Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • wp16 № 1 15-б.
  • Тынчсызданбагыла

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Тынчсызданбагыла
  • Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт (Жалпыга арналган чыгарылышы)—2016
  • Окшош материалдар
  • Матай 6:34. «Эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбагыла»
    Ыйык Китептеги аяттардын түшүндүрмөсү
  • Эртеңкини ойлоп жаша
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2007
  • Тынчсызданбаш үчүн эмне кылсам болот?
    Жаштардын суроолору
  • Бардык түйшүгүңдү Жахабага арт
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2016
Дагы башкасы
Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт (Жалпыга арналган чыгарылышы)—2016
wp16 № 1 15-б.

КӨӨНӨРБӨС АКЫЛ-НАСААТ

Тынчсызданбагыла

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Жаныңар үчүн... тынчсызданбагыла»(Матай 6:25).

Эсеп дүмүрчөгүн карап тынчсызданып жаткан аял

Бул эмнени билдирет? Жогорудагы сөздөрдү Иса пайгамбар айткан. Бир сөздүккө ылайык, «тынчсыздануу» деп которулган грек сөзү «адамдын жакырчылыкка, ачкачылыкка жана башка турмуштагы кыйынчылыктарга байланыштуу пайда болгон сезими» деген маанини туюнтушу мүмкүн. Тынчсыздануу көбүнчө боло элек нерселерди ойлоп кабатыр болууну билдирет. Албетте, жакындарыбыздын муктаждыктарын, саламаттыгын ойлоп, тынчсызданганыбыз туура жана табигый нерсе (Филипиликтер 2:20). Бирок Иса пайгамбар «эч качан тынчсызданбагыла» деп айтуу менен жолдоочуларынын ашыкча — эртеңкини ойлоп, учурда болуп жаткан нерселерге кубанбай калганчалык — тынчсызданбашы керектигин айткысы келген (Матай 6:31, 34).

Пайдасы. Иса пайгамбардын кеңешине ылайык иш кылуу акылдуулукка жатат. Кээ бир эмгектерде киши өтө тынчсызданганда, симпатикалык нерв системасынын тынбай иштеп, «ар кандай ооруларга, анын ичинде жара ооруларына, жүрөк ооруларына жана астмага» себеп болушу мүмкүн экени жазылган.

Иса пайгамбар ашыкча тынчсызданбашыбыз керектигинин орчундуу себебин айткан: андан эч нерсе өзгөрбөйт. Ал «Тынчсыздануу менен кимиңер өмүрүңөрдү бир азга болсо да узарта аласыңар?» — деген (Матай 6:27). Сарсанаа боло берсек, жашообуз жакшырмак турсун, бир секундага да узарбайт. Андан тышкары, тынчсызданган, корккон нерселер көбүнчө болбой деле калат. Бир окумуштуу: «Келечекти ойлоп тынчсыздануунун эч пайдасы жок. Адатта, баары биз ойлогончолук жаман болбойт»,— деген.

Бакчада иштеп жаткан аял

Анда канткенде тынчсыздануудан арыла алабыз? Биринчиден, Кудайга таянышыбыз керек. Канаттууларды азыктандырган, гүлдөрдү «кийиндирген» Кудай кантип эле ага кызмат кылууну биринчи орунга койгондорго кам көрбөй койсун?! (Матай 6:25, 26, 28—30). Экинчиден, бүгүнкү күндү эле ойлошубуз керек. Иса: «Эч качан эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбагыла. Анткени эртеңки күндүн өз түйшүгү болот»,— деген. «Ар бир күндүн түйшүгү өзүнө жетиштүү» экенине кошуласыңарбы? (Матай 6:34).

Ушул кеңешти колдонсок, ар кандай ооруларды алдын алабыз. Баарынан маанилүүсү, жүрөгүбүзгө «Кудайдын... тынчтыгы» орнойт, башкача айтканда, көңүлүбүз тынч болот (Филипиликтер 4:6, 7).

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү