Кудайдын сөзүн жан-дилден берилгендик менен сактоо
‘Жашырын уят иштерди жаратпай койдук, куулук кылбай жана Кудайдын сөзүнүн маанисин бурмалап бузбастан’ (2 КОРИНФТИКТЕРГЕ 4:2).
1. а) Матфейден 24:14 жана Матфейден 28:19, 20-аяттарда айтылган жумушту аткаруу үчүн эмнелер керек? б) Акыркы күндөр башталганда, Ыйык Китеп дүйнө элдеринин тилдерине канчалык таркаган эле?
ЫЙСА ХРИСТОС падышалык бийликтеги катышуусунун убагы жана нерселердин эски түзүлүшүнүн акыры жөнүндөгү улуу пайгамбарчылыгында: «Жана бул Падышалык жөнүндөгү Жакшы Кабар бүтүн ааламда, бүт элдерге күбөлүк үчүн үгүт таратылат; ошондо дүйнөнүн акыры келет»,— деп алдын ала айткан. Ошондой эле ал өзүнүн жолдоочуларына: «Бүт элдерди... шакирттер кылгыла... Мен силерге буйруганымдын бүт баарын сактоону аларга үйрөткүлө»,— деген тапшырма берген (Матфейден 24:14; 28:19, 20). Бул пайгамбарлыктардын аткарылышы көптөгөн күч-аракеттер менен байланышкан: Ыйык Китепти которуу жана басып чыгаруу, анын ичинде айтылгандары адамдарга үйрөтүп, жашоолорунда колдонууга жардам берүү керек. Мындай ишке катышуу кандай гана артыкчылык! Ыйык Китеп толук бойдон же анын бөлүктөрү 1914-жылга чейин 570 тилде басылып чыккан. Кийин болсо жүздөгөн башка тилдерде жана көптөгөн диалектилерде чыккан, а түгүл көптөгөн тилдерде Ыйык Китептин бир канча котормосу барa.
2. Ыйык Китептин котормочуларынын жана басып чыгаруучуларынын жумуштарына түрдүү кандай ниеттер таасирин тийгизген?
2 Кайсы бир тилдеги материалды алып, аны башка тилде окугандар жана уккандар үчүн түшүнүктүү кылуу — ар бир эле котормочуга оңой эмес маселе. Ыйык Китептин кээ бир котормочулары, Кудайдын Сөзүн которуп жатышканын түшүнүшүп, эмгектерин так аткарышкан. Башкаларды которуш керек деген эле мүдөө жетектеген. Алар үчүн Ыйык Китеп болгону баалуу маданий мурас катары болгон окшойт. Кээ бирөөлөр үчүн дин — жумуш, өздөрү котормочу же басып чыгаруучу болуп иштешкендиктен, китепти басып чыгаруу — нан табуунун ыкмасы. Котормочулардын ниеттери алардын жумушка кылган мамилелерине таасир тийгизгени анык.
3. «Ыйык Жазмалардын Жаңы Дүйнө Котормосу» боюнча комитет өз жумушуна кандай мамиле кылган?
3 «Ыйык Жазмалардын Жаңы Дүйнө Котормосу» боюнча комитеттин төмөнкү билдирүүсү көңүл бурууга татыктуу: «Ыйык Жазманы которуу — Иегова Кудайдын ойлорун жана сөздөрүн башка тилде берүүнү билдирет... Бул абдан сестендирүүчү ой. Бул эмгектин котормочулары Ыйык Китептин Асмандагы Авторунан коркушат жана аны сүйүшөт, анын ойлорун жана билдирүүлөрүн мүмкүн болушунча тагыраак берүү үчүн, Анын алдында өзгөчө жоопкерчиликти алып жүрүшкөндүгүн түшүнүшөт. Алар окурмандардын түбөлүк куткарылуусу Эң Жогорку Кудайдын Сөзүнүн котормосунан көз каранды экенин да сезишет. Дал ушундай жоопкерчилик менен Кудайга берилген эркектерден турган ушул комитет “Ыйык Жазмалардын Жаңы Дүйнө Котормосунун„ үстүнөн көп жылдар бою иштеди». Комитеттин максаты еврей жана грек түп нускаларына мүмкүн болушунча дал келген жана так билимдин өсүшү үчүн негиз боло турган Ыйык Китептин туура жана түшүнүктүү котормосун берүү болгон.
Кудайдын ысмы эмне болгон?
4. Ыйык Китепте Кудайдын ысмы канчалык маанилүү?
4 Ыйык Китептин негизги максаттарынын бири — адамдарга чыныгы Кудай менен таанышууга жардам берүү (2 Муса 20:2—7; 34:1—7; Исаия 52:6). Ыйса Христос жолдоочуларын анын Атасынын ысмы ‘ыйык калышы’, ыйык деп эсептелиши же ыйык болуп ардакталышы жөнүндө сыйынууга үйрөткөн (Матфейден 6:9). Ыйык Китепте Кудай өз ысмын 7 000ден ашыгыраак жолу атаган. Ыйса адамдардын бул ысымды, ошондой эле бул ысымды алып жүргөндүн сапаттарын билишин каалайт (Малахия 1:11).
5. Ар башка котормочулар Кудайдын ысмын эмне деп атап келишкен?
5 Ыйык Китептин көптөгөн котормочулары Кудайдын ысмына чын жүрөктөн сый көрсөтүшкөн жана аны котормолорунда ырааттуу колдонушкан. Кай бирлери «Яхве» деген түрүн жогору баалашкан. Башкалары болсо Кудайдын ысмын өздөрүнүн тилинде кабыл алынган жана ошону менен бирге еврей текистерине дал келген, балким, көп убактан бери колдонулуп келаткандыктан, жакшы белгилүү болгон түрүн тандашкан. «Ыйык Жазмалардын Жаңы Дүйнө Котормосундагы» текистин өзүндө «Иегова» деген ысым 7 210 жолу колдонулат.
6. а) Котормочулар биздин убакта аяттардан Кудайдын ысмын жолуктурушканда, эмне кылып жатышат? б) Бул канчалык кеңири таралган?
6 Биздин убакта Ыйык Китептин котормочулары барган сайын Кудайдан шыктандырылган Сөздүн котормолорунда чыныгы Кудайдын ысмын алып салышып, бирок ошол эле учурда Ваал жана Молох сыяктуу бутпарастардын кудайларынын ысымдарын калтырып коюшууда (2 Муса 3:15, МАК; Иеремия 32:35). Кеңири таралган албан тилиндеги котормодогу Матфейден 6:9 жана Иоанндан 17:6, 26–аяттарда грекче «сенин ысмың» (Кудайдын ысмы) деген сөз айкашы, бул аяттарда «ысмың» деген сөз таптакыр эле жоктой, жөн эле «сен» деп которулган. Забур 83:18де [82:19, СК] «Жаңы англис Ыйык Китебинде» («The New English Bible») жана «Бүгүнкү англис котормосунда» («Today’s English Version») Кудайдын өздүк ысмы гана эмес, а Кудайдын ысмы бар экендигин билдирген ойлор да алынып салынган. Еврей Жазмаларынын эскирээк котормолорунда Кудайдын ысмы бар болсо да, жаңыраак котормолордо бул ысым көп учурда алып салынат, же ал тууралуу шилтемелерде гана айтылат. Мындайды англисче, ошондой эле Европанын, Африканын, Түштүк Американын, Индиянын жана Тынч океан аралдарынын көптөгөн тилдериндеги котормолордон кезиктирсе болот.
7. а) Ыйык Китепти Африканын кээ бир тилдерине которгондор Кудайдын ысмына кандай мамиле кылышат? б) Бул тууралуу силердин оюңар кандай?
7 Ыйык Китепти Африканын кээ бир тилдерине которгон котормочулар мындан ашып түштү. Алар Кудайдын ысмын Кудай же Теңир сыяктуу ыйык китептик ардактуу наамдарга алмаштыруу менен чектелбестен, а аяттарга жергиликтүү дин ишенимдеринен алынган ысымдарды кошуп жазышууда. Зулу тилиндеги (1986-жылы жасалган) «Жаңы Осуяттын жана Забурдун Котормосунда» Кудай (Нкулунку́лу) деген ардактуу наам, зулулардын түшүнүгү боюнча, ‘адамдардын ата-бабалары аркылуу сыйынышкан улуу ата-бабасына’ таандык болгон (Мвелинга́нги) деген ысым менен алмак-салмак колдонулат. «Ыйык Китептин котормочусу» журналынын («The Bible Translator») 1992-жылдын октябрдагы санынын бир макаласында «Бу́ку лойе́ра» деп атала турган Ыйык Китепти чиньянжа тилине даярдоодо «Иегова» деген ысымдын ордуна котормочулар Чау́та деген энчилүү ысымды колдонушкандыгы тууралуу билдирилген. Чау́та — «алардын дайыма билген жана сыйынган Кудайы» деп ошол макалада түшүндүрүлгөн. Ошону менен бирге ошол адамдардын көбү арбактарга да сыйынышат. Сыйынууга эмнелер гана камтылбасын, адамдар «Эң Жогорку Кудайга» өтүнүч менен кайрылууда «Эң Жогорку Кудайга» карата кайсы ысымды колдонушпасын, ал ысым «Иегова» деген ысымдын мыйзамдуу түрдөгү теңдеши деген чындыкпы? Эч убакта! (Исаия 42:8, МАК; 1 Коринфтиктерге 10:20). Кудайдын өз ысмын адамдардын көнүмүш ишенимдеринин тууралыгына ынандырган кандайдыр бир башка сөзгө алмаштыруу аларды чыныгы Кудайга жакындатпайт.
8. Эмне себептен Кудайдын өз атын белгилүү кылуу ниети бузулган жок?
8 Мунун баары Иегованын өз ысмын белгилүү кылуу ниетин өзгөртүп, бузуп салган жок. Европанын, Африканын, Түндүк жана Түштүк Американын, Чыгыштын жана деңиз аралдарынын тилдеринде Кудайдын аты колдонулган Ыйык Китептин көптөгөн котормолору бар. Мындан тышкары, 232 мамлекетте жана аймактарда, адамдарга чыныгы Кудайдын ысмы жана ниеттери жөнүндө айтып берүү үчүн, жалпысынан жылына бир миллиарддан ашыгыраак саат арнаган 5 400 000ден ашык Иегованын Күбөсү жашайт. Алар Жер жүзүндө 3 600 000 000го жакын адам сүйлөгөн тилдерде, анын ичинде англис, кытай, орус, испан, португал, француз жана нидерланд тилдеринде, Кудайдын ысмын камтыган Ыйык Китептин котормолорун басып чыгарып, таратып жатышат. Мындан тышкары, алар Жердин жашоочуларынын басымдуу көпчүлүгүнө белгилүү болгон тилдерде Ыйык Китепти окуп изилдөө үчүн адабияттарды басып чыгарышууда. Жакында Кудай өзү чечкиндүү түрдө чараларды көрөт жана элдер ‘[ал] Иегова экенин билишет’ деген сөзүн аткарат (Иезекииль 38:23, МАК).
Котормого жекече ишенимдер таасир тийгизгенде
9. Ыйык Китепте Кудайдын сөзүн колдонгондор абдан чоң жоопкерчиликке ээ экени кантип көрсөтүлгөн?
9 Кудайдын Сөзүн которгондор да, окуткандар да абдан чоң жоопкерчиликке ээ. Апостол Павел өзүнүн жана жолдошторунун кызматы жөнүндө: «Жашырын уят иштерди жаратпай коюп, куулук кылбай жана Кудайдын сөзүнүн маанисин бурмалап бузбастан, ал эми чындыкты ачып, Кудайдын алдында ар бир адамдын абийирине өзүбүздү көрсөтүп жатабыз»,— деп айткан (2 Коринфтиктерге 4:2). Бурмалап бузуу жат болгонду же анча маанилүү эмести аралаштыруу дегенди билдирет. Апостол Павел Иеремиянын күндөрүндөгү кара ниет кайтаруучулардай болгон эмес, алар Кудай айтканды эмес, а өздөрүнүн пикирлерин кабарлашкандыктан, Иегова аларды айыптаган (Иеремия 23:16, 22). А биздин убакта иштин жөнү кандай?
10. а) Биздин убактагы кээ бир котормочуларга Кудайга жан-дилден берилгендик эмес, а башка ниеттер кандай таасир тийгизди? б) Алар өздөрүнө кайсы ролду ыйгарып алышты?
10 Экинчи дүйнөлүк согуштун убагында диний кызматкерлер жана пасторлор комитети Германиянын нацисттик башкаруучулары менен бирдикте еврейлер жөнүндө эч кандай жакшы кеп кылуулар болбогон жана Ыйса Христостун ата-теги еврей болгондугуна карата эч нерсе айтылбаган «Жаңы Осуятты» жаңыдан басып чыгаруунун үстүнөн иштеген. Кийинчерээк «Жаңы Осуятты жана Забурду камтыган котормону» («The New Testament and Psalms: An Inclusive Version») түзүшкөн котормочулар еврейлер Христостун өлүмү үчүн жооптуу экендигин көрсөтүүчү бардык ойлорду алып салууга умтулушуп, башка багытка бурулуп кетишкен. Мындан тышкары, ошол котормочулар, эгерде Кудай жөнүндө Ата сыяктуу эмес, а Ата Эне сыяктуу жана Ыйса жөнүндө Кудайдын Уулу сыяктуу эмес, а анын Ымыркай баласы сыяктуу айтылса, котормо феминист-окурмандарга жагымдуураак болмок деп ойлошкон (Матфейден 11:27). Котормонун үстүнөн иштеп жатышып, алар зайыптардын күйөөлөрүнө баш ийүүсү жана балдардын ата-энелерине тил алуусу жөнүндөгү түшүнүктү жок кылып салышкан (Колоссадагыларга 3:18, 20). Бул котормолордун түзүүчүлөрү апостол Павелдин ‘Кудайдын сөзүнүн маанисин бурмалап бузбоого’ болгон умтулуусуна ортоктош болушкан жок. Алар котормочунун ролун унутушуп, өздөрүнө автордун ролун ыйгарышкан, Ыйык Китептин беделинин аркасынан өздөрүнүн жеке ойлорун үгүттөгөн китептерди түзүшкөн.
11. Христиан дүйнөсүнүн кайсы окутуулары Ыйык Китептеги жан менен өлүм тууралуу айтылгандарга каршы?
11 Христиан дүйнөсүнүн чиркөөлөрү негизинен адамдын жаны — өлгөндө денени калтырып кетчү өлбөс рух деп окутат. Көптөгөн тилдердеги Ыйык Китептин эски котормолору, тескерисинче, адамдар да, айбанаттар да — бул жандар экенин, ал эми жан болсо өлө турганын даана көрсөтүп турат (1 Муса 12:5, «Тоорат», Д. Йосифон; 36:6, «Тоорат», Д. Йосифон; 4 Муса 31:28; Жакыптын 5:20). Бул болсо дин кызматчыларынын баштарын маң кылууда.
12. Жаңыраак кээ бир котормолордо ыйык китептик негизги чындык кандайча жымсалданып калууда?
12 Кээ бир жаңыраак котормолордо бул чындыктар жымсалданып калууда. Кантип? Мындай котормолордун белгилүү бир аяттарындагы еврейче не́феш (жан) деген зат атоочту сөзмө-сөз которгондон баш тартышат. Кээде 1 Муса 2:7де («адам тирүү жан болуп калды» дегендин ордуна) биринчи адам «жашай баштады» деп айтылат. Же сөз айбанаттар жөнүндө жүрүп жатканда, котормочулар «жан» деген сөздүн ордуна «жаратылыш» деген сөздү колдонуп коюшат (1 Муса 1:21). Иезекииль 18:4, 20 сыяктуу аяттарда алар («жан» эмес) «адам» же «инсан» өлөт деп жазышат. Балким, котормочу мындай котормого жол берилет деп ойлосо керек. Бирок мындай котормо христиан дүйнөсүнүн Ыйык Китепке жат болгон окутууларынын таасири астында калыптангандарга, чындыкты ак ниети менен издегендерге кандай пайда алып келмек эле?b
13. Ыйык Китептин кээ бир котормолорунда Кудайдын жерге байланыштуу ниети кантип жашырылууда?
13 Бардык жакшы адамдар асманга кетет деген ишенимди колдоого аракеттенген котормочулар — же алардын котормолорун текшерген дин кызматчылары — кээде Ыйык Китептеги Кудайдын жерге байланыштуу ниети жөнүндө айтылгандарды жашырууга умтулушат. Көптөгөн котормолордо Забур 36:11де момундар «өлкөнү» мураска алат деп айтылат. «Өлкө» деген сөз — бул еврей текисинде колдонулган э́рец деген сөздүн котормосунун бир түрү. Ал эми «Бүгүнкү англис котормосунда» (анын негизинде башка көптөгөн тилдерге котормолор жасалган) котормочулар муну менен эле чектелишпеди. Бул котормодогу Матфейден Ыйык Инжилде ге деген грек сөзү 17 жолу «жер» деп которулса да, Матфейден 5:5те «жер» деген сөздүн ордунда «Кудайдын убада кылганы» деген сүйлөм турат. Албетте, чиркөөгө келгендер сөз асман жөнүндө жүрүп жатат деп ойлошот. Ыйса Христостун Тоодогу насаатындагы момун, жоош жана сыпайы адамдар «жердин мурасына ээ болушат» дегени алардан жашырылып калууда.
14. Ыйык Китептин кээ бир котормолорунда өзүмчүл кандай ниеттердин таасири көрүнүп турат?
14 Ыйык Китептин кээ бир котормолорунда кабарчылардын жакшы маяна алышына жардам берген көз караш даана жазылган. Ыйык Китепте: «Эмгекчи эмгек акысына татыктуу»,— деп айтылганы чын (1 Тимофейге 5:18). Бирок 1 Тимофейге 5:17ни которгондо, жетекчилик кылган диний коом башчылырына «эки [«эки эсе», ЖД] урмат көрсөтүш» керек деп айтылганды кээ бир котормочулар тийиштүү түрдө урмат көрсөтүүнүн жалгыз ыкмасы — акча берүү деп эсептешет. (1 Пётрдун 5:2ни салыштыргыла.) Ошондуктан «Жаңы англис Ыйык Китебинде» мындай насаатчы агаларга «эки эсе маянадагы урмат көрсөтүү керек» деп жазылган, а «Биздин мезгилдин анлис котормосунда» («Contemporary English Version») мындай насаатчы агалар «эки эсе айлык алууга татыктуу» деп айтылат.
Кудайдын Сөзүн жан-дилден берилгендик менен сактоо
15. Ыйык Китептин пайдаланчу котормосун кантип тандасак болот?
15 Мунун бардыгы Ыйык Китепти окугандар жана башкаларды окутууга Ыйык Китепти колдонгондор үчүн эмнени билдирет? Дүйнөдө кеңири таралган көпчүлүк тилдерде Ыйык Китептин бир канча котормолору бар, ошондуктан тандоого мүмкүнчүлүк бар. Ыйык Китептин пайдаланчу котормосун тандоодо акыл-эстүү болгула (Үлгүлүү аңгемелер 19:8). Эгерде котормо Кудайдын ким экендиги жөнүндө чындыкты жетишерлик түрдө айтпаса — кандайдыр бир жок шылтоонун аркасынан Кудайдан шыктандырылган Сөздөн Кудайдын аты алынып салынган болсо — анда котормочулар Ыйык Китептин аяттарынын башка бөлүктөрүн да бурмалашпаганына ишенүүгө болобу? Эгерде силер котормонун так экенине күмөн болсоңор, аны эскирээк котормолор менен салыштырууга аракет кылгыла. Башкаларды Кудайдын Сөзүнө окутуп жатсаңар, еврей жана грек текистеринин мүмкүн болушунча түп нускасына жакыныраак котормолорго кайрылгыла.
16. Кудайдын Сөзүн пайдалануудр бирибиз жан-дилден берилгендигибизди кантип көрсөтө алабыз?
16 Ар бирибиз Кудайдын сөзүнө жан-дилден берилген болушубуз керек. Биз жан-дилден берилгендикти Сөздүн мазмуну менен таанышып, тактап айтканда, мүмкүнчүлүккө жараша Ыйык Китепти күнүгө окууга убакыт бөлүү менен көргөзөбүз (Забур 1:1—3). Ошондой эле Ыйык Китепте айтылгандын баарын жашообузда колдонуп, туура чечимдерди чыгаруу үчүн анын принциптерин жана үлгүлөрүн негиз катары пайдаланууга үйрөнгөнүбүз менен берилгендикти көргөзөбүз (Римдиктерге 12:2; Еврейлерге 5:14). Кудайдын Сөзүн башкаларга дилгирлик менен кабарласак, биз өзүбүздү Кудайдын Сөзүнүн жан-дилден берилген коргоочулары катары көрсөтөбүз. Ошондой эле муну, Кудайдын Сөзүн өзүбүздүн ойлорубузга туура келтирүүгө аракеттенбестен же анда айтылгандарды бурмалап бузбастан, адамдарды окутканда Ыйык Китепти абайлап пайдаланганыбыз менен көрсөтөбүз (2 Тимофейге 2:15). Кудайдын алдын ала айткандары сөзсүз аткарылат. Ал өзүнүн Сөзүн жан-дилден берилгендик менен аткарып жатат. Биз да Кудайдын Сөзүн жан-дилден берилип сактайлы.
[Шилтемелер]
a Бириккен ыйык китептик коомдордун билдирүүсү боюнча, 1997-жылга Ыйык Китеп толук бойдон же анын бөлүктөрү 2167 тилде жана диалектиде басылып чыккан. Бул санга кээ бир тилдердин көптөгөн диалектилери кирет.
b Бул талкуулоо ойду так баяндоого мүмкүнчүлүгү бар, бирок котормочулар болсо аны жасабай жатышкан тилдерге багытталган. Кээ бир тилдерде сөздөрдүн аздыгы котормочулардын мүмкүнчүлүктөрүнө катуу чек коёт. Мындай учурларда ак ниеттүү дин жетекчилери, котормочу түрдүү бир канча сөздөрдү же ыйык китептик эмес жат сөздү колдонсо да, түп нускада колдонулган не́феш деген сөз адамдарга да, айбанаттарга да, дем алгандын, тамактангандын жана өлө тургандардын баарына таандык экенин түшүндүрүп берүүгө милдеттүү.
Эсиңердеби?
◻ Биздин күндөрдө Ыйык Китептин котормочуларынын эмгектерине кайсы ниеттер таасир тийгизген?
◻ Эмне себептен котормонун азыркы жалпы багыттары Кудайдын ысмына байланыштуу анын ниетин буза албады?
◻ Кээ бир котормолордо жан, өлүм жана жер жөнүндө ыйык китептик негизги чындыктар кандайча жымсалданууда?
◻ Кудайдын Сөзүн жан-дилден берилип сактап жатканыбызды кантип көрсөтө алабыз?
[14 беттеги сүрөт]
Ыйык Китептин кайсы котормосун колдоносуңар?