Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Адегенде Анаска, анан Каяпага алпарышат
    Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
    • Ошондо бир жоокер аны жаакка чаап: «Жогорку дин кызматчыга да ушинтип жооп бересиңби?» — дейт. Бирок эч кандай жаман иш кылбаган пайгамбар: «Эгер туура эмес айтсам, туура эмес экенин көрсөт. Эгер айтканым туура болсо, анда эмнеге урасың?» — деп айтат (Жакан 18:22, 23). Айласы кеткен Анас Иса Машаякты күйөө баласына жиберет.

      Ал ортодо Синедриондун мүчөлөрү — учурдагы башкы дин кызматчы Каяпа, эл аксакалдары жана китепчилер — Каяпаныкына чогулушат. Пасах майрамдалган түнү сот өткөрүү мыйзамга каршы келсе да, алар арам оюн ишке ашыруудан кайра тартышкан эмес.

      Алар кандай гана адилетсиз соттор болушкан! Иса Машаяк Лазарды тирилткенден кийин, Синедрион аны өлтүрүүнү чечкен (Жакан 11:47—53). Ал эми бир нече күн мурун диний жетекчилер Иса Машаякты амалкөйлүк менен кармап, өлтүрүш үчүн кеңешишкен (Матай 26:3, 4). Кыскасы, сот башталганга чейин эле Машаякка өлүм өкүмү чыгарылган болчу.

  • Петирдин Мырзасынан баш тартышы
    Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
    • Гетсемани багында Иса пайгамбарды байлап жатышканда, элчилер коркконунан качып кетишкен болчу. Бирок Петир менен «дагы бир шакирт», кыязы, Жакан токтоп, кайра артка кайтышат (Жакан 18:15; 19:35; 21:24). Алар Мырзасын ээрчип, Анастын үйүнө чейин барышса керек. Анас Иса пайгамбарды башкы дин кызматчы Каяпага жибергенде, экөө аны алыстан акмалап, ээрчип барышат. Алар бир чети өз өмүрүн ойлоп коркушса, бир чети Мырзасын ойлоп сарсанаа болушат.

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү