Кудай алдындагы милдетиңди толук аткарып жатасыңбы?
«Ар кайсы ишти, бардык жашыруун сырды, алар жакшыбы, же жаманбы, Кудай тергөөгө келтирет» (ҮГҮТЧҮ 12:14).
1. Иегова өз элин эмнелер менен камсыз кылууда?
ИЕГОВАНЫ Жаратканым деп эстерине тутуп жүргөндөрдү ал колдойт. Анын Сөзүндө Жаратканга бардык жактан жагууну каалагандарга керектүү билим камтылган. Андай адамдарды Кудайдын эркин аткарууда жана «ар кандай жакшы иштерде жемиш берүүдө» анын ыйык руху жетектеп турат (Колоссадагылар 1:9, 10). Иегова ишенимдүү жана эстүү кул аркылуу рухий тамак менен теократиялык көрсөтмөлөрдү да берет (Матфей 24:45—47). Ошо көрсөтмөлөрдү колдонуу менен Иеговага кызмат кылгандыктан жана Падышалык тууралуу жакшы кабарды таратып, мааниси зор ишти аткаргандыктан, Кудайдын эли асмандан көптөгөн баталарды алып жатышат (Марк 13:10).
2. Иеговага кызмат кылууга байланыштуу кандай суроолор пайда болушу мүмкүн?
2 Ыйсанын чыныгы жолдоочулары Иеговага ыйык кызмат кылууга кубанычтуулук менен даяр. Бирок кай бирөөлөр капаланып, кылган иш-аракеттерибиздин пайдасы аз болуп атат деп ойлошу мүмкүн. Кээде Ыйсанын ишенимдүү жолдоочулары, мисалы, ак ниетинен жасаган аракеттери чынында эле баалуу экенине ынангысы келиши мүмкүн. Үй-бүлө башчысы үй-бүлөлүк изилдөө жана башка иштер тууралуу ойлонгондо, төмөнкүдөй суроолорго такалышы ыктымал: Биздин кылгандарыбызды Иегова чын эле жактырабы? Кудайдын алдындагы милдетибизди биз толук аткарып жатабызбы? Мындай суроолорго жооп алууга Сулаймандын накыл сөздөрү жардам берет.
Бардык эле иштер маанисиздикпи?
3. Үгүтчү 12:8 боюнча, эң чоң маанисиздик деп эмнени айтууга болот?
3 «Ал накыл сөздөрдүн жашты деле, карыны деле абдан кайраттандырып жиберери күмөн»,— деп ойлойттур кимдир бирөө. «Маанисиздиктердин маанисиздиги,— деди үгүтчү,— баары маанисиз!» (Үгүтчү 12:8). Чынында, Жаратканын жашында барк албоодон, ага кызмат кылбай жүрүп картаюудан жана узак өмүр сүрүп карылыкты гана табуудан өткөн маанисиздик жок. Атүгүл андай адам Ибилис Шайтан башкарып турган дүйнөдө чириген бай болуп, атагы таш жарып көз жумса да, анын жетишкендиктеринин баары — маанисиздик, курулай убаракерчилик (1 Иоанн 5:19).
4. Эмне үчүн иш-аракеттердин баарын маанисиздик деп айтууга болбойт?
4 Иеговага берилгендик менен кызмат кылып, байлыгын асманга чогулткандар үчүн иш-аракеттеринин баары эле маанисиздик боло бербейт (Матфей 6:19, 20). Алар Теңирге кызмат кылышууда; андай кызмат — мааниге толгон кызмат, ошондуктан алардын кылган мол эмгектери, албетте, куру убаракерчилик эмес (1 Коринфтиктер 15:58). Ал эми эгерде биз өзүбүздү Кудайга арнагандардан болсок, Кудайдын тапшырган ишин ушул акыркы күндөрү аткарып жатабызбы? (2 Тимофей 3:1). Же жүрүш-турушубуз биздин теребелдеги адамдардыкынан болор-болбос гана айырмаланып турабы? Алар, мүмкүн, кайсы бир диндин жактоочуларыдыр жана өз динине берилген адамдардандыр: сыйынуучу жерлерине ар дайым барууга, дининин ырым-жырымдарын аткарууга аракеттенишеттир. А бирок алар Падышалык тууралуу эч кандай кабар айтышпайт. Алардын азыркы убактын «акыркы мезгил» экенин көрсөткөн так билими жок жана биз жашап аткан ушул күндөр эпкиндүү аракеттерди талап кылган убак экенин сезишпейт (Даниил 12:4).
5. Тиричилик камы башкы тынчсызданууга айланып кетсе, эмне кылышыбыз керек?
5 Ыйса биздин учурдагы көйгөйлүү маал тууралуу мындай деген: «Нух пайгамбардын күндөрүндө кандай болсо, Адам Уулунун келишинде да ошондой болот. Анткени, дүйнөлүк топон суу каптагандан мурунку күндөрүндө, Нух кемесине кирген күнүнө чейин [адамдар] жешти, ичишти, аял алышты, күйөөгө чыгышты жана топон суу келип, бардыгын басып жок кылганга чейин ал тууралуу ойлошкон эмес,— Адам Уулунун келиши да ошондой болот» (Матфей 24:37—39). Чени менен ичип-жештин эч жамандыгы жок; аял алууну жана күйөөгө чыгууну да туура эмес дешке болбойт, себеби алгачкы никени Кудай өзү түзгөн (1 Муса 2:20—24). Ошондой болсо да, эгерде жашообузда биринчи орунда тиричилик камы турганын байкасак, ал тууралуу Кудайга тиленип көрсөк кандай? Иегова бизге биринчи орунга Падышалыктын иштерин коюуга, өзүбүздү туура алып жүрүүгө жана анын алдындагы өз милдеттерибизди аткарууга жардам берет (Матфей 6:33; Римдиктер 12:12; 2 Коринфтиктер 13:7).
Кудайга арналуубуз жана Анын алдындагы милдеттерибиз
6. Ыйсанын кээ бир чөмүлтүлгөн жолдоочулары маанилүү кайсы жактан өзүлөрүнүн Кудай алдындагы милдеттерин толук аткарышпайт?
6 Ыйсанын чөмүлтүлгөн кээ бир жолдоочулары Кудайга олуттуу түрдө тиленүүгө тийиш, анткени алар ага арналганда берген убадаларын аткарбай келүүдө. Бир нече жылдардан бери жылына 300 000ден ашуун адам чөмүлтүлүүдө, а бирок Иегованын Күбөлөрүнүн активдүүлөрүнүн жалпы санынын өсүшү ага салыштырмалуу аз. Анткени Падышалыктын жарчылары болгондордун кээси жакшы кабарды айтпай калышты. Бирок адамдын чөмүлтүлө электе эле Кудайга кызмат кылууга толук катыша башташы талап. Демек, алар Ыйсанын: «Баргыла... элдерди Атасынын жана Уулунун жана Ыйык Рухунун урматына сууга чөмүлдүрүп, аларды шакирт кылгыла. Мен силерге буюргандын бүт баарын сактоону аларга үйрөткүлө»,— деп бардык жолдоочуларына берген тапшырмасын билишет (Матфей 28:19, 20). Ыйсанын чөмүлтүлгөн жолдоочусунун ден соолугу бутун тушап же анын өзүнөн көз каранды болбогон кандайдыр башка олуттуу себептер тоскоолдук кылып жатпаган болсо да, ал Кудайдын жана Ыйсанын активдүү Күбөлөрүнүн катарынан чыгып калса, аны Жаратканыбыздын алдындагы милдеттерин толук аткарды деп айтууга болбойт (Исаия 43:10—12).
7. Сыйынууга биз эмне үчүн ар дайым чогулушубуз керек?
7 Байыркы израиль Кудайга арналган эл болчу, ошондуктан Мыйзам келишими боюнча, алар Иегованын алдында белгилүү бир милдеттерди аткарууга тийиш эле. Алсак, эркек аттуунун баары жылына үч жолу майрамдоого чогулушу керек болчу, Пасах майрамына атайылап катышпай койгон эркектер «эл арасынан жок» кылынмак, башкача айтканда, өлтүрүлмөк (4 Муса 9:13; 3 Муса 23:1—43; 5 Муса 16:16). Кудайга арналган эл болгондуктан, өзүлөрүнүн Кудай алдындагы милдеттерин толук аткаруу үчүн, израиль эли сыйынууга чогулуп турууга тийиш болчу (5 Муса 31:10—13). «Муну шартыңа жараша аткарсаң болот»,— деп Мыйзамдын бир да жеринде айтылган эмес. Павелдин: «Бири-бирибизге көңүл буруп, сүйүүгө жана жакшы иштерге кызыктыралы. Кээ бирөөлөрдө салтка айлангандай, биз чогулуштарыбызды калтырбайлы; бирок, тигил Күндүн жакындап келе жатканын көрүп, бири бирибизге дагы көп насыят айтып туралы»,— деген сөздөрү Иеговага учурда арналып жаткандарга жыйналыштарга барууга түрткү берери шексиз (Еврейлер 10:24, 25). Ооба, ишенимдештер менен дайыма чогулуп туруу да — Ыйсанын жолдоочуларынын Кудай алдындагы милдети.
Чечимди таразалап туруп чыгаргыла!
8. Эмне үчүн Кудайга арналган жаштарга ыйык кызматы тууралуу тиленүү менен ой жүгүртүп көрүү кажет?
8 Балким, сен Иеговага арналган жаштардын биридирсиң. Сен жашооңдо биринчи орунга Падышалык иштерин коё турган болсоң, көптөгөн баталарга жетесиң (Аңгемелер 10:22). Бардыгын тиленүү менен жакшылап таразалап туруп, жок дегенде, жаш курагыңды толук убакыттагы кызматтардын бирин кылууга жумшай алаттырсың. Ошенткениң Жаратканды эсиңе туткандыгыңдын эң сонун далили болот. Антпесең, убактыңдын, көңүлүңдүн далайын материалдык кызыкчылыктар алып коюшу мүмкүн. Көптөрдөй болуп эрте үйлөнүп, сен да кандайдыр бир буюм-терим алуу үчүн карыз алаттырсың. Мансапты көздөп ага убактыңды, күч-карууңду жумшашың мүмкүн. Бала-чакалуу болсоңор, үй-бүлөлүк жоопкерчилик үстүнө жоопкерчилик кошулат, аны аткаруу үчүн ондогон жылдар талап кылынат (1 Тимофей 5:8). Жаратканыңды унутпашың деле мүмкүн дечи, бирок келечектеги жашооңдун багыты сенин болушунча эртерээк жакшылап ойлонуп туруп план түзгөн-түзбөгөнүңдөн көз каранды болот. Жаш өткөндө артка кылчайып, ошондо анан Жаратканга жашыңда көбүрөөк кызмат кылбай калганыңа өкүнүп, бармак тиштеп калбагандай болушуң керек. Жаштыгыңды Иеговага кызмат кылып өткөрүү менен канааттануу алуу үчүн, мына азыр Кудайга тиленип, бардыгын таразалап туруп план түзсөң эмне үчүн болбосун?
9. Улгайган жана мурун жыйналышта көптөгөн жоопкерчиликтерди аткарып келген бир тууган азыр эмне кыла алышы мүмкүн?
9 Эми башка жагдай — качандыр бир кезде «Кудайдын үйүрүнүн» кайтаруучусу болуп кызмат кылган бир туугандын жагдайы — тууралуу сөз кылалы (1 Пётр 5:2, 3). Артыкчылыктарды камтыган ошол кызматын мурун ал кандайдыр бир себептерден улам өз ыктыяры менен токтоткон дейли. Азыр жаш эмес болгондуктан, Кудайга кызмат кылуу ал бир тууганга мурдагыдан кыйыныраак болору чын. Бирок ал кайрадан теократиялык артыкчылыктарга жетүүгө аракеттенсе болобу? Жыйналыштан көбүрөөк жоопкерчилик алууга күч таба турган болсо, башкаларга кандай гана баталарды алып келет! Ал бир тууган Кудайдын даңкы үчүн кылган кызматын кеңейтсе, эч кимибиз өзүбүз үчүн эле жашап атпаган соң, анын жакындары, жоро-жолдоштору абдан кубанышат (Римдиктер 14:7, 8). Анын үстүнө, Иегова ар бир адамдын Ага деп жасап жаткан иштеринин бирин да унутпайт (Еврейлер 6:10—12). Анда эмесе, Жаратканыбызды эсибизге тутууга эмне жардам бере алат?
Жаратканыбызды эске тутууга жардам
10. Эмне себептен Сулайман Жаратканды кантип эстен чыгарбоо керектиги боюнча көрсөтмө бере алмак?
10 Сулайман Жаратканыбызды эсибизге тутуу үчүн биз эмне кылышыбыз керек экенин даана көрсөтүп бере алгыдай кудуретке ээ болгон. Иегова анын чын жүрөгүнөн айткан тиленүүсүнө жооп берип, ага ашкан акылмандык берген (3 Падышалык 3:6—12). Сулайман адамзаттын тиричилигинин бардык тармагын кылдаттык менен изилдеп чыккан. Андан тышкары, ал изилдөөлөрүнөн чыгарган корутундуларын, алар башкаларга жардам болсун деп, жазуу түрүндө калтырууга Кудайдын рухунан түрткү алган. «Үгүтчү акылдуу болгондон сырткары, ал элди билимге үйрөткөн. Ал баарын сынап көргөн, изилдеген, көп үлгүлүү аңгемелерди айткан. Үгүтчү көркөм сөздөрдү издеп таап, чыныгы көрсөтмөлөрдү жазган»,— деген ал (Үгүтчү 12:9, 10).
11. Эмне үчүн Сулаймандын даанышман кеңештерин кабыл алуу керек?
11 Грек тилиндеги «Септуагинтада» анын ошо сөздөрү мындай деп которулган: «Андан сырткары, насаатчы акылман болгондуктан, элди акылмандыкка үйрөткөндүктөн, уккан кулак оомат тапкыдай кылып, насаатчы жагымдуу сөздөрдү тыкандык менен издеп тапкан, адилеттик тууралуу жазгандары — чындык сөздөрү» («The Septuagint Bible», Чарлз Томсондун котормосу). Сулайман көркөм сөздөрдү таап, чынында эле кызыктуу жана керектүү нерселер тууралуу жазуу менен оюндагысын окурмандардын жүрөгүнө жеткирүүгө умтулган. Сулаймандын Ыйык Китептеги сөздөрү Кудайдын рухунун жетекчилиги менен жызылгандыктан, анын чыгарган жыйынтыктарынын жана акылман кеңештеринин тууралыгына шектенбестен, аларды колдонсок болот (2 Тимофей 3:16, 17).
12. Сулаймандын Үгүтчү 12:11, 12-аяттардагы жазгандарын өз сөзүң менен кантип айтып бермексиң?
12 Сулаймандын маалында азыркы басма ыкмалары жок болсо да, китеп деген көп болгон. Ошол адабияттарга кандай мамиле кылуу керек эле? «Даанышмандардын сөздөрү — сайылган ийнедей [«өгүз айдаган таяктай», ЖД], кагылган мыктай жана аларды айткан бир гана чынчыл адам [«аларды түзгөндөр — бир койчудан», «Ыйык Китеп»]. Менин уулум, булардын башкасынын баарынан сак бол: китепти көп жаза берсе — аягы болбойт, көп окуганда — дене жадайт»,— деген ал (Үгүтчү 12:11, 12).
13. Кудайдын берген даанышмандыгы бар адамдардын сөзү мал айдаган таяк сыяктуу дегенди кантип түшүндүрүүгө болот жана кимдер «кагылган мыктай»?
13 Кудай акылмандык берген адамдардын сөзү малды айдоо үчүн колдонулган таяк сыяктуу. Кандайча? Алар окурмандарды уккан же окуган накыл сөздөрүнө жараша иш кылууга багыттап турат. Андан сырткары, жүйөлүү жана накыл сөздөрдү «түзгөндөр» анык эле бек «кагылган мыктай». Анткени алардын кунарлуу сөзүндө Иегованын акылмандыгы чагылдырылып турат, ошондуктан ал сөздөр окурмандарга же угармандарга ара бөк ойдо болбоого жардам болуп, чечкиндүүлүк бере алат. Эгерде силер Кудайдан корккон ата-эне болсоңор, ушул даанышман сөздөрдү балдарыңардын жүрөктөрүнө жеткирүүгө аракет кылбай коёсуңарбы? (5 Муса 6:4—9)
14. а) Кандай китептерди «көп окуу» пайдасыз? б) Көңүлдү биринчи кезекте кайсы адабияттарга бөлүшүбүз керек, эмне үчүн?
14 Эмне үчүн Сулайман китептер тууралуу жогоркудай ой айткан? Иегованын Сөзүнөн айырмаланып, дүйнөдөгү сан жеткис китептер адамдардын гана ой-пикирлерин камтыйт. Ал китептердин көбүндө Шайтан Иблистин көз карашы чагылдырылган (2 Коринфтиктер 4:4). Ошондуктан дүйнөнүн адабияттарын «көп окуудан» алган пайдаң узакка созулбайт. Анын үстүнө, ал маалыматтардын бир топ бөлүктөрү рухий дөөлөттөрүбүзгө зыян. Эмесе, Кудайдын Сөзү турмуш тууралуу эмне дээрин окуп, биз дагы Сулаймандай болуп ой жүгүртө жүрөлү. Андай ой жүгүртүү ишенимибизди бекемдейт да, Иеговага жакындатат. Башка китептерге же маалымат булактарына өтө эле көп кызыгуу адамды жүрө-жүрө чарчатышы мүмкүн. Маалымат дүйнөнүн Кудайга жаккан акылмандыкка дал келбеген ой-пикирине негизделген болсо, айрыкча зыяндуу, ошондуктан Кудайга жана анын ниеттерине болгон ишенимибизге доо кетириши да ыктымал. Ошол себептүү алгач Сулаймандын күндөрүндө, эми биздин күндөрүбүздө да эң пайдалуу маалымат «бир койчунун», Иегова Кудайдын, акылмандыгын камтыган маалымат экени эсибизден чыкпасын. Иегова бизге 66 китептен турган Ыйык Жазмаларды берген, биз биринчи кезекте көңүлүбүздү ошол жазмаларга бурушубуз кажет. Себеби Ыйык Китеп жана «ишенимдүү кулдун» камдаган пайдалуу адабияттары «Кудай тууралуу түшүнүк» берет (Аңгемелер 2:1—6).
Кудай алдындагы милдетибиз
15. а) Сулаймандын адамдын бардык «милдети» деген сөзүн кантип түшүндүрүп берет элеңер? б) Кудай алдындагы милдетибизди аткаруу үчүн, эмне кылуубуз зарыл?
15 Изилдөөсүнүн корутундусун чыгарып, үгүтчү Сулайман мындай дейт: «Бардыгынын корутундусуна кулак салалы: Кудайдан корк жана Анын осуяттарын бекем сакта, анткени адамга керектүүнүн бардыгы [«адамдын бардык милдети», ЖД] ушунда; анткени, ар кайсы ишти, бардык жашыруун сырды, алар жакшыбы, же жаманбы, Кудай тергөөгө келтирет» (Үгүтчү 12:13, 14). Жаратканыбыздан туура түрдө коркуу, башкача айтканда, аны терең урматтоо бизге көптөгөн мүшкүл, кайгы-капа алып келе турган жолдон качууга жана оң тизгинден жазбоого жардам берет, ошондой эле жакындарыбызга да жардам берерине үмүттөнөбүз. Кудайдын алдындагы туура коркунуч — таза коркунуч. Ал — акылмандыктын, билимдин башталган жери (Забур 18:10; Аңгемелер 1:7). Эгер биз Кудайдын Сөзүнө негизделген кыраакылыкка ээ болсок жана кайсы иште болбосун, анын Сөзүндөгү кеңештерди колдонсок, Кудайдын алдындагы «милдетибизди» толук аткарган болобуз. Албетте, ан үчүн аткарар милдеттерибиздин тизмегин тизип алуунун зарылдыгы жок. Бизден жашообуздагы кыйынчылыктарды чечүү үчүн Жазмага кайрылуу жана ар дайым Кудайдын эркине жараша иш кылуу гана талап кылынат.
16. Иегова эмнелерди тергөөгө алып келет?
16 Биз Жаратканыбыздын көзү көрбөгөн эч нерсе жок экенин түшүнүшүбүз керек (Аңгемелер 15:3). «Ар кайсы ишти... Кудай тергөөгө келтирет». Ооба, Эгедер бардыгын, адамдардын көзүнө көрүнбөгөн жагдайларды да тергөөгө алып келет. Ушуну билген жакшы, себеби ал Кудайдын парыздарын аткарууга түрткү берет. Бирок антүүгө баарыдан мурда асмандагы Атабызга болгон сүйүүбүз түрткү бериши керек. Ал тууралуу расул Иоанн: «Анткени Кудайды жакшы көргөнүбүз ошол — Анын парыздарын сактап жүргөнүбүз; Анын парыздары болсо кыйын эмес»,— деп жазган (1 Иоанн 5:3). Кудайдын парыздары биздин түбөлүк эсенчилигибиз үчүн берилгендиктен, аларды аткаруу туура гана болбостон, акылмандык дагы. Аларды аткаруу Жаратканын сүйгөндөр үчүн кыйын эмес. Алар Анын алдындагы милдетин аткарууну каалашат.
Милдеттерди толук аткаруу
17. Кудай алдындагы милдетибизди толук аткарууну кааласак, эмнелерди кылабыз?
17 Эгерде акыл-эстүү болуп, Кудай алдындагы милдеттерибизди толук аткаргыбыз келсе, биз анын парыздарын аткарабыз жана анын жактыруусунан айрылуудан коркобуз. Чын эле, «даанышмандыктын башталышы — Теңирден сестенүү», анын парыздарын аткаргандардын «акылы туура» (Забур 110:10; Аңгемелер 1:7). Эмесе, даанышмандык кылып, бардык жактан Иегованын тилин алалы. Мунун мааниси айрыкча азыр чоң, себеби азыр — Ыйса Падышалык бийлигинде катышып турган маал. Анын Кудайдын дайындаган соту катары сот жүргүзөр күнү жакындап калды (Матфей 24:3; 25:31, 32).
18. Иегова Кудайдын алдындагы милдетибизди толук аткарсак, бизди кандай келечек күтүп турат?
18 Азыркы кезде Кудай ар бирибизге кылдат көз салууда. Биз рухий дөөлөттү көздөп жатабызбы же дүйнөнүн таасирине Кудай менен болгон мамилебизди бузууга жол берип жатабызбы? (1 Коринфтиктер 2:10—16; 1 Иоанн 2:15—17). Кары болсок да, жаш болсок да өзүбүздү Жаратканга жаккыдай алып жүрүүгө бардык күчүбүздү жумшайлы. Биз Иегованын тилин алып, парыздарын аткарсак, өтүп бараткан эски дүйнө сунуш кылып жаткан маанисиз нерселерди четке кагабыз. Ошондо Кудайдын жаңы заманында жашайбыз деп үмүттөнө алабыз (2 Пётр 3:13). Кудай алдындагы милдеттерин толук аткаргандардын баарын кандай гана сонун келечек күтүп турат!
Эмне деп жооп бересиңер?
◻ Эмне үчүн бардык эле иштер маанисиздик боло бербейт деп айта алабыз?
◻ Эмне үчүн Ыйсанын жаш жолдоочусунун ыйык кызматы тууралуу тиленүү менен ой жүгүрткөнү абзел?
◻ Кандай китептерди «көп окуу» пайдасыз?
◻ Адамдын бардык «милдети» эмнеде?
[16-беттеги сүрөт]
Иеговага кызмат кылгандар үчүн бардык эле иштер маанисиздик боло бербейт.