Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • w14 15/9 22-б.
  • ОКУРМАНДАРДЫН СУРООЛОРУ

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • ОКУРМАНДАРДЫН СУРООЛОРУ
  • Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2014
  • Окшош материалдар
  • «Жахабаны издегендер жакшылыктан кем болбойт»
    Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2022
  • Жахаба кызматчыларын байыркы убакта кантип куткарган?
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2008
  • «Мага эркиңди аткарууну үйрөт»
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2012
  • Жашооңдо өзгөрүүлөр болгондо, Кудайдын рухуна таян
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2004
Дагы башкасы
Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2014
w14 15/9 22-б.

ОКУРМАНДАРДЫН СУРООЛОРУ

Дөөтүнүн Забур 37:25теги, Исанын Матай 6:33төгү сөздөрү Жахабанын өз кызматчысынын тамак-ашсыз калышына эч качан жол бербей турганын билдиреби?

Дөөтү падыша: «Кудайдын адил адамды калтырып койгонун же анын урпактарынын нан сурап жүргөнүн көргөн жокмун»,— деп жазган. Ал өзүнүн тажрыйбасынан улам ушинтип айта алган. Себеби Кудай ага дайыма кам көрүп турган (Заб. 37:25). Бирок анын жогорудагы сөздөрү Кудайдын бир да кызматчысы эч качан жокчулуктун азабын тартпайт дегенди билдирбейт.

Дөөтү башынан көптөгөн оор кыйынчылыктарды кечирген. Айта кетсек, ал Шабул падышадан куугунтук жеп, тоо-таштарда качып жүргөн. Ошол кездерде тамак-ашы түгөнүп, жанындагы кишилери менен өзөк жалгаш үчүн башкаларга жардам сурап кайрылган учурлары болгон (1 Шем. 21:1—6). Ал ошондо, мындайча айтканда, «нан сураган». Ошентсе да Жахабанын эч качан таштабай турганына шектенген эмес. Ыйык Китептин бир да жеринде Дөөтүнүн жанын сакташ үчүн кайыр сурап калганы айтылбайт.

Матай 6:33төн Иса Машаяктын Падышалыктын кызыкчылыгын биринчи орунга койгондорго Кудай кам көрөрүн айтканын окуйбуз. «Мындан ары да биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын жана адилдигин издегиле, ошондо силерге мунун баары [анын ичинде тамак-аш, кийим-кече да] берилет»,— деген Иса. Анткен менен ал куугунтуктан улам «бир туугандары» ачка болорун айткан (Мт. 25:35, 37, 40). Алардын бири элчи Пабыл эле. Анын да ачка калган, суусаган күндөрү болгон (2 Кор. 11:27).

Концлагердеги ачкачылыктан азап чеккен кишилер

Жахаба биздин ар кандай жолдор менен сыналарыбызды айтат. Ибилистин жалаасына жооп болуш үчүн ал жашоого зарыл нерселерден өксүшүбүзгө жол бериши мүмкүн (Аюп 2:3—5). Алсак, нацисттик концлагерлерде бир туугандарыбыз аябай оор сыноолорго туш болушкан. Аларды кынтыксыздыгынан тайдырыш үчүн душмандар мыкаачылыкка жаткан ар кандай ыкмаларды колдонушкан, айталы, бир туугандарды ачкачылык менен кыйнашкан. Бирок ишенимдүү Күбөлөр Жахабага берилген бойдон калышкан. Жахаба болсо аларды таштаган эмес. Ал башка кызматчыларынын ар түрдүү сыноолорго кабылышына жол бергендей эле, алардын ошол кыйынчылыкка кабылышына жол берген. Кандай болбосун, Жахаба өзүнүн ысмы үчүн азап чеккендердин баарын колдойт (1 Кор. 10:13). Ар бирибиз Филипиликтер 1:29дагы: «Силерге Машаякка ишенүү сыймыгы эле эмес, ал үчүн азап тартуу сыймыгы да берилген»,— деген сөздөрдү эсибизден чыгарбашыбыз керек.

Жахаба ар убак кызматчылары менен болорун убадалайт. Ышая 54:17де: «Сага каршы жасалган бир да курал натыйжалуу болбойт»,— деп айтылган. Жахабанын ушул жана башка убадалары анын кызматчылары топ катары эч качан жок болбой турганына кепилдик берет. Ал эми өз-өзүнчө алганда, алар сыноолорго, атүгүл өлүмгө дуушар болушу мүмкүн.

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү