Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • jy 117-бөл. 270-б.—271-б. 3-абз.
  • Мырзабыздын кечки тамагы

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Мырзабыздын кечки тамагы
  • Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
  • Окшош материалдар
  • Эскерүү кечи
    Тарыхтагы эң улуу адам
  • Үстүнкү бөлмөдө
    Ыйык китептик аңгемелер
  • Жүйүт Мырзасын душмандарга салып берет
    Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
  • Иса Куткарылуу майрамын акыркы жолу белгилейт
    Ыйык Китептен таалим-тарбия ал
Дагы башкасы
Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
jy 117-бөл. 270-б.—271-б. 3-абз.
Иса Машаяк ишенимдүү он бир элчиси менен Эскерүү кечесин негиздеп жатат

117-БӨЛҮМ

Мырзабыздын кечки тамагы

МАТАЙ 26:21—29; МАРК 14:18—25; ЛУКА 22:19—23; ЖАКАН 13:18—30

  • ЧЫККЫНЧЫНЫН ЖҮЙҮТ ЭКЕНИ АЙКЫН БОЛОТ

  • МАШАЯК ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИН НЕГИЗДЕЙТ

Машаяк элчилеринин бутун жууп, момундукка үйрөттү. Пасах тамагын жеп бүтүшкөндөн кийин, ал Дөөтүнүн Машаякка карата айткан: «Мени менен тынчтыкта болгон, мен ишенип келген, нанымды жеп жүргөн киши да мага каршы чыкты»,— деген сөздөрүн айтат. Анан: «Араңардан бирөө мага чыккынчылык кылат»,— деп айтат (Забур 41:9; Жакан 13:18, 21).

Элчилер бири-бирин карап: «Мырзам, мен эмесминби?» — деп сурашат. Атүгүл Жүйүт да ошентет. Петир Мырзасынын жанындагы Жаканга: «Анын ким экенин билчи»,— дегендей белги берет. Жакан башын Мырзасынын төшүнө жакындатып: «Мырзам, ал ким?» — деп сурайт (Матай 26:22; Жакан 13:25).

Мырзасы: «Бир үзүм нанды табакка малып, кимге берсем, ал — ошол»,— дейт. Анан нанды табакка малып, Жүйүткө сунат да: «Адам Уулу, өзү жөнүндө жазылгандай, силерден кетип баратат, бирок ага чыккынчылык кыла турган адамдын башына каран түн түшөт! Анын төрөлбөй эле койгону жакшы болмок»,— дейт (Жакан 13:26; Матай 26:24). Ошондо Шайтан Жүйүттүн ичине кирет. Анын жүрөгү ага чейин эле бузулган эле. Бирок азыр ал өз каалоосу менен Шайтандын эркин аткара баштайт. Ошентип, ал «өлүм уулу» болуп калат (Жакан 6:64, 70; 12:4; 17:12).

Иса пайгамбар Жүйүткө: «Кылып жаткан ишиңди батыраак кыл»,— дейт. Акча салынган куту Жүйүттө болгондуктан, элчилер Мырзасы ага майрамга керектүү нерселерди сатып алууну же жакырларга бир нерсе берүүнү буйруду деп ойлошот (Жакан 13:27—30). Ошондо саткын Жүйүт чыгып кетет.

Ошол эле кечте Машаяк жаңы аземди негиздейт. Ал нанды алып, Кудайга ыраазычылык билдирген соң аны сындырат да, элчилерине узатып: «Бул силер үчүн бериле турган денемди билдирет. Муну мени эскериш үчүн кылгыла»,— деп айтат (Лука 22:19). Нан колдон колго өтүп, элчилердин баары жейт.

Анан Иса Машаяк чөйчөктү алып, Кудайга ыраазычылык билдирет да, элчилерине узатып жатып: «Бул чөйчөк силер үчүн төгүлө турган канымдын негизинде түзүлүүчү жаңы келишимди билдирет»,— дейт. Ал чөйчөктөн баары ичишет (Лука 22:20).

Ошентип, Иса Машаяк жыл сайын 14-нисанда белгилене турган Эскерүү кечесин негиздейт. Бул Жахабанын жана Машаяктын адамзатты күнөө менен өлүмдөн куткарыш үчүн эмнелерди кылышканын эске салып турмак. Пасах жүйүттөргө кулчулуктан бошонгонун эстетип турса, бул азем тил алчаак адамдарга чыныгы эркиндикке чыгарын эстетип турмак.

Машаяк канынын «көптөрдүн күнөөлөрү кечирилиши үчүн төгүлө турганын» айткан. Күнөөлөрү кечириле тургандарга ишенимдүү элчилер жана аларга окшогон кишилер кирмек. Алар Кудайдын Падышалыгында Машаяк менен бирге болушмак (Матай 26:28, 29).

  • Машаяк Дөөтү пайгамбардын кайсы сөздөрүн айткан? Ал сөздөр кандайча аткарылган?

  • Машаяк Жүйүткө эмне кылууну айткан? Элчилер муну кандай түшүнүшкөн?

  • Иса пайгамбар кайсы аземди негиздеген жана анын максаты кандай эле?

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү