«Мен силерге үлгү көрсөттүм»
«Убакыт боюнча алып караганда, силер окутуучу болуп калышыңар керек эле» (Эврейлерге 5:12).
1. Эмне үчүн Эврейлерге 5:12де жазылган сөздөр Ыйсанын жолдоочусун тынчсыздандырышы ыктымал?
МАКАЛАНЫН Кудайдан шыктандырылган негизги аятын окуганыңда өзүңдү кандай сездиң? Бир аз тынчсыздандыңбы? Андай сезимде болгондордон сен жалгыз эмессиң. Ыйсанын жолдоочулары катары бардыгыбыз окутуучу болушубуз керектигин билебиз (Матай 28:19, 20). Ошондой эле кандай учурда жашап жатканыбызга байланыштуу мүмкүн болушунча сапаттуу окутуу маанилүү экениндигин түшүнөбүз. Анткени биз окутуп жаткан адамдын өмүрү биздин кантип окутканыбыздан көз каранды болушу ыктымал! (1 Тиметейге 4:16). Андыктан өзүбүзгө: «Мен окутуучу деген атка татыктуумунбу? Канткенде чебер окутуучу боло алам?» — деген жүйөлүү суроолорду берсек болот.
2, 3. а) Бир мугалим билим берүүнүн негизинде эмне жатарын кандайча түшүндүргөн? б) Окутуу жагынан Ыйса кандай үлгү калтырган?
2 Мындай тынчсыздануудан көңүлүбүз чөкпөшү керек. Эгер окутуу чеберчилигин усул жана ыкмалардын жыйындысы катары эле эсептей турган болсок, окутуу деңгээлин жогорулатуу абдан оор же такыр эле мүмкүн эместей көрүнүнүшү ыктымал. Бирок окутуу чеберчилигинин негизинде усул жана ыкмалар эмес, андан да маанилүү нерсе жатат. Ушуга байланыштуу бир тажрыйбалуу мугалим өзүнүн китебинде эмне деп жазганына назар салсаңар: «Билим берүүдө негизги нерсе усул же ыкма, программа же иш чаралар эмес... негизгиси — сүйүү»,— деп жазган. Автор мында жалпы билим берүү жөнүндө айтканы түшүнүктүү. Бирок анын сөздөрү биздин да ишибизге — Кудай Сөзүн окутуу ишибизге — көбүрөөк тиешелүү. Эмне үчүн?
3 Бизге окутуу жагынан жолдоочуларына: «Мен силерге үлгү көрсөттүм»,— деп айткан Ыйса Машайактын өзү жакшы үлгү (Жакан 13:15). Бул жерде ал момундук көргөзүү жөнүндө айткан болсо да, биз анын жерде жүргөндө эң маанилүү ишти, башкача айтканда, Кудайдын Падышалыгы тууралуу жакшы кабарды таратуу менен адамдарды окутуу ишин кандайча аткаргандыгына көңүл буруп, ал жагынан да туурашыбыз керек экени талашсыз (Лука 4:43). Эгер сенден Ыйса кызмат кылып жүргөндө кайсы сапатты көбүрөөк көрсөткөнүн сураса, сен: «Сүйүүнү»,— деп жооп бермек чыгарсың (Колостуктарга 1:15; 1 Жакан 4:8). Ыйса биринчи кезекте асмандагы Атасы Жахабаны сүйгөн (Жакан 14:31). Мындан тышкары, ал окутуучу катары сүйүүнү дагы эки жол менен көрсөткөн. Ыйса өзү кабарлаган чындыктарды жана окуткан адамдарын сүйгөн. Кел анда, анын ушундай эки жол менен сүйүү көрсөтүү жагынан калтырган үлгүсүн тереңирээк карап көрөлү.
Кудайдын чындыктарын эзелтен эле сүйгөн
4. Ыйса Жахабанын окутууларына болгон сүйүүсүн кантип өрчүткөн?
4 Окутуучунун берип жаткан сабагына болгон мамилеси окутуу сапатына таасир этет. Атүгүл кымындай болгон көңүл коштук да байкалып, окуучуларга жугат. Ыйса Жахаба жана Анын Падышалыгы тууралуу окутканда баалуу чындыктарга эч качан кош көңүл караган эмес. Тескерисинче, аларды абдан сүйгөн жана окутууга болгон мындай сүйүүнү өзү билим алып жүргөндө өрчүткөн. Кудайдын өзү жалгыз жараткан Уулу жерге келгенге чейин миллиондогон жылдар бою өтө ынтызарлык менен билим алган. Ышайа 50:4, 5те ал тууралуу абдан туура сөздөр жазылган: «Мен чарчаганга сөз менен кубат берип туруш үчүн, Кудай-Теңир мага акылмандардын тилин берди. Ал ар күнү эртең менен ойготот, Мен шакиртке окшоп угушум үчүн, кулагымды ойготот. Кудай-Теңир менин кулагымды ачты, Мен каршылык кылган жокмун, артка кеткен жокмун».
5, 6. а) Ыйса сууга чөмүлдүрүлүп жатканда эмнени туйган жана бул ага кандай таасир эткен? б) Ыйса менен Шайтан Кудай Сөзүн кандайча эки башка кылып колдонгон?
5 Ыйса жерде жүргөндө бала кезинен баштап эле Кудайдын акылмандыгын сүйгөн (Лука 2:52). Ал чөмүлтүлгөндө эч кимде болуп көрбөгөн сезимди туйган. Лука 3:21де: «Асман ачылды»,— деп айтылат. Ыйса ошондо жерге чейинки жашоосун эстеген көрүнөт. Андан кийин чөлдө 40 күн орозо кармайт. Кыязы, Жахабадан алган «сабактардын» үстүнөн ой жүгүртүүдөн абдан зор ырахат алса керек. Бирок келечекте анын Кудайдын чындыктарына болгон сүйүүсү сыналышы керек болчу.
6 Ыйса чарчап, бир чети ачка болуп турганда, Шайтан азгыра баштайт. Кудайдын ушул эки уулу бири-биринен кандай гана айырмаланат! Экөө тең Эврей Жазмаларынан цитата келтиришкен, бирок маанайлары таптакыр бөлөк болгон. Шайтан Кудай Сөзүн өзүнүн керт башынын кызыкчылыгы үчүн бурмалап колдонгон. Себеби Кудайдын чындыгын ал козголоңчу кенедей да баалаган эмес. Ал эми Ыйсанын Шайтанга Жазмадан цитата келтирип жооп бергенинен анын Кудай Сөзүн сүйүп, терең баалары көрүнүп турат. Ыйса Кудайдан шыктандырылган ошол сөздөр жазылганга чейин көптөгөн жылдар мурун жашаса да, аларды абдан баалаган. Анткени ал сөздөр асмандагы Атасынан келген баалуу чындыктар эле! Ал Шайтанга Жахабанын сөздөрү тамактан да маанилүү экенин айткан (Матай 4:1—11). Ооба, Ыйса Жахаба үйрөткөн чындыктардын баарын сүйгөн. Бирок ал окутуу ишинде ушул сүйүүсүн кантип көрсөткөн?
Чындыктарга болгон сүйүүсү
7. Эмне үчүн Ыйса өзүнчө окуу ойлоп чыгарган эмес?
7 Ыйсанын өзү окуткан чындыктарды сүйөрү дайыма көрүнүп турган. Эгер ал кааласа опоңой эле өзүнчө окуу чыгарып алмак. Анткени Ыйса абдан билимдүү жана кеменгер болгон (Колостуктарга 2:3). Ошого карабастан угуучуларына окуткан нерселеринин баары өзүнүкү эмес, а асмандагы Атасыныкы экенин кайра-кайра эскертип турган (Жакан 7:16; 8:28; 12:49; 14:10). Ыйса Кудай ачып берген чындыктарын ушунчалык сүйгөндүктөн, аны өзүнүн окуулары менен алмаштыруу жөнүндө ойлоп да койгон эмес.
8. Ыйса кызматын башында эле Кудай Сөзүнө таянайын деген оюу бар экенин кантип көрсөткөн?
8 Ыйса кызматын баштаганда эле кандай иш-аракет кылайын деген ою бар экенин көрсөткөн. Ал өзүнүн Мессия экенин Кудайдын элине биринчи жолу кантип билдиргенине назар салсаңар. Ыйса калың элдин алдына чыгып: «Мен Машайакмын»,— деп жар салып, анан айтканын далилдөө үчүн укмуштуу кереметтерди жасады беле? Жок. Ал синагогага, адатта, Кудайдын эли Жазманы окуучу жерге барган. Аяктан Ышайа 61:1, 2деги пайгамбарлыкты үн чыгара окуп, жазылган чындыктар өзүнө тиешелүү экенин түшүндүргөн (Лука 4:16—22). Ыйса жасаган көптөгөн кереметтер анын Жахабанын колдоосуна ээ экенин далилдеген. Ошентсе да окутканда ал ар дайым Кудай Сөзүнө таянган.
9. Ыйса фарисейлер менен сүйлөшкөндө Кудай Сөзүнө болгон өзгөрүлбөс сүйүүсүн кантип көрсөткөн?
9 Ыйса диний жетекчилердин жөнү жок айыптоосуна кабылганда аларды опоңой эле жеңе алмак болсо да, алар менен акыл сынашып, талаш-тартышка түшкөн эмес. Анын ордуна, фарисейлердин келтирген далилдерин Кудайдын Сөзүн колдонуп төгүнгө чыгарган. Фарисейлердин Ыйсанын шакирттерин ишемби күн мыйзамын бузду деп күнөөлөгөнүн эстеп көрөлү. Шакирттер талаа аркылуу өтүп баратып бир нече буудайдын башын үзүп жешкен эле. Ошондо Ыйса фарисейлерге: «Өзү жана жанындагылар ачка болгондо, Дөөттүн эмне кылганы жөнүндө силер окуган жок белеңер?» — деп жооп берген (Матай 12:1—5). Өзүлөрүн такыбаа эсептешкен фарисейлер Кудайдын шыктандыруусу менен жазылган 1 Шемуел 21:1—6-аяттардагы билдирүүнү окушкан чыгар. Андай болсо, демек, алар андагы маанилүү сабакты баамдашкан эмес. Ыйса болсо Кудай Сөзүндөгү ошол билдирүүнү окуп эле тим болбой, ой жүгүртүү менен анын маанисин түшүнгөн. Ал Жахабанын ошол үзүндү аркылуу окуткан принциптерин сүйгөн. Андан сырткары, Жазманын ушул үзүндүсүнүн жана Мусанын мыйзамынан алынган мисалдын жардамы менен Мыйзамга таандык тең салмактуулукту көрсөткөн. Ошондой эле Ыйсанын Кудай Сөзүнө болгон өзгөрүлбөс сүйүүсү Ыйык Жазманы өз кызыкчылыгы үчүн колдонууну же аны адамдык каада-салттар менен көмүп салууну каалаган диний жетекчилерден коргоого түрткү берген.
10. Ыйса өзүнүн адамдарды кандай окутары жөнүндөгү пайгамбарлыкты кантип аткарган?
10 Ыйса окутканды жакшы көргөндүктөн, кабарды эч качан супсак, көңүлсүз айткан эмес. Кудайдан шыктандырылган пайгамбарлыктарда Мессиянын оозунан «ырайым» төгүлөрү жана сөздөрү «ширин» болору айтылган (Забур 44:3; Башталыш 49:21). Ыйса өзү абдан сүйгөн чындыктарды «керемет сөздөрдү» колдонуу менен кызыктуу жана жандуу кылып айтып, ушул пайгамбарлыктарды аткарган (Лука 4:22). Анын шыктануусу жүзүнөн, көзүнөн жана өзү айтып жаткан кабарына абдан кызыкканынан көрүнүп турган. Андыктан Ыйсаны угуу өзүнчө эле ырахат болгон. Үйрөнгөндөрүбүздү башкаларга айтып берүү жагынан ал бизге кандай сонун үлгү калтырган!
11. Ыйса эмне үчүн окутуу жөндөмдүүлүктөрүнөн улам бой көтөргөн эмес?
11 Ыйса Кудай жөнүндөгү чындыктарды эң мыкты билгенине жана теңи жок оратор болгонуна бой көтөрүп кеткенби? Окутуучу болгон жеткилеңсиз адамдар ушинтип кеткен учурлар аз эмес. Бирок Ыйсанын акылмандыгынан анын Кудайдан коркору көрүнүп турганын эсибизден чыгарбашыбыз керек. Андай акылмандык текеберликке жол бербейт, анткени «даанышмандык — момундарда» (Накыл сөздөр 11:2). Бирок Ыйсанын бой көтөрбөгөнүнүн жана мактанбаганынын башка да себептери болгон.
Ыйса окуткан адамдарын сүйгөн
12. Ыйса шакирттеринин андан коркушун каалабаганын кантип көрсөткөн?
12 Ыйсанын окутканынан адамдарга болгон терең сүйүүсү көрүнүп турган. Бой көтөргөн адамдардан айырмаланып, ал окутуучу катары адамдарды эч качан басмырлаган эмес (Насаатчы 8:9). Ыйсанын кереметтеринин бирин көргөн Петир айран-таң калып, анын бутуна чөк түшкөн. Бирок Ыйса жолдоочуларынын андан коркуп-үркүп турушун каалаган эмес. Ал жумшак гана: «Коркпо» — деп, анан Петирдин кубанычтуу жана кызыктуу ишке — шакирт даярдоо ишине — катышарын түшүндүргөн (Лука 5:8—10). Ыйса шакирттеринин андан коркушун эмес, а Кудайдын баалуу чындыктарына болгон сүйүүгө жетектелишин каалаган.
13, 14. Ыйса адамдарга кантип боорукердик көрсөткөн?
13 Ыйсанын окуткан адамдарын сүйөрү аларга боорукердик менен кылган мамилесинен көрүнүп турган. «Элди көрүп, Ыйсанын боору ооруду. Анткени алар койчусу жок койлор сыяктуу жүдөп, мүңкүрөп калышкан эле» (Матай 9:36). Ыйса алардын аянычтуу абалын көрүп боору ачып, аларга жардам бергиси келген.
14 Ыйса боорукердик көрсөткөн дагы бир окуяны карап көрөлү. Кан агуудан азап тартып жүргөн аял калың элди аралап өтүп, Ыйсанын артынан барып кийимине тиер замат айыгып кеткен. Ыйса өзүнөн күч чыкканын сезип, бирок ким айыкканын көрбөй калган. Бирок ошол аялды тапкысы келет. Эмне үчүн? Мыйзамды же мыйзамды окутуучулар менен фарисейлер бекиткен эрежелерди бузгандыгы үчүн жазалайын деп эмес. Ал аял кылган ишине өзү деле чоочулап турган чыгар. Ыйса ага: «Кызым, сени ишенимиң сакайтты. Тынчтыкта бара бер жана азаптуу дартыңан дениң сак болсун»,— дейт (Марка 5:25—34, ЖД). Ушул сөздөрдө чагылдырылган боорукердикке көңүл бурсаңар. Ыйса «ооруба» деп эле койбостон, «азаптуу дартыңан дениң сак болсун» деген. Бул жерде Марк түзмө-түз «сабоо» деген маанини камтыган жана көбүнчө кыйноо учурундагы уруп-сабоону билдирген сөздү колдонгон. Ошентип, Ыйса аялдын оорунун айынан азап тартканын, жан-дүйнөсү канчалык кыйналганын түшүнөрүн көрсөткөн. Ооба, ага боору ооруган.
15, 16. Ыйса кызмат кылып жүргөндө адамдардын жакшы жактарын издегенин кайсы мисалдар көрсөтүп турат?
15 Ыйса адамдарды сүйөрүн алардын жакшы жактарын көрө билүү менен да көрсөткөн. Кийинчерээк элчи болгон Натанаелге Ыйса жолукканда эмне болгонун карап көрөлү. «Ыйса келе жаткан Натанаелди көрүп: „Куулугу жок, накта ысрайылдык мына ушул“,— деди». Ал табияттан тышкаркы күчтүн жардамы менен Натанаелдин жүрөгүн көрүп, ал жөнүндө көптү биле алган. Арийне, Натанаел жеткилеңсиз эле. Баарыбыздыкындай эле анын да кемчиликтери бар болчу. Андан тышкары, Ыйса жөнүндө алгач укканында ал одонолук менен: «Назареттен жакшы нерсе чыкмак беле?» — деген (Жакан 1:45—51). Натанаел жөнүндө айтса болорлук бардык нерселердин ичинен Ыйса анын жакшы сапатына — чынчылдыгына — көңүл бурууну туура тапкан.
16 Ошондой эле бутпарас римдик жүз башы ооруп жаткан малайын айыктырып берүүсүн суранып келгенде Ыйса анын күнөөсүз эмес экенин билген. Ал кезде аскер башчы, кыязы, далай зордук-зомбулуктарга жана кан төгүүлөргө катышкан; андан тышкары, жалган кудайларга сыйынчу. Ыйса болсо андагы бир жакшы нерсеге — күчтүү ишенимине — көңүл бурган (Матай 8:5—13). Кийинирээк жанындагы мамыга асылган кылмышкер менен сүйлөшүп жатып Ыйса аны мурдакы кылган күнөөлөрү үчүн жемелебей, келечекке болгон үмүт менен кайраттандырган (Лука 23:43). Ыйса адамдар тууралуу терс, сын көз карашта болуу башкаларды чөктүргөндөн башка эч кандай пайда алып келбесин абдан жакшы билген. Анын башкалардын жакшы жактарын көрө билүүгө кылган аракеттери көптөргө андан да жакшыраак болууга умтулууга дем-күч бергенине шек жок.
Башкаларга кызмат кылууга даярдуулук
17, 18. Ыйса жерге келип, башкаларга кызмат кылууга даярдуулугун кантип көрсөткөн?
17 Ыйсанын окуткан адамдарын сүйгөнүнө дагы бир далил — анын башкаларга кызмат кылууга болгон даярдуулугу. Кудайдын Уулу адам болуп жерге келгенче эле адамдарды аябай сүйчү (Накыл сөздөр 8:30, 31). Жахабанын «Сөзү» же өкүлү катары Ыйса адамдар менен болгон көптөгөн байланыштардан терең канааттануу алган чыгар (Жакан 1:1). Ошондой болсо да анын «кул кейпин кийип», асмандагы жогорку абалын таштап жерге келишинин бирден-бир себеби адамдар менен тикеден-тике сүйлөшүп окуткусу келгендигинде (Филипиликтерге 2:7; 2 Корунттуктарга 8:9). Жерде жүргөнүндө болсо башкалардын ага кызмат кылышын күтпөстөн, тескерисинче: «Адам Уулу да Өзүнө кызмат кылдыруу үчүн эмес, тескерисинче, Өзү кызмат кылуу үчүн, Өз жанын берип, көптөрдү куткаруу үчүн келген»,— деген (Матай 20:28). Анан ошол сөзүнө ылайык жашаган.
18 Ыйса окутуп жаткан адамдарына даярдуулук менен убактысын, күчүн жумшап момундук менен кызмат кылган. Ал Убадаланган жердин башынан аягына чейин кыдырып, кабарды мүмкүн болушунча көбүрөөк элге жеткирүү максатында жүздөгөн чакырымдарды басып өткөн. Кекирейген фарисейлер менен мыйзамды окутуучулардан айырмаланып, Ыйса эч качан момундугунан жазган эмес жана элдер ага оңой кайрыла алчу. Ага ар түрдүү адамдар: төрөлөр, жоокерлер, мыйзамчылар, аялдар, балдар, жакырлар, оорулуулар, жадагалса киши катарында көрүлбөй калган адамдар да коркпой-үркпөй кайрыла алышкан. Жеткилең болгону менен Ыйса адам болгон, демек, ал чарчап-чаалыгып, ачка болгон. Бирок алы кетип, эс алгысы же ээн жерге барып тиленгиси келгенде да, башкалардын муктаждыктарын өзүнүкүнөн жогору койгон (Марка 1:35—39).
19. Ыйса шакирттерине жасаган мамилесинде момундук, чыдамдуулук жана жумшактык көрсөтүү жагынан кантип үлгү калтырган?
19 Ыйса өзүнүн шакирттерине да кызмат кылууга даяр болчу. Ошондуктан аларды жумшактык, чыдамдуулук менен окуткан. Кайсы бир маанилүү сабактарды анча түшүнө албай калышканда, Ыйса ачууланып же урушуп, кол шилтеп баса берчү эмес. Тескерисинче, аларга түшүндүрүү максатында жаңы ыкмаларды издеген. Мисалга шакирттердин кимиси улук экени жөнүндө кайра-кайра талашып-тартышканын алалы. Өлөр алдындагы түнгө чейин Ыйса аларга бири-бирине момундук менен мамиле кылуу керектигин үйрөтүү үчүн улам жаңы ыкманы ойлоп тапчу. Момундук көрсөтүүдө жана башка жактардан Ыйса өзү тууралуу: «Мен силерге үлгү көрсөттүм»,— деп айта алган (Жакан 13:5—15; Матай 20:25; Марка 9:34—37).
20. Ыйса фарисейлерден айырмаланып окутуунун кандай ыкмасын колдонгон жана ал ыкма эмне үчүн натыйжалуу болгон?
20 Ыйса шакирттерине өзүлөрүн кандай алып жүрүү керектигин айтып эле койбостон, кылган иши менен «үлгү көрсөткөн». Ал шакирттери менен сүйлөшкөндө өзүн алардан жогору койгон эмес жана аларга буйрук кылган нерсени аткарууну өзү үчүн төмөн иш деп эсептечү эмес. Ал эми фарисейлер ошентишчү. Ыйса алар жөнүндө: «Айткандарын өздөрү аткарышпайт»,— деген (Матай 23:3). Ыйса айткандарын иш жүзүндө аткарып, шакирттерине окуткандарынын маанисин момундук менен түшүндүргөн. Андыктан жолдоочуларына байлыктын артынан сая түшпөй, жөнөкөй жашоо өткөрүү керектигин айтканда, алар: «Жөнөкөй жашоо өткөрүү деген эмне?» — деп баштарын катырышкан эмес. Алар Ыйсанын: «Түлкүлөрдүн ийини бар, асмандагы канаттуулардын уясы бар. Ал эми Адам Уулунун баш калкалар жери жок»,— деген сөздөрүнө күбө болушкан (Матай 8:20). Ыйса шакирттерине момундук менен үлгү көрсөтүп кызмат кылган.
21. Эмки макалада эмне талкууланат?
21 Ыйсанын тарыхтагы эң улуу Окутуучу болгондугу шексиз! Анын өзү окуткан чындыктарга жана окуткан адамдарына болгон сүйүүсү аны көргөн, уккан дили таза адамдар үчүн ачык-айкын болгон, атүгүл бүгүн анын үлгүсүн изилдеп жаткан бизге да көрүнүп турат. Бирок Машайактын жеткилең үлгүсүн кантип туурай алабыз? Бул суроо эмки макалада талкууланат.
Кандай жооп берет элеңер?
• Окутуу чеберчилигинин негизинде эмне жатат жана бул кимдин үлгүсүнөн көрүнүп турат?
• Ыйса өзү окуткан чындыктарды сүйөрүн кантип көрсөткөн?
• Ыйса окуткан адамдарын сүйөрүн кантип көрсөткөн?
• Ыйсанын өз жолдоочуларына момундук менен кызмат кылууга даяр болгону кайсы мисалдардан көрүнүп турат?
[8-беттеги сүрөт]
Ыйса Кудайдын Сөзүндөгү принциптерди сүйөрүн кантип көрсөткөн?