-
Жан дүйнөсү кыйналып, жалындуу тиленишиИса Машаяк - жол, чындык, өмүр
-
-
Зайтун бактары өскөн кооз бакчага жетишкенде, пайгамбар 8 элчисин, кыязы, бакчанын кире беришине калтырып: «Мен тиги жакка барып тиленип келгиче, ушул жерде отура тургула»,— дейт. Анан 3 элчисин: Петирди, Жакыпты, Жаканды ээрчитип, бакты аралай басат. Ичи уйгу-туйгу болгон пайгамбар үчөөнө: «Жаным аябай кыйналып турат. Бул жерде калып, уктабай, мени менен сергек тургула»,— дейт (Матай 26:36—38).
-
-
Жан дүйнөсү кыйналып, жалындуу тиленишиИса Машаяк - жол, чындык, өмүр
-
-
Машаяк асмандан римдиктердин адамдарды кыйнап өлтүрүп жүрүшкөнүн көрүп эле жүргөн. Эми ал өзү жерде жүрөт. Ошондуктан сезимдери адамдардыкындай эле. Оору, кыйналуу деген эмне экенин жакшы билет. Андыктан алдыны ойлоп, жүрөгү сыздаса керек. Анын жеткен кылмышкер катары өлтүрүлөрү Атасынын ысымына сөз тийгизмек. Мына, аны баарынан да ушу бушайман кылууда. Бир нече сааттан кийин эле аны Кудайга акарат кылган киши катары устунга кадашат.
-