Тиленүүдө ыйык колдорун көтөрүп
«Эркектер ыйык колдорун көтөрүп, ачууланбай жана шектенбей туруп, бардык жерде сыйынышын [«тиленишин», СК] каалайм» (1 ТИМОФЕЙ 2:8).
1, 2. Кудайдын элинин тиленүүлөрүнө 1 Тимофей 2:8деги сөздөрдүн кандай тиешеси бар? б) Азыр кайсы суроолорду карайбыз?
ИЕГОВА өз кызматчыларынын ага жана бири-бирине болгон берилгендигин сакташын каалайт. Расул Павел: «Эркектер ыйык колдорун көтөрүп, ачууланбай жана шектенбей туруп, бардык жерде сыйынышын [«тиленишин», СК] каалайм»,— деп жазып, берилгендикти тиленүү менен байланыштырып кеткен (1 Тимофей 2:8). Павел Ыйсанын жолдоочулары чогулган ‘бардык жерлериндеги’ эл алдында айтылган тиленүүлөр жөнүндө айтса керек. Жыйналыш жолугушууларында Кудайдын эли үчүн ким тилениши керек? Кудайдын ыйык китептик осуяттарынын баарын ак ниеттүүлүк менен аткарып жүрүшкөн, ыйык, адил жана урматтоого татыктуу эркектер гана (Үгүтчү 12:13, 14). Алар рухий жана адеп-ахлактык жактан таза, өздөрүн толугу менен Иегова Кудайга арнаган адамдар болушу керек.
2 Айрыкча жыйналыштын насаатчы агалары ‘ыйык колдорун көтөрүп тилениши’ керек. Ыйса Машайык аркылуу чын жүрөктөн тиленишкени алардын Кудайга берилгендигин көрсөтүп, шек саноолорду жана ачууланууларды жеңүүгө жардам берүүдө. Чындыгында, жыйналышта тиленүү артыкчылыгын алган ар бир эркек сабырдуу, ак ниет, Иеговага жана анын уюмуна берилген адам болушу керек (Жакып 1:19, 20). Жыйналыш жолугушууларында тиленүү артыкчылыгын алгандар үчүн Ыйык Китепте дагы кандай кошумча көрсөтмөлөр бар? Жекече жана үй-бүлөбүз үчүн Кудайга тиленип жатканда, ыйык китептик кайсы принциптерди колдонушубуз керек?
Тиленүүдө эмне айтарыңар тууралуу ойлонгула
3, 4. а) Эмне үчүн эл алдында тиленүүнүн сөздөрүн алдын ала ойлонуштурганыбыз пайдалуу? б) Тиленүүнүн узактыгы жөнүндө Ыйык Китепте эмне делет?
3 Бизге эл алдында тиленүү артыкчылыгы берилсе, эмне деп тиленерибиз жөнүндө бир аз ойлонушубуз ыктымал. Бул айта турган негизги ойлорду камтууга, көпкө жана бүдөмүк тиленбөөгө жардам берет. Албетте, жекече тиленгенде үн чыгарсак болот. Андай тиленүүлөрдүн узактыгы ар кандай болушу мүмкүн. Өзүнүн 12 расулун тандап алар алдында, Ыйса түн бою тиленип чыккан. Бирок, өлүмүн Эскерүү кечесин киргизип жатканда, Ыйсанын нан жана шарап үчүн айтылган тиленүүлөрү кыска болгон (Марк 14:22—24; Лука 6:12—16). Ыйсанын кыска тиленүүлөрү да Кудайга толугу менен жагымдуу болгонун билебиз.
4 Мисалы, тамак ичер алдында бизге үй-бүлөнүн атынан тиленүү артыкчылыгы берилди дейли. Мындай учурда тиленүүбүз кыска болушу мүмкүн, бирок эмне жөнүндө тиленбейли, тамак үчүн ыраазычылыгыбызды билдиришибиз керек. Жыйналыштын башталышында жана аягында бардыгын камтыганга аракет кылып көпкө тиленбешибиз керек. ‘Эки жүздүүлүк кылып, узакка тиленишкен’ окумуштууларды Ыйса айыптаган (Лука 20:46, 47, СК). Кудайдан корккон адамдын тиленүүсү андай болбошу керек. Бирок кээде жолугушууларда узагыраак тиленүүгө туура келет. Мисалы, конгрессте акыркы тиленүүнү айтуу артыкчылыгын алган насаатчы ага айта турган ойлорун алдын ала ойлонуштурушу керек, ошондо ал бир нече ойду камтып кете алат. Бирок мындай тиленүү да көпкө созулбашы керек.
Кудайга урматтоо менен кайрылгыла
5. а) Эл алдында тилене турган адам эмнени эсинен чыгарбашы керек? б) Эмне үчүн тиленүүдө урмат-сый көрсөтүү керек?
5 Эл алдында тиленип жатып, тиленүүбүз элге арналбаганын эсибизден чыгарбашыбыз керек. Күнөөлүү пенделер катары биз Эгедер Теңир Иеговага кайрылып жатабыз (Забур 8:4—6, 10; 72:28). Бизде сөздөрүбүз менен жана аларды кантип айтканыбыз менен Кудайга жакпай калбайлы деген коркуу сезими болушу керек (Аңгемелер 1:7). Забурчу Дөөт: «Ал эми мен болсо, Сенин көптөн-көп ырайымың менен Сенин үйүңө кирип, Сенден ыйбаа кылып, Сенин ыйбадатканаңа таазим кылам»,— деген (Забур 5:8). Иегованын Күбөлөрүнүн жыйналышында эл алдында тиленүү артыкчылыгы берилсе, забурчунукундай маанайда болуп, ойлорубузду кандайча бермек элек? Эгерде падыша менен сүйлөшүп калсак, биз ага урмат-сый менен кайрылмакпыз. Ал эми «түбөлүктүктүн Падышасы» Иеговага кайрылып жатканда, андан да көбүрөөк урмат-сый көрсөтпөшүбүз керекпи? (Аян 15:3, ЖД). Ошондуктан тиленүүлөрүбүздө «Кутмандуу таңың менен, Иегова», «Бизден сага салам», же «Саламатта бол» деп айтпашыбыз керек. Кудайдын туңгуч Уулу Ыйса Машайыктын асмандагы Атасына эч качан ушинтип кайрылбаганын Ыйык Китеп көрсөтүп турат.
6. ‘Ырайымдын тактысына жакындаганда’ эсибизден эмнени чыгарбашыбыз керек?
6 Павел: «Кайраттуулук менен [«батынып», СК] ырайымдын тактысына жакындап баралы»,— деп айткан (Еврейлер 4:16). Күнөөлүү болсок да, Ыйса Машайыктын куткаруу курмандыгына ишенгенибиздин негизинде Иеговага «батынып», башкача айтканда, эркин кайрыла алабыз (Расул 10:42, 43; 20:20, 21). Бирок мындай эркиндик Кудай менен теңтушубуздай сүйлөшө алабыз дегенди билдирбейт, орой сүйлөөгө да жол бербейт. Эл алдындагы тиленүүбүз Иеговага жагымдуу болушу үчүн, аны сыйлоо жана урматтоо менен айтышыбыз керек, тиленүүдө кулактандырууларды жасап, кимдир бирөөгө же жалпыга насаат айтуу туура эмес.
Момундук менен тиленгиле
7. Иегованын ийбадатканасынын ачылышында Сулайман эл алдында кантип момундук көрсөткөн?
7 Эл алдындагы жана жекече тиленүүлөрүбүздө ыйык китептик маанилүү принциптер жөнүндө унутпашыбыз керек — тиленүүлөр момундук менен айтылышы керек (2 Тарых 7:13, 14). Иерусалимдеги ийбадаткананы Иеговага арнап жатканда эл алдында айткан тиленүүсүндө Сулайман падыша момундук көрсөткөн. Сулайман качандыр бир кезде жер бетинде курулган имараттардын эң эле чоң жана коозун курган. Бирок ал момундук менен: «Чындыгында, Кудайдын жерде жашоосу болобу? Мен тургузган Үй эмес, Сага жети катар аалам тардык кылат»,— деп тиленген (3 Падышалык 8:27).
8. Эл алдындагы тиленүү момундук менен айтылышы үчүн, эмнеге көңүл буруу керек?
8 Эл алдында тиленип жатканда, Сулайманга окшоп, момун болушубуз керек. Сопусунуудан качсак да, момундукту үнүбүздөн билгизсек болот. Момундук менен айтылган тиленүүлөрдө ыгы жок кооз же салтанаттуу сөздөр болбойт. Алар көнүлдү тиленип жатканга эмес, тиленүүлөрдү угуп жаткан Кудайга бурат (Матфей 6:5). Момундук эмне жөнүндө тиленип жатканыбыздан да көрүнүп турат. Момундук менен тиленсек, Кудайдан өзүбүзгө жаккандай иш жүргүзүшүн сурап жаткандай болуп сезилбейт. Тескерисинче, Кудайдан өзүнүн ыйык эркине жараша иш кылсын деп суранабыз. Кудайга: «Оо, Теңир, куткара көр! Оо, Теңир, ийгиликке жеткире көр»,— деп тиленип, забурчу туура маанайдын үлгүсүн көрсөткөн (Забур 117:25; Лука 18:9—14).
Чын дилиңерден тиленгиле
9. Матфей 6:7де Ыйсанын кандай жакшы кеңеши бар жана аны кантип колдонсо болот?
9 Эл алдындагы жана жекече тиленүүбүз Иеговага жаккыдай болсун үчүн, ал чын дилибизден чыгышы керек. Ошон үчүн сөздөрдү ойлонбостон жатка айтуунун кажети жок. Тоодогу насаатында Ыйса: «Сыйынганда [«тиленгенде», СК], бутпарастардай пайдасыз ашык сүйлөбөгүлө; анткени алар көп сүйлөгөн сөз угулат деп ойлошот»,— деп кеңеш берген. Башкача айтканда, Ыйса: «Кобурабагыла; маңызсыз кайталоолордон качкыла»,— деген (Матфей 6:7; ЖДдагы шилтеме).
10. Эмне үчүн бир эле нерсе жөнүндө кайра-кайра тиленгенибиз жөндүү?
10 Албетте, кээде бир нерсе тууралуу кайра-кайра тиленүүгө туура келет. Бул туура эместикке жатпайт, себеби Ыйса: «Сурагыла, ошондо силерге берилет; издегиле жана табасыңар; эшикти такылдаткыла, анан силерге ачып берилет»,— деп ынандырган (Матфей 7:7). Кабар таратуу иши илгерилеш үчүн, балким, жыйналыш жаңы Падышалык залына муктаждыр (Исаия 60:22). Мындай муктаждык тууралуу жекече жана Иегованын элинин жолугушууларындагы тиленүүлөрдө кайталаганыбыз жөндүү. Мындай тиленүүлөрдү «маңызсыз кайталоолор» деп айтууга болбойт.
Ыраазычылыкты жана мактоону унутпагыла
11. Филиппиялыктар 4:6, 7деги сөздөрдүн жекече жана эл алдындагы тиленүүгө кандай тиешеси бар?
11 Көптөр бир нерсе сураш үчүн эле тиленишет, бирок Иеговага болгон сүйүүбүз жекече жана эл алдындагы тиленүүлөрдө ага ыраазычылыгыбызды билдирип, аны мактоого түрткү берип турушу керек. Павел: «Эч нерсе тууралуу кам көрбөгүлө, бирок дайыма сыйынганда жана жалынганда Кудай алдында өзүңөрдүн каалооңорду ыраазылык менен ачкыла. Бардык акылдан жогору турган Кудайдын тынчтыгы, Ыйса Христосто силердин жүрөгүңөрдү жана силердин ойлонууңарды сактайт»,— деп жазган (Филиппиялыктар 4:6, 7). Ооба, өтүнүчтөрүбүздөн жана суранычтарыбыздан тышкары, биз Иеговага рухий жана материалдык баталары үчүн ыраазычылыгыбызды билдиришибиз керек (Аңгемелер 10:22). Забурчу: «Кудайды мактап, кудурети Күчтүүгө [берген] убадаңды аткарганың — курмандык»,— деп ырдаган (Забур 49:14). Дөөттүн ырга окшогон тиленүүсүндө да чын жүрөктөн чыккан мындай сөздөр бар: «Мен өз Кудайымдын ысмын даңктайм, рахмат айтып, Аны асмандатам» (Забур 68:31). Жекече жана эл алдындагы тиленүүбүздө ушундай көкөлөтө мактообузга Кудай татыктуу эмеспи?
12. Забур 99:4, 5деги сөздөр бүгүн кантип аткарылып жатат, ошондуктан эмне үчүн Кудайга ыраазычылыгыбызды билдирип, аны мактай алабыз?
12 Кудай жөнүндө забурчу: «Анын дарбазасына ыраазылык сөздөр менен, Анын короолоруна мактоо менен киргиле. Аны даңктагыла, Анын ысмын алкагыла. Анткени Теңир ырайымдуу: Анын ырайымы түбөлүк жана Анын чындыгы укумдан тукумга кетет»,— деп ырдаган (Забур 99:4, 5). Бүгүн бардык адамдар Иегованын ийбадатканасынын короолоруна киришүүдө, бул үчүн биз Кудайды мактап, ыраазычылыгыбызды билдире алабыз. Падышалык залына чогулуу мүмкүнчүлүгү үчүн Кудайга ыракмат айтасыңарбы жана Кудайды сүйгөндөрдү жолуктуруу үчүн, жыйналышка дайыма келип, ыраазычылыгыңарды билдирип жатасыңарбы? Жолугушууларда ырдап жатканда, асмандагы сүйүктүү Атабызды чын жүрөктөн мактап, алкыш билдиресиңерби?
Тиленгенден эч качан уялбагыла
13. Күнөө жасап, өзүбүздү тиленүүгө татыксыздай сезсек да, Иеговага тиленишибиз керек экенин Ыйык Китептен кайсы мисал көрсөтүп турат?
13 Өзүбүздү тиленүүгө татыксыздай сезсек да, Кудайга жардам тууралуу чын жүрөктөн кайрылышыбыз керек. Иудейлер чоочун жерлик аялдарга үйлөнүшүп күнөө жасашканда, Ездра чөгөлөп, ыйык колдорун көтөрүп, Кудайга момундук менен мындай деп тиленген: «Менин Кудайым! Сага колумду созгондон корком, бет чыдабайт, уялам, о, Кудайым! Себеби биздин ыймансыздыгыбыз башыбыздан ашты, биздин мыйзамсыз иштерибиз, кылган күнөөлөрүбүз асманга жетти. Аталарыбыз жашаган күндөрдөн тартып, бүгүнкү күндөргө чейин биз күнөөнүн сазына баттык... Биздин ыймансыздыгыбыз жана чоң күнөөбүз үчүн башыбызга балаа түшкөндөн кийин,— анткени Сен, Кудайыбыз, бизди аяп, мыйзамсыз иштерибиздин өлчөмүнө карабай, бардык балаадан кутулттуң,— анан кантип кайрадан эми Сенин осуяттарыңды бузуп, бул жийиркеничтүү жек көрүмчү эл менен бир туугандык мамиледе бололу? Андай болгондо, Сен бизге каарыңды төгүп, бизди кутулбагыдай кылып, артыбызда туяк калбагыдай кылып, таптакыр кырып салбайсыңбы? Теңир, Израилдердин Кудайы! бир Өзүң адилет, бир Өзүң калыс! Анткени, биз алааматтардан аман калып, бүгүнкү күнгө чейин жашап турабыз. Мына, биз мыйзамсыз иштерди кылып, Сенин көз алдыңда турабыз, бирок Сенин көз алдыңда турууга акыбыз жок эле» (Ездра 9:1—15; 5 Муса 7:3, 4).
14. Ездранын күндөрүндө көрсөтүлгөндөй, Кудайдан кечирим алуу үчүн, эмне кылуу керек?
14 Кудайдан кечирим алгыбыз келсе, өкүнүп, ‘тобо кылуунун татыктуу жемиштерин көрсөтүшүбүз’ керек (Лука 3:8; Аюб 42:1—6; Исаия 66:2). Ездранын күндөрүндө израилдиктердин өкүнүшкөнү чоочун жерлик аялдарын кетиришип, каталарын жоюуга аракеттенишкенинен да көрүнгөн (Ездра 10:3; салыштыргыла 2 Коринфтиктер 7:8—13). Олуттуу күнөөбүз үчүн Кудайдын алдында кечирим издесек, тиленүүбүздө момундук менен өкүнүп, тобо кылганыбыздын татыктуу жемиштерин көрсөтүшүбүз керек. Тобо кылганыбыз жана каталарды оңогубуз келгени жыйналыштын насаатчы агаларынан рухий жардам издөөгө түрткү берет (Жакып 5:13—15).
Тиленүүдөн жубатуу тапкыла
15. Аннанын башынан өткөргөнү тиленүүдөн жубатуу табарыбызды кантип көрсөтүп турат?
15 Кандайдыр бир себептен жүрөгүбүз өйүсө, Аннага окшоп, тиленүүдөн жубатуу таба алабыз (Забур 50:19; Аңгемелер 15:13). Бул аял израилдиктерде көп балалуу болуу кадимки эле нерсе болгон мезгилде жашаган, бирок анын баласы жок эле. Күйөөсү Елкананын Феннана аттуу башка аялынан уул-кыздары болгон, Феннана Аннаны төрөбөгөндүгү үчүн шылдыңдачу. Анна жалынып-жалбарып тиленип, Кудай ага уул берсе, ‘аны өмүр бою Теңирге багыштап’ берерин убадалаган. Анна өзүнүн тиленүүсүнөн жана дин кызматчы Илиянын сөздөрүнөн жубатуу таап, «өңү мурдагыдай убайымдуу болбой калган». Анна уул төрөп, атын Самуил койгон. Кийинчерээк ал уулун Иеговага касиеттүү жайда кызмат кылсын деп берген (1 Падышалык 1:9—28). Кудайдын ырайымдуулугуна ыраазычылыгын билдирип, Анна тиленүүсүндө Иегованы ага теңелгидей эч ким жок деп мактаган (1 Падышалык 2:1—10). Аннага окшоп, биз тиленүүдөн жубатуу таап, Кудайдын эркине ылайык келген бардык өтүнүчтөрүбүзгө ал жооп берерине толук ишене алабыз. Жүрөгүбүздөгү сезимдерибизди Кудайга ачып, келгиле, ‘мурдагыдай убайымдуу болбойлу’, себеби ал бизден түйшүктү алып салууга же аны көтөрүүгө күч берүүгө кудуреттүү (Забур 54:23).
16. Коркунуч же тынчсыздануу сезими пайда болгондо тилениш керек экенин Жакып менен болгон окуядан көрсөтүп бергиле.
16 Кайсы бир жагдай-шарттар коркунуч туудуруп, жүрөктү өйүп же тынчсыздандырса, жардам тууралуу Кудайга тиленип кайрылгандан коркпойлу (Забур 54:2—5). Жакып чоочун болуп калган бир тууганы Исав менен жолуккандан корккон. Ага карабай, Жакып мындай деп тиленген: «Атам Ибрайымдын Кудайы жана атам Исактын Кудайы, Теңирим, мага: „өз жериңе, мекениңе кайт, Мен сени бактылуу кылам!“ — дедиң эле, Сен өз кулуңа кылган бардык ырайымдуулук менен жакшылыгыңа татыксызмын, анткени колумда аса таяктан башка эчтемем жок болуп, бул Иордан дайрасын кечип өттүм; ал эми азыр менин эки кошуунум бар. Мени бир тууганымдын колунан, Исавдын колунан куткар; анткени ал келип, мени жана балдарды энелери менен өлтүрөбү деп, корком. Сен айттың эле: „Мен сени бактылуу кылам [«сага жакшылык жасайм», СК], укум-тукумуңду деңиз кумундай санат жеткис кылам“,— деп» (1 Муса 32:9—12). Исав Жакыпка жана анын адамдарына кол салган эмес. Ушинтип Иегова Жакыпка ‘жакшылык жасаган’.
17. Забур 118:5теги сөздөрдүн негизинде оор сыноолордун учурунда тиленүү кантип жубатарын көрсөтүп бергиле.
17 Кудайга жардам тууралуу кайрылганда, Анын Сөзүндө айтылгандарды эстеп, жубатуу таба алабыз. Болжолу, али падыша боло элек Езекия жазган эң узун забурда, обондоштурулган кооз тиленүүдө: «Сенин түбөлүк калыстыгыңды эске салдым, Теңир жана тынчтанып калдым»,— деген сөздөр бар (Забур 118:52). Оор сыноолорго дуушар болгондо, момундук менен тиленип ыйык китептик принципти же мыйзамды эстей алабыз, а бул бизге асмандагы Атабызды кубандырып жатканыбызга ынанууга жардам берет.
Адилет адамдар дайыма тиленишет
18. Эмне үчүн ‘ар бир адилет адам Кудайга тиленет’ деп айтса болот?
18 Иегова Кудайга берилгендердин баары ‘дайыма тиленишет’ (Римдиктер 12:12, СК). Болжолу, Вирсавия менен күнөөгө баткандан кийин жазган 31-забурунда Дөөт Кудайдан кечирим сурабай жүргөндөн улам кыйналганын жана күнөөсүн мойнуна алып, Кудайдын алдында өкүнгөн соң жеңилдеп калганын айткан. Кийин Дөөт: «Ошон үчүн [Иегованын чындап өкүнгөн адамдарды кечиргени үчүн] ар бир адилет адам тийиштүү маалда Сага тиленет»,— деп ырдаган (Забур 31:6, СК).
19. Эмне үчүн ыйык колдорубузду тиленүүдө көтөрүшүбүз керек?
19 Иегова Кудай менен болгон өз ара мамилелерибизди бааласак, биз Машайыктын куткаруу курмандыгынын негизинде Кудайдын ырайымдуулугу тууралуу тиленебиз. Кайрымдуулук жана өз убагында жардам алуу үчүн, ойлорубузду эркин айтып, ырайымдын тактысына жакындай алабыз (Еврейлер 4:16). Тиленүүдө болууга бизде абдан көп себептер бар! Ошондуктан Кудайды чын жүрөктөн мактап, ага ыраазычылыгыбызды билдирүүнү унутпай, «дайыма тиленели» (1 Фессалоникалыктар 5:17, СК). Эмесе, ыйык колдорубузду күндүзү да, түндөсү да тиленүүдө көтөрө берели.
Эмне деп жооп бересиңер?
◻ Эл алдындагы тиленүүнүн сөздөрүн алдын ала ойлонуштуруу эмне үчүн пайдалуу?
◻ Эмне үчүн урмат-сый көрсөтүп тиленишибиз керек?
◻ Тиленгенде кандай рух көрсөтүшүбүз керек?
◻ Тиленип жатып, эмне үчүн ыраазычылыкты жана мактоону унутпашыбыз керек?
◻ Тиленүүдөн жубатуу таба аларыбызга Ыйык Китепте кандай мисалдар бар?
[15-беттеги сүрөт]
Иегованын ийбадатканасынын ачылышында эл алдында тиленгенде Сулайман момундук көрсөткөн.
[16-беттеги сүрөт]
Аннага окшоп, силер дагы тиленүүдөн жубатуу таба аласыңар.