Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • w97 1/7 19—24-бб.
  • Иегованын күнүнө даярсыңарбы?

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Иегованын күнүнө даярсыңарбы?
  • Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—1997
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • Ашыкча күтүүлөр
  • Иегованын күнү жана Ыйсанын катышуусу
  • Алар даяр болушкан
  • «Сергек болгула»
  • Ыйык жүрүм-турумдун маанилүүлүгү
  • Азыр дагы көбүрөөк сергек болуунун учуру
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2004
  • Кудай Нухка ырайым кылган бул бизди эмне үчүн кызыктырышы керек?
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2008
  • Нухтун жазуулары. Биз үчүн кандайдыр бир мааниге ээби?
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2003
  • «Аны менен кошо дагы жети адамды сактап калган»
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2013
Дагы башкасы
Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—1997
w97 1/7 19—24-бб.

Иегованын күнүнө даярсыңарбы?

«Иегованын улуу күнү жакындап калды, жакындап калды, жана абдан шашып келе жатат» (СОФОНИЯ 1:14, МАК).

1. Ыйык Китеп Иегованын күнүн кандайча баяндайт?

ЖАКЫН арада ырайымсыз дүйнөгө Иегованын «улуу жана коркунучтуу күнү» келет. Ыйык Китепте ал уруштун, караңгылыктын, каардын, кайгынын, сыздоонун, коркунучтун жана кыйратуунун күнү сыяктуу баяндалат. Бирок андан аман калгандар болот, себеби «Теңирдин [«Иегованын», МАК] атын чакырган ар ким куткарылат» (Иоиль 2:30—32; Амос 5:18—20). Ал күнү Кудай бардык душмандарын жок кылат жана өзүнүн элин куткарат.

2. Эмнеге Иегованын күнүнүн кийинкиге калтырылбастыгын түшүнүү керек?

2 Кудайдын пайгамбарлары Иегованын күнүнүн кийинкиге калтырылбастыгын баса белгилешкен. Мисалы, Софония: «Иегованын улуу күнү жакындап калды, жакындап калды, жана абдан шашып келе жатат»,— деп жазган (Софония 1:14, МАК). Азыркы кездеги абал ал кездегиден да олуттуураак: Кудайдын сотунун башкы аткаруучусу Ыйса Христос ‘акыйкаттык жана момундук жана адилеттик үчүн кылычын белине курчанганы турат’ (Забур 44:4, 5). Ошол күнгө даярсыңарбы?

Ашыкча күтүүлөр

3. Фессалоникадагы христиандар эмнени күтүшкөн жана кайсы эки себеп боюнча алар адашышкан?

3 Көп адамдардын Иегованын күнүнө байланыштуу болгон күтүүлөрү акталган эмес. Фессалоникадагы кээ бир алгачкы христиандар «Христостун [«Иегованын», ЖД] күнү келип калган» дегендей айтышкан (2 Фессалоникалыктарга 2:2). Бирок ошол кезде ал күн эки негизги себеп боюнча келе алмак эмес. Биринчиси жөнүндө Павел: «„Тынчтык жана коопсуздук“,— деп айтышканда... кокустан балаага кабылышат»,— деп айткан (1 Фессалоникалыктарга 5:1—6). Ушул ‘акыр заманда’ биз да Павелдин сөздөрүнүн аткарылышын күтүп жатабыз (Даниил 12:4). Фессалоникалыктар Иегованын күнүнүн келишинин экинчи белгисин да көрө алышкан эмес, себеби Павел: «адегенде ишенимден чегинүү келмейинче... ал күн келбейт»,— деп эскерткен (2 Фессалоникалыктарга 2:3). Бул сөздөр жазылган мезгилде (б.з. 51-жылына жакын) чыныгы христиан дининде «ишенимден чегинүү» толугу менен көрүнө элек болчу. Бүгүн болсо ишенимден чегинүү христиан дүйнөсүндө толук күчүнө кирди. Акталбаган күтүүлөрүнө карабастан, өлгөнгө чейин Кудайга берилип кызмат кылышкан Фессалоникадагы майланган христиандар акыры асман сыйлыгына ээ болушкан (Иоанндын аяны 2:10). Эгерде Иегованын күнүн күтүп ишенимдүү болуп кала берсек, биз да сыйлыкка ээ болобуз.

4. а) 2 Фессалоникалыктарга 2:1, 2 боюнча Иегованын күнү эмне менен байланыштуу? б) Чиркөө аталары деп аталышкандар Христостун кайтып келиши жөнүндө жана ага байланыштуу болгон окуялар жөнүндө эмнелерди ойлошкон?

4 Ыйык Китепте «Иегованын улуу күнү» «биздин Теңирибиз Ыйса Христостун келиши [«катышуусу», ЖД]» менен байланыштуу (2 Фессалоникалыктарга 2:1, 2). Чиркөө аталары деп аталымыш болгондор Христостун кайтып келишин, анын катышуусунун жана миң жылдык башкаруусун ар кандай элестетишчү (Иоанндын аяны 20:4). Иерополдук Папий б.з. экинчи кылымында Христостун Миң жылдыгындагы укмуштуудай молдук жөнүндө кыялданган. Юстин Азапкеч Ыйсанын катышуусу жана Падышалыгы калыбына келтирилген Иерусалимден башкара тургандыгы жөнүндө бир нече жолу айткан. Лиондук Ириней Рим империясы кыйрагандан кийин Ыйса көрүнгөн түрдө келип, Шайтанды кишендеп жана жердеги Иерусалимде башкарат деп үйрөткөн.

5. Христостун «экинчи келиши» жана анын миң жылдык башкаруусу жөнүндө кээ бир окумуштуулар эмне деп айтышкан?

5 Тарыхчы Филип Шаф Никей соборуна (б.з. 325-жылы) чейинки «эң атактуу постулат» — «Христостун тирилишкен касиеттүүлөрү менен көзгө көрүнгөн атак-даңкта жерден миң жылдык башкаруусу жөнүндөгү, андан кийин бардык өлгөндөрдүн тирилүүсү жана сот болору жөнүндөгү окуу» болгонун белгилейт. Джеймс Хастинг аркылуу редакцияланган ыйык китептик сөздүктө мындай деп айтылат: «Тертуллиан, Ириней жана Ипполит [Ыйса Христостун] сөзсүз келишине үмүттөнүшкөн; александриялык аталар болсо окуунун түшүндүрмөсүнө кандайдыр бир жаңы нерсе киргизишкен. [...] Августин Миң жылдыкты согушчан чиркөөнүн доору менен теңдештиргенде, экинчи келүүсү алыскы келечекке жылып калган» («A Dictionary of the Bible»).

Иегованын күнү жана Ыйсанын катышуусу

6. Эмне себептен Иегованын күнү дагы эле жакын арада келбейт деген тыянак чыгарууга болбойт?

6 Туура эмес элестетүүлөр көңүл калууларга алып келген; бирок Иегованын күнү дагы эле жакында келбейт деп ойлобоо керек. Жазма ошол күн менен байланыштырган Ыйсанын көзгө көрүнбөгөн катышуусу эбак башталган. «Күзөтчү мунарада» жана Иегованын Күбөлөрүнүн башка адабияттарында 1914-жылы Христостун катышуусу башталганына көп далилдер келтирилетa. Ыйса өзүнүн катышуусу жөнүндө деги эмнени айтты эле?

7. а) Ыйсанын катышуусунун жана нерселердин азыркы түзүлүшүнүн акырынын белгисин түзүүчү кээ бир бөлүктөрдү айтып бергиле. б) Кантип куткарылса болот?

7 Ыйсанын катышуусу анын өлөр алдындагы талкуулоосунун темасы болгон. Иерусалимдеги ийбадаткананын кыйрашы жөнүндө Ыйсанын алдын ала айтуусун угушкан соң Пётр, Жакып, Иоанн жана Андрей аттуу апостолдор: «Бул качан болот? Жана Сенин келишиң [«катышууңдун», ЖД] жана дүйнөнүн акыр заман белгиси кандай болот?» — деп сурашкан (Матфейден 24:1—3; Марктан 13:3, 4). Жообуна Ыйса согуштарды, ачкачылыкты, жер титирөөлөрдү ошондой эле өзүнүн катышуусунун жана нерселердин азыркы түзүлүшүнүн акырынын «белгисин» түзүүчү башка бөлүктөрдү алдын ала айткан. Ал ошондой эле: «Акырына чейин чыдаган болсо куткарылат»,— деп айткан (Матфейден 24:13). Эгерде биз жашообуздун же ырайымсыз дүйнөнүн акырына чейин берилгендик менен чыдасак, куткарылабыз.

8. Иудей түзүлүшү жоюлар алдында эмне болушу керек эле жана анын биздин мезгилге кандай тиешеси бар?

8 Акыр кыямат келгенге чейин Ыйсанын катышуусунун өзгөчө маанилүү белгиси аткарылат. Анын айтуусу боюнча, «бул Падышалык жөнүндөгү Жакшы Кабар бүтүн ааламда, бүт элдерге күбөлүк үчүн үгүт таратылат; ошондо дүйнөнүн акыры келет» (Матфейден 24:14). Б.з. 70-жылы римдиктер аркылуу Иерусалим кыйрай электе жана иудей түзүлүшү аяктай электе Павелдин жакшы кабар «асман астындагы бардык жаралгандарга салтанат менен жарыяланды» дегенге укугу бар болчу (Колоссадагыларга 1:23). Азыркы убакта Иегованын Күбөлөрү «бүтүн ааламда» мурдагыдан да кеңири жайылган кабар таратуу кызматын өткөрүп жатышат. Акыркы бир нече жылдардын ичинде Кудай Чыгыш Европада кенен-кесири күбөлөндүрүүгө жол ачты. Типографиялар жана башка каражаттар Иегованын Күбөлөрүнө дагы көбүрөөк күжүрмөн эмгекке даяр болууга мүмкүндүк берип жатат, ошондой болгон жерлердин арасында эч ким «иштебеген» жерлер да бар (Римдиктерге 15:22, 23, БМК). Жүрөгүңөр бул дүйнөнүн акыры келгенге чейин толугу менен берилип кабар таратканга силерди чакырган жокпу? Андай болсо Кудай, алдыдагы сыйлана турган ишке катышышыңар үчүн, силерди чыңдайт (Филиппиялыктарга 4:13, БМК; 2 Тимофейге 4:17).

9. Ыйсанын Марктан 13:32деги сөздөрүнүн маңызы эмнеде?

9 Алдын ала айтылган Падышалык жөнүндөгү кабар таратуу иши жана Ыйсанын катышуусунун белгисин түзүүчү башка бөлүктөр аткарылып жатат. Демек, ырайымсыз дүйнөнүн акыры жакындап калды. Ыйсанын сөздөрүнө караганда, «Ал күнү же сааты жөнүндө эч ким, асмандык периштелер да, Уулу да билбейт, жалгыз гана Ата билет» (Марктан 13:32; Матфейден 24:4—14). Бирок Ыйсанын пайгамбарлыгы бизге ошол ‘күнгө жана саатка’ даярданууга жардам берип жатат.

Алар даяр болушкан

10. Рухий жактан сергек болууга мүмкүн экени кайдан белгилүү?

10 Иегованын улуу күнүнөн аман калуу үчүн рухий жактан сергек болуу жана чыныгы сыйынуунун тарабында бекем туруу керек (1 Коринфтиктерге 16:13). Мындай абалды ээлөөгө мүмкүн экенин билебиз, себеби б.з.ч. 2370-жылы ырайымсыз адамдарды жок кылган Топон суудан аман калган бир такыбаа үй-бүлө ошондой абалды ээлеген. Ошол алыскы күндөрдү Ыйса өзүнүн катышуусу менен салыштырган: «Бирок Нух-пайгамбардын күндөрүндө кандай болсо, ошондой эле Адам Уулунун келишинде [«катышуусунда», ЖД] да болот. Анткени, дүйнөлүк топон суунун мурунку күндөрүндө, Нух кемесине кирген күнүнө чейин жешти, ичишти, аял алышты, күйөөгө чыгышты, жана топон суулар келип, бардыгын басып жок кылганга чейин ойлошкон эмес,— ошондой эле Адам Уулунун келиши болот» (Матфейден 24:37—39).

11. Нух, өзүн курчап турган зордук-зомбулукка карабастан, жашоосун кантип өткөргөн?

11 Бизге окшоп, Нух жана анын үй-бүлөсү зордук-зомбулуктун дүйнөсүндө жашаган. Моюн сунбаган асмандагы «Кудайдын уулдары» адамдык кебетени кийишкен жана нефилимдерди, башкалардын жашоосун ууландырышкан таш боор адамдарды, төрөп беришкен аялдарды алышкан. (1 Муса 6:1, 2, 4; 1 Пётрдун 3:19, 20). Бирок Нух ишеним менен «Кудайдын алдында жүргөн». Ал өзүнүн уруусунда, башкача айтканда, кудайсыз замандаштарынын арасында «такыбаа жана күнөөсүз адам болгон» (1 Муса 6:9—11). Жамандыкка жана зордук-зомбулукка толгон дүйнөдө Иегованын күнүн күтүп жатып, эгерде тиленүү аркылуу Кудайга таянсак, биз да ошондой иш кылабыз.

12. а) Нух кемени куруудан тышкары эмне кылган? б) Адамдар Нухтун кабар таратуусуна кандай мамиле жасашкан жана анын натыйжасы эмне болду эле?

12 Нух Топон суунун убагында жашоону сактап калуу үчүн кеме куруучу катары жакшы белгилүү. Ал ошондой эле «адилеттиктин жарчысы» болгон, бирок замандаштары Кудайдын эскертүүсү жөнүндө «ойлошкон эмес». Топон суу аларды жок кылганга чейин, алар жешкен, ичишкен, аял алышкан, үй-бүлөлөрү жөнүндө кам көрүшкөн, күнүмдүк иштер менен алек болушкан (2 Пётрдун 2:5; 1 Муса 6:14). Азыркы ырайымсыз уруу, Иегованын Күбөлөрү «Кудай алдында тобо кылуу», Христоско ишенүү, такыбаалык жана «келүүчү өкүм» жөнүндө айтышканда, кулактарын жаап алышкандай эле, алар таза кеп жана жүрүм-турум жөнүндө уккулары да келген эмес (Апостолдордун иштери 20:20, 21; 24:24, 25). Нух Кудайдын эскертүүсүн жарыялаган кезде, жерде канча киши жашаганы белгисиз. Бирок б.з.ч. 2370-жылы калк тез азайганы талашсыз. Топон суу кудайсыздарды жок кылган, Кудайдын кийлигишүүсүнө даяр болгон Нух жана анын үй-бүлөсүнүн жети мүчөсү гана аман калган (1 Муса 7:19—23; 2 Пётрдун 3:5, 6).

13. Кайсы акыйкат соттук чечимге Нух бүт жүрөгү менен ишенген жана ага жараша кандай иш кылган?

13 Кудай Нухка Топон суунун күнүн жана саатын көп жылдар мурун айткан эмес. Бирок Нух 480 жашка чыкканда Иегова: «Менин Рухум адамдар аркылуу түбөлүккө четке кагыла бербейт; себеби алар дене; алардын күндөрү жүз жыйырма жылга созулсун»,— деген өкүм чыгарган (1 Муса 6:3). Нух Кудайдын акыйкат соттук чечимине чын жүрөктөн ишенип калган. Жашы 500дөн ашканда «Нух Симди, Хамды жана Иафетти туудурду», алар ошол кездин адаты боюнча болжолу 50—60 жашка чыгышып үйлөнүшкөн. Уулдары аялдары менен бирге Нухка куткарылуу кемесин курууга жардам беришкени анык. «Адилеттиктин жарчысы» болуп Нух так эле ошол жылдарда, тактап айтканда, Топон сууга чейинки 40—50 жылдардын ичинде кызмат кылган. (1 Муса 5:32; 6:13—22). Ал жана анын үй-бүлөсү ошол убакыттын ичинде ишеним аркылуу жетектелишкен. Келгиле, биз да ишенимибиз менен жакшы кабарды тараталы жана Иегованын күнүн күтөлү (Еврейлерге 11:7).

14. Иегова бир күнү Нухка эмне деп айткан жана эмне үчүн?

14 Нух Топон суунун качан болорун так билбесе да, кеменин курулушу бүтө жаздап калганда, анын сөзсүз боло тургандыгын сезген болушу керек. Акырында Иегова ага: «Жети күндөн кийин Мен жер үстүнө кырк күн жана кырк түн жаан төгөм»,— деген (1 Муса 7:4). Жети күн Нухка жана анын үй-бүлөсүнө жаныбарлардын бардык түрлөрүн кеменин ичине чогултканга жана өздөрү анын ичине баш калкалаганга жетиштүү болгон. Бизде болсо бул дүйнөнүн кыйрашынын күнүн жана саатын билүүнүн зарылчылыгы жок: жаныбарларды куткаруунун кереги жок болот, келерки «жаңы» жердин тургундары болсо символдоштурулган кемеге — Кудайдын элинин рухий бейишине кирип жатышат.

«Сергек болгула»

15. а) Ыйсанын Матфейден 24:40—44-аяттардагы сөздөрүн кантип түшүндүрүп берсе болот? б) Ыйса аркылуу ишке аша турган Кудайдын өч алуусунун так убактысы белгисиз болгондугунун аркасында эмнеге жетишсек болот?

15 Ыйса өзүнүн катышуусуна карата төмөнкүдөй түшүндүрмө берген: «Ошондо экөө талаада [иште] болот; бирөө алынат, бирөө калтырылат; жаргылчак тартуучу эки аял болот; бирөө алынат, бирөө калтырылат. Ошентип, сергек болгула, себеби Теңириңер кайсы саатта келерин билбейсиңер. Бирок муну билгиле: эгерде үйдүн ээси, ууру кайсы сакчылыкта келе турганын билсе, ошондо уктабайт эле жана өзүнүн үйүнүн астын казууга жол бербейт эле. Ошондуктан силер да даяр болгула, анткени силер ойлобогон саатта Адам Уулу келет» (Матфейден 24:40—44; Лукадан 17:34, 35). Ыйса Кудайдын өч алуучусу катары иш аракеттерди кыла турган убак даана белгилүү болбогондуктан, биз дагы көбүрөөк сергек болушубуз керек жана Иеговага чын дилибиз менен кызмат кылып жатканыбызды күн сайын далилдегенге аракет кылышыбыз керек.

16. ‘Калтырылгандар’ жана ‘алынгандар’ эмне болушат?

16 Кудайсыздар менен чогуу жок кылынууга ‘калтырылгандардын’ арасында бир кезде билим алышып, бирок акырында дүнүйөкорлукка баш-оту менен берилип кетишкен адамдар бар. Биз ‘алынгандардын’, Иеговага жан-дили менен берилишкен «чыныгы жана эстүү кул» аркылуу уюштурулган рухий чаралар үчүн чын жүрөктөн ыраазы болушкан кызматчылардын, арасында болгубуз келет (Матфейден 24:45—47). Кудайга ‘чын жүрөктөн, ак ниеттиктен жана анткор эмес ишенимден болгон сүйүү’ менен акыр-аягына чейин кызмат кылалы (1 Тимофейге 1:5).

Ыйык жүрүм-турумдун маанилүүлүгү

17. а) 2 Пётрдун 3:10до кандай пайгамбарлык айтылган? б) 2 Пётрдун 3:11ге жараша өзүбүздү кандай алып жүрүшүбүз керек?

17 Апостол Пётр: «Теңирдин [«Иегованын», ЖД] күнү болсо, түн жамынган уурудай болуп келет; мына ошондо асман шулдоо менен жок болот, табигый көрүнүштөр от болуп кыйрап кетет, жер жана анын үстүндөгү нерселердин баары отко күйүп кетет»,— деп жазган. (2 Пётрдун 3:10). Символдоштурулган жер жана асман Кудайдын каарынын жалынына туруштук бере алышпайт. Пётр: «Эгерде баары ошентип кыйрап кетсе... силердин ыйык турмушуңар жана такыбаалыгыңар кандай олуттуу болуш керек?» — деп кошумчалайт (2 Пётрдун 3:11). Ыйык иштерге дайыма христиандык жолугушууларга катышуу да, жакшы иштерди кылуу да, маанилүү ишке — жакшы кабарды таратууга катышуу да кирет (Матфейден 24:14; Еврейлерге 10:24, 25; 13:16).

18. Эгерде биз бул дүйнөгө ынак экенибизди сезсек, эмне кылышыбыз керек?

18 ‘Ыйык турмушту’ алып баруу жана ‘такыбаа’ болуу үчүн ‘өзүн дүйнөдө [«дүйнөдөн», СК] таптаза кармоо’ керек (Жакыптын 1:27). Бирок, эгерде биз бул дүйнөгө илээшип алсак, эмне кылышыбыз керек? Балким, Кудай менен болгон биздин мамилелерибизге коопчулук туудуруучу, дүйнөгө таандык кудайсыз рухту чагылдырган таза эмес көңүл ачуулар, музыка жана ырлар бизди тартып жаткандыр (2 Коринфтиктерге 6:14—18). Мындай учурда, Адам Уулунун жактыруусуна ээ болуш үчүн жана дүйнө менен чогуу өлүп калбаш үчүн, Кудайдан жардам сурап тиленели (Лукадан 21:34—36; 1 Иоанндын 2:15—17). Биз өзүбүздү Кудайга арнаган болсок, албетте, аны менен жылуу мамилелерди мүмкүн болушунча ийгиликтүүрөөк түзүүнү жана аларды колдоону каалайбыз, ошондой жол менен Иегованын улуу жана коркунучтуу күнүнө даярдык көрөбүз.

19. Эмне себептен Падышалыктын көптөгөн кабар таратуучулары жамандыктын дүйнөсүнүн талкаланышынан аман кала тургандыктарына үмүттөнүшөт?

19 Топон суу байыркы дүйнөнү жок кылганда, такыбаа Нух жана анын үй-бүлөсү азап чегишкен эмес. Жана б.з. 70-жылында иудей нерселеринин түзүлүшүнүн талкаланышынан такыбаа адамдар аман калышкан. Мисалы, апостол Иоанн б.з. 96—98-жылдарында да Кудайга кызмат кылып жүргөн, дал ошондо Аян китебин, Жакшы Кабарды жана Кудайдан шыкталган үч катты жазган. Б.з. 33-жылы Эгин оруп жыйноо майрамында чыныгы ишенимди кабыл алышкан миңдеген адамдардын көбү иудей түзүлүшү талкаланган кезде аман калышкандардан болушу ыктымал (Апостолдордун иштери 1:15, 16а; 2:41, 47; 4:4). Азыркы убакта да Падышалыктын көптөгөн кабар таратуучулары жамандыктын дүйнөсү талкаланып жатканда куткарылууга үмүттөнгөнгө укуктуу.

20. Эмне себептен демилгелүүлүк менен ‘адилеттикти жарыялашыбыз’ керек?

20 Мына ошентип, бизди жаңы дүйнө күтүп турат; ошондуктан келгиле демилгелүү ‘адилеттиктин жарчылары’ бололу. Ушул акыркы күндөрдө Кудайга кызмат кылуу кандай гана артыкчылык! Азыркы замандагы «кемеге», Кудайдын эли жайгашкан рухий бейишке, адамдарды ээрчитип алып келүү кандай гана кубанычтуу! Ушул кемедеги миллиондогон адамдар ишенимдүү, рухий жактан сергек, Иегованын улуу күнүнө даяр бойдон калышса кандай сонун. Бирок, сергек болууга эмнелер жардам берет?

[Шилтемелер]

a «Күзөтчү мунара, Ыйык Китеп жана Түшүндүрмө Баракча Коому» басып чыгарган «Түбөлүк өмүргө алып баруучу терең билим» деген китептин 10—11-бөлүмдөрүн карагыла.

Силер эмне деп жооп берет элеңер?

Кээ бирөөлөр Иегованын күнүн жана Христостун катышуусун кандайча элестетишкен?

Нух жана анын үй-бүлөсүнүн Топон сууга даяр болушкандарын эмнеден улам көрсө болот?

‘Сергек болгондорду’ жана болбогондорду эмнелер күтүп турат?

Эмне себептен биздин, Иегованын улуу күнүнүн жакындыгын эске алып, өзүбүздү ыйык алып жүрүшүбүз маанилүү?

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү