Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • jy 42-бөл. 104-б.—105-б. 2-абз.
  • Иса Машаяктын фарисейлерди ашкерелеши

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Иса Машаяктын фарисейлерди ашкерелеши
  • Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
  • Окшош материалдар
  • Ыйса фарисейлерди ашкерелейт
    Тарыхтагы эң улуу адам
  • Кетирген катасынан сабак алган
    Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2009
  • Ал катасынан сабак алган
    Ишеними күчтүү инсандардан үлгү алгыла
  • Ал боорукер болууга үйрөнгөн
    Ишеними күчтүү инсандардан үлгү алгыла
Дагы башкасы
Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
jy 42-бөл. 104-б.—105-б. 2-абз.
Шебанын канышасы Сулайман падышанын тактысын көздөй баратат

42-БӨЛҮМ

Иса Машаяктын фарисейлерди ашкерелеши

МАТАЙ 12:33—50; МАРК 3:31—35; ЛУКА 8:19—21

  • ИСА МАШАЯК ЖУНУС ПАЙГАМБАРДЫН ЖЫШААНЫ ЖӨНҮНДӨ АЙТАТ

  • ШАКИРТТЕРИ ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨН ДА ЖАКЫН БОЛУП КАЛАТ

Китепчилер менен фарисейлер Иса пайгамбардын жиндерди Кудайдын күчү менен кууп чыкканын четке кагышкан. Бул ыйык рухка каршы күнөө кылууга тете болгон. Алар Кудай тарапты ээлешкенби же Шайтан тараптыбы? Машаяк: «Дарак жакшы болсо, жемиши да жакшы болот, дарак жаман болсо, жемиши да жаман болот; дарактын кандай экени жемишинен билинет»,— деген (Матай 12:33).

Мөмөсү бышкан дарак

Пайгамбардын жиндерди кууп чыкканы жакшы жемиш болгон. Бирок аны Шайтандын күчү менен кылды деп айтуу акылсыздыкка жаткан. Машаяк мурун айткандай, жакшы дарак дайыма жакшы жемиш берет. Анда фарисейлердин жемиши, Машаякка жалаа жапканы, эмнени көрсөтүп турган? Алар жаман дарак болушкан. Иса пайгамбар: «Кара чаар жыландын тукумдары, өзүңөр жаман болуп туруп, кантип жакшы нерсе айта аласыңар? Анткени адамдын жүрөгү эмнеге толсо, оозу ошону сүйлөйт»,— деген (Матай 7:16, 17; 12:34).

Сөздөрүбүз жүрөгүбүздүн кандай экенин көрсөтөт. Кудай бизди сөздөрүбүздүн негизинде соттойт. Андыктан Иса пайгамбар: «Адамдар ар бир куру сөзү үчүн Сот күнүндө жооп беришет. Анткени сөздөрүңө жараша адил деп жарыяланасың же айыпталасың»,— дейт (Матай 12:36, 37).

Пайгамбар көп керемет кылса да, китепчилер менен фарисейлер: «Устат, бизге жышаан көрсөтчү»,— дешет. Алар кереметтерге күбө болушканбы, жокпу, кандай болбосун, анын иштерин өз көзү менен көргөндөр көп болгон. Ошондуктан пайгамбар: «Бузулган, каардуу муун дагы деле жышаан издеп келет, бирок ага Жунус пайгамбардыкынан башка жышаан көрсөтүлбөйт»,— дейт (Матай 12:38, 39).

Чоң балык Жунусту жутуп жиберейин деп жатат

Анан айткандарын: «Жунус чоң балыктын ичинде үч күн, үч түн болгондой эле, адам Уулу да жер койнунда үч күн, үч түн болот»,— деп түшүндүрөт. Жунус пайгамбарды чоң балык жутуп алган, бирок балык аны үч күндөн кийин кургактыкка бүркүп салганда, ал тирилгендей эле болгон. Муну менен Иса пайгамбар өлөрүн, кайра үчүнчү күнү тирилерин айткан. Кийин бул аткарылганда, диний жетекчилер өкүнүп, өзгөрүлгөндүн ордуна, Жунус пайгамбардын жышаанын четке кагышкан (Матай 27:63—66; 28:12—15). Алардан айырмаланып, нинебиликтер Жунус пайгамбарды угуп, өкүнүшкөн. Андыктан алар тирилгенде Машаяктын замандаштарын ашкерелешет. Шебанын канышасы да аларды айыптайт. Ал Сулайман падышанын сөздөрүн угуш үчүн тээ алыстан келип, даанышмандыгына суктанган. Иса пайгамбар аны угуп тургандарга: «Бул жерде Сулаймандан да улук бирөө бар»,— дейт (Матай 12:40—42).

Анан ал каардуу муунду ичинен жин чыккан кишиге салыштырат (Матай 12:45). Ал киши бошоп калган жерди жакшы нерселер менен толтурбагандыктан, тиги жин барып, өзүнөн да каардуу 7 жинди ээрчитип келет да, баары ошол кишини бийлеп алышат. Ысрайыл эли да, ичинен жин чыккан кишидей болуп, тазаланып, көп жактан өзгөргөн болчу. Бирок алар пайгамбарларды четке кагып келишкен. Акыры, ыйык рухтун жетеги менен иш кылган Машаяктын өзүн да четке кагышкан. Бул алардын абалы баштапкысынан да жаман болгонун айгинелеген.

Иса пайгамбар сүйлөп жатканда, энеси, бир туугандары келип калышат. Жанында отургандардын бири: «Энең менен бир туугандарың сени көргүсү келип, сыртта турушат»,— дейт. Ошондо Иса Машаяк ага-инилериндей, эже-карындаштарындай, энесиндей болуп калган шакирттерин канчалык жакшы көрөрүн көрсөтөт. Ал колун шакирттери жакка сунуп: «Менин энем жана бир туугандарым — Кудайдын сөзүн угуп, аны аткаргандар»,— деп айтат (Лука 8:20, 21). Мындан анын жакын туугандары менен канчалык ынак болбосун, шакирттерин алардан да көбүрөөк жакшы көргөнүн билүүгө болот. Биздин да Кудай кошкон бир туугандарыбыз менен ынак болгонубуз кандай сонун! Бул, өзгөчө, башкалар ниетибизге шектенип, жакшы иштерибизди баалабай, жаман көрүшкөндө сезилет.

  • Фарисейлер кандай мааниде жаман даракка окшош болушкан?

  • Жунус пайгамбардын жышааны деген эмне жана жүйүттөр ал жышаанды кантип четке кагышкан?

  • 1-кылымдагы ысрайыл эли кандайча ичинен жин чыккан кишиге окшош болгон?

  • Иса Машаяк шакирттери менен ынак мамиледе болгонун кантип көрсөткөн?

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү