Берүүдөн кубаныч табалы!
«Алууга караганда, берүү көбүрөөк бакыт алып келет» (Расул 20:35, БМК).
1. Кандайча Иегова берүүдөн кубаныч алат?
Чындыкты билүүнүн кубанычы жана пайдасы Кудайдын баалуу белектери болуп саналат. Иегова менен таанышкандарда кубанууга көп себептер бар. А бирок белек алуу эле эмес, берүү да кубаныч алып келет. Иегова — «ар бир жакшы нерсенин жана жеткилең белектин» Ээси, «бактылуу Кудай» (Жакып 1:17, ЖД; 1 Тимофей 1:11, ЖД). Ата-эне балдарынын сүйүү менен берилген насаатты кабыл алганын көрүп сүйүнгөндөй, Кудай андан таалим алып жаткандардын тил алчаактыгын көрүп кубанат жана уга тургандардын баарын пайдалуу нерселерге үйрөтөт (Аңгемелер 27:11).
2. а) Берүү жөнүндө Ыйса эмне деген? б) Башкаларды Ыйык Китептеги чындыкка окутуу менен кандай кубаныч табабыз?
2 Ошо сыяктуу эле Ыйса жерде жүргөнүндө адамдардын анын окутуусун кабыл алып жатканын көрүп кубанган. Расул Павел Ыйсанын: «Алууга караганда, берүү көбүрөөк бакыт алып келет»,— деген сөздөрүн кайталап айткан (Расул 20:35, БМК). Башкаларды Ыйык Китептеги чындыкка окутуудан тапкан кубанычыбыз кимдир бирөөнүн диний ишенимдерибизди кабыл алганына эле байланыштуу эмес. Андан да мурда, биз аларга чындап баалуу болгон, узакка пайда алып келерлик нерселерди берип жатканыбызды билип кубанабыз. Адамдарга рухий жактан баалуу эсептелген нерселерди берүү менен аларга азыр жана түбөлүк пайда алууга жардам беребиз (1 Тимофей 4:8).
Берүү кубаныч алып келет
3. а) Расул Павел менен расул Иоанн башкаларга рухий жактан жардам берүүдөн кубаныч табышканын кантип билдиришкен? б) Эмне үчүн балдарыбызды Ыйык Китептеги чындыкка үйрөтүү сүйүү көрсөткөндүккө жатат?
3 Ооба, Иегова менен Ыйса рухий белектерди берүүдөн кубаныч тапкандай эле, Ыйсанын жолдоочулары да берүүдөн кубаныч табышат. Расул Павел башкаларга Кудайдын Сөзүндөгү чындыкты таанууга жардам бергенден кубаныч тапчу. Фессалоникадагы жыйналышка ал мындай деп жазган: «Теңирибиз [«Эгебиз», СК] Ыйса Христос келгенде, Анын алдындагы үмүтүбүз, же кубанычыбыз, же мактануу таажысы ким? Силер да эмессиңерби? Анткени, силер — биздин даңкыбыз жана кубанычыбыз» (1 Фессалоникалыктар 2:19, 20). Ошо сыяктуу эле расул Иоанн рухий балдары тууралуу сөз кылып: «Менин балдарым чындыкта жүргөнүн уккандан чоң кубанычым жок»,— деп жазган (3 Иоанн 4). Балдарыбызга рухий балдарыбыздан болушуна жардам берүү кандай кубаныч алып келерин ойлосоңор! Балдарын «Теңирдин насыят айткан үйрөтүүсүндө тарбиялаганы» — ата-эненин сүйүү көрсөткөнү (Ефесалыктар 6:4). Муну менен алар уул-кыздарынын түбөлүк жыргалчылыгын ойлоорун көрсөтүшөт. Мээнетинин акыбети кайтканда, ата-эне чоң кубаныч жана канааттануу алат.
4. Рухий жактан жардам берүү кубаныч тартуулай турганын кайсы мисал көрсөтүп турат?
4 Толук убакыттагы пионер жана беш баланын энеси Дел мындай дейт: «Мен расул Иоанндын бул сөздөрдү кандай сезимдер менен айтканын эң сонун түшүнүп турам, анткени өзүм да төрт баламдын „чындыкта жүргөнүнө“ абдан ыраазымын. Үй-бүлөлөр чыныгы сыйынуу аркылуу бириккенде, бул Иеговага урмат-сый жана даңк алып келерин билем. Ошондуктан балдарымды чындыкта тарбиялоого жумшаган аракеттериме Кудайдын батасы тийип жатканын көрүү мени абдан кубандырат. Үй-бүлөм менен Бейиште чексиз өмүр сүрө аларыма байланышкан сонун келечек мени үмүткө бөлөп, кыйынчылыктарга жана тоскоолдуктарга карабай чыдамкай болушума түрткү берет». Тилекке каршы, Делдин бир кызы жаман жолго түшүп, жыйналыштан чыгарылган. Буга карабастан, Дел оң көз караш сактоого аракеттенет. «Кызымдын момундук көрсөтүп, бир күнү Иеговага чын көңүлү менен кайра кайтып келерине үмүттөнөм,— дейт ал.— Кудайга шүгүр, калган балдарым ишенимдүү кызмат кылып жатат. Кубанычым мага дем-кубат берип турат» (Неемия 8:10).
Түбөлүк досторго ээ болуу
5. Шакирт даярдоо ишине катышып, эмнени билүүдөн канааттануу алабыз?
5 Ыйса өз жолдоочуларына шакирт даярдоого жана аларды Иегова менен анын талаптары жөнүндө үйрөтүүгө көрсөтмө берген (Матфей 28:19, 20). Иегова менен Ыйса адамдарга чындык жолун таанууга чын ыкластан жардам берип келишет. Ошондуктан шакирт даярдоо ишине катышуу менен биз, Ыйсанын алгачкы жолдоочуларына окшоп, Иегова менен Ыйсадан үлгү алып жатканыбызды билүүдөн канааттануу алабыз (1 Коринфтиктер 11:1). Ошентип, Кудуреттүү Кудай жана анын сүйүктүү Уулу менен кызматташуу аркылуу жашообуз чыныгы маңызга толот. Кудайдын «эмгектештеринен» болуу кандай кубанычтуу! (1 Коринфтиктер 3:9). Ошондой эле жакшы кабар таратуу ишине периштелердин да катышып жатканы толкундандырарлык эмеспи? (Аян 14:6, 7).
6. Башкаларга рухий жактан жардам берүүнүн аркасында биз кимдер менен достошо алабыз?
6 Башкаларга рухий жактан жардам берүү ишине катышуу менен биз Кудайдын эмгектештери эле болбостон, аны менен түбөлүк достошо да алабыз. Ибрайым өзүнүн ишеними үчүн Иегованын досу деп аталып калган (Жакып 2:23). Кудайдын эркин аткарууга умтулуп, биз да анын досторунан боло алабыз. Демек, Ыйсага да дос болобуз. Ал өзүнүн окуучуларына: «Мен силерди жолдоштор [«достор», СК] деп атадым, себеби, Өз Атамдан укканымдын баарын силерге айтып бердим»,— деп айткан (Иоанн 15:15). Көптөр таасирдүү же колунда бийлиги бар адамдардын досу болгонуна кубанышат, а биз бүт ааламдагы эң улуу досторго ээ боло алабыз!
7. а) Бир аял кантип чыныгы доско ээ болгон? б) Ушу сыяктуу башка мисал келтире аласыңарбы?
7 Андан тышкары, адамдарга Кудай менен таанышууга жардам бергенибизде, алар да досторубуздан болуп, бул бизге өзгөчө кубаныч тартуулайт. Кошмо Штаттарда жашаган Жоан аттуу Күбө Телма деген аял менен ыйык китептик изилдөө өткөрө баштаган. Үйүндөгүлөрдүн каршылыгына карабастан, Телма туруктуу болуп, бир жылдан кийин чөмүлтүлгөн. Жоан мындай деп жазган: «Биздин алака-мамилелерибиз ошону менен эле токтоп калган жок. Экөөбүздүн достошуп жүргөнүбүзгө быйыл 35 жылдай болуп калды. Биз көп кызматташтык, жыйындарга да чогуу барып жүрдүк. Кийин мен башка жакка көчүп кетип, андан 500 чакырым алыс жашап калдым. Буга карабай, Телма мени жылуу сезимдер менен эстээрин айтып, ага дос жана үлгү болгонума, аны Ыйык Китептеги чындыкка окутканыма ыраазычылык билдирип, сүйүүгө толгон жана жүрөк жылытарлык каттарды жөнөтүп турат. Ушундай жакын жана сүйүктүү доско ээ болуу — Иегованы таанууга жардам көрсөтүп, күч-аракет жумшаганым үчүн берилген сонун сыйлык».
8. Кызматыбызда бизге кандай оң маанай жардам берет?
8 Биз жолуктурган адамдардын көбү Иегованын Сөзүнө анча кызыга бербеген же такыр кызыкпаган күндө да, чындыкты тааныгысы келген кимдир бирөөнү табарыбыздан үмүт үзбөө өзүбүздүн туруктуу бойдон калышыбызга жардам берет. Адамдардын кош көңүлдүгү ишенимибизге жана туруктуулугубузга терс таасир тийгизиши мүмкүн. Бирок бизге оң маанай жардам берет. Гватемалада жашаган Фаусто мындай дейт: «Кабар айтканда, маектешим кийинчерээк рухий бир тууган болуп калса кандай сонун болору тууралуу ойлоном. Мен, жок дегенде, бир адам Кудайдын Сөзүндөгү чындыкты кабыл алышы мүмкүн деген ойдо болом. Мындай ойлор мага андан ары да кабар айта берүүгө жана нагыз кубаныч табууга жардам берет».
Асманга кенч топтоо
9. Асмандагы мүлк тууралуу Ыйса эмне деген жана мындан биз эмне үйрөнөбүз?
9 Балдарыбыз болобу же башка адамдарбы, аларды шакирттикке даярдоо дайыма эле оңойго тура бербейт. Бул иш убакытты, чыдамкайлыкты жана туруктуулукту талап кылат. Бирок көп адамдардын материалдык кенч — адатта, кубаныч алып келбей турган жана түбөлүктүү эмес нерсе — топтоо үчүн жан үрөп эмгектенүүгө даяр экенин эстесеңер. Ыйса өз угуучуларына рухий кенч топтоо артык экенин айтып: «Бул жерде асыл буюмдарды жыйнабагыла, анда аларды күбө жеп, дат басат, уурулар казат; бирок асыл буюмдарды асманда жыйнагыла; анда аларды күбө жебейт, дат баспайт, ууру да каза албайт»,— деген (Матфей 6:19, 20). Рухий максаттарды көздөп, мисалы, шакирт даярдоого байланыштуу маанилүү ишке катышып, биз Кудайдын эркин аткарып жатканыбызды жана ал бизге сыйлык берерин билип кубаныч табабыз. Расул Павел: «Кудай адилетсиз эмес, Ал силердин эмгегиңерди жана Анын урматына... жасаган... мээримдүүлүк иштериңерди унутпайт»,— деп жазган (Еврейлер 6:10).
10. а) Эмне себептен Ыйса рухий кенчке ээ болгон? б) Кандайча Ыйса «өзүн берген» жана бул башкаларга кандай зор пайда алып келген?
10 Биз шакирт даярдоо үчүн тырышып эмгектенүү менен, Ыйса айткандай, өзүбүзгө асманга кенч топтойбуз. Бул алуудан келген кубанычыбызды арттырат. Эгер биздин бергенибиз чын дилибизден чыкса, акыры бул өзүбүздү байытат. Ыйсанын Иеговага сансыз жылдар бою ишенимдүү кызмат кылып, асманга кандай гана кенч топтогонун элестетсеңер! Ошентсе да ал өз кызыкчылыктарын издеген эмес. Расул Павел: «Бизди азыркы жаман дүйнөдөн куткарыш үчүн, [Ыйса], биздин Кудай жана Атабыздын эрки боюнча, биздин күнөөбүз үчүн өзүн берген»,— деп жазган (Галатиялыктар 1:4, СК). Ыйса керт башынын камын ойлобой кызмат кылып, башкаларга рухий жактан жардам берүү менен эле тим болбостон, алар асманга кенч топтой алышы үчүн, өз жанын курмандыкка берген.
11. Эмне үчүн материалдык белектерден рухий белектер баалуу?
11 Адамдарга Кудай жөнүндө билим берүү менен биз аларга канткенде чирибес рухий кенч топтоого болорун көрсөтөбүз. Биз мындан да кымбат кандай белек бере алмакпыз? Эгер силер досуңарга баалуу саат, автомобиль же атүгүл үй сатып берсеңер, ал кубанып, абдан ыраазы болот чыгар; бергениңерден өзүңөр да кубаныч табасыңар. Бирок ал белек 20 жылдан кийин кандай абалда болот? Ал эми 200 же 2 000 жыл өткөндөн кийинчи? А эгер силер ага Иеговага кызмат кылууга жардам берсеңер, бул белек ага түбөлүк пайда алып келет.
Чындыкты эңсегендерди издөө
12. Башкаларга рухий жактан жардам берүү үчүн көптөр эмне кылышат?
12 Иегованын эли төгөрөктүн төрт бурчунда башкаларга рухий жактан жардам берүүдөн кубаныч табат. Миссионер болуп кызмат кылыш үчүн, миңдегендерге үйлөрүнөн жана тууган-туушкандарынан алыс жашоого, жаңы тил үйрөнүүгө жана башка маданиятка көнүүгө туура келет. Кээ бирөөлөр өз өлкөсүнүн жарчылар жетишпеген аймактарына көчүп барышат. Дагы башкалар чет тил үйрөнүп, өздөрү жашаган жерлердеги чет өлкөлүктөргө кабар айтышат. Мисалга АКШнын Нью-Жерси штатындагы бир үй-бүлөнү алалы. Эки баласы бойго жетип, Иегованын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгында кызмат кыла баштагандан кийин, ата-энеси пионер болуп кызмат кылып, кытай тилин өздөштүрө башташкан. Алар үч жылдын ичинде жакын арадагы коллежде окуган кытайлык 74 адам менен ыйык китептик изилдөө өткөрүшкөн. Шакирт даярдоо ишинен көбүрөөк кубаныч табуу үчүн, силер кызматыңарды кандайдыр бир жол менен кеңейте аласыңарбы?
13. Кызматыбыздын жемиштүүрөөк болушу үчүн эмне кылсак болот?
13 Балким, силер ыйык китептик изилдөө өткөрүүнү самап, бирок ал максатыңарга жетпей жүргөн чыгарсыңар. Айрым жерлерде кызыгуучуларды табуу оңой эмес. Же силер жолуктурган адамдар Ыйык Китепке такыр кызыкпашы мүмкүн. Мындай учурда Иегова менен Ыйсанын бул ишке абдан кызыкдар экенин жана кой мүнөздүү адамдарды табууга жардам бере алышарын унутпай, каалооңор тууралуу көбүрөөк тиленсеңер болот. Жыйналышыңардагы тажрыйбалуураак же кызматы жемиштүүрөөк бир туугандардан кеп-кеңеш сурагыла. Жыйналыш жолугушууларында берилген окутуудан жана сунуштардан пайда алгыла. Кыдыруучу көзөмөлчүлөрдүн жана алардын аялдарынын кеңештерин колдоно билгиле. Баарынан мурда, эч качан багынбагыла. Бир акылман: «Эрте менен эгиниңди сеп, кечке дейре эмгектен колуңду бошотпо; анткени анысы же мунусу береке берерин билбейсиң»,— деп жазган (Үгүтчү 11:6). Ошол эле убакта Нух жана Иеремия сыяктуу ишенимдүү эркектердин үлгүсүн эстен чыгарбагыла. Алардын кабарын аз эле адамдар кабыл алса да, бул пайгамбарлар ийгиликтүү кызмат кылышкан. Эң негизгиси, алардын кызматы Иеговага жаккан.
Алыбыздын келишинче кызмат кылуу
14. Иегова ага кызмат кылып картайгандарга кандай карайт?
14 Силердин жагдайыңар көбүрөөк кызмат кылууга жол бербей жатышы мүмкүн. Маселен, карылык Иеговага кылган кызматыңарга чек коюшу ыктымал. Бирок байыркы бир даанышмандын: «Даңктын таажысы — акыйкат жолунда бараткан буурул чач»,— деп жазганын унутпагыла (Аңгемелер 16:31). Иегова кимдир бирөөнүн ага кызмат кылып өткөн өмүрүн жогору баалайт. Андан тышкары, Ыйык Жазмада: «Силер карыганга дейре Мен ошол эле бойдон болом жана чачыңар агарганга дейре Мен силерди көтөрүп алып жүрөм. Силерди Мен жараттым, көтөрөм, кайтарып жүрөм жана жардам көрсөтөм»,— деп айтылат (Исаия 46:4). Ооба, асмандагы мээримдүү Атабыз ишенимдүү кызматчыларына кам көрүп, аларды колдой турганын убадалайт.
15. Иегованын жагдайыбызды түшүнөрүнө ишенесиңерби? Эмнеликтен?
15 Силер ооруну, ишенимдеш болбогон жубайыңардын каршылык көрсөтүүсүн, үй-бүлөдөгү түйшүктүү милдеттерди же дагы башка оор кыйынчылыктарды көтөрүп келатышыңар мүмкүн. Биздин чектелүү мүмкүнчүлүктөрүбүз жана жагдайыбыз Иеговага дайын жана ал бизди кызмат кылуудагы ынталуу күч-аракеттерибиз үчүн сүйөт. Иегова бизди аткарган ишибиз башкалардыкынан азыраак болгон күндө да сүйөт (Галатиялыктар 6:4). Жеткилең эместигибизди ал билет, ошондуктан бизден колубуздан келген нерсени гана күтөт (Забур 146:11). Эгер биз ага алыбыздын келишинче кызмат кылып жатсак, анда анын бизди жогору бааларына жана ишеним менен кылган иштерибизди унутпаарына бекем ишене берсек болот (Лука 21:1—4).
16. Шакирт даярдоого кандайча бүт жыйналыш катышат?
16 Ошондой эле шакирт даярдоо иши орток иш экенин унутпайлы. Өсүмдүктү жамгырдын бир тамчысы азыктандыра албагандай эле, бир адам өзү жалгыз шакирт даярдай албайт. Ырас, кызыгуучуну тапкан, аны менен ыйык китептик изилдөө өткөргөн бир эле Күбө болушу мүмкүн. Бирок кызыгуучу Падышалык залына келген соң, чындыкты таанууга ага бүт жыйналыш жардам берет. Бир туугандардын ортосундагы жылуу мамиле аларга Кудайдын рухунун таасир этерин көрсөтөт (1 Коринфтиктер 14:24, 25). Балдар менен өспүрүмдөр жыйналыштан толкундандырарлык жоопторду берип, жаңы келгендерге биздин жаштар дүйнөнүкүнөн айырмаланып турарын көрсөтүшөт. Кызыгуучулар жыйналыштагы оорукчан, бейкаруу, кары адамдарды көрүп чыдамкайлыкка үйрөнүшөт. Курагыбызга же чектелүү мүмкүнчүлүктөрүбүзгө карабастан, баарыбыз кызыгуучулардын Ыйык Китептеги чындыкты көбүрөөк сүйө беришине, чөмүлтүлүүнү көздөй ийгиликтерди жасашына жардам берүүдө маанилүү роль ойнойбуз. Кызматтагы ар бир саатыбыз, кайра жолугушуубуз, Падышалык залында кызыгуучу адам менен сүйлөшүп турганыбыз, өз-өзүнчө алганда, анча деле маанилүү эместей көрүнүшү мүмкүн, бирок булардын ар бири Иегова аткарып жаткан эбегейсиз зор иштин бир бөлүкчөсү болуп саналат.
17, 18. а) Шакирт даярдоо ишине катышуудан тышкары, берүүдөн дагы кантип кубаныч таба алабыз? б) Берүүдөн кубаныч алып, биз кимди туурайбыз?
17 Шакирт даярдоого байланыштуу маанилүү ишке катышуудан тышкары, Ыйсанын жолдоочулары берүүнүн башка да жолдору менен кубаныч табышат. Мисалы, биз таза сыйынууну колдоого жана муктаждыгы барларга жардам берүүгө акча-каражат бөлүп турсак болот (Лука 16:9; 1 Коринфтиктер 16:1, 2). Меймандостук көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк издесек болот (Римдиктер 12:13). «Биз бардыгына жакшылык кылууга, өзгөчө биз менен бир ишенимде тургандарга» жакшылык кылууга аракеттене алабыз (Галатиялыктар 6:10). Ошондой эле кат жөнөтүү, телефон чалуу, белек берүү, кол кабыш кылуу, кубаттандырарлык сөз айтуу башкаларга берүүнүн жөнөкөй, бирок маанилүү жолдору болуп саналат.
18 Берүү менен биз асмандагы Атабызды туурап жатканыбызды жана Ыйсанын чыныгы жолдоочуларын айырмалап туруучу бир туугандык сүйүүбүздү көрсөтөбүз (Иоанн 13:35). Булардын баарын эсибизде сактаганыбыз берүүдөн кубаныч алышыбызга жардам берет.
Түшүндүрө аласыңарбы?
• Кандайча Иегова менен Ыйса башкаларга рухий жактан жардам берүүдө үлгү көрсөтүшөт?
• Канткенде түбөлүк досторго ээ боло алабыз?
• Кызматыбызды ийгиликтүүрөөк кылуу үчүн, кандай кадамдарды жасоого болот?
• Жыйналыштагылардын баары канткенде берүүдөн кубаныч табат?
[25-беттеги сүрөт]
Балдарынын таалим-тарбияны кабыл алганы ата-энеге чоң кубаныч жана канааттануу алып келет.
[27-беттеги сүрөт]
Шакирт даярдоо менен биз чыныгы досторго ээ боло алабыз.
[28-беттеги сүрөт]
Иегова бизди улгайыңкы курагыбызда «көтөрүп алып жүрөт».
[29-беттеги сүрөт]
Берүүнүн жөнөкөй, бирок маанилүү жолдору бизге берүүдөн кубаныч табууга жардам берет.