37-БӨЛҮМ
Ыйык Китепте жумуш жана акча жөнүндө эмне делет?
Акчаны же жумушту ойлоп санаага баткан учурларың болду беле? Кем-карчыбызды толукташ үчүн акча табуу, ошол эле учурда Жахабага сыйынууну биринчи орунга коюу оңойго турбашы мүмкүн. Ыйык Китепте ушуга байланыштуу иш жүзүндө колдонорлук кеңештер бар.
1. Ыйык Китепте жумуш жөнүндө эмне делет?
Кудай биздин жумуштан кубаныч алышыбызды каалайт. Ыйык Китепте: «Адамдын... эмгегинин үзүрүн көрүп жанын жыргатканынан өтөрү жок»,— делет (Насаатчы 2:24). Жахаба күжүрмөн эмгектенет. Биздин да, аны туурап, жан-дилден эмгектенгенибиз ага жагат, өзүбүзгө да рахат тартуулайт.
Иштегенибиз маанилүү дечи, бирок жумушубуз эч качан Жахабага сыйынуудан да жогору туруп калбашы керек (Жакан 6:27). Кудайдын ишин биринчи орунга койсок, ал бизди керектүү нерселер менен камсыз кыларын убада кылган.
2. Канткенде акчага карата тең салмактуу көз карашта боло алабыз?
Ыйык Китепте акчанын коргоору айтылса да, бактыбыз акчадан гана көз каранды эмес экени эскертилет (Насаатчы 7:12). Ошондуктан биз акчаны сүйүүгө эмес, колубузда болгонуна ыраазы болууга чакырылабыз. (Оку: Еврейлер 13:5.) Колдо бар нерсеге ыраазы болуп жашасак, дагы болсо экен деп эңсей бербейбиз. Бул бизди көңүл кайттыктан, зарылдыгы жок эле карызга батуудан сактайт (Накыл сөздөр 22:7). Ошондой эле кумар оюндарынан оолак болобуз жана тез баюунун жолдорун издеп, тузакка түшпөйбүз.
3. Канткенде акчабызды туура колдонуп, берешен боло алабыз?
Жахаба — берешен Кудай. Биз да берешен болуп, «башкалар менен бөлүшө билсек», аны туураган болобуз (1 Тиметей 6:18). Акчабызды жыйналышты каржылаганга жана муктаж болгондорго, айрыкча, ишенимдештерибизге жардам бергенге колдонуп, берешен боло алабыз. Жахаба үчүн биздин канча бергенибиз эмес, кандай ниет менен бергенибиз маанилүү. Чын жүрөктөн, марттык менен берсек, өзүбүз да кубанабыз, Жахабаны да кубантабыз. (Оку: Элчилер 20:35.)
ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ
Жумушту тийиштүү орунга койгонубуздун жана ыраазы боло билгенибиздин кандай пайдасы бар? Ушулар тууралуу бил.
4. Жахабаны күжүрмөн эмгектенип даңкта
Жахаба менен болгон достугубуз жумушка болгон көз карашыбызга таасир этиши керек. ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроолорду талкуулагыла:
Видеодогу Жейсондун маанайы жана жумушунда өзүн алып жүргөнү сага эмнеси менен таасир этти?
Жумушу биринчи орунда туруп калбашы үчүн, ал эмне кылган?
Окугула: Колосалыктар 3:23, 24. Анан бул суроону талкуулагыла:
Жумушка карата туура көз карашта болгонубуз эмне үчүн маанилүү?
Иштегенибиз маанилүү. Бирок жумушубуз эч качан Жахабага сыйынуудан да жогору туруп калбашы керек
5. Ыраазы боло билүүнүн пайдасы
Көптөр мүмкүн болушунча көп акча тапканга аракет кылышат. Бирок Ыйык Китеп акчанын артынан сая түшпөгөнгө үндөйт. Окугула: 1 Тиметей 6:6—8. Анан бул суроону талкуулагыла:
Ыйык Китеп бизди эмнеге үндөйт?
Чөнтөгүбүз жука болсо да, бактылуу боло алабыз. ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроону талкуулагыла.
Акчасы тартыш болсо да, видеодогу үй-бүлөлөр эмне үчүн бактылуу?
Колубузда бар болгонуна карабай, дагы болушун каалап жатсакчы? Мунун канчалык коркунучтуу экенин көрсөтүш үчүн Иса бир мисал айтып берген. Окугула: Лука 12:15—21. Анан бул суроону талкуулагыла:
Иса айткан мисалдан эмнени билдиң? (15-аятты кара.)
Накыл сөздөр 10:22ни жана 1 Тиметей 6:10ду окуп, салыштыргыла. Анан бул суроолорду талкуулагыла:
Кандай деп ойлойсуң, Жахаба менен болгон достугубуз маанилүүбү же акчабыздын көп болгонубу? Эмне үчүн ушинтип ойлойсуң?
Акчанын артынан сая түшүү кандай көйгөйлөргө дуушар кылат?
6. Жахаба бизге кам көрөт
Жумуштун жана акчанын айынан кыйынчылыктар болгондо, Жахабага болгон ишенимибиз сыналышы мүмкүн. Ушундай кыйынчылыктарга кабылганда эмне кылса болорун билиш үчүн ВИДЕОНУ көргүлө. Анан төмөнкү суроолорду талкуулагыла.
Видеодогу бир тууганыбыз кандай кыйынчылыктарга кабылган?
Кыйынчылыктар менен ийгиликтүү күрөшүш үчүн ал эмнелерди кылган?
Окугула: Матай 6:25—34. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:
Жахаба аны биринчи орунга койгондорго кандай убада берген?
АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Үй-бүлөмдү багыш үчүн кара жанымды карч уруп иштешим керек. Жыйналышка жума сайын бара албайм».
Жахабага сыйынууну дайыма биринчи орунга коюу эң туура экенине сени кайсы аят ынандырат?
НЕГИЗГИ ОЙ
Жумуш жана акча баарыбызга керек. Бирок алар бизди эч качан Жахабага кызмат кылуудан алаксытпашы кажет.
Кайталоо
Жумушка карата тең салмактуу көз карашта болгонго сага эмне жардам берет?
Болгон нерсеге ыраазы болуунун кандай пайдасы бар?
Жахабанын өз элине кам көрөм деген убадасына бекем ишенериңди кантип көрсөтө аласың?
КӨБҮРӨӨК БИЛ
Ыйык Китепте акчанын өзү жаман деп айтылабы?
Кандай ниет менен бергенибиз Кудайга жагат?
«Ыйык Китепте башкаларга берүү жөнүндө эмне делет?» (jw.org/ky сайтындагы макала)
Кумар оюндарын ойноп көңүл ачуунун жаман деле жери жокпу?
«Ыйык Китепте эмне делет? Кумар оюндары» («Ойгонгула!», март, 2015)
Мурун кылмышкер жана кумарчы болгон кишиге жашоосун өзгөрткөнгө эмне түрткү берген?
«Ат жарыш дегенде жанымды берчүмүн» («Күзөт мунарасы», 1-ноябрь, 2011)