондуктан, таксынган мыйзамчылдардын баары анын кол өнөрчүлүгүн арам жана жийиркеничтүү деп эсептешкен». Симондун «деңиз жээгиндеги үйү» териканасына жанаша жайгашпаган болсо да, Фэррардын айтымында, Симондукундай «кол өнөрчүлүккө жийиркенич менен карашчу, аны менен алектенгендердин өзүн-өзү сыйлоо сезими төмөн деп эсептелчү» (Расул 10:6).

18, 19. а) Эмне үчүн Пётр өзү көргөн көрүнүшкө таң калган? б) Пётр кандай күтүлбөгөн бата алган?

18 Калыс көз караштагы Пётр Симондун меймандостугун көрүп, ал жерден күтүүсүздөн Кудайдын жетекчилигин алган. Ал көргөн аянда ага иудейлердин мыйзамы боюнча арам деп эсептелген жаныбарларды жегенге буйрук берилген. Пётр болбой, «эч убакта таза эмес же арам нерселерди жебегенин» айткан. Бирок ага: «Кудайдын тазалаган нерселерин сен арам деп эсептебе»,— деп үч жолу айтылган. «Пётрдун бул көргөн көрүнүш эмнесин билдирет деп, ичинде таң калып турганы» түшүнүктүү (Расул 10:5—17; 11:7—10).

19 Пётр андан мурунку күнү 50 чакырым алыстыктагы Кесарияда Корнилий аттуу бир бутпарастын да аян көргөнүн билген эмес. Иегованын периштеси Корнилийге өз кызматчыларын булгаарычы Симондун үйүндөгү Пётрга жиберүүгө көрсөтмө берген. Корнилийдин кызматчылары Симондун үйүнө барып, Пётрду Кесарияга алып келишкен. Ал жерден Пётр Корнилийге жана анын туугандарына, досторуна кабар айткан. Натыйжада алар сүннөткө отургузулбаган бутпарас ишенимдештердин алгачкыларынан болуп, Падышалыктын мураскорлору катары ыйык рух алышкан. Сүннөткө отургузулушпаганына карабай, Пётрдун сөзүн уккандардын баары чөмүлтүлүшкөн. Бул болсо иудейлердин көз карашы боюнча таза эмес деп эсептелген элдерге Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышына мүчө болууга жол ачкан (Расул 10:1—48; 11:18). Пётр чындыкты баалагандыктан жана Иегованын жетекчилигине баш ийип, ишеним менен иш кылгандыктан, ага кандай өзгөчө артыкчылык берилген!

20. Чындыкты жашообузда биринчи орунга койсок, Кудай бизге кандай жардам берет?

20 Павел бизди: «Бардыгыбыз чын сүйүүдө, башы болгон Христоско бардык жагынан окшоп өсөлү»,— деп үндөйт (Ефесалыктар 4:15). Ооба, эгер чындыкты жашообузда биринчи орунга койсок жана Иегованын биздин кадамдарыбызды өзүнүн ыйык руху аркылуу багытташына жол берсек, чындык бизге теңдешсиз бак-таалай алып келет. Ошондой эле жакшы кабарды таратуу ишибизде бизге ыйык периштелердин колдоо көрсөтүп жатканын унутпайлы (Аян 14:6, 7; 22:6). Иегованын бизге тапшырган ишинде мындай жардамга ээ болуу кандай сыймык! Ишенимдүүлүгүбүздү сактоо чындыктын Кудайы Иегованы түбөлүк даңкташыбызга шарт түзөт. Мындан өткөн баалуу нерсе барбы? (Иоанн 17:3).

Эмнелерди билдик?

• Эмне үчүн көп адамдар чындыкты кабыл албайт?

• Ыйсанын жолдоочулары Шайтандын дүйнөсүндөгү нерселерге карата кандай көз карашта болушу керек?

• Жолугушууларга кандай карашыбыз керек жана эмне үчүн?

• Өзүбүзгө рухий жактан кам көрүүгө байланыштуу кандай жоопкерчилигибиз бар?

[32-беттеги сүрөт]

Пётр Кудайдын жетекчилигине баш ийип, күтүлбөгөн баталарды алган.

Улуу деңиз

Сарон түздүгү

Кесария

Иоппия

Лидда

Иерусалим

Карта: Mountain High Maps® Copyright © 1997 Digital Wisdom, Inc.

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү