Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • jy 126-бөл. 288-б.—289-б. 9-абз.
  • Петирдин Мырзасынан баш тартышы

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Петирдин Мырзасынан баш тартышы
  • Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
  • Окшош материалдар
  • Короодо Ыйсадан тануу
    Тарыхтагы эң улуу адам
  • Ал кечиримдүүлүккө үйрөнгөн
    Ишеними күчтүү инсандардан үлгү алгыла
  • Ал Мырзасынан кечиримдүүлүккө үйрөнгөн
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2010
  • Петир Исаны тааныбайм деп айтат
    Ыйык Китептен таалим-тарбия ал
Дагы башкасы
Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
jy 126-бөл. 288-б.—289-б. 9-абз.
Иса пайгамбар үстүнкү кабаттан андан үч жолу баш тарткан Петирди карап жатат. Ары жагында короз турат

126-БӨЛҮМ

Петирдин Мырзасынан баш тартышы

МАТАЙ 26:69—75; МАРК 14:66—72; ЛУКА 22:54—62; ЖАКАН 18:15—18, 25—27

  • ПЕТИР МЫРЗАСЫНАН БАШ ТАРТАТ

Гетсемани багында Иса пайгамбарды байлап жатышканда, элчилер коркконунан качып кетишкен болчу. Бирок Петир менен «дагы бир шакирт», кыязы, Жакан токтоп, кайра артка кайтышат (Жакан 18:15; 19:35; 21:24). Алар Мырзасын ээрчип, Анастын үйүнө чейин барышса керек. Анас Иса пайгамбарды башкы дин кызматчы Каяпага жибергенде, экөө аны алыстан акмалап, ээрчип барышат. Алар бир чети өз өмүрүн ойлоп коркушса, бир чети Мырзасын ойлоп сарсанаа болушат.

Жакан башкы дин кызматчыны тааныгандыктан короосуна оңой эле кирип кетет. Ал эшик кайтарган күң менен сүйлөшкүчө, Петир эшикте күтүп турат. Анан ал да кирет.

Эшик суук болгондуктан, короодогулар от жагып, жылынып турушкан эле. Петир аларга кошулуп, Мырзасынын соту «эмне менен бүтөрүн» билгиси келип, күтүп калат (Матай 26:58). Эшик кайтарган күң кыз оттун жарыгынан Петирди таанып: «Сен анын шакирттеринен эмессиңби?» — деп сурайт (Жакан 18:17). Петирдин Машаяктын шакирти экенин башкалар да билип коюшат (Матай 26:69, 71—73; Марк 14:70).

Элеңдеген Петир: «Мен аны тааныбайм. Эмне деп жатканыңды да түшүнгөн жокмун»,— деп танып коёт. Анан көзгө урунбаш үчүн дарбаза жакка басып кетет (Марк 14:67, 68). Ал атүгүл карганып кирет. Бул анын башкаларды ишендириш үчүн ант берүүгө, эгер сөздөрү жалган болуп чыкса, каргышка калууга да даяр болгонун көрсөтүп турган (Матай 26:74).

Ал ортодо, калыбы, Каяпанын үйүнүн үстүнкү бөлмөсүндө сот улана берет. Короодогулар, анын ичинде Петир келип-кеткен күбөлөрдү көрүшсө керек.

Петир канчалык танбасын, галилеялыктарча сүйлөгөнүнөн анын Машаяктын шакирти экени билинип эле калат. Анын үстүнө, короодо кулагын шылый чапкан Малкостун тууганы да бар эле. Ал: «Сени бакта анын жанынан көрбөдүм беле»,— дейт. Петир үчүнчү жолу танат. Так ошондо, алдын ала айтылгандай, короз кыйкырат (Жакан 13:38; 18:26, 27).

Ошол маалда, кыязы, үстүнкү кабатта турган Мырзасы менен Петирдин көздөрү бири-бирине кадала түшөт. Тике караган Мырзасынын көз карашы Петирдин жүрөгүн көзөп өткөндөй эле болот. Ал анын бир нече саат мурун эле айткандарын эстейт. Жакшы көргөн Мырзасынан баш тартканын түшүнгөндө Петирдин асманы жерге түшкөндөй эле болсо керек. Ал короодон атып чыгып, өксөп ыйлайт (Лука 22:61, 62).

Өзүн ишеними күчтүү, берилген киши деп эсептеген элчи Петир Мырзасынан кандайча баш тартып кеткен? Адилетсиз соттор акыйкаттыкты тебелеп-тепсеп, Машаякты жеткен кылмышкер деп табышканда, Петир ак жерден караланган Мырзасына бел болушу керек эле да. Бирок ал «түбөлүк өмүргө алып бара» турган Мырзасынан каратып туруп баш тартып кеткен (Жакан 6:68).

Петирдин окуясынан көрүнүп тургандай, сыноолорго алдын ала даярданбаса, атүгүл ишеними күчтүү, берилген киши да туура эмес иш кылып алышы мүмкүн. Ооба, Петирдин башынан өткөн окуя — Кудайдын бардык кызматчылары үчүн жакшы сабак.

  • Петир менен Жакан Каяпанын короосуна кантип киришкен?

  • Алар короодо жүргөндө, үйдүн ичинде эмнелер болуп жаткан?

  • Петирдин карганганы эмнени көрсөтүп турган?

  • Петирдин башынан өткөн окуяда кандай сабак камтылган?

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү