Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • ba 14—17-бб.
  • Ал китепке ишенүүгө болобу?

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Ал китепке ишенүүгө болобу?
  • Бардык адамдарга арналган китеп
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • Казуулардан табылган далилдер
  • Ачык жазылган китеп
  • Майда-баратына чейин так китеп
  • Дөөтү падышанын тарыхый инсан болгонун тастыктаган археологиялык табылга
    Дагы башка макалалар
  • Археология Ыйык Китептин тактыгын далилдейби?
    Ойгонгула!—2008
  • Бардык адамдар үчүн китеп
    Күзөт мунарасы—1998 (изилдөө үчүн макалалар 2)
  • 3. Өз ара шайкештиги
    Ойгонгула!—2008
Бардык адамдарга арналган китеп
ba 14—17-бб.

Ал китепке ишенүүгө болобу?

«Мен Ыйык Китептен тактыктын, ишенимдүүлүктүн белгилерин дүйнөлүк тарыхка байланыштуу башка эмгектерге караганда көбүрөөк көрдүм» (атактуу англис окумуштуусу Исаак Ньютон)1.

АЛ КИТЕПКЕ, Ыйык Китепке, ишенүүгө болобу? Анда чын эле жашаган адамдар, тарыхый жерлер жана болуп өткөн окуялар тууралуу айтылабы? Айтылса, анын чынчыл, ыкластуу адамдар тарабынан жазылганынын далилдери болууга тийиш. Далилдер бар. Алардын көбү — археологиялык табылгалар. Бирок Ыйык Китептин өзүндө андан да көп далил камтылган.

Казуулардан табылган далилдер

Ыйык Китепте айтылган өлкөлөрдүн аймактарынан табылган байыркы маданияттын калдыктары Ыйык Китептин тарыхый жана географиялык жактан так экенин ырастайт. Эмесе, археологдор тапкан далилдердин кээсин карайлы.

Дөөттү, кийинчерээк Ысрайылдын падышасы болгон эржүрөк койчу жигитти, Ыйык Китептин окурмандары жакшы билет. Анын аты Ыйык Китепте 1138 жолу айтылган, ал эми көбүнчө анын династиясын билдирген «Дөөттүн тукуму» деген сөз айкашы 25 ирет жолугат (1 Шемуел 16:13; 20:16). Бирок, Ыйык Китептен тышкары, Дөөттүн жашаганына ынандырган далилдер көпкө чейин болгон эмес. Анда Дөөт ойдон чыгарылган инсан беле?

1993-жылы Израилдеги бир гезитте профессор Авраам Бирандын жетекчилиги астында археологдор тобу чоң ачылыш жасаганы жарыяланган («Israel Exploration Journal»). Алар Израилдин түндүк тарабындагы Телль-Дан деген байыркы дөбөдө казуу ишин жүргүзүп жатышканда базальт таш табышкан. Таштын бетинде «Дөөттүн тукуму» жана «Ысрайылдын падышасы» деп чегилиптир2. Б.з.ч. IX кылымга таандык ал жазуу Израилдин чыгыш тарабында жашаган, ысрайылдыктардын душмандары болгон арамейлер жасаган жеңиш монументинин бөлүгү болгон деп эсептелет. Эмне үчүн ал жазуунун мааниси чоң?

Профессор Бирандын жана эмгектеши профессор Иосиф Навехтин билдирүүлөрүнө негизделген бир макалада: «Ыйык Китептен тышкаркы байыркы жазуулардан Дөөттүн тукуму деген жазуу биринчи жолу табылды»,— деп айтылганa3 («Biblical Archaeology Review»). Ал жазуудагы бир нерсе өзгөчө кызыктырат: андагы «Дөөттүн тукуму» деген сөз айкашы бирге жазылган. Лингвистика илиминин профессору Ансон Рейни: «Кошмок сөздөр калыптанып калган энчилүү аттарды түзсө, көп учурда... чогуу жазылат. „Дөөттүн тукуму“ деген сөз айкашы болсо б.з.ч. IX кылымдын жарымында саясий термин жана географиялык энчилүү ат катары колдонулганы шексиз»,— деп түшүндүрөт5. Демек, Дөөт падыша жана анын династиясы байыркы дүйнөгө, кыязы, жакшы белгилүү болгон.

Ыйык Китепте айтылган Ассириянын (Ашурдун) улуу шаары Ниневия (Нинеби) чынында эле болгонбу? Жакында эле, XIX кылымдын башында, Ыйык Китептин сынчылары ал шаардын болгонуна ишенүүдөн баш тартышкан. Бирок 1849-жылы сэр Остин Генри Лэйярд казуу маалында байыркы Куюнжик шаарчасынан Синахериб (Санхейрип) падышанын ордосунун урандыларын тапкан. Ордо Ниневиянын бөлүгү болгон. Бул табылга сынчылардын каршылыгын токтоткон. Бирок ал урандылар дүйнөгө дагы көптү «айтып бермек». Жакшы сакталган ордонун дубалдарында рельеф чегилген экен. Анда бекем корголгон шаардын басылып алынышы жана жеңишке ээ болгон падышанын алдынан өтүп жаткан туткундар сүрөттөлгөн. Падышанын сүрөтүнүн үстүндө: «Синахериб — дүйнөнүн бийлөөчүсү, Ассириянын падышасы нимеду-такка олтуруп, Лахистен (Лакиштен) (Ла-ки-су) алып келген олжосун карап чыккан»,— деген жазуу жайгашкан6.

Британ музейинде сакталып турган ал рельеф менен андагы жазуулар 2 Падышалар 18:13, 14-аяттардагы Санхейриптин жүйүттөрдүн Лакиш деген шаарын басып алышы жөнүндөгү билдирүүгө төп келет. Лэйярд аталган табылганын маанилүүлүгүн белгилеп, мындай деп жазат: «Бул ачылыштар жасала электе, Ниневиянын орду катары белгиленген жердеги топурак менен таштандылардын алдынан [Жүйүт падышасы] Езекия (Хиския) менен Синахерибдин ортосунда болгон согуштардын, ал согуштар жүрүп жатканда Синахериб өзү түзгөн жана Ыйык Китептеги билдирүүлөрдүн калетсиздигин майда-чүйдөсүнө чейин далилдеген баяндоону табабыз деп ким ойлоптур?»7

Археологдор Ыйык Китептин тактыгын аныктаган көптөгөн калдыктарды: чоподон жасалган буюм-тайымдарды, имараттардын урандыларын, чопо такталарды, тыйындарды, ишкагаздарды, айкелдерди жана жазууларды табышкан. Алар Халдейлердин (каздимдердин) соода жана диний борбор шаары болгон Урду, Ыбрайымдын жашаган жерин да табышкан (Башталыш 11:27—31)8. XIX кылымда казылып алынган Набониддин жылнаамасында Даниел китебинин 5-бөлүмүндө айтылган окуя — Вавилондун (Бабылдын) б.з.ч. 539-жылы Улуу Кир (Кореш) тарабынан басылып алынышы — баяндалат9. Ыйык Китептин жазуучусу Лука колдонгон, бирок классикалык грек адабиятында белгилүү болбогон «политархтар» деген наам менен аталышкан шаар башчыларынын аттары байыркы Фессалоникадан табылган аркада (бөлүктөрү Британ музейинде сакталган) жазылган10 (Элчилер 17:6, «ЖД», шилтеме). Ошентип, бул, башка далилдер менен катар, Луканын так экенин айгинелейт. (Салыштыргыла: Лука 1:3.)

Бирок археологдор Ыйык Китеп менен эле эмес, бири-бири менен да дайым эле бир ойго келе бербейт. Ал эми Ыйык Китептин өзүндө анын ишенимдүүлүгүн ырастаган далилдер камтылган.

Ачык жазылган китеп

Чынчыл тарыхчылар жеңиштерин гана (Синахерибдин Лахисти басып алганын жазгандай) эмес, жеңилгенин да, ийгиликке жеткенин гана эмес, жетпегенин да, бедел-баркын гана эмес, кемчиликтерин да жазышмак. Андай чынчылдык дүйнөлүк тарыхчылардын айрымдарынын гана эмгектеринде чагылдырылган.

Ассириялык тарыхчылар тууралуу Даниел Лакенбилл: «Алардын текебер падышага жагынуу үчүн тарыхый маалыматтарды бурмалашканы көп байкалат»,— деп жазат11. Андай «текебер падышанын» көрүнүктүү мисалы — ассириялык Ашшурнасирпал. Бир жылнаамада анын минтип мактанганы жазылган: «Мен доорон сүрүүчүмүн, мен даңазалуумун, мен улуу даражалуумун, мен кудуреттүүмүн, мен урматтуумун, мен атактуумун, мен белгилүүмүн, мен күчтүүмүн, мен баатырмын, мен арстандай эржүрөкмүн, ары кайраттуумун!»12 Ушул сыяктуу жазуулардагылардын баары чын экенине ишенет белеңер?

Ал эми Ыйык Китепти жазган адамдар, тескерисинче, болгонду болгондой жазышкан. Ысрайылдын жолбашчысы Муса өзүнүн биртууганы — Арундун, эжеси — Мириямдын, инилери — Надап менен Абыйуттун жана өз элинин, атүгүл өзүнүн кемчиликтерин ачык жазган (Чыгуу 14:11, 12; 32:1—6; Лебилер 10:1, 2; Сандар 12:1—3; 20:9—12; 27:12—14). Дөөт падышанын да олуттуу каталары жашырылган эмес: анын кетирген күнөөлөрү падышалык кылып турган кезинде эле жазылып коюлган (2 Шемуел 11 жана 24-бөлүмдөр). Өзүнүн аты менен аталган китептин жазуучусу Матай элчилердин (арасында өзү да бар) кимибиз чоңбуз деп талашып-тартышканы жана Ыйса камакка алынган түнү аны жалгыз таштап, качып кетишкени тууралуу айткан (Матай 20:20—24; 26:56). Грек Жазмаларына кирген каттарды жазган эркектер алгачкы жыйналыштардын кээ биринде адеп-ахлаксыздыктын, өз ара келишпестиктин жана башка көйгөйлөрдүн болгонун жашырбастан, ага байланыштуу ой-пикирлерин ачык билдиришкен (1 Корунттуктарга 1:10—13; 5:1—13).

Мындай калыс, ачык билдирүү алардын чынчыл болууга умтулганын көрсөтөт. Эгерде алар Ыйык Китепке жакын адамдары, өз эли, өзүлөрү тууралуу жагымсыз маалыматтарды да жазган болушса, анда алардын сөзүнө ишенбөөгө негиз барбы?

Майда-баратына чейин так китеп

Сотто күбөлөрдүн көрсөтүүлөрүнүн чын-төгүнү кээде майда-барат фактылардын жардамы менен аныкталат: алар өз ара шайкеш болсо так, чын экени көрүнөт, олуттуу келишпестиктер байкалса, жалган экени ашкереленет. Бирок кээде ийне-жибинен өйдө дал келишкен көрсөтүү шектүү көрүнүшү да мүмкүн.

Ал эми Ыйык Китепти жазган адамдардын «көрсөтүүлөрү» жөнүндө эмне дешке болот? Алардын «көрсөтүүлөрү» укмуштуудай ырааттуу, майда-чүйдөсүнө чейин шайкеш. Бирок алар ошондой ырааттуулуктун сакталышын максат кылышкан деле эмес. Антпесе, жазуучулар бири-бири менен сүйлөшүп алышкан го деген шектенүү пайда болмок. Алардын эч кандай кытмыр ою болгон эмес. Муну кээ бир мисалдар далилдейт.

Жакшы Кабарды жазган Матай: «Ыйса Петирдин үйүнө келип, анын кайын энеси ысытма оорусу менен ооруп жатканын көрдү»,— деген (Матай 8:14). Бул жерде Матай кызыктуу, бирок маанилүү деле эмес нерсени, Петирдин үйбүлөлүү экенин, билдирип кеткен. Пабылдын: «Башка элчилер сыяктуу, ошондой эле... Кейфа сыяктуу биз да үйлөнүп алып, аялыбызды жаныбызга алып жүрүүгө укугубуз жокпу?» — деген учкай сөздөрү анын төгүнсүздүгүн ырастаган (1 Корунттуктарга 9:5)b. Буга чейинки аяттардан Пабылдын негизсиз айыптоолордон коргонуп жатканы көрүнөт (1 Корунттуктарга 9:1—4). Андыктан Пабылдын алиги ойду — Петирдин үйбүлөлүү болгонун — Матайдын жазгандарынын тактыгын ырастоо үчүн эмес, жөн гана айта кеткени көрүнүп турат.

Жакшы Кабарды жазгандардын төртөө тең: Матай, Марк, Лука менен Жакандар Ыйса камакка алынган түнү шакирттеринин бири башкы ыйык кызмат кылуучунун кулунун кулагын кылыч менен шылый чапканын жазган. Болгону, Жакандын Жакшы Кабарында: «Кулдун аты Малкос эле»,— деген тактоо айтылат (Жакан 18:10, 26). Эмне себептен ал кулдун атын Жакан эле айткан? Мындан бир нече аяттан кийин башка эч бир жерде келтирилбеген, Жакан «башкы ыйык кызмат кылуучунун таанышы болгон» деген билдирүү жазылган. Жакан башкы ыйык кызмат кылуучунун үйбүлөсүн, кулдарын тааныган, алар да аны билишкен (Жакан 18:15, 16). Ошондуктан жогорудагы адамдын атын башка элчилердин эмес, Жакандын айтканы таң калтырбайт.

Ыйык Китептеги билдирүүлөрдүн айрымында маалымат толук берилбейт, бирок башка жерлеринде аларга байланыштуу кошумча ой айтылат. Мисалы, Матайдын билдирүүсү боюнча, Ыйсаны суракка алып жатышканда синедриондогулар жаакка чаап, ага мындай деген: „Кана, пайгамбарчылык кылчы, Машайак, Сени ким урду?“» (Матай 26:67, 68). Урган адам алдында турса, пайгамбарчылык кыл деп эмнеге айтмак эле? Муну Матай түшүндүргөн эмес. Бирок башка эки элчи Ыйсаны мазактагандар, аны урар алдында, көзүн таңып коюшканын тактап кетет (Марк 14:65; Лука 22:64). Матай болсо окуяны майда-баратын калтырбай жазууга аракеттенген эмес.

Жакан Жакшы Кабарында Ыйсанын окутуусун угуу үчүн бир жолу көп эл чогулганын баяндаган. Ыйса: «Көп элди көрүп, Филипке: „Элди тойгузуу үчүн, нанды кайдан сатып алабыз?“» — деген (Жакан 6:5). Эмне үчүн Ыйса аны башка окуучулардан эмес, Филиптен сураган? Жакан аны түшүндүрбөйт. А бирок Лука ал окуянын Галилея деңизинин түндүгүндөгү Бетсайида деген шаарга жакын жерде болгонун айтат. Ага чейин Жакандын Жакшы Кабарында: «Филип болсо... Бетсайида шаарынан эле»,— деп айтылып кеткен (Жакан 1:44; Лука 9:10). Ошондуктан Ыйса ошол жакта жашаган адамга кайрылган. Мындай билдирүүлөр бири-бине атайылап төп келтирип жазылбаганы айкын көрүнүп тургандыктан, чынында эле, таңыркатат.

Ыйык Китепти жазгандардын майда-бараттарды кээде көңүлгө албай кетиши ишенимибизди ого бетер бекемдейт. Мисалы, Биринчи Падышалар китебинде Ысрайыл жергесин катуу кургакчылык басканы айтылган. Кургакчылык ушунчалык катуу болгондуктан, падыша да, аттары менен качырларын сактап калуу үчүн, жетиштүү чөп-суу таба алган эмес (1 Падышалар 17:7; 18:5). Бирок ошол эле билдирүүдө Илияс пайгамбардын Кармел тоосуна 1000 квадрат метрдей аянтты курчаган аңды толтуруу үчүн, суу (курмандык чалууда колдонууга) алып келүүнү буйрук кылганы айтылат (1 Падышалар 18:33—35). Кургакчылыктын кызып турган маалында мынча суу кайдан табылган? Биринчи Падышалар китебин жазган адам аны түшүндүрүүнү зарыл көргөн эмес. Бирок, кийинчерээк учкай айтылып кеткендей, Кармел Жер ортолук деңиздин жээгине жакын жайгашкан. Аны Ысрайылда жашагандардын баары билчү (1 Падышалар 18:43). Демек, деңиз жакын болгон. Башка жактарынан ынанымдуу баяндалган бул китеп чынында ойдон чыгарылган болсо, аны жазган адам чебер алдамчы болууга тийиш эле. Андай болсо, ал ушу жерден кантип мүчүлүштүк кетирип коймок эле?

Демек, Ыйык Китепке ишенүүгө болобу? Археологдор анын чын эле жашап кеткен адамдарды, тарыхый жерлерди жана болгон окуяларды баяндаарын далилдеген байыркы маданияттардын көптөгөн калдыктарын тапкан. Бирок Ыйык Китептин өзүндөгү далилдер анын ишенимдүүлүгүнө шектенбөөгө андан да бекем негиз болот. Анткени аны жазгандар бардыгын, атүгүл өзүлөрү жөнүндө да чынчылдык менен, жаап-жашырбай айтып беришкен. Мындай билдирүүлөрүнүн ич ара шайкештиги ал адамдардын «көрсөтүүлөрүнүн» төгүнсүздүгүн далилдейт. Ушундай «ишенимдүүлүктүн белгилерине» ээ болгон Ыйык Китеп, чынында эле, ишенүүгө арзыйт.

[Шилтемелер]

a Ушул ачылыштан кийин профессор Андрэ Лемэр, 1868-жылы табылган Месса стелласынын (Моавит ташы деп да аталат) жазууларынын доо кеткен жери калыбына келтирилгенде, анда да «Дөөттүн тукуму» тууралуу айтылганы аныкталганын билдирген4.

b «Кейфа» — «Петир» деген ысымдын семит тилиндегиси (Жакан 1:42).

[15-беттеги сүрөт]

Телль- Дандан табылган таш

[16-беттеги сүрөт]

2 Падышалар 18:13, 14-аяттарда айтылган Лакиштин (Лахистин) курчоосу сүрөттөлгөн рельеф

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү