3-БӨЛҮМ
«Араңарда жетекчиликти колго алгандарды... унутпагыла»
БИЗДИН ЗАМАНДЫН 33-жылы Элүүнчү күн майрамынан тартып Мырзабыз Иса Машаяктын ишенимдүү элчилери жаңы уюшулган жыйналышты жетектеш үчүн жетектөөчү кеңеш катары кызмат кыла башташкан (Элч. 6:2—4). Ал эми б. з. 49-жылдарына чейин эле жетектөөчү кеңешке элчилерден башкалар да кошула баштаган. Алсак, сүннөткө отургузулууга байланыштуу маселени чечүүгө жетектөөчү кеңештин мүчөлөрү катары «Иерусалимдеги элчилер менен аксакалдар» катышышкан (Элч. 15:1, 2). Алардын милдетине Машаяктын ар кайсы жерде жашаган жолдоочуларына тиешелүү маселелерди чечүү да кирген. Ошондой эле алар жыйналыштарга каттарды, көрсөтмөлөрдү жиберип турушкан. Мунун аркасында жыйналыштар бекемделип, шакирттер бир ойдо, бир пикирде болушкан. Жыйналыштар жетектөөчү кеңештин көрсөтмөлөрүнө кармангандыктан Жахабанын батасын алып, өркүндөп-өсө беришкен (Элч. 8:1, 14, 15; 15:22—31; 16:4, 5; Евр. 13:17).
2 Элчилердин көзү өткөндөн кийин чындыктан четтегендер болуп көрбөгөндөй көбөйө баштаган (2 Тес. 2:3—12). Иса буудай менен отоо чөп жөнүндөгү мисалында алдын ала айткандай, буудайдын (Исанын майланган жолдоочуларынын) арасына отоо чөп (Исанын жолдоочусу атангандар) себилмек. Алар кылымдар бою орок маалына чейин — «бул дүйнө түзүлүшүнүн аяк ченине» чейин — чогуу өсө беришмек (Мт. 13:24—30, 36—43). Ошол убакыт аралыгында Исанын осуяттары боюнча жашаган майлангандар болгон, бирок Иса жолдоочуларын жетектеш үчүн бир да адамды колдонгон эмес, жетектөөчү кеңеш да болгон эмес (Мт. 28:20). Анткен менен орок маалында жагдай өзгөрөрүн алдын ала айткан.
3 «Ишенимдүү жана акылдуу кул ким?» Иса Машаяктын «бул дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын» билүүгө жардам берген «белги» жөнүндө айткан мисалы ушундай суроо менен башталган (Мт. 24:3, 42—47). Ал ошол ишенимдүү кулдун Кудайдын элине «өз убагында» рухий тамак берип турарын айткан. Иса жолдоочуларын жетектеш үчүн 1-кылымда бир кишини эмес, топ кишини колдонгон. «Бул дүйнө түзүлүшүнүн аяк ченинде» ал колдонуп жаткан ишенимдүү кул да бир эле кишиден эмес, топ кишиден турат.
«ИШЕНИМДҮҮ ЖАНА АКЫЛДУУ КУЛ» ДЕГЕН КИМ?
4 Жолдоочуларын рухий тамак менен азыктандыруу үчүн Иса кимди дайындаган? Жерде жашаган майлангандарды дайындаган. Ыйык Китепте алар «караңгылыктан өзүнүн ажайып жарыгына чакыргандын „укмуш сонун сапаттарын бардык жерде жарыялаш“ үчүн тандалган», «падыша болуп кызмат кыла турган дин кызматчылар» деп аталган (1 Пет. 2:9; Мал. 2:7; Аян 12:17). Жер бетиндеги майлангандардын баары эле ишенимдүү кулду билдиреби? Жок. Иса Машаяк бир жолу, аялдар менен балдарды эсептебегенде, 5 000дей кишинин курсагын керемет жолу менен тойгузганда нан менен балыкты өзүнүн шакирттерине берген, алар болсо элге тараткан (Мт. 14:19). Ошентип, калың элди аз эле кишини колдонуп азыктандырган. Бүгүн да Кудайдын элине рухий тамакты ушундай жол менен берүүдө.
5 Демек, «ишенимдүү жана акылдуу башкаруучу» Машаяктын катышуусунун убагында Кудай жөнүндөгү билимди даярдаганга жана таратканга түзмө-түз катышкан майлангандардан турган чакан топту билдирет (Лк. 12:42). Акыркы күндөр башталгандан бери «ишенимдүү жана акылдуу кулду» түзгөн майлангандар башкы башкармалыкта чогуу кызмат кылып келишет. Бүгүнкү күндө алар Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешин түзөт.
6 Машаяк колдонгон Жетектөөчү Кеңеш пайгамбарлык сөздөрдүн кандайча аткарылып жатканын түшүндүрөт жана Ыйык Китептеги принциптерди жашоодо кантип колдонушту өз учурунда үйрөтөт. Мындай рухий тамак Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү жыйналыштары аркылуу таратылат (Ыш. 43:10; Гал. 6:16). Байыркы убакта кожоюну ишенген кулуна үйдөгү бардык иштерди көзөмөлдөөнү тапшырчу. Анын сыңарындай, ишенимдүү жана акылдуу кулга Жахабага ишенгендерди көзөмөлдөө тапшырылган. Андыктан ишенимдүү кул уюмдун мүлкүн, кабар айтуу ишин, райондук жана региондук жыйындардын программасынын даярдалышын, уюмдагы ар кандай иштерди аркалаган көзөмөлчүлөрдүн дайындалышын жана Ыйык Китепке негизделген адабияттардын чыгарылышын көзөмөлдөйт. Ал мунун баарын Кожоюндун «үйүндөгүлөрүнүн» жыргалчылыгы үчүн кылат (Мт. 24:45).
7 «Үйүндөгүлөрү» деген кимдер? Бир сөз менен айтканда, алар — ишенимдүү кул берген билим менен азыктанып жаткандар. Акыркы күндөрдүн башында «үйүндөгүлөрүнө» майлангандар гана кирчү. Кийин аларга «башка койлордон» турган эбегейсиз көп адамдар да кошулган (Жкн. 10:16). Ушул эки топ тең ишенимдүү кул тараткан рухий тамак менен азыктанып келет.
8 Улуу алаамат учурунда Иса азыркы ыймансыз дүйнөгө чыгарылган өкүмдү жарыялап, аны ишке ашырыш үчүн келгенде ишенимдүү кулду «өзүнүн бүт мүлкүнө кам көрүүгө дайындайт» (Мт. 24:46, 47). Ошондо ишенимдүү кулду түзгөндөр асмандагы сыйлыгын алат. Алар 144 000ди түзгөн асмандагы майлангандарга кошулуп, Машаяк менен бирге бийлик жүргүзүшөт. Ошондон кийин жерде ишенимдүү жана акылдуу кул болбойт. Жахаба менен Иса Падышалыктын жердеги элин дайындалган «төрөлөр» аркылуу жетектейт (Заб. 45:16).
«ЖЕТЕКЧИЛИКТИ КОЛГО АЛГАНДАРДЫ» ЭМНЕ ҮЧҮН УНУТПАШЫБЫЗ КЕРЕК?
9 «Жетекчиликти колго алгандардын» эмгегин баалаганга жана аларга ишенгенге көптөгөн себептер бар. Бул өзүбүзгө эле жакшы. Себеби элчи Пабыл: «Алар силер үчүн жооп бере тургандар катары жаныңарга күндүр-түндүр кам көрүшөт. Алар үшкүрүнбөй, кубаныч менен кам көрүшү үчүн, баш ийгиле, болбосо өзүңөр эле зыян тартасыңар»,— деген (Евр. 13:17). Алар бизди рухий жактан коргоп, жаныбызга күндүр-түндүр кам көрүп, жыргалчылыгыбызды көздөгөндүктөн, алардын тилин алып, жетекчилигине баш ийгенибиз абдан маанилүү.
10 Пабыл 1 Корунттуктар 16:14тө: «Баарын сүйүү менен жасагыла»,— деп жазган. Кудайдын элинин жыргалчылыгы үчүн чыгарылган чечимдердин аркасында ушул теңдешсиз сүйүү сапаты жатат. Ал жөнүндө 1 Корунттуктар 13:4—8-аяттарда мындай делген: «Сүйүү чыдамкай, боорукер. Сүйүү көрө албастык кылбайт, мактанбайт, менменсинбейт, адепсиздик кылбайт, өз кызыкчылыгын көздөбөйт, кыжырданбайт, таарынычын эсептей бербейт. Сүйүү ыймансыздыкка кубанбайт, чындыкка кубанат. Сүйүү баарын көтөрөт, баарына ишенет, баарына үмүттөнөт, баарына чыдайт. Сүйүү эч качан жок болбойт». Жахабанын элин жетектегендер бардык чечимдерди сүйүүнүн негизинде чыгарышат. Ошондуктан алардын жетегине эч күмөн санабай баш иебиз. Анын үстүнө, андай жетекчилик Жахабанын сүйүүсүн чагылдырат.
Жаныбызга күндүр-түндүр кам көрүп, рухий жыргалчылыгыбызды көздөгөндөргө баш ийгенибиз абдан маанилүү
11 Биринчи кылымда элин жетектеш үчүн Жахаба кадимки эле жеткилең эмес адамдарды колдонгон. Байыркы убакта да анын эркин жеткилең эмес адамдар аткарып келишкен. Мисалы, Нух пайгамбар кеме куруп, алаамат болорун жарыялаган (Башт. 6:13, 14, 22; 2 Пет. 2:5). Ал эми ысрайыл элин Мисирден алып чыкканга Муса пайгамбар тандалган (Чыг. 3:10). Ыйык Китепти да ыйык рухтун жетеги менен жеткилең эмес адамдар жазышкан (2 Тим. 3:16; 2 Пет. 1:21). Бүгүн да жакшы кабар айтылып, шакирттер даярдалып жатат. Бул ишти жетектеш үчүн да Жахаба жеткилең эмес адамдарды колдонууда. Бирок ошон үчүн эле анын уюмуна ишенбей койбошубуз керек. Биз анын уюмуна толук ишенебиз, себеби Жахаба колдобосо, уюм азыр аткарып жаткан иштерди кыла алмак эмес. Ишенимдүү кулдун көп жыл бою ар кандай кыйынчылыктарга карабай кызматын аткарып келатканынан аны Кудайдын руху жетектеп келатканын айкын көрүүгө болот. Ооба, Жахаба учурда уюмунун жердеги көзгө көрүнгөн бөлүгүнө батасын төгүп жатат. Андыктан уюмду бүт дитибиз менен колдоп, ага ишеним артабыз.
ИШЕНИМ АРТАРЫБЫЗДЫ КАНТИП КӨРСӨТӨ АЛАБЫЗ?
12 Жыйналышта жооптуу милдеттерди аткаргандар тапшырылган иштерди кубанып кабыл алып, аларды жан-дили менен аткарышат. Алар Жахабага жана анын уюмуна ишенерин ушундайча көрсөтүшөт (Элч. 20:28). Падышалыктын жарчылары катары биз жакшы кабарды үймө-үй жигердүү айтабыз, кызыккандарга кайра барабыз жана алар менен Ыйык Китепти изилдейбиз (Мт. 24:14; 28:19, 20). Ишенимдүү кул берип жаткан рухий тамактын толук пайдасы тийиш үчүн жыйналышка дайыма даярданып барабыз. Жыйналыштарды, райондук жана региондук жыйындарды калтырбайбыз. Ушундай жолугушууларда бири-бирибизге дем-күч берип, кубаттана алабыз (Евр. 10:24, 25).
13 Уюмга ишенерибизди аны акчалай колдоп да көрсөтөбүз (Накыл 3:9, 10). Ишенимдештерибиз тыйын-тыпыр жагынан кыйналып жатканын билгенде дароо жардам беребиз (Гал. 6:10; 1 Тим. 6:18). Муну аларды жакшы көргөндүктөн жана бардык жакшылыктары үчүн Жахабага, анын уюмуна ыраазы болгондуктан кылабыз (Жкн. 13:35).
14 Уюмга ишенерибизди көрсөтүүнүн дагы бир жолу — уюм чыгарган чечимдерди колдоо. Бул оторду кайтарыш үчүн дайындалган көзөмөлчүлөрдүн, алсак, райондук көзөмөлчүлөрдүн, жыйналыштагы аксакалдардын жетекчилигине чын ыкластан баш ийүүнү камтыйт. Алар «жетекчиликти колго алгандардын» катарына киргендиктен, аларга тил алып, баш ийгенге тийишпиз (Евр. 13:7, 17). Кээде кайсы бир көрсөтмөлөрдүн эмне себептен берилгенин түшүнбөсөк да, аларга кармануу өзүбүзгө эле пайдалуу болорунан шектенбейбиз. Жахаба өз кезегинде, анын Сөзүндө жазылгандарга жана уюм берген көрсөтмөлөргө кармансак, батасын мол берет. Ошондой эле муну менен Мырзабыз Иса Машаякка да баш иерибизди далилдейбиз.
15 Ооба, ишенимдүү жана акылдуу кулга ишенүүгө жүйөлүү себептер бар. Бул дүйнөнүн кудайы Шайтан Жахабаны жана анын уюмун каралаганга бүт күчүн жумшап жатат (2 Кор. 4:4). Андыктан амалкөй Шайтандын тузагына түшүп калгандан сак бололу! (2 Кор. 2:11). Ал жакында түпсүз туңгуюкка түшөт. «Убактысынын аз калганын билгендиктен» Жахабанын кызматчыларынын мүмкүн болушунча көбүн андан алыстатууга аракет кылууда (Аян 12:12). Шайтан канчалык көп күч жумшаса, биз Жахабага ошончолук ынак болушубуз керек. Келгиле анда, Жахабага жана элин жетектеш үчүн ал колдонуп жаткан ишенимдүү кулга мындан ары да ишеним арта берели! Ошондо уюмда биримдик өкүм сүрөт.