Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Исанын жолун жолдогонго силерге бир нерсе тоскоол болуп жатабы?
    Күзөт мунарасы (изилдөөгө арналган) (2021) | май
    • 3) ЖҮЙҮТТӨРДҮН КААДА-САЛТТАРЫНА КАРМАНБАГАНЫ

      Көптөр Исанын айрым каада-салттарга карманбаганынан улам мүдүрүлүшкөн. Бүгүнкү күндө айрымдар ушул эле нерселерге кандайча мүдүрүлүшү мүмкүн? (13-абзацты карагыла)e

      13. Иса эмне үчүн көптөргө жаккан эмес?

      13 Чөмүлдүрүүчү Жакандын шакирттери Исанын шакирттери эмне үчүн орозо кармабай жатканын түшүнбөй, таң калып сурашкан. Ошондо Иса ал тирүү кезде шакирттерине орозо кармаштын кереги жок экенин түшүндүргөн (Мт. 9:14—17). Анткен менен Исага каршы болгон фарисейлер жана башкалар аны каада-салттарга карманбаганы үчүн айыпташкан. Ишемби күнү оорулууларды айыктырганына аябай ачууланышкан (Мр. 3:1—6; Жкн. 9:16). Бирок Ишембиге байланышкан мыйзамды аткарабыз деп көкүрөк каккылаганы менен, элдин ибадатканада соода-сатык жүргүзүп жатканына көз жумушкан. Анан Иса ошонусу үчүн ашкерелегенде, каары кайнап чыккан (Мт. 21:12, 13, 15). Назареттеги синагогадагылар да Исага аябай ачууланышкан, себеби ал мурун болуп өткөн окуяларды мисал кылып алардын өзүмчүлдүгүн, ишениминин аздыгын ачыкка чыгарган (Лк. 4:16, 25—30). Ооба, Иса эл ойлогондой иш кылбаганы үчүн, көптөр мүдүрүлгөн (Мт. 11:16—19).

      14. Иса адамдар ойлоп тапкан каада-салттарды эмне үчүн четке каккан?

      14 Ыйык Жазмада эмне деп айтылат? Жахаба Ышая пайгамбар аркылуу: «Бул эл мага ооз учунан гана жакындап, мени оозу менен гана даңктайт; жүрөктөрү болсо менден алыс. Алар адамдардын осуятын үйрөнүп, ошону менден коркуу деп эсептешет»,— деген (Ыш. 29:13). Иса Ыйык Жазмага каршы келген каада-салттарды четке кагып туура кылган. Адамдар ойлоп тапкан эрежелерди, каада-салттарды Ыйык Жазмадан артык көргөндөр Жахабаны да, ал жиберген Машаякты да четке кагышкан.

  • Исанын жолун жолдогонго силерге бир нерсе тоскоол болуп жатабы?
    Күзөт мунарасы (изилдөөгө арналган) (2021) | май
    • 4) САЯСАТКА АРАЛАШЫП, КӨЙГӨЙЛӨРДҮ ЧЕЧКЕНГЕ ДАРОО КИРИШПЕГЕНИ

      Көптөр Исанын саясий маселелерге аралашпаганынан улам мүдүрүлүшкөн. Бүгүнкү күндө айрымдар ушул эле нерселерге кандайча мүдүрүлүшү мүмкүн? (17-абзацты карагыла)f

      17. Көптөр эмнени күтүп алгандыктан мүдүрүлүшкөн?

      17 Исанын күндөрүндө айрымдар өлкөдөгү саясий абалдын тез аранын ичинде өзгөрүшүн каалашкан. Алар Машаяк аларды Римдин эзүүсүнөн азаттыкка чыгарат деп күтүшкөн. Ошондуктан Исаны падыша кылмакчы болушкан, бирок ал болбой койгон (Жкн. 6:14, 15). Башкалар, анын ичинде дин кызматчылар да, Иса элди Римге каршы көтөрөт деп коркушкан. Себеби диний жетекчилерге эки чылбыр, бир тизгинди так ошол Рим өкмөтү берген. Көптөгөн жүйүттөр мына ушуларды ойлоп тынчсыздангандыктан мүдүрүлүшкөн.

      18. Көптөр Машаяк жөнүндө алдын ала айтылган кандай сөздөрдү уккусу келген эмес?

      18 Ыйык Жазмада эмне деп айтылат? Ыйык Китептин көп жеринде Машаяк акыры жеңүүчү болуп чыгаары алдын ала айтылса да, башка жерлеринде анын алгач биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлүшү керектиги айтылган (Ыш. 53:9, 12). Анда эмне үчүн жүйүттөр Исадан башка нерсени күтүп алышкан? Себеп дегенде Машаяк алардын көйгөйлөрүн шак эле чече башташын каалашкан. Андан башкасын уккусу келген эмес (Жкн. 6:26, 27).

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • Кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү