Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • jy 115-бөл. 266-б.—267-б. 3-абз.
  • Акыркы пасахка аз калды

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Акыркы пасахка аз калды
  • Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
  • Окшош материалдар
  • Ыйса белгилеген акыркы Пасах жакындап келатат
    Тарыхтагы эң улуу адам
  • «Ал күндү дайыма эскеришиңер керек»
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2013
  • Мырзабыздын кечки тамагы
    Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
  • Пасах деген эмне?
    Суроолор жана жооптор
Дагы башкасы
Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
jy 115-бөл. 266-б.—267-б. 3-абз.
Жүйүт Искариот диний жетекчилерге барып, Иса Машаякты алардын колуна салып берсе, канча акча беришерин сурап жатат

115-БӨЛҮМ

Акыркы пасахка аз калды

МАТАЙ 26:1—5, 14—19; МАРК 14:1, 2, 10—16; ЛУКА 22:1—13

  • ЖҮЙҮТ ИСКАРИОТ КЫЯНАТ ИШИ ҮЧҮН АКЧА АЛАТ

  • ЭКИ ЭЛЧИ ПАСАХКА ДАЯРДЫК КӨРӨТ

Иса пайгамбар Зайтун тоосунда 4 элчисинин дүйнөнүн акырына жана анын катышуусуна байланыштуу суроосуна жооп берип бүттү.

11-нисанда көп окуялар болду. Кыязы, Бетанияга түнөгөнү баратканда Иса пайгамбар элчилерине: «Өзүңөр билгендей, эки күндөн кийин пасах майрамы болот. Ошондо адам Уулун устунга кадаш үчүн кармап беришет»,— дейт (Матай 26:2).

Пайгамбар эртеси, шаршембиде, элчилери менен эле болгон көрүнөт. Шейшембиде ал диний жетекчилерди элдин көзүнчө ашкерелеген болчу. Ошондуктан алар аны өлтүрүүнүн амалын издеп жүрүшкөн. Күн батып, 14-нисан башталганда, Машаяк элчилери менен Пасахты белгилемек. Буга эч ким тоскоолдук кылбашы үчүн, ал 12-нисанда элге көрүнбөйт.

Машаяктын аларды элдин көзүнчө ашкерелегенине жинденген жогорку дин кызматчылар менен аксакалдар Пасахка чейин кол куушуруп отура беришпейт. Алар башкы дин кызматчынын, Каяпанын, короосуна чогулуп, Иса пайгамбарды «амалкөйлүк менен кармап, өлтүрүш үчүн кеңеше» башташат. Муну кантип жана качан ишке ашырышат? Алар: «Аны майрам учурунда кармаганга болбойт, болбосо эл көтөрүлүш чыгарат»,— деп кооптонушат (Матай 26:4, 5). Себеби Иса пайгамбарды көптөр урматташчу.

Ал ортодо дин кызматчыларга бир киши барат. Таң калыштуусу, ал Машаяктын жанында жүргөн элчилеринин бири Жүйүт Искариот эле. Шайтан анын жүрөгүнө арам ой салып, Мырзасына чыккынчылык кылууга түртөт. Дин кызматчылардан Жүйүт: «Аны колуңарга салып берсем, мага эмне бересиңер?» — деп сурайт (Матай 26:15). Алар сүйүнүп кетип, ага 30 күмүш тыйын сунуш кылышат (Лука 22:5). Баса белгилей кетчү нерсе, бир кулдун баасы 30 шекел болчу (Чыгуу 21:32). Муну менен дин кызматчылар Машаякты киши катары көрбөгөнүн, такыр сыйлабаганын көрсөтүшөт. Ал эми Жүйүт Мырзасын «алардын колуна эл жокто салып бериш үчүн ыңгайлуу учурду издей баштайт» (Лука 22:6).

Бүгүн шаршемби. Күн баткандан кийин, 13-нисан башталат. Иса пайгамбар Бетанияда бүгүн акыркы, алтынчы, жолу түнөйт. Эртеси Пасахка даярдык көрүп, козу алып коюш керек. Анткени 14-нисан башталганда, козу союлуп, бүкүлү бойдон отко какталып бышырылышы керек. Алар тамакты каякта жешет? Аны ким даярдайт? Пайгамбар муну ачык айтпайт. Андыктан Жүйүт Искариоттун жогорку дин кызматчыларга жеткирип барганга мүмкүнчүлүгү болбойт.

Петир менен Жакан кумура көтөргөн кишини ээрчип баратышат

Калыбы, бейшемби күнү түш оогондо, Иса пайгамбар Петир менен Жаканды Бетаниядан Иерусалимге жөнөтүп: «Барып, бизге пасах тамагын даярдагыла»,— дейт. Алар: «Кайсы жерге даярдашыбызды каалайсың?» — деп сурашат. Ал мындай дейт: «Шаарга барганыңарда, алдыңардан кумурага суу көтөргөн киши чыгат. Анын артынан ээрчип барып, ал кирген үйгө киргиле. Анан үйдүн ээсине: „Устат сенден: “Мен шакирттерим менен пасах тамагын жей турган конок бөлмөсү каерде?” — деп сурап жатат“,— деп айткыла. Ал силерге үстүнкү кабаттагы чоң бөлмөнү көрсөтөт. Анда керектүүнүн баары болот. Пасах тамагын ошол жерге даярдагыла» (Лука 22:8—12).

Үй ээсинин Машаяктын шакирти болгону шексиз. Ал Мырзасы Пасахты белгилөөгө үйүн сурайт болуш керек деп күткөн көрүнөт. Эки элчи Иерусалимге жеткенде, бүт баары Мырзасы айткандай болуп чыгат. Алар сойгонго козу таап, Пасахка керектүүнүн баарын даярдап коюшат. Ал жерге Мырзасы 12 элчиси менен чогулмак.

  • Иса пайгамбар 12-нисанда, шаршембиде, эмне кылган жана эмне үчүн?

  • Диний жетекчилер эмне үчүн чогулушкан? Жүйүт аларга эмнеге барган?

  • Иса пайгамбар бейшембиде Иерусалимге кимдерди жөнөткөн? Алар эмне кылышкан?

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү