«Бардыгынын өз мезгили бар»
«Бардыгынын өз мезгили бар жана асман астындагы бардык нерсенин мезгили бар» (ҮГҮТЧҮ 3:1).
1. Жеткилең эмес адамдар үчүн эмне оңойго турбайт жана айрым учурларда бул эмнеге алпарат?
АДАМДАР: «Муну эртерээк жасашым керек эле»,— деп көп айтышат. Же бармак тиштеп: «Күтө турсам болмок экен»,— деп калышат. Бул сөздөрдөн кандайдыр бир ишти оңтойлуу убакта аткаруу жеткилең эмес адамдар үчүн оңойго турбасы көрүнүп турат. Мындай чектелүү мүмкүнчүлүк карым-катнаштарга доо кетирип, көңүл калтырып, көптөрдү бушайман кылып келген. Эң жаманы, ал чектелүү мүмкүнчүлүк айрымдардын Иеговага жана анын уюмуна болгон ишенимин алсыраткан.
2, 3. а) Эмне себептен Иегова белгилеген убакыттарды макул көрүү акылмандыкка жатат? б) Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын аткарылышына карата биз кандай тең салмактуу көз карашта болушубуз керек?
2 Адамдарда жок акылмандык менен кыраакылыкты колдонуп, Иегова кааласа, алдыда боло турган окуялардын ар биринин эмне менен бүтөрүн көрө биле алат. Ал «аягында эмне болорун... башталышында» билүүгө кудуреттүү (Исаия 46:10). Ошондуктан ал ар бир ишти эң оңтойлуу убакта аткара алат. Демек, убакытты аныктоого байланыштуу өзүбүздүн сапатсыз туюмубузга таянуунун ордуна, Иегова белгилеген убакыттарды макул көрүү акылмандыкка жатат!
3 Мисалы, Ыйсанын жетилген жолдоочулары Ыйык Китептеги кээ бир пайгамбарлыктар Иегова белгилеген убакта аткарыларын билишет жана ал убакты ишенимдүүлүк менен күтүшөт. Алар Иеремиянын ыйы 3:26дагы: «Теңирдин куткаруусун ким сабырдуу күтсө, ал бактылуу»,— деген принципти ойлорунда ар убакта тунук сактап, Кудайдын ишин тырышчаактык менен аткара беришет. (Салыштыргыла: Аввакум 3:16.) Ошону менен бирге, алар Иегованын жарыяланган соту «кечеңдесе да... ишке ашпай койбосуна, алынып ташталбасына» бекем ишенишет (Аввакум 2:3).
4. Иегованы сабырдуулук менен күтүүгө Амос 3:7 жана Матфей 24:45 бизге кандайча жардам болуп бере алат?
4 Эгер Ыйык Китептин айрым аяттарын же Күзөтчү Мунара Коомунун адабияттарындагы түшүндүрмөлөрдү толук аңдай албай жатсак, сабырсыз болууга негиз барбы? Кээ бир суроолор Иегова белгилеген убакта айкын боло тургандыктан, ал убакты күтө билүү — акылмандык. «Анткени Өз кулдарына, пайгамбарларга Кудай Теңир жашыруун сырын ачпай туруп, эчтеме жасабайт» (Амос 3:7). Кандай сонун убада! Бирок Иегова жашыруун сырларын өзү ылайыктуу деп эсептеген убакта ачарын түшүнө билишибиз керек. Кудай сырларын ылайыктуу убакта ачуу максатында өзүнүн элине рухий «тамак-ашын маалында» берип тура турган «ишенимдүү жана эстүү кулду» (СК) койгон (Матфей 24:45). Ошондуктан айрым суроолордун толук түшүнүктүү болбогонуна байланыштуу өтө эле тынчсызданууга, атүгүл санаа тартууга эч негиз жок. Анын ордуна Иегованы сабырдуулук менен күтсөк, Ал ишенимдүү кул аркылуу зарыл нерселер менен «маалында» камсыз кылат.
5. Үгүтчү 3:1—8-аяттарды карап чыгуу эмнеси менен пайдалуу?
5 Акылман падыша Сулайман ар биринин «өз мезгили бар» 28 нерсе тууралуу айткан (Үгүтчү 3:1—8). Алардын маани-маңызын түшүнүү бизге кандайдыр бир ишти жасоого, Кудайдын көз карашы боюнча убакыттын ыңгайлуу жана ыңгайсыз экенин айырмалай билүүгө жардам берет (Еврейлер 5:14). Бул болсо бизге үлгүлүү жашоо алпарууга мүмкүндүк түзөт.
«Ыйдын учуру, күлкүнүн да учуру бар»
6, 7. а) Адамдарды эмне «ыйлатып» жатат? б) Дүйнө өзүндөгү кырдаалдын олуттуулугун кантип этибарга албоого аракеттенүүдө?
6 «Ыйдын учуру, күлкүнүн да учуру бар», бирок ким эле экинчисин тандабасын? (Үгүтчү 3:4). Тилекке каршы, биз «ыйлоого» аргасыз кылып жаткан дүйнөдө жашап жатабыз. Маалымат каражаттары аркылуу кайгылуу кабарлар көп айтылат. Мектептеги теңтуштарын атып салган өспүрүмдөр, балдарына мыкаачылык менен мамиле кылган ата-энелер, айыпсыз кишилерди өлтүрүп же мунжу-майып кылып жаткан террористтер жана адамдардын өмүрүн кыйып, мүлкүнө бүлгүн салып жаткан табигый кырсыктар жөнүндө укканыңда, төбө чачың тик турат. Курсактары ач, көздөрү киртийген балдар, аргасыздан үй-жайынан безип жүргөн качкындар сыналгыдан көңүлүбүздү бурдурбай койбойт. Этникалык тазалоо, СПИД, бактериологиялык согуш жана жаратылыш каргашасы Эль-Ниньо сыяктуу мурун белгисиз болгон терминдердин ар бири эми жан-дүйнөбүздүн тынчын алууда.
7 Азыркы дүйнө кырсык менен кайгы-касыретке толгону шексиз. Ага карабастан, кырдаалдын олуттуулугун этибарга албагандай, көңүл ачуу алкагы, бизди башкалардын азап-тозогуна кош көңүл каратуу үчүн жана адаштыруу үчүн, тайкы, одоно, көп учурда адеп-ахлаксыз жана зордук-зомбулуктуу сунуштарды киргизүүдө. Бирок мындай көңүл ачуулар туудурган бейгамдыкты, жеңил ойлуу тамашаны жана жөнү жок күлкүнү нагыз кубаныч менен чаташтырбоо керек. Кудайдын рухунун жемишинин бири болгон кубанычты Шайтандын дүйнөсү эч качан тартуулай албайт (Галатиялыктар 5:22, 23; Ефесалыктар 5:3, 4).
8. Ыйсанын жолдоочулары бүгүнкү күндө артыкчылыкты ыйга бериши керекпи же күлкүгөбү? Түшүндүргүлө.
8 Дүйнөнүн кейиштүү абалын көрүп туруп, биз азыр күлкүгө маанилүү орун бергидей учур эмес экенин түшүнсөк болот. Азыр — чардап-куунап, көңүл ачып гана жашай турган же алдыңкы орунга «сайран курууну» коё турган убак эмес, рухий мүдөөлөрдү көздөөнү биринчи орунга коё турган убак. (Салыштыргыла: Үгүтчү 7:2—4.) «Бул дүйнөнү пайдалангандар пайдаланбагандардай болуш керек»,— деген расул Павел. Эмне себептен? «Анткени бул дүйнөнүн калыбы өтүп баратат» (1 Коринфтиктер 7:31). Ыйсанын чыныгы жолдоочулары ар бир күндү олуттуу убакта жашап жатышканын эстен чыгарбастан өткөрүшөт (Филиппиялыктар 4:8).
Ыйласа да, алар чындап бактылуу!
9. Топон суунун алдында кандай кейиштүү жагдай болгон жана анын биз үчүн кандай мааниси бар?
9 Бүткүл дүйнөлүк Топон суунун алдында жашаган адамдар жашоого олуттуу карашкан эмес. Алар жердин «зулумдукка толгонуна» кайдигер карашып, күнүмдүк турмуш менен алек боло беришкен да, «жер жүзүндөгү адамдардын шумдуктай бузулганы» үчүн ыйлашкан эмес (1 Муса 6:5, 11). Ыйса ошол кейиштүү абалга кайрылып, биздин күндөрдөгү адамдарда да ошондой көз караш болору тууралуу алдын ала айткан. Ал мындай деген: «Дүйнөлүк топон суу каптагандан мурунку күндөрүндө, Нух кемесине кирген күнүнө чейин [адамдар] жешти, ичишти, аял алышты, күйөөгө чыгышты жана топон суу келип, бардыгын басып жок кылганга чейин ал тууралуу ойлошкон эмес,— Адам Уулунун келиши да ошондой болот» (Матфей 24:38, 39).
10. Аггейдин күндөрүндө жашаган израилдиктер Иегованын белгилеген убактысын баркка алышпаганын кантип көрсөтүшкөн?
10 Топон суудан 1850 жылдай өткөндөн кийин, Аггейдин күндөрүндө, көптөгөн израилдиктер да рухийликке олуттуу көңүл бөлүшкөн эмес. Алар өз кызыкчылыктарын көздөп жүрүшүп, Иегованын кызыкчылыктарын биринчи орунга коюу алар жашап жаткан убактын талабы болгондугун аңдашкан эмес. Бул жөнүндө мындай деп жазылган: «Бул эл „мезгил келе элек, Теңирдин үйүн курууга убакыт боло элек“ дейт. Жана Аггей пайгамбар аркылуу Теңирдин сөзү болду: „А силер, мынабу Үй аңгырап, бош турса, өзүңөрдүн жасалгалуу үйүңөрдө жашай турган кезиңерби?“ Ошондуктан Ааламдын Теңири бүгүн мына мындай дейт: „Силер жүрөгүңөрдү өз жолуңарга бургулачы“» (Аггей 1:1—5).
11. Өзүбүзгө кандай суроолорду бергенибиз орундуу?
11 Биз Иегованын алдында Аггейдин убагындагы израилдиктердикиндей эле жоопкерчиликтерге жана артыкчылыктарга ээбиз, ошондуктан Иегованын Күбөлөрү катары бүгүн биз да жүрөгүбүздү өз жолубузга, анын туура-туура эместигин текшерип, абдан олуттуу түрдө көңүл бурганыбыз абзел. Кудайдын ысмын булгап жаткан дүйнөнүн абалын көрүп «ыйлап» жатабызбы? Адамдардын Кудайды жокко чыгарып же анын адил принциптерин ачык эле четке кагып жатканы бизге оор тийүүдөбү? Биз 2500 жыл мурун Иезекиилдин аянындагы белги алган адамдардыкындай сезимдебизби? Алар тууралуу: «Теңир ага [колунда катчынын аспабы бар кишиге] мындай деди: „Иерусалим шаарынын ортосу менен жүр да, анын арасында жийиркеничтер жөнүндө кайгырып улутунгандардын чекесине белги кой“»,— деп айтылат (Иезекиил 9:4).
12. Иезекиил 9:5, 6-аяттар бүгүнкү адамдар үчүн кандай мааниге ээ?
12 Биз үчүн бүгүн бул билдирүү кандай мааниге ээ экенин түшүнүү үчүн, аяндагы ойрон кылуучу куралы бар алты кишиге берилген көрсөтмөлөрдү окуп чыгалы: «Анын артынан шаарга баргыла да жайлагыла; көзүңөр аябасын, боор оорубасын; Менин ыйык жайымдан баштагыла, чалды, уланды, кызды, бөбөктү жана аялдарды өлгөнчө ургула, бирок жанагы белгиси барлардын бирөөнө да тийбегиле» (Иезекиил 9:5, 6). Бат ылдамдык менен жакындап келаткан улуу кайгыдан куткарылуубуз биздин бүгүнкү күндөр көбүнесе ыйлоо убагы экенин баамдашыбыздан көз каранды.
13, 14. а) Кандай адамдарды Ыйса бактылуу деп атаган? б) Бул сыпаттама Иегованын Күбөлөрүнө дал келет деп эмне себептен ойлой турганыңарды түшүндүргүлө.
13 Албетте, Иегованын кызматчыларынын дүйнөнүн шордуу абалын көрүп «ыйлап» жатканы алардын бактылуу болушуна кедерги болбойт. Тескерисинче, алар — жер жүзүндөгү эң бактылуу адамдар! «Руху жакырлар... ыйлап күйүт тарткандар... момундар... адилеттикти каалап, эңсегендер... ырайымдуулар... ак жүрөктөр... татуулук-тынчтык түзүүчүлөр... адилеттик үчүн айдалгандар бактылуу» — деп айтып, Ыйса кандай адамдардын бактылуу болорун билдирген (Матфей 5:3—10). Бардык диний уюмдарга салыштырып келгенде, бул сыпаттаманын Иегованын Күбөлөрүнө көбүрөөк дал келерине көптөгөн далилдер бар.
14 Өзгөчө 1919-жылда, чыныгы сыйынуу калыбына келтирилгенден тартып, Иегованын бактылуу элинде күлүүгө, атап айтканда, кубанууга себеп бар. Ал эл, б.з.ч. VI кылымда Вавилондон кайтып келгендердей рухий жактан шаттанышат. Өз жерине келгендер: «Сиондун туткундарын Теңир кайтарып бергенде, биз түш көргөндөй болгонбуз. Анда оозубуз толо кубаныч, тилибиз толо ыр болгон... Теңир бизге улуу иш кылды: биз жетине албай кубандык»,— деп айтышкан (Забур 125:1—3). Рухий күлкүгө бөлөнүп турушса да, Иегованын Күбөлөрү азыркы мезгил орчундуу убак экенин унутпоо менен акылмандык көрсөтүшөт. Бир күнү жаңы заман сөзсүз келет жана жердин тургундары «түбөлүк өмүргө жетишет», ошондо күлкү ыйды түбөлүккө сүрүп чыгат (1 Тимофей 6:19; Аян 21:3, 4).
«Кучактай турган мезгил, кучагынан буйтай турган мезгил болот»
15. Дос күтүүдө Ыйсанын жолдоочуларына ылгай билгичтик эмне себептен зарыл?
15 Дос күтүүдө Ыйсанын жолдоочуларына ылгай билгичтик зарыл. Алар Павелдин: «Алданбагыла: жаман адамдар менен [болгон] мамилелер жакшы мүнөздөрдү бузат»,— деген кеңешин эстерине тутушат (1 Коринфтиктер 15:33, «Инжил»). Акылман падыша Сулайман: «Акылмандарга жанашкан киши акылман болот; а ким акмактар менен достошсо, бузулуп кетет»,— деп айткан (Аңгемелер 13:20).
16, 17. Иегованын Күбөлөрү достошууга, кыз-жигит жолугушуусуна, никеге кандай карашат жана эмне үчүн?
16 Иегованын кызматчылары Кудайды жана анын адилеттигин сүйгөн адамдар менен достошот. Алар достукту баалашат жана жоро-жолдоштору менен чогуу убакыт өткөрүүнү жакшы көрүшөт, бирок кыз-жигит жолугушуусуна карата айрым өлкөлөрдө кеңири таралган жеңил ойлуулуктан, ашкере ээн-эркин көз караштан алыс болуу менен алар акылмандык көрсөтүшөт. Алар кыз-жигит жолугушуусун залакасыз чер жазышуу катары көрүшпөйт, андай жолугушуу никеге алып баруучу олуттуу кадам болуп саналарын түшүнүшөт. Турмуш куруу үчүн адам жашы жеткен, акыл токтотуп калган, рухий жактан жетилген, ошондой эле үйлөнүүгө Жазманын негизинде укугу бар адам болууга тийиш (1 Коринфтиктер 7:36).
17 Кыз-жигит жолугушуусуна жана никеге карата мындай көз карашты эскирген деп ойлошу мүмкүн айрымдар. Бирок Иегованын Күбөлөрү дос тандоого же башка жыныстагы адам менен жолугушууга жана никеге байланыштуу суроолорду чечүүгө курбуларынын таасир этишине жол беришпейт. Алар «акылмандык өзүнүн балдары (иштери) аркылуу ак» экенин билишет (Матфей 11:19). Иегова ар дайым баарын бизден жакшы билгендиктен, анын кызматчылары «Теңирдин макулдуулугу менен» гана никелешүү кеңешин чоң маани берип кабыл алышат (1 Коринфтиктер 7:39; 2 Коринфтиктер 6:14). Алар никеде кыйынчылыктар чыга турган болсо, ажырашып кетүүгө же бөлүнүп жашоого болот деген жаңылыш ойлорго кошулбайт, ошондуктан турмуш курууга шашылышпайт. Никелик ант бир эле жолу бериле турганын түшүнүп, алар өзүнө ылайыктуу жолдош тапкыча үй-бүлө курууга ашыгышпайт. «Алар эми экөө эмес, бирок бир дене. Мына ошентип, Кудай эмнени бириктирген болсо, ошону адам ажыратпасын»,— дейт Иегованын мыйзамы (Матфей 19:6).
18. Бактылуу үй-бүлө курууга эмне эң сонун башталыш болуп бере алат?
18 Нике өмүр бою созула турган баш кошуу болгондуктан, аны кылдаттык менен пландаштыруу зарыл. Жигит өзүнө: «Бул кыз мага чынында эле ылайыктуубу?» — деген суроо бериши жүйөөлүү. Бирок анын: «Мен ага чынында эле ылайык келемби? Анын рухий муктаждыктарына кам көрө алгыдай рухий жактан жетилген адаммынбы?» — деп өзүнөн сураганы да чоң мааниге ээ. Иегованын алдында болочок жубайлардын экөө тең рухий жактан күчтүү болууга тийиш. Кудайдын колдоосуна ээ болуу үчүн, алар никелик биримдигин бекемдей бериши керек. Толук убакыттагы кызматта, негизинен, алгандан көрө берүүгө көп көңүл бурулгандыктан, мындай кызмат бактылуу үй-бүлө курууга эң сонун башталыш болуп саналарын Ыйсаны жолдогон миңдеген түгөйлөр ырастай алышат.
19. Кандай себептерден улам Ыйсанын айрым жолдоочулары бойдок жүрүшөт?
19 Ыйсанын кээ бир жолдоочулары «кучактан буйтап», жакшы кабар үчүн үй-бүлө курбоону туура көрүшүүдө (Үгүтчү 3:5). Башкалар болсо өздөрүнүн рухий жактан такшалышканын сезгичекти турмуш курбай коё турушат. Рухий дөөлөттөргө ээ болуу ылайыктуу жар табууга жардам берет. Бирөө менен ынактыкта болууну, никедеги кубанычтарды көрүүнү эңсеп, бирок өмүрлүк жар таппай жүргөн бойдок Күбөлөрдү да көңүлүбүзгө алалы. Алардын турмуш куруу максатында Кудайдын принциптерине дал келбеген иш жасоодон баш тартышы Иегованы кубантарына шектенбесек болот. Ошондой эле алардын берилгендигин баалап, аларга кайрат берип турганыбыз абзел. Алар ошентишибизге татыктуу.
20. Эмне үчүн никелик жарлар да кээде «кучактан буйташат»?
20 Ал эми никедеги жарлар кээде «кучактан буйтоого» тийишпи? Кандайдыр бир деңгээлде ошентүү керек өңдөнөт, анткени Павел: «Менин силерге айтарым, боордоштор: убакыт аз калды, ошондуктан аялы барлар аялы жоктордой болушу керек»,— деген (1 Коринфтиктер 7:29). Демек, мезгил-мезгили менен никедеги кубанычтар жана баталар теократиялык жоопкерчиликтерден кийинки орунда турушу керек. Бул суроого карата тең салмактуу көз карашта болуу никени алсыратпайт, а бекемдейт, себеби мындай көз караш Иегова алардын түйүнүндө дайыма негизги ролду ойношу керектигин эки жубайдын тең эсине салып турат (Үгүтчү 4:12).
21. Эмнеликтен никелик түгөйлөрдүн ата-эне болуу-болбоого карата чечимдерин сынга албоого тийишпиз?
21 Мындан тышкары, Кудайга кызмат кылууга убакыттары көбүрөөк болуш үчүн, кээ бир никелик жубайлар балалуу болуудан карманып келишүүдө. Алардын ошондой курмандыкка барып жатышкандыгы үчүн, аларга Иегова батасын берет. Айта кетчү нерсе, Ыйык Китеп жакшы кабар үчүн бойдок калууну кубаттайт, бирок ал үчүн баласыз калууга карата эч кандай так көрсөтмө бербейт (Матфей 19:10—12; 1 Коринфтиктер 7:38; салыштыргыла: Матфей 24:19; Лука 23:28—30). Демек, түгөйлөр жеке шарттарынын негизинде жана өз ыктыяры менен өздөрү чечим кабыл алышы керек. Алар кандай чечимге келишпесин, никелик түгөйлөрдү сындоого эч ким акылуу эмес.
22. Эмнени билүү биз үчүн маанилүү?
22 Ооба, «бардыгынын өз мезгили бар жана асман астындагы бардык нерсенин мезгили бар». Атүгүл «согушка мезгил, тынчтыкка да мезгил бар» (Үгүтчү 3:1, 8). Биз үчүн азыр алардын кайсынысына ылайыктуу мезгил экенин билүүнүн маанилүүлүгүнүн себеби эмки макалада түшүндүрүлөт.
Түшүндүрө аласыңарбы?
◻ «Бардыгынын өз мезгили бар» экенин билүү биз үчүн эмне себептен маанилүү?
◻ Эмне үчүн бүгүнкү күндөр негизинен «ыйдын учуру»?
◻ «Ыйлап» жатышса да, Ыйсаны жолдогондор эмне себептен чынында эле бактылуу?
◻ Ыйсанын айрым жолдоочулары азыр алар үчүн «кучактан буйтоо» убагы экенин кандайча көрсөтүшүүдө?
[18-беттеги сүрөт]
Ыйсанын жолдоочулары дүйнөдөгү абалдын айынан «ыйлашса» да ...
[19-беттеги сүрөт]
... чындыгында, алар — дүйнөдөгү эң бактылуу адамдар.
[20-беттеги сүрөт]
Толук убакыттагы кызмат — бактылуу үй-бүлө куруу үчүн эң сонун башталыш.