Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • w99 1/5 21—27-бб.
  • «Окурман назар салсын»

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • «Окурман назар салсын»
  • Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—1999
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • Азыркы күндөгү «жийиркенич»
  • Келечектеги чабуул
  • «Качып кетүү» — кантип?
  • «Айтчы бизге, бул качан болот?»
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2013
Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—1999
w99 1/5 21—27-бб.

«Окурман назар салсын»

«Ыйык жерде турган, кыйратылуунун жийиркеничин көргөнүңөрдө... Иудеяда болгондор тоолорго качып кетсин» (МАТФЕЙ 24:15, 16).

1. Ыйсанын Лука 19:43, 44-аяттардагы эскертүүсү кандай натыйжаларга алып келген?

АЛДЫДАГЫ кырсыкка карата даярдыгыбыз бизге андан качып кетүүгө жардам берет (Аңгемелер 22:3). Ыйсанын римдиктер б.з. 66-жылы Иерусалимге чабуул жасагандан кийин шаарда калган жолдоочуларынын абалын элестетсеңер. Ыйса шаардын курчала турганы жана кыйрай турганы жөнүндө эскерткен (Лука 19:43, 44). Иудейлердин көпчүлүгү Ыйсанын айткандарына көңүл бурбай коюшкан. Бирок Ыйсанын жолдоочулары анын эскертүүсүнө кулак түрүшкөн. Ошонун натыйжасында алар б.з. 70-жылы келген кырсыктан качып кетишкен.

2, 3. Эмне үчүн Матфей 24:15—21-аяттарда Ыйса айткан пайгамбарлыкка биз кызыгышыбыз керек?

2 Ыйса биздин күндөргө тиешелүү пайгамбарлыгында согуштардан, тамак-аштын жетишсиздигинен, жер титирөөлөрдөн, жугуштуу оруулардан жана Кудайдын Падышалыгын жарыялагандардын куугунтукталарынан турган курама белгини бизге сүрөттөп берген (Матфей 24:4—14; Лука 21:10—19). Ыйса өз окуучуларына акыр жакын калганын көрсөтө турган белгинин дагы бир бөлүгү тууралуу айткан, ал «ыйык жерде турган, кыйратылуунун жийиркеничи» эле (Матфейден 24:15). Келгиле, терең мааниси бар ошол сөздөрдүн биздин азыркы жана келечектеги жашообузга кандай таасир этиши мүмкүн экенин дагы бир сыйра карап чыгалы.

3 Белгини сүрөттөп бергенден кийин, Ыйса мындай деген: «Даниил пайгамбар аркылуу айтылган, ыйык жерде турган, кыйратылуунун жийиркеничин көргөнүңөрдө,— окуган назар салсын,— ошондо Иудеяда болгондор тоолорго качып кетсин; ким үйдүн төбөсүндө болсо, ал өз үйүнөн бирдеме аламын деп төмөн түшпөсүн; ким талаада болсо, ал кийимдерин аламын деп, артына кайрылбасын. Ошол күндөрдө боюнда бар жана эмчек эмизген аялдарга — кайгы! Качуу күнү кышында же ишемби күнү болбосун деп сыйынгыла; анткени ал учурда эң чоң алаамат болот, андай алаамат дүйнөнүн башталышынан бери болгон эмес жана кийин да болбойт» (Матфей 24:15—21).

4. Матфей 24:15деги сөздөр биринчи кылымда аткарылганын эмне көрсөтүп турат?

4 Марктын жана Луканын билдирүүлөрүндө кошумча маалыматтар бар. Матфейдин инжилинде «ыйык жерде турган» делсе, Марк 13:14-аятта: «Болууга тийиш эмес жерде турган»,— деп айтылат. Лука 21:20-аятта Ыйсанын мындай да сөздөрү бар: «Иерусалимди кошуундар курчап алганын көргөнүңөрдө, шаардын кыйроосу жакындап калганын ошондо билесиңер». Бул маалыматтар пайгамбарлыктын биринчи аткарылышы иудейлер үчүн ыйык жер болгон, бирок Иегова үчүн ыйык жер болбой калган Иерусалимге жана анын ийбадатканасына карай римдиктердин б.з. 66-жылы башталган чабуулун өзүнө камтырын билүүгө жардам берет. Толук кыйроо б.з. 70-жылы римдиктер Иерусалимдин жана анын ийбадатканасын жок кылганда келген. Ошол кездеги «жийиркенич» эмне эле? Кандайча ал «ыйык жерде турган»? Бул суроолорго жооп алуу пайгамбардыктын азыркы убактагы аткарылышын түшүнүүгө жардам берет.

5, 6. а) Эмне үчүн Даниилдин 9-бабын окугандардан назар салуу талап кылынган? б) Ыйсанын «жийиркенич» тууралуу пайгамбарлыгы кантип аткарылган?

5 Ыйса окугандарды назар салууга чакырган. Эмнени окугандарды? Балким, Даниилдин 9-бабын. Ал баптан Машайыктын качан келе турганы жана андан үч жарым жыл өткөндөн кийин анын ‘өлүмгө кыйыла турганы’ жөнүндөгү пайгамбарлыкты табабыз. Пайгамбарлыкта мындай деп айтылган: «Касиеттүү жайдын аянтына кыйрысын ургандай, ээндик болот [«аянтында кыйратылуунун жийиркеничи турат», СК] жана акыры апаат жылас кылгандын өз башына келет» (Даниил 9:26, 27; Даниил 11:31 жана 12:11-аяттарды да карагыла).

6 Иудейлер бул пайгамбарлык 200дөй жыл мурун, Антиох IV ийбадаткананы арамдаганда, аткарылган деп ойлошкон. Бирок Ыйса окугандарды назар салууга чакырып, «жийиркенич» пайда болорун жана анын «ыйык жерде» турарын көрсөткөн. Ыйса б.з. 66-жылы өздөрүнүн айырмалоочу желектери менен келе турган римдик армия жөнүндө айткысы келсе керек. Ошондой желектер, чындыгында, сыйынуучу нерсе катары көптөн бери колдонулуп келген, ошондуктан алар иудейлер үчүн жийиркеничтүү нерсе болгонa. Бирок римдиктер «ыйык жерде» качан турушу керек эле? Римдиктердин ыйык жерде турушу алар иудейлер үчүн ыйык деп эсептелген Иерусалимди жана анын ийбадатканасын көздөй желектерин көтөрүп чабуул жасашканда болгон. Римдиктер атүгүл ийбадаткананын дубалынын алдын каза башташкан. Чын эле мурда жийиркенич болуп эсептелген нерсе эми ыйык жерде турган! (Исаия 52:1; Матфей 4:5; 27:53; Расул 6:13).

Азыркы күндөгү «жийиркенич»

7. Азыркы күндөрдө Ыйсанын кайсы пайгамбарлыгы аткарылып жатат?

7 Матфей 24-бапта Ыйса айткан белгинин эң чоң аткарылышын биринчи дүйнөлүк согуш башталгандан бери көрүп жатабыз. Ошол сөздөргө дагы бир жолу кайрылалы: «Ыйык жерде турган, кыйратылуунун жийиркеничин көргөнүңөрдө... Иудеяда болгондор тоолорго качып кетсин» (Матфей 24:15, 16). Пайгамбарлыктын бул бөлүгү биздин убакта да аткарылышы керек.

8. Иегованын Күбөлөрү көптөгөн жылдар бою эмнени азыркы кездеги «жийиркенич» деп келатышат?

8 Иегованын кызматчыларынын бул пайгамбарлыктын сөзсүз аткарыла турганына болгон ишенимин белгилеп, 1921-жылдын 1-январындагы «Күзөтчү мунара» Ортоңку Чыгыштагы окуяларга байланыштуу бул пайгамбарлыкка көңүл бөлгөн. Кийинчерээк журналдын 1929-жылдын 15-декабрдагы санынын 374-бетинде (англ.): «Улуттар Лигасынын бардык иштери адамдарды Кудайдан жана Машайыктан алыстатууга багытталган, ошондуктан ал «кыйратылуу» алып келүүдө, бул уюм — Шайтандын колунан чыккан нерсе жана Кудайдын алдында жийиркенич»,— деген корутунду жасалган. Демек, 1919-жылы «жийиркенич» пайда болгон. Кийинчерээк Улуттар Лигасынын ордун Бириккен Улуттар Уюму ээлеген. Тынчтыкты камсыз кылууга адамдар аркылуу түзүлгөн бул уюмдарды Иегованын күбөлөрү Кудайдын алдында жийиркенич деп көптөн бери айтып келатышат.

9, 10. Эң чоң алаамат жөнүндөгү алгачкы түшүнүгүбүз «кыйратылуунун жийиркеничи» ыйык жерде качан турушу керек экенине байланыштуу көз карашыбызга кандай таасир тийгизген?

9 Өткөн макалада Матфей 24, 25-баптардагы көптөгөн нерселерге байланыштуу такталган көз карашты жыйынтыктадык. «Ыйык жерде турган, кыйратылуунун жийиркеничине» байланыштуу кандайдыр бир тактоону жасаш керекпи? Керек окшойт. Ыйсанын пайгамбарлыгында жийиркеничтин «ыйык жерде турушу» алдын ала айтылган «алаамат» менен тыгыз байланышта. Ошондуктан, «жийиркенич» көптөн бери бар болуп келсе да, анын «ыйык жерде турушу» менен эң чоң алааматтын ортосундагы байланышты эске албай коюуга болбойт. Эмне үчүн эске алышыбыз керек?

10 Эң чоң алааматтын башталышы 1914-жылы болгон, ал эми анын акыркы бөлүгү Армагеддон согушунда болот деп бир кезде Кудайдын эли түшүнчү (Аян 16:14, 16; салыштыргыла «Күзөтчү мунара», 1939-жыл, 1-апрель, 110-бет, англ.) Мына ошондуктан азыркы «жийиркенич» биринчи дүйнөлүк согуштан кийин эле ыйык жерде туруп калышы керек деп ойлошконунун себеби түшүнүктүү.

11, 12. Эң чоң алаамат тууралуу 1969-жылы кандай жаңы түшүндүрмө берилген?

11 Бирок акыркы жылдары буларды башкача түшүнө баштадык. Нью-Йорк шаарында 1969-жылы «Жердеги тынчтык» деген эл аралык көнгрессте бейшемби күнү, 10-июлда, Күзөтчү Мунара Коомунун ошо убактагы вице-президенти Ф.У. Френц өтө толкундандырган баяндаманы сүйлөгөн. Ыйсанын пайгамбарлыгы тууралуу мурда кандай түшүнүк болгонун кыскача баяндап, Френц тууган: «Эң чоң алаамат 1914-жылы башталган жана анын аягына чыгуусуна анда жол берилген эмес, себеби Кудай биринчи дүйнөлүк согушту 1918-жылдын ноябрь айында токтоткон. Ошондон бери, «эң чоң алааматтын» аягы Армагеддон согушунда келгенге чейин, Кудай Ыйсанын тандалган жолдоочуларынын майланган калдыгына иш-аракеттерди жасоого мүмкүнчүлүк берип жатат деп мурун эсептелчү»,— деген.

12 Андан кийин бир кыйла такталган мындай түшүндүрмө берилген: «Биринчи кылымдагы окуяларды карап чыкканда... прообраздуу „эң чоң алаамат“ б.з. 1914-жылы башталбаганы көрүнүп турат. Иерусалимдин азыркы прообразы менен болгон 1914—1918-жылдардагы окуялар „кайгынын башталышын“ гана көрсөткөн... Келечекте эч бир кайталанбай турган „эң чоң алаамат“ али алдыда, себеби адегенде жалган диндин дүйнөлүк империясы (христиан дүйнөсү да) кыйроого учурайт, анан „Кудуреттүү Кудайдын улуу күнүндөгү урушуусу“ — Армагеддон болот». Бул түшүндүрмө эң чоң алаамат бүт бойдон алдыда экенин билдирген.

13. Эмне үчүн «жийиркеничтин» «ыйык жерде турушу» али алдыда болот деп айтуу туура?

13 Булардын баарынын «жийиркенич» ыйык жерде качан турушу керек экенине байланыштуу суроого түздөн-түз тиешеси бар. Биринчи кылымда эмне болгонун эстейли. Римдиктер б.з. 66-жылы Иерусалимди көздөй чабуул жасашкан, бирок алардын капысынан артка чегинишкени «адамдын», Ыйсанын жолдоочуларынын, куткарылуусуна жол ачкан (Матфей 24:22). Ошо сыяктуу эле, биз дагы эң чоң алааматтын башталышы жакында болорун күтүп жатабыз, бирок Кудайдын тандалгандары үчүн кайгы кыскартылат. Мына бул маанилүү ойго көңүл буралы: байыркы аткарылууда «жийиркеничтин» «ыйык жерде турушу» римдиктердин б.з. 66-жылы генерал Галлдын жетекчилиги астында шаарды көздөй жасаган чабуулу менен байланышкан. Ошол чабуулдун биздин убактагы параллели — эң чоң алааматтын башталышы — али алдыда. Демек, 1919-жылдан бери бар болуп келген «кыйратылуунун жийиркеничинин» ыйык жерде турушу дагы алдыдаb. Ал кандайча болот? Ал бизге кандайча таасир эте алат?

Келечектеги чабуул

14, 15. Армагеддондун алдында кандай окуялар боло турганын түшүнүүгө Аян китебинин 17-бабы кантип жардам берет?

14 Иоанндын аяны китебинде жалган динди толугу менен жок кылчу келечектеги акыркы чабуул баяндалат. Анын 17-бабында «улуу Вавилонго, жердеги бузук аялдардын энесине» — жалган диндин дүйнөлүк империясына — Кудайдын чыгарган өкүмү тууралуу айтылат. Христиан дүйнөсү ошо империяда негизги ролду ойнойт жана Кудай менен келишимдебиз деп ырасташат. (Салыштыргыла Иеремия 7:4.) Жалган дин, аны менен бирге христиан дүйнөсү да «жердеги падышалар» менен көптөн бери ыпылас карым-катнаштарды түзүп келатат, бирок бул карым-катнаштар ошол диндер кыйратылганда токтойт (Аян 17:2, 5). Диндерди ким кыйратат?

15 Бир нече убакытка бар болгондон кийин жоголуп кеткен жана кайра пайда болгон «кыпкызыл айбан» Иоанндын аяны китебинде сүрөттөлөт (Аян 17:3, 8). Айбанды дүйнөлүк башчылар колдойт. Пайгамбарлыкта айтылган баяндоолор каймана маанидеги айбан 1919-жылы тынчтыкты орнотуу үчүн түзүлгөн Улуттар Лигасы («жийиркенич») экенин аныктоого жардам берет, ал азыр Бириккен Улуттар Уюму. Иоанндын аяны 17:16, 17-аяттар Кудайдын кээ бир өкмөт башчыларынын, ошол «айбандын» белгилүү мүчөлөрүнүн, жүрөктөрүнө жалган диндин дүйнөлүк империясын кыйратуу эркин сала турганын баяндайт. Ошол чабуул эң чоң алааматтын башталышын белгилейт.

16. Динге байланыштуу белгилей кетерлик кандай окуялар болуп жатат?

16 Эң чоң алааматтын башталышы алдыда болгондуктан, жийиркеничтин «ыйык жерде» турушу да али алдыда деп айтууга болобу? Албетте болот. «Жийиркенич» бул кылымдын башында пайда болгон, демек ал ондогон жылдар бою бар болуп келатат, бирок ал жакында кандайдыр бир «ыйык жерде» туруп, өзгөчө орунду ээлейт. Ыйсанын биринчи кылымдагы жолдоочулары жийиркеничтин «ыйык жерде» турушу кандайча болорун кунт коюп күтүшсө керек, азыркы жолдоочулары да ошентишүүдө. Албетте, аны, пайгамбарлыктын аткарылышынын өзүн көргөндө гана, толук биле алабыз. Бирок кээ бир өлкөлөрдө диндерди жактырбагандык эмитеден эле бар экени айкын жана андай мамиленин курчуп баратканы белгилей кетерлик. Чыныгы ишенимди таштап, христиан болбой калгандар менен кээ бир өкмөт кызматчылары биригип, бардык диндерге, Ыйсанын чыныгы жолдоочуларына да каршылык көрсөтүүгө шарт түзүүдө (Забур 93:20, 21; 1 Тимофей 6:20, 21). Демек, өкмөт күчтөрү ‘курмандык Козу менен согушуп жатышат’, ал эми Иоанндын аяны 17:14-аяттагы сөздөргө караганда, согуш барган сайын күчөйт. Кудайдын Козусу, Ыйса Машайык, асмандагы даңктуу жогорку абалды ээлегендиктен, душмандар ага жете алышпаганы менен, алар Кудайдын чыныгы кызматчыларына, анын «ыйыктарына», каршылык көрсөтүүсүн уланта беришет (Даниил 7:25; салыштыргыла Римдиктер 8:27; Колоссадагылар 1:2; Аян 12:17). Бирок Козунун жана анын жанындагыларынын жеңишке ээ боло турганына бизди Кудайдын Сөзү ынандырат (Аян 19:11—21).

17. Догмат болбосок, «жийиркеничтин» ыйык жерде кандайча турарына байланыштуу эмне десек болот?

17 Жалган дин кыйроого учураарын биз билебиз. Улуу Вавилон ‘касиетүүлөрдүн канына тоюп алган’ жана ал өзүн падыша аялдай алып жүрөт, бирок ал сөзсүз жок кылынат. Анын жердеги падышаларга тийгизген ыпластык таасири «он мүйүздүн жана айбандын» аны ырайымсыз жек көрүүсү менен таң калыштуу түрдө алмашат (Аян 17:6, 16; 18:7, 8). «Кыпкызыл айбан» диний бузуку аялды качыра баштаганда, «жийиркенич» христиан дүйнөсүнүн ыйык деп аталган жеринде каардуу түрдө турган болотc. Демек, кыйроо ишенимден чыккан жана өзүн ыйык деп эсептеген христиан дүйнөсүнөн башталат.

«Качып кетүү» — кантип?

18, 19. «Тоолорго качып кетсин» деген кеңеш динди өзгөртүү керек дегенди билдирбесин кайсы себептер көрсөтүп турат?

18 «Ыйык жерде турган, кыйратылуунун жийиркеничи» жөнүндө алдын ала эскерткенден кийин, Ыйса назар салгандарды иш-аракеттерди жасоого чакырган. Ыйса «ыйык жерде турган, кыйратылуунун жийиркеничи» жөнүндө эскертип жатып, көптөгөн адамдардын жалган динден качып, чыныгы сыйынууга кошулары тууралуу айтты беле? Айтпаган чыгар. Ыйсанын пайгамбарлыгынын биринчи аткарылышын эстейли. Ыйса мындай деген: «Ошондо Иудеяда болгондор тоолорго качып кетсин; ким үйдүн төбөсүндө болсо, ал түшүп, өз үйүнөн бирдеме аламын деп, үйгө кирбесин; ким талаада болсо, ал кийимдерин аламын деп, артына кайрылбасын. Ошол күндөрдө боюнда бар жана эмчек эмизген аялдарга — кайгы! Качуу күнү кышында болбосун деп сыйынгыла» (Марк 13:14—18).

19 Ыйса качып кетүүгө Иерусалимде жашагандарды гана үндөгөн эмес, аларды иудейлердин диний борборун калтыргыла дегиси да келген эмес; динди өзгөртүүгө же жалган динден чыныгы динге качууга чакырган да эмес. Ыйсанын окуучулары чыныгы динде болушкандыктан, бир динден башкасына өтүүгө чакыруунун эмне кереги бар эле. Анын үстүнө, б.з. 66-жылындагы чабуул Иерусалимдеги жана бүт иудеядагы иудаизмди туткан адамдарга өз динин таштоого, Ыйсанын жолдоочуларынан болууга түрткү берген эмес. Профессор Генрих Гретц римдиктердин артынан кубалашкандардын шаарга кайтып келиши тууралуу айткан: «Зелоттор согуш ырларын шаттык менен ырдашып, Иерусалимге (8-октябрда) кайтып келишкен, алардын жүрөктөрү азаттыкка жана көз каранды эместикке жетебиз деген кубанычтуу үмүт менен соккон... Кудай алардын ата-бабаларына кандай жардам берсе, аларга да ошондой боорукерлик көрсөткөн жокпу? Зелоттордун жүрөгү алдыдагы коркунучту туйган эмес».

20. Ыйсанын тоолорду көздөй качып кеткиле деген кеңешин анын алгачкы жолдоочулары кантип кабыл алышкан?

20 Тандалгандардын салыштырмалуу кичинекей тобу Ыйсанын кеңеши боюнча ошол кезде кандай иш кылышкан? Иудеяны таштап, Иордан дарыясынын аркы өйүзүндөгү тоолорду көздөй качуу менен, алар Иудеянын саясий жана диний түзүлүшүнүн бөлүгү эмес экенин көрсөтүшкөн. Алар жерлерин жана үй-жайларын калтырышкан, атүгүл үйлөрүнөн буюмдарды да алышкан эмес. Алар Иегованын коргооруна жана колдооруна ишенип, Кудайга сыйынууну маанилүү болуп көрүнгөн нерселерден жогору коюшкан (Марк 10:29, 30; Лука 9:57—62).

21. «Жийиркенич» чабуул койгондо, биз эмнени күтпөшүбүз керек?

21 Эми эң чоң аткарылышты карап көрөлү. Биз ондогон жылдар бою адамдарды жалган динди таштоого, чыныгы сыйынууга кайрылууга чакырып жатабыз (Аян 18:4, 5). Миллиондогон адамдар ошентишти. Бирок, эң чоң алаамат башталганда, адамдар тобу менен чыныгы сыйынууга кайрылат деген жыйынтыкты Ыйсанын пайгамбарлыгынан чыгарууга болбойт; себеби б.з. 66-жылы иудейлер тобу менен чыныгы сыйынууга кайрылган эмес. Ал эми Ыйсанын чыныгы жолдоочуларында анын эскертүүсүн эске алууга жана качууга олуттуу себеп бар болот.

22. Ыйсанын тоолорду көздөй качкыла деген кеңешин кабыл алсак, бизден эмне талап кылынышы мүмкүн?

22 Эң чоң алааматты анын бардык майда-чүйдөлөрүнө чейин биз азыр биле албайбыз, бирок Ыйсанын качып кетсин деген буйругу жер шаарынын кайсы бир жерине качып кетүүбүздү билдирбесин түшүнсөк болот. Кудайдын кызматчылары азыр жердин бардык булуң-бурчунда жашашат. Ыйсанын жолдоочуларынын качып кетүү убагы келген учурда, алар жалган диндин уюмдарынан даана айырмаланып турушу керек болору талашсыз. Кимдир бирөө кийимдеримди же башка нерселеримди алам деп үйүнө кайрылбашы керек экени тууралуу Ыйсанын айткан сөзү да маанилүү (Матфей 24:17, 18). Биз материалдык нерселерге карата сыноого туш келишибиз мүмкүн; биз үчүн Кудай тараптагылар ала турган куткарылуу эң маанилүүбү же материалдык нерселер маанилүүбү? Ооба, биздин качуубуз бизди кыйынчылыктарга жана жоготууларга дуушар кылышы ыктымал. Ыйсанын Иудеядан Иордандын аркы өзүндөгү Переяны көздөй качкан биринчи кылымдагы жолдоочуларына окшоп, биз дагы ар кандай жоготууларга барууга даяр болушубуз керек.

23, 24. а) Биз коргоону кайдан гана табабыз? б) Ыйсанын «ыйык жерде турган, кыйратылуунун жийиркеничи» тууралуу эскертүүсү бизге кандай таасир этиши керек?

23 Биздин баш калкалообуз дагы эле Иегова жана анын тоо сыяктанган уюму боло берерин эсибизден чыгарбашыбыз керек (2 Падышалык 22:2, 3; Забур 17:3; Даниил 2:35, 44). Биз ушулардан гана коргоо табабыз! Биз Улуу Вавилон кыйрагандан кийин абдан кыска мөөнөткө кала турган «үңкүрлөргө» жана «капчыгайларга», башкача айтканда, адамдар түзгөн уюмдарга жана институттарга бекине турган көпчүлүктүн артынан жөнөбөйбүз (Аян 6:15; 18:9—11). Ооба, б.з. 66-жылы Иудеядан качкан боюнда бар аялдардыкындай же суукта жана жаан-чачында жол жүрүүгө туура келген кимдир бирөөнүкүндөй оорураак мезгилдер болушу мүмкүн. Бирок Кудайдын бизди куткарарына толук ишенсек болот. Андыктан Иеговага жана Падышалыктын падышасы катары башкарып жаткан анын Уулуна ишенүүбүздү азыртан бекемдей берели.

24 Бизде алдыдагы окуялардан коркуп жашоого эч кандай себеп жок. Ыйса ошо убактагы окуучуларынын коркунучта жашашын каалаган эмес, демек биздин да азыр жана келечекте коркунучта жашашыбызды каалабайт. Биз жүрөктөрүбүздү жана акылыбызды даярдашыбыз үчүн, ал бизге эскертүү берген. Анын үстүнө, жалган дин жана бул каардуу түзүлүш талкаланып жатканда, Ыйсанын тил алчаак жолдоочулары жазаланышпайт. Алар «ыйык жерде турган, кыйратылуунун жийиркеничи» тууралуу эскертүүгө назар салып, ошого жараша иш кылышат. Ал эми алардын кажыбас ишеними чечкиндүү болууга түрткү берет. Келгиле, Ыйсанын: «Акырына чейин ким чыдаса, ал куткарылат»,— деген убадасын эч качан унутпайлы (Марк 13:13).

[Шилтемелер]

a  Британ энциклопедиясынын («The Encyclopædia Britannica») 11-басылышында мындай деп айтылат: «Римдеги соборлордо желектерге диний аздектөө менен мамиле көрсөтүлчү жана римдиктердин желектерин аздектешкени өз элин башка элдерден канчалык жогору коюшканын көрсөткөн ... [Аскерлер үчүн] желектер жердеги нерселердин эң эле ыйыгы болсо керек. Римдик аскер өз желеги менен ант берчү».

b  Ыйсанын сөздөрүнүн б.з. 66—70-жылдары аткарылышы эң чоң алааматта эмне болорун түшүнүүгө жардам берсе да, бул эки аткарылуунун опокшош болбой турганын айтып кетүү керек, себеби алардын тарыхий шарттары кескин түрдө айырмаланып турат.

c  Карагыла «Күзөтчү мунара», 1975-жыл, 15-декабрь, 741—744-беттер, англ.

Эстей аласыңарбы?

«Ыйык жерде турган, кыйратылуунун жийиркеничи» биринчи кылымда өзүн кантип көрсөткөн?

Эмне үчүн азыркы убактагы «жийиркеничтин» ыйык жерде турушу келечекте болот дегенибиз туура?

Иоанндын аяны китебинде «жийиркеничтин» кандай чабуулу тууралуу алдын ала айтылган?

Бизге кандай түрдөгү «качууну» ишке ашырууга туура келиши мүмкүн?

[24-беттеги сүрөт]

Улуу Вавилон «бузук аялдардын энеси» деп аталган.

[25-беттеги сүрөт]

Иоанндын аяны китебинин 17-бабындагы кыпкызыл айбан — Ыйса айткан «жийиркеничтин» дал өзү.

[26-беттеги сүрөт]

Динге кыйратуу алып келген чабуулду кыпкызыл айбан башкарат.

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү