Илияга окшоп, силер ишенимдүү болосуңарбы?
«Иегованын улуу жана коркунучтуу күнү келер алдында, Мен силерге Илия пайгамбарды жиберем» (МАЛАХИЯ 4:5, МАК).
1. Израиль эли Убадаланган жерге жайгашкандан 500 жылга жакын убакыт өткөндө кандай кырсыктуу абалга туш болгон?
‘СҮТ жана бал аккан жер’ (2 Муса 3:7, 8). Дал ушундай жерди Иегова Кудай израилдиктерге, аларды египеттик кулчулуктан бошотуп, б.з.ч. XVI кылымда берген. Бирок карагылачы! Арадан беш кылым өтүп, он уруудан турган Израиль падышалыгы эми катуу ачарчылыктын кысымында калды. Айланадан жашылданган жер табуу кыйын. Жаныбарлар өлүп жатат, үч жарым жылдан бери жаан-чачын боло элек (3 Падышачылыктардын 18:5; Лукадан 4:25). Мындай кырсыктын себеби эмнеде болгон?
2. Израилдин кырсыктуу абалга учураганынын себеби эмнеде болгон?
2 Мындай курч абалдын себеби ишенимден кайткандык болгон. Кудайдын Мыйзамын бузуп, Ахав падыша ханаан падышасынын кызы Изабеллага үйлөнгөн жана Израилде Ваалга сыйынууну киргизгенге аялына жол берген. Анысы аз келгенсип, борбор шаар Самарияда ошол жалган кудайга ийбадаткана курдурткан. Ваалга сыйынуу мол түшүмдөрдү алып келет деген үмүт менен израилдиктер өздөрүн сооротушууда! Бирок, Иегова эскерткендей эле, израилдиктер ‘мыкты жерден тез аранын ичинде жок болуу’ коркунучу алдында турушат (5 Муса 7:3, 4; 11:16, 17; 3 Падышачылыктардын 16:30—33).
Кудайлардын таасир калтыраарлык мелдешүүсү
3. Илия пайгамбар Израилдин чыныгы көйгөйүнө көңүлдү кантип бурган?
3 Ачарчылык башталганда, Ахав падышага Кудайдын ишенимдүү пайгамбары: «Мен алдында турган Теңир — Израилдин Кудайы тирүү! Ушул жылдарда шүүдүрүм да, жаан-чачын да болбойт, мен айтканда гана болбосо»,— деп айткан (3 Падышачылыктардын 17:1). Падыша бул сөздөрдүн коркунучтуу түрдөгү аткарылышын көрүп, Израилди козутуп жатасың деп, Илияны күнөөлөгөн. Бирок Илия Ахавды жана анын үй-бүлөсүн, алар ишенимден кайтып, Ваалдын сыйынуучуларынан болуп калышкандыктан, күнөөлөө керек деп жооп берет. Бул талашты чечүү үчүн, Ахав падышага Иегованын пайгамбары бүт Израилди, ошондой эле Ваалдын 450 пайгамбарын жана ыйык мамыга табынуунун 400 пайгамбарын Кармил тоосуна чогултууну сунуш кылат. Ахав жана анын кол астындагылар бул окуя кургакчылыкты токтотоор деген үмүт менен тоого келишет. Бирок Илия алардын көңүлүн андан да маанилүүрөөк маселеге бурат. Илия: «Силер качанкыга чейин эле эки бутуңарга тең аксап жүрө бересиңер? Эгерде Теңир [«Иегова», Гуляевдин орус тилиндеги котормосу] Кудай болсо, анда Аны ээрчигиле; эгерде Ваал болсо, анда аны ээрчигиле»,— деп айткан. Израилдиктер эмне деп жооп беришти билбей калышат (3 Падышачылыктардын 18:18—21).
4. Чыныгы Кудай ким экенин аныктоо үчүн, Илия эмне кылууну сунуш кылат?
4 Нечен жылдар бою израилдиктер Иеговага болгон сыйынууну Ваалга болгон сыйынуу менен аралаштырууга аракеттенип келишкен. Чыныгы Кудай ким экенин аныктоо үчүн, Илия мелдеш өткөзүүнү сунуш кылат. Бир торпокту Илия курмандыкка чалуу үчүн даярдайт, экинчисин Ваалдын пайгамбарлары даярдашат. Анан Илия: «Алар өздөрүнүн кудайынын атын чакырышсын, мен болсо Иегованын атын чакырам жана кайсы Кудай от менен жооп берсе, ошо Кудай — чыныгы Кудай»,— деп айткан (3 Падышачылыктардын 18:23, 24, Гуляевдин орус тилиндеги котормосу). Элестетсеңер, тиленүүнүн жообуна асмандан от түшкөн!
5. Ваалга сыйынуу куру-бекер экени кантип далилденген?
5 Илия биринчи кезекти Ваалдын пайгамбарларына берген. Алар торпокту даярдашат жана аны курмандык чалынуучу жайга коюшат. Андан кийин алар торпоктун тегерегинде топурашып: «Ваале, бизди угуп койчу!»,— деп тиленишет. Бул «эртең менен башталып түшкө чейин» созулат. Илия: «Катуураак кыйкыргыла»,— деп аларды шылдыңдайт. Ваал маанилүү иш менен алек болуп жатса керек, «балким, ал уктап да жаткандыр, анда ал ойгонот». Бир аздан кийин Ваалдын пайгамбарлары жиндене башташат. Карасаңар! Алар өздөрүн канжарлар менен сайгылап жатышат, жаракаттарынан кан агып жатат. Бул 450 адам өздөрүнүн кыйкырыктары менен кандай гана чуру-чуу салышууда! Бирок эч кандай жооп жок (3 Падышачылыктардын 18:26—29).
6. Кудайлардын мелдешүүсүнө Илия кандай даярдыктарды көрөт?
6 Эми Илиянын кезеги келди. Ал Иегованын мурдагы курмандык чалынуучу жайын калыбына келтирет, анын тегерегине аң казат жана курмандыкты тийиштүү түрдө даярдайт. Андан кийин отундун жана курмандыктын үстүнө суу куят. Он эки чоң кумара суу куюлгандыктан, аңга суу толуп калат. Илиянын: «Иегова, Ибраимдин, Исактын, Израилдин Кудайы, эми ушул кезде Сен Израилдин Кудайы экениңди жана мен, Сенин кулуң, мунун баарын Сен буйругандай жасап жатканымды билишсин. Жооп бер, Иегова, жооп бер! Бул эл Сен Иегова Кудай экениңди билсин жана алардын жүрөктөрүн Өзүңө карат»,— деп тиленгендеги чыңалган күтүүнү сезсеңер (3 Падышачылыктардын 18:30—37, Гуляевдин орус тилиндеги котормосу).
7, 8. а) Илиянын тиленүүсүнө Иегова кантип жооп берген? б) Кармил тоосунда болгон окуя кандай натыйжага алып келген?
7 Илиянын тиленүүсүнө жооп иретинде ‘Иеговадан от түшүп, курмандыкка чалынганды да, отунду да, таштарды да, жерди да жутуп алды, аңдын ичиндеги сууну да соруп кетти’. Эл үстөмөнүнөн жыгылып: «Иегова — Кудай экен! Иегова — Кудай экен!» — деп айткан (3 Падышачылыктардын 18:38, 39, Гуляевдин орус тилиндеги котормосу). Ошондо Илия чечкиндүү иш-аракеттерди жасаганга киришет. Ал: «Ваалдын пайгамбарларын, алардын бирөөсү да жашынып калбасын үчүн, кармагыла»,— деп буйрат. Аларды Киссон өрөөнүндө өлтүрүшкөндөн кийин, асманды кара булуттар каптайт. Акыры кургакчылык нөшөрлүү жамгыр менен алмаштырылат! (3 Падышачылыктардын 18:40—45; 5 Муса 13:1—5-аяттарды салыштыргыла).
8 Кандай гана улуу күн! Укмуштуудай мелдешүүдө Иегова, Өзүн чыныгы Кудай экенин далилдеп, сонун жеңишке ээ болгон. Андан тышкары, бул окуялардан кийин израилдиктердин көбүнүн жүрөктөрү кайрадан Иеговага бурулган. Бул жолу Илия, башка көптөгөн учурлардагыдай эле, ишенимдүү пайгамбар экенин жана пайгамбарлык ролду ойноп жатканын да далилдеген.
«Илия пайгамбар» дагы келиши керек беле?
9. Малахия 4:5, 6-аяттарда жазылган пайгамбарлыкта эмнелер жөнүндө айтылган?
9 Кийинчерээк Кудай Малахия аркылуу: «Карап тур, Иегованын улуу жана коркунучтуу күнү келээр алдында, Мен силерге Илия пайгамбарды жиберем. Ал, Мен келип жерди каргыш менен жок кылбашым үчүн, аталардын жүрөктөрүн балдарына жана балдарынын жүрөктөрүн аталарына бурат»,— деп пайгамбарчылык кылган (Малахия 4:5, 6, МАК). Илия ушул сөздөр айтылгандан чамасы 500 жылча мурун жашаган. Малахиянын сөздөрү пайгамбарлык болгондуктан, б.з. I кылымында жашаган еврейлер ошо пайгамбарлыктын аткарылышы катары Илиянын келишин күтүшкөн (Матфейден 17:10).
10. Келе турган Илия ким болгон жана биз аны кайдан билебиз?
10 Анда келе турган Илия ким болгон? Анын ким экени, Ыйса: «Чокундуруучу [«Чөмүлтүүчү», СК] Иоанндын күндөрүнөн баштап ушу убакка дейре Асман Падышалыгы күч менен алынат жана күч пайдалануучулар аны өзүнө тартып алышат; анткени пайгамбарлардын баары жана заң Иоаннга чейин пайгамбардык кылган. Эгерде кабыл алууну каалаганыңар болсо, ал келет деген Илия экен»,— деп айтканда, билинген. Ооба, Илия Чөмүлтүүчү Иоанндын прообразы болгон (Матфейден 11:12—14; Марктан 9:11—13). Периште Иоанндын атасы Захарияга Иоаннда «Илиянын күчү жана руху» болорун жана ал ‘Теңирге даярдалган элди келтире тургандыгын’ айткан (Лукадан 1:17). Иоанн өткөргөн чөмүлтүү иши еврейлерди Христоско алып барган Мыйзамга каршы жасашкан күнөөлөрү үчүн адамдардын өкүнүшкөндүгүнүн эл алдындагы көрсөткөн белгиси болгон (Лукадан 3:3—6; Галатиялыктарга 3:24). Ошентип, Иоанндын иши ‘Теңирге даярдалган элди келтирген’.
11. Эгин оруп жыйноо майрамында Пётр «Иегованын күнү» жөнүндө эмне деп айткан жана ал күн качан келген?
11 Чөмүлтүүчү Иоанндын «Илия» сыяктуу иш алып барганы «Иегованын күнү» жакын калганын көрсөтүп турган. Бардык душмандарына каршы чыга турган жана өзүнүн элин куткара турган Кудайдын күнү жакындап калгандыгын апостол Пётр да айткан. Ал б.з. 33-жылынын Эгин оруп жыйноо майрамындагы кереметтүү көрүнүштөр Кудайдын рухунун төгүлүшү тууралуу Иоилдин пайгамбарлыгынын аткарылышы экенин белгилеген. Бул «Теңирдин [«Иегованын», ЖД] улуу жана атактуу күнү келгенге чейин» боло тургандыгын Пётр көрсөткөн (Апостолдордун иштери 2:16—21; Иоиль 3:1—4, МАК). Иегова б.з. 70-жылы, Уулун кабыл албай койгон элдин үстүнөн чыгарган өкүмүн орундатуу үчүн римдик аскерлерди пайдаланып, өзүнүн Сөзүн аткарган (Даниил 9:24—27; Иоанндан 19:15).
12. а) Келе турган «Иегованын күнү» жөнүндө Павел жана Пётр эмне деп айтышкан? б) Илиянын ишинде көрсөтүлүп кеткен дагы бир нерсе эмне себептен болушу керек эле?
12 Бирок б.з. 70-жылынан кийин да ошондогудан чоңураак нерсе болмок. Апостол Павел келе жаткан «Иегованын күнүн» Ыйса Христостун катышуусу менен байланыштырган. Апостол Пётр да бул күндү келечектеги «жаңы асманга жана жаңы жерге» байланыштырып айткан (2 Фессалоникалыктарга 2:1, 2, ЖД; 2 Пётрдун 3:10—13). Б.з. 70-жылындагы «Иегованын күнү» келгенге чейин Чөмүлтүүчү Иоанндын Илияныкындай иш алып барганын да эстейли. Мунун баары Илиянын ишинде көрсөтүлүп кеткен дагы бир нерсе болушу керек экенин көрсөтүп турган. Ал эмне эле?
Аларда Илиянын руху бар
13, 14. а) Илиянын жана азыркы майланган христиандардын жасаган иштеринин ортосунда кандай окшоштук бар? б) Христиан дүйнөсүнүн ишенимден кайткан адамдары эмне кылышкан?
13 Илиянын жасаганы Чөмүлтүүчү Иоанндын ишине гана окшошпостон, «Иегованын күнү» келер алдындагы оор күндөрдөгү майланган христиандардын ишине да окшош (2 Тимофейге 3:1—5). Бул христиандар, Илиянын рухуна жана күчүнө ээ болушуп, чыныгы сыйынууну берилгендик менен колдошууда. Бул кандай гана маанилүү иш! Христостун апостолдору өлгөндөн кийин, чыныгы христианчылыктан кайткандык Илиянын күндөрүндөгү Ваалга сыйынуудан кем калган эмес (2 Пётрдун 2:1). Өздөрүн христианбыз деген адамдар христиан динине жалган диний окутууларды жана адат-салттарды киргизе башташкан. Мисалы, алар адамдын жаны өлбөйт деген бутпарастык жана Ыйык Китепте жок окутууну кабыл алышкан (Насаатчы 9:5, 10; Иезекииль 18:4). Христиан дүйнөсүнүн ишенимден кайткан адамдары жалгыз жана чыныгы Кудайдын Иегова деген атын колдонушпай калышты. Анын ордуна алар Троицага сыйынышат. Алар Ыйсанын жана анын энеси Мариянын сөлөкөттөрүнө жүгүнүү үрп-адатын да кабыл алышкан, бул Ваалга сыйынууну эске салат (1 Иоанндын 5:21; Римдиктерге 1:23). Бирок ушу менен эле чектелишкен эмес.
14 Христиан дүйнөсүнүн дин башчылары ΧΙΧ кылымдан тартып Ыйык Китептин көп бөлүктөрүнө шек келтире башташкан. Мисалы, алар Мусанын биринчи китебиндеги жаратуу жөнүндөгү билдирүүнү четке кагышып, эволюция теориясын «илимий» теория дешип, ага багынышкан. Бул Ыйса Христостун жана апостолдорунун окутууларына карама-каршы экени анык (Матфейден 19:4, 5; 1 Коринфтиктерге 15:47). Бирок рух менен майланган азыркы кездеги христиандар, Ыйсага жана анын алгачкы жолдоочуларына окшоп, жаратуу жөнүндөгү ыйык китептик билдирүүнүн чындык экенине бекем ишенишет (1 Муса 1:27).
15, 16. Христиан дүйнөсүнөн айырмаланып, рухий тамакты үзгүлтүксүз кимдер, кантип алып турган?
15 Бул дүйнө үчүн «акыр заман» башталганда, христиан дүйнөсү рухий ачарчылыктын кысымында калган (Даниил 12:4; Амос 8:11, 12). Бирок Иегова Илиянын күндөрүндөгү ачарчылыкта пайгамбардын тамак-ашы болушу үчүн кам көргөндөй эле, Кудай майланган христиандардын чоң эмес тобуна да рухий тамакты үзгүлтүксүз жана «өз убагында» берип турган (3 Падышачылыктардын 17:6, 13—16; Матфейден 24:45). Мурун Ыйык Китептин Эл аралык Изилдөөчүлөрү катары белгилүү болушкан Кудайдын бул ишенимдүү кызматчылары кийинчерээк Ыйык Китепке негизделген Иегованын Күбөлөрү деген атты кабыл алышкан (Исаия 43:10).
16 Илия өзүнүн «менин Кудайым — Иегова» дегенди билдирген атына ылайык жашаган. Иегованын жердеги кызматчыларынын закондуу түрдө чыгарылган «Күзөтчү мунара» деген журналында Кудайдын аты дайыма колдонулат. Журналдын экинчи санында эле (1879-жылдын август айында) анын басылып чыгышын Иегова колдоп жатканына ишенгендик айтылган. Бул журнал жана Күзөтчү Мунара Коомунун башка адабияттары христиан дүйнөсүнүн жана жалган диндин дүйнөлүк державасы болгон улуу Вавилондун башка бөлүктөрүнүн Ыйык Китепке негизделбеген жалган окууларын бетин ачат жана Кудайдын Сөзү болгон Ыйык Китептин тууралыгын аныктап турат (2 Тимофейге 3:16, 17; Иоанндын аяны 18:1—5).
Сыноолордо ишенимдүү бойдон кала бергендер
17, 18. Ваалдын пайгамбарларынын өлүм менен жазаланганынан кийин Изабелла эмне кылган, бирок Илия кандай жардам алган?
17 Дин башчыларынын айыптарын ачууга кайтарган жообу Изабелланын Илия Ваалдын пайгамбарларын өлтүрткөнүн билгендеги кылган ишине окшош болгон. Изабелла Кудайдын ишенимдүү пайгамбарына аны өлтүрүүгө ант бергендиги жөнүндө билдирүү жиберген. Бул курулай опуза болгон эмес, себеби Изабелла буга чейин эле Кудайдын көптөгөн пайгамбарларын өлтүртүп келген. Коркконунан Илия түштүк-батышка, Вирсавияга, качып кеткен. Ал жерге жанындагы жолдошун калтырып, Илия Кудайдан өлүмдү тилеп, чөлдү көздөй бет алган. Бирок Иегова өзүнүн пайгамбарын таштаган эмес. Илияга периште көрүнгөн жана аны Хорив тоосуна баруучу узак жолго даярдаган. Ушинтип Илия 300 километрден ашкан аралыкты 40 күндө басып өтүү үчүн жардам алган. Жүрөк түшүрүүчү күч Хорив тоосунда катуу шамал, жер титирөө жана от аркылуу көрүнгөндөн кийин, Кудай Илия менен сүйлөшкөн. Иегова бул көрүнүштөрдүн ичинде болгон эмес. Булар анын ыйык рухунун же таасир этүүчү күчүнүн көрсөтүлүшү болгон. Андан кийин Иегова өзүнүн пайгамбары менен сүйлөшкөн. Илияны бул канчалык бекемдегенин элестетсеңер (3 Падышачылыктардын 19:1—12). Бирок чыныгы сыйынуунун душмандарынын каршылыгынан улам бизде да Илияныкындай коркуу сезими пайда болсочу? Иегова өзүнүн кызматчыларын таштабай турганын түшүнүүгө бизге Илиянын башынан өткөргөнү жардам берет (1 Падышачылыктардын 12:22).
18 Кудай Илияга анын пайгамбарлык жумушу али бар экенин көрсөткөн. Андан тышкары, Илия чыныгы Кудайдын сыйынуучуларынан Израилде мен эле калдым деп ойлосо да, Иегова ага дагы 7 000 адамдын Ваалга сыйынбаганын айткан. Андан кийин Иегова кайрадан Илияны ага тапшырылган ишти аткарууга жиберген (3 Падышачылыктардын 19:13—18). Чыныгы сыйынуунун душмандары Илияны куугунтукташкандай эле, бизди да куугунтукташы мүмкүн. Ыйса алдын ала айтып кеткендей эле, биз катуу куугунтуктоолорго кабылышыбыз мүмкүн (Иоанндан 15:17—20). Балким, бизди кээде кандайдыр бир нерсе тынчсыздандырат. Анда Кудайдан жардам алган жана андан кийин Иеговага болгон кызматын ишенимдүү уланткан Илияны туурасак болот.
19. Майланган христиандар Биринчи дүйнөлүк согуш убагында баштарынан эмнелерди өткөрүшкөн?
19 Биринчи дүйнөлүк согуш убагында катуу куугунтуктоонун айынан кээ бир майланган христиандар коркушуп, кабар айтпай калышкан. Алар жердеги жумушубуз соңуна чыкты деген жаңылыш чечимге келишкен. Бирок Кудай аларды четке каккан эмес. Тескерисинче, Илияны азыктандыргандай, аларды да ырайымдуулук менен азыктандыра берген. Майланган христиандар да Кудайдан келген оңдоолорду, Илияга окшоп, кабыл алышкан жана токтоткон иштерин улантышкан. Алар Падышалык жөнүндөгү кабар таратуу ишинин эбегейсиздигин түшүнүшкөн.
20. Илиядай ишенимдүү адамдарда бүгүн кандай артыкчылык бар?
20 Ыйса өзүнүн катышуусу жөнүндөгү пайгамбарлыгында нерселердин бул ырайымсыз түзүлүшүнүн аягы келгенге чейин жердин бардык булуң-бурчтарында аткарыла турган ишти өзгөчө белгилеп кеткен (Матфейден 24:14). Ал ишке бүгүн майланган христиандар жана жер бетиндеги бейиште жашоого үмүттөнгөн миллиондогон шериктештери катышууда. Падышалык жөнүндөгү кабар таратуу ишин аягына чейин чыгаруу — Илиядай ишенимдүү адамдарга гана берилген артыкчылык.
Илиядай ишенимдүү болгула
21, 22. а) Майланган христиандар бүгүн кандай ишти жетектешүүдө? б) Кабар таратуу ишине эмне жардам берүүдө жана ал жардам эмне себептен керек?
21 Чын жүрөктөн берилген майланган христиандардын кичинекей калдыгы такка отургузулган Падышанын, Ыйса Христостун, жердеги кызыкчылыктары жөнүндө кам көрүү милдетин Илияныкындай дилгирлик менен аткарууда (Матфейден 24:47). Мына 60 жылдан ашык убакыттан бери адамдардын арасынан жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашоого үмүттөнгөн окуучуларды даярдоо ишин жетектөөдө Кудай бул майланган христиандарга ишеним көрсөтүп келе жатат (Матфейден 28:19, 20). Жер бетинде салыштырмалуу аз санда калган майланган христиандардын өз милдеттерин дилгирлик менен ишенимдүү аткарып жаткандыгына жерде жашоого үмүттөнгөн миллиондогон адамдар кандай гана ыраазы болушу керек!
22 Падышалык жөнүндөгү кабарды жеткилең эмес адамдар таратышууда жана бул иш Иеговага тиленүү менен таянгандарга берилген Кудайдын күчүнүн аркасынан гана аткарылып жатат. Окуучу Жакып Илия пайгамбардын тиленүүсүн мисалга алып: «Илия бизге окшогон эле адам болгон»,— деп айтканда, такыбаа адамдын тиленүүсүнүн күчүн көрсөткөн. (Жакыптын 5:16—18). Илия дайыма эле пайгамбарчылык кылган же кереметтерди жасай берген эмес. Илияда биздикиндей эле сезимдер жана алсыздыктар болгон, бирок ал Кудайга ишенимдүү түрдө кызмат кылган. Биз да Кудайдан жардам жана кайрат алып жатабыз, демек, Илиядай ишенимдүү бойдон кала алабыз.
23. Эмне себептен ишенимдүү жана кубанычтуу болууга бизде жакшы себептер бар?
23 Ишенимдүү жана кубанычтуу болууга бизде жакшы себептер бар. Б.з. 70-жылы «Иегованын күнүнүн» келер алдында Чөмүлтүүчү Иоанндын Илияныкындай иш жасаганын эстейли. Майланган христиандар Илиянын руху жана күчү менен Кудай тапшырган ишти жер жүзү боюнча жүргүзүшүүдө. Бул «Иегованын күнүнүн» жакын калганын ачык далилдеп турат.
Кантип жооп берет элеңер?
◻ Кармил тоосунда Иегованын чыныгы Кудай экендиги кантип далилденген?
◻ «Келет деген Илия» ким болуп чыккан жана ал эмне кылган?
◻ Биздин күндөрдөгү майланган христиандарда Илиянын руху бар экендиги эмнеден көрүнүп турат?
◻ Эмненин аркасынан биз Илиядай ишенимдүү боло алабыз?
[23 беттеги кутуча]
Илия кайсы асманга көтөрүлүп кеткен?
«ЖОЛДО алар [Илия менен Елисей] сүйлөшүп бара жатышканда, күтүлбөгөн жерден оттуу аттар чегилген оттуу араба пайда болуп, экөөнү ажыратып салышкан жана Илия куюн менен асманга көтөрүлүп кеткен» (4 Падышачылыктардын 2:11).
Бул жердеги «асман» деген сөз эмнени билдирип турат? Бул сөз кээде Кудайдын жана анын периште уулдарынын рухий жашоо ордун белгилөө үчүн колдонулат (Матфейден 6:9; 18:10). «Асман» деген сөз, ошондой эле, материалдык Ааламды да билдириши мүмкүн (5 Муса 4:19). Мындан тышкары, Ыйык Китепте бул сөз жердин чымчыктар учуп жүргөн жана шамал согуп турган атмосферасын белгилөө үчүн колдонулат (Забур 77:26; Матфейден 6:26).
Илия аталган асмандардын кайсынысына көтөрүлгөн? Ал аба аркылуу жер шарынын кандайдыр бир башка жерине алынып барылган болушу керек. Көп жылдар өткөндөн кийин Илия Жерде дагы эле жашап жүргөн, себеби ал Иуда падышасы Иоарамга кат жазган (2 Тарых 21:1, 12—15). Илиянын Иегова Кудайдын рухий жашоо ордуна көтөрүлбөгөнүн кийинчерээк Ыйса бекемдеп кеткен, ал: «Асмандан түшүп келген... Адам Уулунан башка эч ким асманга көтөрүлгөн эмес»,— деп өзү жөнүндө айткан (Иоанндан 3:13, СК). Ыйса Христос өлүп, тирилип жана асманга көтөрүлгөндөн кийин гана жеткилең эмес адамдар үчүн асманга жол ачылган (Иоанндан 14:2, 3; Еврейлерге 9:24; 10:19, 20).