Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • w98 1/10 8—13-бб.
  • Убакыт жана мезгилдер Иегованын колунда

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Убакыт жана мезгилдер Иегованын колунда
  • Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—1998
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • Иегованын убакыттары жана мезгилдери
  • «Убагы жакындаганда»
  • «Убакыт келгенде»
  • Биз убакытты эмес, окуяларды карайбыз
  • «Убакыт-мөөнөттөрдү» белгилеген Жахаба Кудайга ишен
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2012
  • Даниелдин Машаяктын келиши жөнүндөгү пайгамбарлыгы
    Ыйык Китепте чынында эмне делет?
  • Кудайдын убадаларына ишенип жашоо
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—1999
  • Жахаба элин кантип куткарууну билет
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2012
Дагы башкасы
Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—1998
w98 1/10 8—13-бб.

Убакыт жана мезгилдер Иегованын колунда

«Ата Өз бийлигине алган убакыттарды жана мезгилдерди билиш силерге тиешелүү эмес» (РАСУЛ 1:7).

1. Расулдардын окуялардын аткарылышына байланыштуу суроолоруна Ыйса кантип жооп берген?

ХРИСТИАН дүйнөсүндөгү жана жердин булуң-бурчундагы «жийиркеничтер жөнүндө кайгырып улутунгандардын» бул бузулган дүйнө Кудайдын жаңы адил дүйнөсү менен качан алмаштырыларын билгиси келгени жөндүү эмеспи? (Иезекиил 9:4; 2 Пётр 3:13). Ыйсадан анын өлүмүнүн алдында жана тирилтилгенден кийин Ыйсанын расулдары убакыттарга жана мезгилдерге карата суроолорду бершикен (Матфей 24:3; Расул 1:6). Бирок Ыйса аларга жооп берүү менен убакытты кантип эсептөөнү түшүндүргөн эмес. Бир жолу Ыйса көп нерселерден турган курама белги жөнүндө айткан, башка бир учурда ал ‘Атанын Өз бийлигине алган убакыттарды жана мезгилдерди билиш аларга тиешелүү эмес’ экенин билдирген (Расул 1:7).

2. Эмне үчүн Атасынын акыркы убакка белгилеген бардык окуялардын так убактыларын Ыйса дайыма эле билген эмес деп айтууга болот?

2 Ыйса Иегованын өзү жараткан жана туңгуч Уулу болсо да, Атасынын окуяларга байланыштуу так убактыларын дайыма эле билбейт. Акыркы күндөргө байланыштуу пайгамбарлыгында да Ыйса: «Ал күнү же ал саатты эч ким билбейт, асмандагы периштелер да, Уулу да билбейт, жалгыз гана Атам билет»,— деп момундук менен айткан (Марк 13:32). Бул каардуу түзүлүштү качан талкалаш керек экенин Иегова ачып бермейинче Ыйса чыдамдуулук менен күтүүгө даяр болгонa.

3. Кудайдын ниетине байланыштуу суроолорго Ыйсанын берген жоопторунан эмнени билсек болот?

3 Кудайдын ниетинин аткарылышына байланыштуу суроолорго Ыйсанын берген жоопторунан эки нерсени билсе болот. Биринчи — Иегованын тартибинде ар бир окуянын өз убактысы бар, экинчи — ар бир окуянын убактысын Иегова өзү белгилейт жана кызматчылары анын убакыттары жана мезгилдери жөнүндө толук биле алышпайт.

Иегованын убакыттары жана мезгилдери

4. Расул 1:7деги «убакыттар» жана «мезгилдер» деп которулган грек сөздөрүнүн мааниси кандай?

4 «Убакыттар» жана «мезгилдер» деген сөздөрдүн кандай мааниси бар? Ыйсанын Расул 1:7де жазылган сөздөрү убакыттын эки маанисин камтыйт. «Убакыттар» деген грек сөзү «убакыттын узактыгы», атап айтканда, узак же кыска мезгилди билдирет. «Мезгилдер» деп которулган сөз болжонгон же белгиленген убакытты, кандайдыр бир белгилер менен өзгөчөлөнгөн мезгилди же мөөнөттү билдирет. Бул эки сөз тууралуу У.И. Вайн мындай дейт: «Расул 1:7деги созулган убакыттарды (хронос) да, өзгөчө окуялар менен мүнөздөлгөн доорлорду белгилген мезгилдерди (кайрос) да „Ата Өз бийлигине алган“».

5. Бузук дүйнөнү жок кылуу ниетин Иегова Нухка качан ачкан жана Нух кайсы эки тапшырманы аткарган?

5 Топон суунун алдында Кудай адамдардан жана адам денесин кийген козголоңчу периштелерден турган бузук дүйнө үчүн 120 жыл убакыт бөлгөн (1 Муса 6:1—3). Ошол кезде такыбаа Нух 480жашта эле (1 Муса 7:6). Ошол жашта ал баласыз болгон жана анан дагы 20жыл баласыз жашаган (1 Муса 5:32). Арадан көп жылдар өтөт, Нухтун балдары бойго жетип, үй-бүлө курушкандан кийин гана Кудай Нухка жер жүзүндөгү жамандыкты жоюу ниетин билдирген (1 Муса 6:9—13, 18). Нухка кеме куруу жана замандаштарына кабар айтуу тапшырмасы берилсе да, Иегова жамандыкты жок кылуунун так убактысын ага ачып берген эмес (1 Муса 6:14; 2 Пётр 2:5).

6. а) Нух иш-аракет кылуунун убактысын Иегованын колуна тапшырганын кантип көрсөткөн? б) Биз Нухту кантип туурай алабыз?

6 Көптөгөн жылдардын, балким, жарым кылымдын ичинде «Нух ошонун бардыгын Кудай кандай буйрук кылса, ал ошондой кылды». Нух келечектеги окуялардын аткарылышынын так убактысын билбесе да, Кудайдын тапшырмаларын «өзүнүн ишеними аркылуу» аткарды (1 Муса 6:22; Еврейлер 11:7). Топон сууга бир жума калганга чейин Иегова окуялардын так убактысын Нухка ачып берген эмес (1 Муса 7:1—5). Нух Иеговага толук ишенгендиктен, ал иш-аракет кылуунун убактысын Иеговага тапшырган. Топон суу жүрүп жатканда жана кийин кемеден тазаланган жерге чыкканда Иегованын камкордугун сезген Нух кандай гана ыраазы болду экен! Биз алдыдагы куткарылууга үмүттөнгөндүктөн, Кудайга Нухтукундай ишеним көрсөтпөшүбүз керекпи?

7, 8. а) Улуттар жана дүйнөлүк державалар кантип пайда болгон? б) Кантип Иегова ‘өлчөнгөн убакыттарды жана жашоого жарамдуу чек араларды дайындаган’?

7 Топон суудан кийин, Нухтун тукумдарынын көбү Иеговага болгон чыныгы сыйынуудан баш тартышкан. Жер жүзүнө тарап кетпөө үчүн, алар жалган сыйынууга арналган мунара жана шаар кура башташкан. Иегова алардын ишине кийлигишүүгө убакыт келди деп чечкен. Кудай алардын тилин аралаштырып, элди «ал жерден бүт жер жүзүнө таратты» (1 Муса 11:4, 8, 9). Кийинчерээк тил топтору өздөрүнө башкалары баш ийген жергиликтүү элди түзгөн, а түгүл дүйнөлүк державаларды түзүшкөн (1 Муса 10:32).

8 Өзүнүн ниетине ылайык, Кудай эл ээлеген жердин чек арасын жана кайсы держава кайсы убакта жергиликтүү же дүйнөлүк держава боло турганын кээде белгилеген (1 Муса 15:13, 14, 18—21; 2 Муса 23:31; 5 Муса 2:17—22; Даниил 8:5—7, 20, 21). Расул Павел афиналык грек философторуна Иегованын убакыттары жана мезгилдери тууралуу мындай деген: «...Дүйнөнү жана анын ичиндеги болгон бардык нерселерди жараткан Кудай Алдын ала өлчөнгөн убактыларын жана жашоого жарамдуу чек араларын дайындап, Ал бүт жер жүзүндө олтурушсун деп, адамдардын бардык тукумун бир кандан жаратты» (Расул 17:24, 26).

9. Иегова кантип падышаларга байланыштуу ‘мезгилдерди жана жылдарды өзгөрткөн’?

9 Өйдөдө айтылган сөздөр элдердин арасындагы саясий басып алуулардын жана өзгөрүүлөрдүн бардыгы үчүн Иегова жооптуу дегенди билдирбейт. Ошентсе да, өз ниетин аткаруу үчүн, Иегова мындай иштерге кийлигише алат. Вавилон аттуу дүйнөлүк держава кулап, анын ордуна Мидо-Персия келгенин көргөн Даниил пайгамбар Иегова жөнүндө мындай деген: «Ал мезгилдер менен жылдарды өзгөртөт, падышаларды тактан кулатат жана падышаларды такка олтургузат, акылманга — акыл, эстүүгө — эс берет» (Даниил 2:21; Исаия 44:24—45:7).

«Убагы жакындаганда»

10, 11. а) Иегова Ибрайымдын тукумдарын кулчулуктан бошото турганын канча жыл мурун белгилеген? б) Израилдиктердин качан бошотуларын билишпегени эмнени билдирип турат?

10 Египет дүйнөлүк державасынын падышасын багынтуу жана Ибрайымдын тукумдарын кулчулуктан бошотуу жылын Иегова 400 жылдан ашык убакыт мурун эле белгилеген. Өз ниетин Ибрайымга ачып жатып, Кудай минтип убадалаган: «Билип ал, сенин укум-тукумуң өз жеринде эмес, бөтөн жерде келген эл болот жана аларды кул кылып, төрт жүз жыл эзишет. Бирок аларды кул кылган элдин үстүнөн Мен өкүм жүргүзөм; ошондон кийин алар эң көп мүлк менен чыгышат» (1 Муса 15:13, 14). Израилдин тарыхын синедриондун алдында кыскача айтып жатып, Стефан ошол 400 жылга созулган мезгил жөнүндө мындай деген: «Ал эми Кудайдын Ибрайымга берген убадасын орундатуу убагы жакындаганда, Жусупту тааныбаган башка падыша келгенге чейин, эл Египетте артыкча көбөйгөн эле» (Расул 7:6, 17, 18).

11 Жаңы фараон израилдиктерди кул кылган. Муса өзүнүн биринчи китебин жазып бүтө элек болсо да, Иегованын убадасы Ибрайымга оозеки же жазма түрүндө берилсе керек. Ошондой болсо да, израилдиктер ошол маалыматтардын жардамы менен туткундан качан чыга турганын так эсептей алышкан эмес. Кудай азап чегип жүргөн израилдиктерди качан бошото турганын билген, бирок алар бул тууралуу кабардар болушпаса керек. Биз мындай деген сөздөрдү окуйбуз: «Арадан кыйла убакыт өткөн соң Египет падышасы өлдү. Жана Израил балдары мүшкүлдүү оор эмгектен мүргүп, мүңкүрөп зарлап жатышты жана алардын зар үнү Кудайдын кулагына жетти. Алардын зарланганын уккан Кудай Ибрайым, Исак жана Жакып менен болгон осуятты эске алды. Израил балдарынын жабыр тартып жатканын көрүп, Кудай назарын салды» (2 Муса 2:23—25).

12. Муса Иегованын убактысынан эрте аракет жасаганын Стефан кантип көрсөткөн?

12 Израиль эли качан куткарыла турганын так билбегени Стефандын сөздөрүнөн да көрүнүп турат. Муса жөнүндө Стефан мындай деген: «Ал кырк жашка толгонунда, туугандары, Израилдин уулдарын көрүү тилеги оюна келди; жана алардын бирөөн таарынтылганын көрүп, ага болушуп, Египеттикти өлтүрүп, кыйналган адам үчүн өчүн алды. Анын колу менен аларды куткара тургандыгын Кудай бергенин туугандары түшүнөт деп, ал ойлоп жүргөн; бирок алар түшүнбөдү» (Расул 7:23—25). Муса Израилди куткарууга Иегованын убактысына 40 жыл эрте аракеттенген. Стефандын айтуусуна караганда, Кудай Мусанын ‘колу менен аларды [израилдиктерди] куткарышы үчүн’ Муса дагы кырк жыл күткөн (Расул 7:30—36).

13. Биздин абалыбыз израилдиктердин Египеттен бошотулар алдындагы абалына эмнеси менен окшош?

13 Иегованын ‘убаданы орундатуу убагы жакындап’, кайсы жылы орундатарын белгилесе да, Муса жана израилдиктердин баары ишеним көрсөтүп жана алар Иегованын белгилеген мезгилин, окуялар аткарылган так убакты эсептей алышпаса да, күтүшү керек болчу. Биз дагы нерселердин азыркы каардуу түзүлүшүнөн куткарыла турган убакыт жакындап калганына шек санабайбыз. Биз «акыркы күндөрдө» жашап жатканыбызды билебиз (2 Тимофей 3:1—5). Ошондуктан Иеговага ишеним көрсөтүп, Ал белгилеген убакттарда келе турган улуу күндү күтүүгө даяр болбошубуз керекпи? (2 Пётр 3:11—13). Ошондо, биз Мусага жана израилдиктерге окшоп, куткарылганыбыз үчүн Иегованы даңктап, шаттанып ырдай алабыз (2 Муса 15:1—19).

«Убакыт келгенде»

14, 15. Уулунун жерге келе турган убактысын Кудай белгилегенин кайдан билебиз жана пайгамбарлар, а түгүл периштелер да эмнени күтүшкөн?

14 Иегова өзүнүн тун уулу жерге Мессия катары качан келе турганынын так убактысын белгилеген. Павел мындай деп жазган: «Бирок белгиленген убакыт келгенде, Кудай Өзүнүн... Уулун жиберди, Ал аялдан туулуп, мыйзамга моюн сунган» (Галатиялыктар 4:4). Өз Уулун жерге Тукум катары жиберип, Кудай ‘жараштыруучуну келтирүү жана элдерди Ага багынттыруу’ убадасына ылайык иш жасаган (1 Муса 3:15; 49:10).

15 Кудайдын пайгамбарлары, атүгүл периштелер да Мессиянын жерге келе турган жана күнөөлүү адамзат үчүн куткаруу алып келе турган «мезгилди» күтүшкөн. Расул Пётр мындай деп айткан: «Ушул куткарылууга пайгамбарлардын иликтөөлөрү жана изилдөөлөрү тиешелүү болчу, силерге дайындалган ырайым жөнүндө алар алдын-ала айтышкан, Христостун тарта турган азаптарын жана алардын артына келе турган атак-даңкты, муну качан жана кайсыл убакта боло турганын, алардагы Христостун Руху аркылуу изилдешип, айтышкан... Ошол нерселерди көрүүнү периштелер да каалашат» (1 Пётр 1:1—5, 10—12).

16, 17. а) Биринчи кылымдагы иудейлерге Мессияны күтүүгө Иегованын кайсы пайгамбарлыгы жардам берген? б) Даниилдин пайгамбарлыгы Иудейлердин Мессияны күтүшкөнүнө кандай таасир тийгизген?

16 Кажыбас ишенимге ээ болгон Даниил пайгамбары аркылуу Иегова «жетимиш жума» жөнүндө пайгамбарлык берген. Бул пайгамбарлыктан биринчи кылымдагы иудейлер убадаланган Мессиянын жакында келе турганын биле алышмак. Пайгамбарлыкта мындай деген сөздөр бар: «Иерусалимди калыбына келтирүү буйругу чыккандан Христос Эгем келерине чейин жетимиш жума (жетимиш жыл) жана алтымыш эки жума өтөт» (Даниил 9:24, 25). Иудей, католик жана протестант окумуштуулары пайгамбарлыктагы «жумалар» жылдык жумаларды билдирет дегенге кошулушат. Даниил 9:25теги 69 «жума» (483жыл) б.з.ч. 455-жылы Персия падышасы Артаксеркстен Неемия ‘Иерусалимди калыбына келтирүүгө’ уруксат алганда башталган (Неемия 2:1—8). Ошол жумалар 483жылга созулуп, б.з. 29-жылы Ыйса ыйык рух менен майланып Мессия же Христос болгондо бүткөн (Матфей 3:13—17).

17 Биринчи кылымдагы иудейлердин 483 жылга созулган мезгилдин качан башталганын билишкени же билишпегени белгисиз. Бирок, Чөмүлдүрүүчү Иоанн кызматын баштаганда, ‘бардыгы Иоанн жөнүндө: бул Христос болду бекен,— деп ойлогон’ (Лука 3:15). Ыйык Китепти изилдеген кээ бир окумуштуулар мындай күтүүнү Даниилдин пайгамбарлыгы менен байланыштырышат. Бул аятты түшүндүрүп, Мэтью Генри минтип жазган: «Иоанндын кызматынан жана анын чөмүлдүрүү ишинен элдин Мессия жана анын келиши абдан жакын калганы жөнүндө ойлонгону көрүнүп турат... Даниилдеги жетимиш жума аяктап калган эле». Вигуру, Баквес жана Брасак жазган француз тилиндеги эмгекте («Manuel Biblique») мындай деп айтылган: «Даниил белгилеген жетимиш жума аягына жакындап калганын эл билген; Иоанн Чөмүлдүрүүчүнүн Кудайдын падышалыгы жакындап калганы жөнүндө жарыялаганы эч кимди таң калтырткан эмес». Иудей окумуштуусу Абба Хиллел Сильвер ошол күндөрдүн «кеңири белгилүү хронологиясы» боюнча, «Мессияны б.з. биринчи кылымдын 25—50-жылдарында күтүшкөнү» жөнүндө жазган.

Биз убакытты эмес, окуяларды карайбыз

18. Даниилдин пайгамбарлыгы иудейлерге Мессиянын пайда боло турган убактысын билүүгө жардам берсе да, Ыйсанын Мессия экенин эмнелер далилдеп турган?

18 Хронология иудейлерге Мессиянын качан келе турганы тууралуу жалпы түшүнүк берсе да, ал алардын көбүнө Ыйса Мессия экенин далилдөөгө жардам бербегенин кийинки окуялар көрсөтүп турат. Өлөрүнө бир жылдан азыраак убакыт калганда, Ыйса окучуларынан: «Мени эл ким деп эсептейт?» — деп сураганда, алар: «Сууга Чөмүлдүрүүчү Иоанн деп, башкалары Илия деп; дагы башкалары байыркы пайгамбарлардан бирөө тирилип келиптир дешет»,— деп жооп беришкен (Лука 9:18, 19). Биз Ыйсанын Мессия экенин далилдөө үчүн Даниилдеги жумаларды колдонгон-колдонбогонун билбейбиз. Бирок бир жолу ал мындай деген: «Иоанндан көрө Мен чоңураак күбөлүккө ээ экем: анткени Атам Мага бүтүрүү үчүн берген иштер, ошол Мен кылган иштер Мен жөнүндө, Атам Мени жибергени жөнүндө күбөлөндүрөт» (Иоанн 5:36). Баарынан да Ыйсанын кабар айтканы, анын кереметтери жана өлүмүнө байланыштуу пайгамбарлыктардын аткарылышы (караңгы түшкөнү, ийбадатканадагы көшөгөнүн айрылганы жана жер титирөө) Ыйсанын Кудай аркылуу жиберилген Мессия экенин далилдеп турган (Матфей 27:45, 51, 54; Иоанн 7:31; Расул 2:22).

19. а) Иерусалимдин кыйрашы жакын калганын Ыйсанын жолдоочулары кантип биле алышкан? б) Иерусалимди калтырышкан Ыйсанын алгачкы жолдоочулары эмне үчүн күчтүү ишенимге ээ болушу керек эле?

19 Ыйса өлгөндөн кийин нерселердин иудей түзүлүшүнүн аягын эсептеп чыгуу үчүн анын алгачкы жолдоочуларына эч нерсе айтылган эмес. Ырас, Даниилдеги жумалар ошол түзүлүштүн кыйрашын көрсөтүп турган (Даниил 9:26б, 27б). Иудей түзүлүшү «жетимиш жума» бүткөндөн кийин (б.з.ч. 455 — б.з. 36-жылдары) өткөндөн кийин гана кыйрамак. Башкача айтканда, Даниил китебинин тогузунчу бабындагы хронология б.з. 36-жылы бутпарастар Ыйсаны жолдой баштаганынан кийин Даниилдин 9-бабы эч бир окуянын так убактысын эсептеп чыгууга негиз болбой калган. Иудей түзүлүшүнүн качан кыйрай турганын алар эсептеп чыгуулардан эмес, болуп жаткан окуялардан билишкен. Ыйса алдын ала айткан ошол окуялар б.з. 66-жылы, римдиктер Иерусалим шаарын курчап, кайра артка чегинишкенде, башталган. Бул окуя Иерусалимдеги жана Иудеядагы Ыйсанын ишенимдүү жана кыраакы жолдоочуларына ‘тоолорго качып кетүүгө’ мүмкүнчүлүк берген (Лука 21:20—22). Ыйсанын алгачкы жолдоочуларына так убакыт айтылбагандыктан, алар Иерусалимдин качан кыйрай турганын билишкен эмес. Б.з. 70-жылы римдик аскер Иудей түзүлүшүн биротоло жок кылуу үчүн кайтып келгенге чейин, өздөрүнүн үйлөрүн, чарбаларын жана устаканаларын таштап, төрт жылдай Иерусалимге кирбей жашаганга Ыйсанын жолдоочуларына кандай гана күчтүү ишеним керек болгон! (Лука 19:41—44).

20. а) Нух, Муса жана биринчи кылымдагы Ыйсанын Иудеядагы жолдоочуларынын үлгүлөрү кантип жардам берүүдө? б) Эмки макалада сөз эмне жөнүндө болот?

20 Нух, Муса жана Ыйсанын биринчи кылымдагы еврей жолдоочуларына окшоп, убакыттар жана мезгилдер Иегованын колунда экенине биз дагы толук ишенсек болот. Акыркы күндөрдө жашап жатканыбызга толук ишенгенибиз жана куткарылуубуз хронологиялык эсептөөлөргө гана эмес, а ыйык китептик пайгамбарлыктардын аткарылышына да байланыштуу. Ошондой эле, Ыйсанын катышуусунда жашап жатсак да, биз ишенимдүү жана сергек болушубуз керек. Биз Жазмалардагы кызыктуу окуялардын аткарылышын көрүүгө үмүттөнүү менен жашашыбыз керек. Эмки макалада сөз мына ушул жөнүндө болот.

[Шилтеме]

a «Күзөтчү мунаранын» 1996-жылдын 1-августундагы санынын 30—31-беттерин карагыла, ор.

Кайталоо

◻ Иегованын «убакыттары» жана «мезгилдери» тууралуу Ыйса расулдарына эмне деген?

◻ Топон суу качан келе турганын Нух канча жыл мурун билген?

◻ Египеттен качан кутула турганын Муса да, израилдиктер да так билишпегенин эмне көрсөтүп турат?

◻ Иегова белгилеген убакыттар менен мезгилдерге байланыштуу ыйык китептик билдирүүлөрдөн кандай сабак ала алабыз?

[9-беттеги сүрөт]

Нухтун ишеними убакыттар менен мезгилдердин белгиленишин Иеговага тапшырган.

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү