Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • w10 15/6 3—5-бб.
  • Сүйүү аркылуу бириккен эл

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Сүйүү аркылуу бириккен эл
  • Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2010
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • Филиалдардын отчёту
  • Жетектөөчү Кеңештин комитеттери
  • 2010-жылдын жылдык аяты
  • «Майың түгөнүп» бараткан жокпу?
  • «Адил адамдар... күн сыяктуу жаркырашат»
  • Жетектөөчү Кеңеш кандайча уюшулган?
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2008
  • «Мындай адамдарды жогору баалайлы»
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2015
  • Бейтелде кандай иштер аткарылат?
    Жахаба Кудайдын эркин кимдер аткарып жатат?
  • Тарыхый жолугушуу
    Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2011
Дагы башкасы
Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2010
w10 15/6 3—5-бб.

Сүйүү аркылуу бириккен эл

Жылдык жолугушуу тууралуу отчёт

ЭКИ миң тогузунчу жылдын 3-октябрында Жахабанын Күбөлөрүнүн Нью-Жерсидеги (АКШ) Жыйындар залында чогулган эл толкунданып турду. Ошол күнү эртең менен Ыйык Китеп, Күзөт мунарасы жана баракчалар коомунун (Пенсильвания) 125-жылдык жолугушуусуна 5 000ден ашык киши катышты. Анын программасын аудио жана видео байланыш аркылуу Кошмо Штаттардагы жана Канададагы миңдеген бейтелдиктер угуп, көрө алышты. Үч саатка созулган жылдык жолугушуу Жахабанын сүйүү аркылуу бириккен 13235 кызматчысынын баарына зор кубаныч тартуулады.

Жолугушууда Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Жеффри Жэксон төрагалык кылды. Жолугушуу бейтелдиктердин хору менен башталды. Алар жаңы ыр китептеги ырлардан ырдашты. Хорду Жетектөөчү Кеңештин дагы бир мүчөсү Дэйвид Сплэйн жетектеди. Ал музыканын чыныгы сыйынууда маанилүү орунду ээлээрин кыскача айтып өттү. Катышуучулардын баары үч жаңы ырды ырдоого чакырылды: ырларды алгач хор өзү аткарды, андан соң баары чогуу ырдашты. Ал хор жыйналыштарда же жыйындарда хор ырдалышы керек деген максатта эмес, атайын ошол жылдык жолугушууга карата эле уюштурулган.

Филиалдардын отчёту

Беш филиалдын комитеттеринин мүчөлөрү отчёт беришти. Кенет Лител жакында Кошмо Штаттар менен Канада үчүн басылган журналдардын көбү Канадада он эсе жогору өндүрүмдүүлүк менен басылып чыгарыла баштаарын билдирди. Ал андай өндүрүмдүүлүккө эки смен бою 16 саат иштей турган жаңы басма машине шарт түзөрүн айтты.

Райнер Томпсон Доминикан Республикасында Падышалыктын иши кандай жүрүп жатканын билдирди, ал эми Нигериядагы кабар айтуу иши тууралуу Альберт Оли айтып берди. Мозамбиктен келген Эмиль Критцингер Жахабанын ал өлкөдөгү Күбөлөрү ондогон жылдарга созулган куугунтуктан кийин 1992-жылы расмий түрдө катталганын айтты. Аталган үч өлкөдө тең акыркы жылдары жарчылардын саны тездик менен өскөн. Австралиянын филиалынан келген Вив Мориц болсо Австралиянын карамагындагы Чыгыш Тимордогу өсүш жөнүндө айтып берди.

Жетектөөчү Кеңештин комитеттери

1976-жылдан баштап Жахабанын Күбөлөрүнүн иши Жетектөөчү Кеңештин алты комитетинин көзөмөлү астында жүргүзүлө баштаган. Аларга жардам берүүгө кийинчерээк башка койлордон да дайындалган. Учурда Жетектөөчү Кеңеш башка койлордон тандалып алынган 23 жардамчынын көмөгү менен иш жүргүзүүдө. Жолугушууда алардын алтоо менен маек курулду. Алар толук убакытта баш-аягы 341 жыл кызмат кылышкан. Башкача айтканда, ар бири орто эсеп менен 57 жылдан бери толук убакыттагы кызматты аркалап келет.

Бейтелде 1943-жылдан бери кызмат кылып келаткан Дон Адамс Координаторлор Комитети беш комитеттин координаторлорунан турарын жана бул алардын эриш-аркак кызматташуусуна өбөлгө түзөрүн айтты. Ал комитет өзгөчө кырдаалдарга, куугунтуктарга, сот иштерине, табигый кырсыктарга кабылган дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрүнө кам көрүп, Кудайдын элине тиешелүү дагы башка зарыл маселелерди чечет.

Дэн Молчен Кадрлар комитетинин дүйнө жүзүндөгү 19851 бейтелдикке денелик жана рухий жактан кам көрүлүшүнө көзөмөлдүк кыларын айтты. Дейвид Синклер Басма комитетинин филиалдарды керектүү жабдуулар менен кандайча камсыз кыларын жана каражаттардын сарпталышын көзөмөлдөөрүн түшүндүрдү. Бейтелде 60 жылга жакын кызмат кылган Роберт Уоллен Кызмат комитетинин кабар айтуу ишин кантип жетектээрин жана жыйналыштарга тиешелүү маселелерди чечерин айтып берди. Уильям Маленфант Окутуу комитетинин жыйындардын программаларын даярдоо үчүн канчалык күжүрмөн эмгектенерин айтып өттү. Аягында Жон Уисчук Жазуу комитетинин адабияттардын даярдалышына кандайча кам көрөрүн айтып бердиa.

2010-жылдын жылдык аяты

Кийинки үч баяндаманы Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү айтты. Геррит Лёш сөзүн: «Башкалар сени жакшы көрүшүн каалайсыңбы?» — деген суроо менен баштады. Ал сүйүүгө баары муктаж экенин жана сүйүү болсо, адам гүлдөй жайнап ачыларын айтты. Жахаба бизди зор сүйүүсүнөн улам жараткандыктан, биз сүйө алабыз. Кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине катышууга бизге биринчи кезекте Жахабага болгон сүйүү түрткү берет.

Принциптерге негизделген сүйүү жакындарыбызды эле эмес, душмандарыбызды да сүйүүнү билдирет (Мт. 5:43—45). Геррит Лёш угуучуларды Исанын биз үчүн эмнелерди башынан өткөргөнү тууралуу ой жүгүртүүгө чакырды. Исаны сабап, шылдыңдап, бетине жаба түкүрүп, акыры, устунга кадашкан. Ошого карабай ал жоокерлер үчүн тиленген. Бул бизге Исаны ого бетер сүйүүгө түрткү бербейби? Анан Лёш бир тууган 2010-жылдын жылдык аяты 1 Корунттуктар 13:7, 8ге негизделип: «Сүйүү... баарына туруктуулук менен чыдайт. Сүйүү эч качан жок болбойт»,— деп аталарын кулактандырды. Биз келечекте түбөлүк өмүрдөн эле кубаныч албастан, биз сүйгөн жана бизди сүйгөн адамдардын арасында түбөлүк жашайбыз.

«Майың түгөнүп» бараткан жокпу?

Сэмюэл Херд баяндамасын бир мисал менен баштады. Херд бир тууган досу менен 50 километр аралыктагы жолго чыккан кишини мисал келтирди. Ал киши машинеде май түгөнүп баратканын байкап, досуна айтат. Досу болсо дагы бир аз май калганын жана тынчсызданбай эле коюшун айтат. Бирок көп өтпөй машиненин майы түгөнүп калат. Машиненин майы түгөнүп баратканын билип туруп, айдап кете берүү акылдуулукка жатабы? Андан көрө май куюп алып айдаган жакшы эмеспи? Машинеге май куюп туруу зарыл болгондой эле, биз да акылыбызды жана жүрөгүбүздү Жахаба жөнүндөгү билимге толтуруп турушубуз керек.

Майыбыз түгөнүп калбаш үчүн биз дайыма өзүбүзгө май куюп турушубуз керек. Анын төрт жолу бар. Биринчиси, өздүк изилдөө жана Ыйык Китепти күнүгө окуу. Бирок жөн эле окуп коюу жетишсиз, биз окугандарыбыздын маанисин түшүнүшүбүз керек. Экинчиси, үй-бүлө менен сыйынуу кечине олуттуу маани берүү. Өзүбүзгө жума сайын май куюп жатабызбы же майыбыз түгөнүп баратса деле айдап баратабызбы? Үчүнчүсү, жыйналыш жолугушууларына үзгүлтүксүз катышуу. Төртүнчүсү, Жахабанын жолдору тууралуу тынч, эч ким тоскоолдук кылбай турган жерде ой жүгүртүү. Забур 142:5те: «Байыркы күндөрдү эстеп, Сенин бардык иштериң жөнүндө ойлоном»,— делет.

«Адил адамдар... күн сыяктуу жаркырашат»

Жон Барр акыркы үчүнчү баяндаманы айтып, Исанын буудай менен отоо чөптөр жөнүндөгү мисалына токтолду (Мт. 13:24—30, 38, 43). Ал мисалда «орок маалында» «падышалыктын уулдары» чогултулуп, ал эми отоо чөптөр өрттөлүү үчүн жыйналары тууралуу айтылат.

Барр бир тууган түшүм жыйноо ишинин түбөлүккө созула бербесин айтты. Ал Матай 24:34төгү: «Ушулардын баары аткарылмайынча, бул муун жок болбойт»,— деген сөздөргө токтолду. Ал: «Исанын „бул муун“ деген сөздөрү 1914-жылы айкын болгон белгини көргөн майлангандар менен улуу алааматтын башталышына күбө боло турган майлангандар белгилүү бир убакытка замандаш болуп, бир муунду түзөрүн айткан көрүнөт»,— деген сөздөрдү эки жолу окуду. «Бул муун» жашаган убакыт канчага созулары белгисиз болсо да, ага ушул эки топтогу майлангандардын баары кирет. Майлангандардын ал эки тобу ар кандай куракта болсо да, акыркы күндөрдө жашаган муунду билдирет. 1914-жылы айкын болгон белгини көргөн майлангандардын жашыраак замандаштарынын айрымдары улуу алаамат башталганга чейин тирүү болорун билүү бизди сооротот.

«Падышалыктын уулдары» өздөрүнүн сыйлыгын ала турган маалды чыдамсыздык менен күтүүдө. Биз да акырына чейин ишенимдүү болуп, «күн сыяктуу жаркырай» берели. «Буудайдын» чогултулуп жатканына күбө болуу кандай гана чоң сыймык!

Соңку ырдан кийин Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Теодор Ярач тиленди. Жылдык жолугушуунун программасы абдан бекемдээрлик болду.

[Шилтемелер]

a Жетектөөчү Кеңештин алты комитетинин аткарган иштери тууралуу көбүрөөк билүү үчүн 2008-жылдын 15-майындагы «Күзөт мунарасынын» 29-бетин карагыла.

[5-беттеги кутуча]

АКСАКАЛДАР МЕКТЕБИ

Жылдык жолугушууда Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Энтони Моррис жыйналыштын аксакалдары үчүн атайын окутуу программасы өткөрүлүп жатканын кулактандырды. 2008-жылдан баштап Паттерсондогу (Нью-Йорк) окутуу борборунда Кошмо Штаттарда кызмат кылган аксакалдар билим ала башташты. Мектепти акыркы жолу 72-класс бүтүрүп, андан бардыгы болуп 6 720 аксакал билим алды. Бирок алдыда дагы жумуш көп. Кошмо Штаттарда эле 86 000ден ашуун аксакал кызмат кылат. Ошол себептүү Жетектөөчү Кеңеш 2009-жылдын 7-декабрынан баштап Бруклинде (Нью-Йорк) да кошумча мектептин өткөрүлүшүн туура тапты.

Бруклинде аксакалдар мектебинде сабак берүү үчүн төрт кыдыруучу көзөмөлчү эки ай Паттерсондо окутулду. Алардан кийин Паттерсондо дагы төрт кыдыруучу көзөмөлчү окутулат. Алар Бруклинге сабак берүү үчүн барышканда, биринчи төртөө Жыйындар залдарында жана Падышалык залдарында аксакалдар мектебин өткөрүү үчүн жөнөтүлөт. Андан соң билим алууга Паттерсонго дагы төрт кыдыруучу көзөмөлчү чакырылат. Ошентип, 12 кыдыруучу көзөмөлчү Кошмо Штаттарда жумасына алты мектепти англис тилинде өткөрүшөт. Төрт кыдыруучу көзөмөлчү мектепти испан тилинде өткөрүү үчүн окутулат. Аксакалдарды окутуу мектеби Падышалык кызмат мектебинин ордуна караштырылган жок. Анын максаты — аксакалдардын рухийлигин жогорулатуу. 2011-кызмат жылынан баштап дүйнө жүзүндөгү филиалдар Жыйындар залдарында жана Падышалык залдарында аксакалдарды окутуу мектебин өткөрө башташат.

[4-беттеги сүрөт]

Жылдык жолугушуу жаңы ыр китептеги ырларды ырдоо менен башталды

[4-беттеги сүрөт]

Жахабаны даңктап ырдагыла

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү