Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • jy 31-бөл. 76-б.—77-б. 2-абз.
  • Ишемби күнү буудайдын башын үзүп жешет

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Ишемби күнү буудайдын башын үзүп жешет
  • Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
  • Окшош материалдар
  • Ишемби күнү машак үзүүгө болобу?
    Тарыхтагы эң улуу адам
  • Исанын жолдоочулары Ишембиге байланыштуу мыйзамга карманышы керекпи?
    Суроолор жана жооптор
  • Ишембиде эмнелерди кылууга болот?
    Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
  • Эмгектенүүнүн жана эс алуунун өз убагы бар
    Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2019
Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
jy 31-бөл. 76-б.—77-б. 2-абз.
Иса Машаяктын шакирттери Ишемби күнү буудайдын башын үзүп жеп жатышат

31-БӨЛҮМ

Ишемби күнү буудайдын башын үзүп жешет

МАТАЙ 12:1—8; МАРК 2:23—28; ЛУКА 6:1—5

  • ШАКИРТТЕР ИШЕМБИ КҮНҮ БУУДАЙДЫН БАШЫН ҮЗҮП ЖЕШЕТ

  • ИСА МАШАЯК — «ИШЕМБИНИН МЫРЗАСЫ»

Машаяк шакирттери менен түндүктү көздөй, Галилеяга, баратат. Жаз айы. Эгин бышып, буудайдын башы ийилип турган кез. Ачка болгон шакирттер буудайдын башын үзүп, өзөк жалгашат. Ошол күн Ишемби күн болчу. Фарисейлер болсо шакирттерден көзүн албай карап турушат.

Жүйүттөрдүн Машаякты Ишемби күнгө байланыштуу мыйзамды бузду деп айыптап, аны өлтүрүүгө аракет кылышканы эсиңде чыгар. Эми фарисейлер: «Карачы, шакирттериң ишембиде кылганга болбой турган ишти кылып жатышат»,— деп айыпташууда (Матай 12:2).

Алардын ою боюнча, буудайдын башын үзүү — оруп-жыюуга, данын ушалоо эгин бастырууга тете болгон (Чыгуу 34:21). Алар Ишемби күнгө байланыштуу толтура эрежелерди чыгарып, элге оор жүк артышкан. Негизи, Жахабанын ниетине ылайык, Ишемби күн элди кубанычка бөлөп, сергите турган, Мыйзамды окуп, ишенимди бекемдей турган күн болушу керек болчу. Андыктан Иса пайгамбар көз карашы бурмаланган фарисейлерге Жахабанын Ишемби күндүн ушундай болушун каалабаганын түшүндүрүш үчүн мисалдарды келтирет.

Адегенде Дөөтү менен анын кишилери жөнүндө айтат. Өзөгү карайган ал кишилер ыйык чатырга барып, тартуу катары коюлган ыйык нандан жешкен. Дин кызматчы ыйык нанды Жахабанын алдына коюп, Ишемби күн сайын жаңысына алмаштырып турчу. Нанды дин кызматчылар гана жешчү. Бирок оор жагдайга туш болгон Дөөтү пайгамбар кишилери менен ошол нанды жегени үчүн айыпталган эмес (Лебилер 24:5—9; 1 Шемуел 21:1—6).

Пайгамбар фарисейлерден: «Ишемби күндөрү ибадатканадагы дин кызматчылардын ал күндү ыйык тутушпаганына карабай айыптуу болбой турганын Мыйзамдан окуган эмес белеңер?» — деп сурайт. Машаяк дин кызматчылардын атүгүл Ишемби күнү да малды курмандыкка чаларын жана башка жумуштарды аткарарын айткысы келген. Анан: «Силерге айтып коёюн, бул жерде ибадатканадан да улук бирөө бар»,— дейт (Матай 12:5, 6; Сандар 28:9).

Иса пайгамбар көңүлдү кайра эле Ыйык Китепке буруп: «Силер: „Мен курмандыкты эмес, кайрымдуулукту каалайм“,— деген сөздөр эмнени билдирерин түшүнсөңөр, айыпсыздарды күнөөлөбөйт болчусуңар»,— деп айтат да, сөзүн: «Анткени адам Уулу — ишембинин Мырзасы»,— деп корутундулайт. Ал тынчтык өкүм сүрө турган Миң жылдык башкаруусу жөнүндө кеп кылган болчу (Матай 12:7, 8; Ошуя 6:6).

Шайтан зордук-зомбулукту жайылтып, согуш отун тутантып, адам баласын эзип, кыйнап келет. Ошондуктан адамдар эзелтен бери эс алууга зар болуп келатышат. Бирок келечекте улуу Ишемби күнү, Машаяктын Миң жылдык башкаруусунда, мүңкүрөгөн адамзат бардык түйшүктөрүнөн арылып, эс алат.

  • Фарисейлер Машаяктын шакирттерин эмне деп айыпташкан жана эмне үчүн?

  • Иса Машаяк фарисейлердин туура эмес көз карашын кантип оңдогон?

  • Иса Машаяк кандайча «ишембинин Мырзасы»?

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү