Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • lr 47-бөл. 244—249-бб.
  • Армагедонго аз калганын кайдан билебиз?

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Армагедонго аз калганын кайдан билебиз?
  • Улуу Окутуучудан үйрөн
  • Окшош материалдар
  • Иса пайгамбар бүткүл дүйнө жүзүндө боло турган окуяларды айткан
    Ыйык Китепте кандай кабар камтылган?
  • Кудайдын Падышалыгы жер жүзүн качан башкара баштайт?
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт (Жалпыга арналган чыгарылышы)—2020
  • Ыйса айткан белгини баамдап жатасыңарбы?
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2005
  • Бейиштин орнооруна аз калды!
    Сен Кудайдын досу боло аласың!
Дагы башкасы
Улуу Окутуучудан үйрөн
lr 47-бөл. 244—249-бб.

47-БӨЛҮМ

Армагедонго аз калганын кайдан билебиз?

БЕЛГИ деген эмне экенин билесиңби? ~ Кудай дүйнөнү мындан ары Топон суу менен жок кылбай турганын убада кылганын бир белги аркылуу көрсөткөнүн 46-бөлүмдөн окуганбыз. Элчилер да Исадан анын качан келерин жана бул дүйнө түзүлүшүнүн качан аяктаарын кандай белги аркылуу билсе болорун сурашкан (Матай 24:3).

Исаны асмандан көрүү мүмкүн эмес болгондуктан, адамдар анын башкара баштаганын биле алышы үчүн, кандайдыр бир айкын белги керек эле. Ошондуктан Иса жерде кандай окуялар болорун айткан. Ал шакирттерине окуялардын кайсынысына өзгөчө көңүл буруу керектигин да айткан. Ошол окуялар боло баштаганда, Исанын келгени жана асмандан Падыша катары башкара баштаганы айкын болмок.

Шакирттерине сергек болуунун канчалык маанилүү экенин көрсөтүү үчүн Иса: «Анжыр дарагын жана башка бардык бак-дарактарды карагыла: алардын бүчүр байлаганын көргөнүңөрдө жайдын жакындап калганын билесиңер»,— деген. Сен жайдын келгенин эмнеден көрүүгө болорун билесиң да. Ошо сыяктуу эле, Исанын айткандарынын аткарылып жатканын көргөнүңдө Армагедонго аз калганын билсең болот (Лука 21:29, 30).

Jesus holds a branch of a budding fig tree

Иса анжыр жөнүндө айтканда бизди эмнеге үйрөткүсү келген?

Ушул жана кийинки бетте Иса айткан белгини түзгөн окуялар көрсөтүлгөн. Алар Кудайдын Падышалыгына жакын калганын көрсөтүп турат. Ошол окуялардын баары болгондон кийин, 46-бөлүмдөн окуганыбыздай, Кудайдын Падышалыгы Машаяктын башкаруусу алдында башка бардык өкмөттөрдү жок кылат..

245, 246-беттердеги сүрөттөргө көңүл бурсаң. Кел, аларды талкуулайлы. Ал беттерде сүрөттөлгөндөр Матай 24:6—14 жана Лука 21:9—11-аяттарда жазылган. Ар бир сүрөткө номур коюлганын байкасаң. Ошол сүрөттөр талкууланган абзацтардын башында да ошондой эле номурлар бар. Кел анда, Иса айткан белги биздин күндөрдө аткарылып жатабы, жокпу, карап көрөлү.

A boy fights in a war, a boy is starving, and a girl is sick in bed

1. Иса: «Ар кайсы жерлерде согуш жүрүп жатканын угасыңар... Бир эл бир элге, бир падышалык бир падышалыкка каршы көтөрүлөт»,— деген. Согуштар жөнүндө билдирүүлөрдү уктуң беле? ~ Биринчи дүйнөлүк согуш 1914-жылы башталып, 1918-жылы бүткөн. Андан кийин 1939-жылы Экинчи дүйнөлүк согуш башталган. Ал 1945-жылга чейин созулган. Ага чейин эч качан дүйнөлүк согуш болгон эмес! Азыр болсо бүткүл дүйнө жүзүндө согуштар болуп жатат. Согуш жөнүндө дээрлик күн сайын радиодон, телевизордон угууга же гезиттерден окууга болот.

2. Ошондой эле Иса: «Жер-жерлерде ачарчылык... болот»,— деп айткан. Элдин баарында эле тамак-аш жетиштүү боло бербей турганын билет чыгарсың. Ачкадан күн сайын миңдеген кишилер өлөт.

3. Иса: «Жер-жерлерде жугуштуу оорулар... болот»,— деп кошумчалаган. Жугуштуу оору деген эмне экенин билесиңби? ~ Ал көптөрдү жабыркаткан оору. Анын кээ бир түрлөрүнөн көп киши өлүшү да мүмкүн. Мисалы, «испанка» деп аталган жугуштуу оорудан эле 20 миллионго жакын киши каза болгон! Ал эми биздин күндөрдө ЖИКСтен (СПИД) андан да көп киши өлүүдө. Жыл сайын миңдеген кишилер рактан, жүрөк жана башка оорулардан өлөт.

4. Иса белгини түзгөн дагы бир нерсе жөнүндө айткан. Ал: «Жер-жерлерде... жертитирөөлөр болот»,— деген. Жертитирөө деген эмне экенин билесиңби? ~ Андайда жер солкулдап, үйлөр урап, адатта, кишилер өлөт. 1914-жылдан баштап жыл сайын көптөгөн жертитирөөлөр болуп жатат. Сен жертитирөөлөр жөнүндө уктуң беле? ~

People escape an earthquake

5. Иса белгинин дагы бир бөлүгүнө көңүл бурган. Ал — «мыйзамсыздыктын күч алышы». Ошол себептен дүйнөдө уурулук менен зордук-зомбулук көп. Азыр дээрлик элдин баары эле үйгө ууру кирет деп коркушат. Мынчалык кылмышкерлик менен мыкаачылык буга чейин болгон эмес. Булар да бүткүл дүйнөдө болуп жатат.

6. Иса: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат. Ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет» — деп, белгинин дагы бир маанилүү бөлүгүн айткан (Матай 24:14). Эгер ошол «жакшы кабарга» ишенсең, ал жөнүндө башкаларга айтышың керек. Ошентүү менен белгинин ушул бөлүгүнүн аткарылышына катыша аласың.

A boy is the victim of violence but later preaches the good news of the Kingdom

Кимдир бирөө: «Иса айткан нерселердин баары мурда эле болуп келген»,— деп айтышы ыктымал. Бирок ушул окуялардын баары дүйнө жүзү боюнча бир эле учурда эч качан болгон эмес да. Белги эмнени көрсөтүп турарын эми түшүндүңбү? ~ Бул окуялардын болуп жатканын көрүп, дүйнөнүн акыры аябай жакын калганын жана жакында Кудайдын жаңы дүйнөсү орноорун билебиз!

Иса белги жөнүндө айтканда жылдын белгилүү бир мезгили тууралуу сөз кылган. Ал мындай деген: «Кача турган күнүңөрдүн кышка туш келип калбашы жөнүндө тиленгиле» (Матай 24:20). Кандай деп ойлойсуң, муну менен ал эмнени айткысы келген? ~

Кышында кандайдыр бир алаамат болсо, аман калуу оңойго турабы? ~ Албетте, оңой эмес. Анткени кышында күн суук болот. Андайда качуу кыйын. Атүгүл таптакыр эле кача албай калышыбыз мүмкүн. Кимдир бирөө берилген эскертүүгө кулак какпай, башка иштер менен алек болгону үчүн эле өмүрүнөн айрылып калса, кандай жаман болмок, ээ? ~

People flee from Jerusalem while the weather is good

Иса кышында качуу жөнүндө айтканда бизди эмнеге үйрөткүсү келген?

Эми Исанын эмне үчүн кышты күтпөй качуу керектиги жөнүндө айтканын түшүндүңбү? ~ Армагедондун жакын калганын билгендиктен Кудайды азыртадан сүйүп, ага ынталуу кызмат кылышыбыз керек. Иса дал ушуну айткысы келген. Шашпай жүрө берсек, өтө эле кеч болуп калышы мүмкүн. Ошентсек, Топон сууга чейин жашаган кишилердей болуп калабыз. Алар Нухтун эмне деп эскерткенин угуп туруп кемеге кирбей коюшкан.

Эми Армагедондон, Кудайдын улуу согушунан, кийин кандай жашоо болору тууралуу сүйлөшөлү жана Кудай баарыбызга, аны сүйүп, ага кызмат кылгандарга, эмне даярдап койгонун билели.

Армагедонго жакын калганын бул аяттардан да билүүгө болот: 2 Тиметей 3:1—5 жана 2 Петир 3:3, 4.

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү